9-бөлүм.
Ата стадионго жетип келгенде устаты алда качан келип аны күтүп турган экен.
-мен ойлогондон да бат чечим кабыл алыпсын, азамат! Мени катуу урматтарынды билгем, тынчымды алып байланышка чыга бербегенине рахмат, деген какшык сөз менен тосуп алды.
-менин ар бир кадамымды эсептеп отурган адамга кайрадан аны тактап айта берүүнү туура көргөн жокмун. Эсинде болсун бир кетирген ката үчүн адам эки жолу жооп бербейт, бул биринчиси да акыркысы дагы.
Япон карыя адатынча кар-кар күлүп,
-Бул ирет сени менен макул болбоого аргам жок. Ар токсон жылда бир ката кетире турган болсоң мен ойлойм кийинки токсонунчу жылды көрүү бизге насип кылбаса керек, деп чакыруусуз эле атадан биринчи учакка секирип чыгып отуруп алды.
Артынан карап бир аз туруп калган ата да экичи болуп учакка жайгашты. Ал мына азыр түшүнүп отурат бул карыянын күчү эмнеде, себеби ал эч качан акылын боштондукка коё бербейт, ачуусу да кубанычы да тизгинделуу. Өзү да көп жылдар ушундай тартипте жашап ар дайым алдыда келген, бир эле жолу акылын тизгиндей албай ичиндеги уйгу туйгуну бош койду эле эмне болду акыры. "Бүтөт, бүгүн бүтөт" деген оюн бекемдеп ага өзү абдан ишенгиси келип баратты ал учакта, бирок жүрөгү тынчтанбай жаткандай, байлыктан ажыралуу ушундай оор белем.
Мындайда жолдун акыры көрүнбөй коёт кычагагсып, адатта көз ачып жумганча жетип калчуу аэропортко жете албай койду Мелис. Адатынча эле эң катуу ылдамдыкта келген, ошентсе да эски Ту 144 абага көтөрүлгөндө гана жетип келди.
-Шайтан алгыр! деп алдында жооп берип турган кыз экөөнүн ортосун болуп турган столду бир уруп алып басып кетти. Ооба, ал өзү жалгыз эч нерсе чече албайт экен, атасынын бир ооз сөзү, буйругу жок ага эч ким баш ийбейт тура. Өзүндө канча күч болсо да эч ким баш ийбесе маселе чечүү кыйын болоорун түшүндү, ал үчүн бийлик керек экен, ал бийликти ким берет адамга. Өзү гана куруш керек, эч ким өзү турган ордун бошотуп бийлигин карматып коё бербейт.
Эми эки саат күтүү керек, ал эки сааттын ичинде эмнелер болуп кетпейт, болгондо да өзү жүргөн чөйрөдө. Ал чөйрөдөгу адамдар баарын бат жасаганга көнүп калышкан да. Унаа менен чыкканда да баары бир кечигет, ошондуктан азыр экинчи кабатта жайгашкан күтүү залында отуруп оюн тизмектегенге өттү. "Ким мени чакыртышы мүмкүн жана эмне себептен? Атабы? Жоок, ал түз эле айтмак жана баарын даярдап коймок. Таттыгулбу? Эмне себептен? Балким ал кыйынчылыкка түшүп калгандыр, а балким ата аны таап алдыбы? Анда кантип мага кабар жеткире алды?" Ах дагы деле толгон суроо жообу жок. Жооп алуу үчүн айтылган жайга баруусу керек.
Кутуудо өткөргөн эки саат кылымга тете болду ал үчүн, эми учакка чыгып көңүлү жайлана отуруп калды. 45 мүнөттон соң Ош шаарында болот, андан ары тоого жетиш үчүн жана жарым саат керек, ошондо ал арада 2 саат убакыт жоготуп отурат.
2 саат - эмне деген убакыт? Кээлери жөн гана керебетте эч нерсе менен алектенбей же уктабай жөн гана жатып өткөрүп коёт, а кээлери үчүн келечек тагдырын чечүүчү убакыт.
"Мен эмнеге шашылып жатам?" деп суроо узатты өзүнө. Чынында ал азыр билбейт эмеспи аны алдыда эмне күтүп турганын, Таттыгулго же атага маалым болгон нерсе ага маалым эмес да азырынча. Бирок ал баарынан катуу кыжаалатта.
Бишкек Ош жолунда зуулдап келе жаткан кара BMWнын алдын тоскон эч ким болбоду. Аны көргөн МАИ кызматкерлери көрсө да көрмөксон боло тескери карашат. Ананчы аларын эмне жандарынан тоюшуптурбу мындай ачуулу адамдын алдынан чыгып, ачуусун алардан алып койбойбу. Ошондой ачык жолдо өзүн эркин сезбей анан качан сезмек эле, бирок азыр чынында Таттыгул азыр баарына даяр, Маичилер жакшы кылат алдын тоспой антпесе эң жеңили сынык менен болбосо өлүм менен аяктамак окуя.
"Мелис улгурдунбу? Улгуросун! Келечек керек болсо улгуросун! Жана албетте мени кутосун, кабарды мен жонотконумду сен билдин. Ооба баары так ушундай болот" деп алды, оюнун акырын улабай туруп.
Боорунда кыргыз желегинин сүрөтү тартылган учак тоонун башында айланып учуп жүргөн учура күндүн нуру али бар эле. Адатта мындай убакта бул жердин булун бурчунда толгон токой адам жүрмөк, азыр болсо кырдаалга байланыштуу кыбыр эткен жан жок. Жана башкалар учак учканына этибар да беришпейт, ар кими өз жанын үрө менен алек. Келиши келип алып, учактын арканын түшүрүүго буйрук берүүгө ашыкпай ойлуу гана терезеден томонду карап отурган атанын далысынан таптаган устаты,
-түшүнөм, деди. Бүт өмүрүнду коротуп жыйган байлыкты бир саамда эле мага кармата бергин келбей жатат. Бирок эсинде болсун мен сага душмандык кылбадым. -Тескерисинче сени сактаганы жатам майдандын ортосуна салып бербей. Ансыз да күнүн жакындап турганда абийирин менен көч деп жатпаймынбы бул дүйнөдөн.
Кабагын буркоп жооп айтайын деп демин тартып даярданып барып кайра оюнан кайтып кетти ата.
-арканды тушур!
Дароо эшик ачылып аркан ылдый ташталды. Бул ирет да устаты аны күтүп отурбай биринчи болуп арканга жабышып төмөн көздөй ашыга кадам коюп тепкичтин акырына жеткенде секирип тоонун ташына бутунун учу менен туруп калды. Артынан эле ата да түшүп келип эки жагын карабай өзүнө таандык ылдам кадамдары менен төмөн түшүп кетти. Биринчи үңкүргө кирип торуно жеткенде боорундагы таштарды күч менен түртуп койду эле туртулгон жерден эмес андан бир аз обочороок турган бир таш аркага карай кулап, бир адам кенен баткыдай оюк ачыла түштү. Ал артын карабай туруп,
-баштаныз, деди мыскыл.
-албетте сенден кийин, деген устаты сөзүн адатынча кыска күлкүсү менен коштоп койду.
-эмнеге? Экөөбүз учурашкандан бери эле алдыга кадамды сиз баштап жатпайсызбы. Мынтип эң негизги учурга келгенде мени алдыга коё бергениниз кандай? Же эмне чыкпай калуудан коркуп турасызбы?
-ай, тамашага жарап турганына караганда абалын анчалык начар эмес, деп күлө андан ары сөзүн улады карыя. Албетте коркуп турган жокмун, мени жок кылчуу адам сен эмес. Вьетнам, Афганистан, Франция, Берлин, Петербургда он алты жолу жардыруучу заттын алдынан тирүү чыгып, менмин деген үч өлкөнүн башчыларынын жанын алган адам ушул бир таштан артынан кутула албай калмак беле, кийин сен анчалык эрктуу да акмак да эмессин мага кол салууга баргыдай, бул жайга жалгыз эле келе бербегенимди биле туруп.
Мындан ары сөз менен тайлашууну маанисиз көрдүбу ата дароо тешикке кирип кетти, ансыз да акыркы төрт саат аралыгында бүт өмүрүндогудон көп сүйлөп койду. Артынан кирип келген чал эки алаканын жая,
-карачы э укмуш! ушунун баарын кантип топтоп алдын, баарын бир жайга катып кетпеген чыгар Бабур хан. Ал киши деген журт башкарган акылдуу жан болгон да, анан кантип эле журт байлыгын бир жайга катмак эле, деп алтын тыйынга толгон алтын кумураларды сыйпалап жатты.
Зер буюмдар, алтын күмүш тыйындар, таажы, али иштетилбеген куюлмалар, деги койчу эмне гана жок бул жайда, бир кичине мамлекеттин элин иштетпей толук беш жыл бакса жеткидей байлык катылган. Бирок мунун баары карыяны кызыктырбаганга окшойт, жүзүндөгу жанагы эле кызыгуу жоголуп бозоро түштү.
-ал жок!
-эмне жок? бул жерде жок нерсенин өзү жок, деди ата ага артын салган калыбында.
-Бул байлыгын өзүнө буйрусун. Мага аны бер, билмексен болбо, кылычтын бири сенде экенин билем. Мага кылычты бер!
Ата “кандай кылыч” деп анткорлонууга даярданып артына бурула берип устатынын түрүн көрүп оюнан кайтып кетти. Ал азыр эч нерседен кайтпай турган абалда экен. Акылдуу инсан эмеспи дароо түшүндү, устаты бул жайга келгенинен уюмдун эч бир адамы кабардар эмес экенин, ал жөн гана көп жылдар артынан калбай онтойлуу учурду күтүп жүрсө керек. Ушунча жол басып үңкүргө киргенче анын оюнан шек санабаганын кара, ал да кылыч тууралуу ооз ачпаган да, эгер Бишкекте үйүндө ал тууралуу укканда балким ошондо эле тушунмок. Азыр эми актануунун кереги жок, бул жулжуйгон япон карыя эмне деп жатканын жакшы билет. “Ырас бир кылычты сурап жаткан болсо демек калган экөөсу анын колунда.” деген ой атанын акылын аралап өттү.
-Демек калган эки кылыч сизде. Айтынызчы алардын бир биринен айырмасы барбы? Кайсы балдарына арналып жасаганын билүүгө болобу?
-Айрымасы жок, эч бир жеринен. Алар Бабур хандын өз колунан жасалып чыккан деп уккам. Ал өзүнүн дубалары менен кылычтарга өзүндөгү илимди, күчтү, эркти, акылды, сүйүүнү тенге бөлүп куюп койгон дешет. Мындай кылуусунун себеби аларды алып жүргөн үч уулу ар дайым бир бирине муктаж болуп, бирин бири толуктап турсун деген, бийлик талашуу, атаандашуу, болбосун, болгон ченде да аларда мүмкүнчүлүк бирдей болсун десе керек көрөгөч жан. Кылычтардын окшоштугу менен ал уулдарына өзүнүн сүйүүсү бирдей экенин коргозгон.
-сиз менен макул болбоого аргам жок. Бирок ал нерсенин сизге кандай тиешеси бар. Бабур хандын япондор менен эч бир жагынан байланышы болбогон.
-Албетте тиешеси жок, сага тиешеси болбогондой эле. А мен Бабур ханды талашып келген жокмун, болгону ал ээ болгон күчтү акылды издеп келдим.
-Кылычтарды бириктирсем эле издегенимди табамын деп ойлойсузбу. Кантип эле адамдын жан дүйнөсү жансыз буюмга өтүп кетсин.
-Эгер бул сөзгө ишенбесен эмнеге өзүн ал кылычты катып отурасын. Аларды бириктирүүгө аракет кылбадым дегени турасыңбы, калган экөөнү да тымызын издетип жатканынды билем. Өзүн айтчы экөөбүздүн кимибиз андай күчкө ээ болууга татыктуубуз.
-эгер экөөбүз тең татыксыз болсокчу. Эгер бирибиз ага ылайык болгондо алда качан ээ болгон болоор элек.
- Эгер кылычтын экөө менде болгонун эске алсак менде мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Үчүнчүсүн алып кел. Өзүн билесиң мен беттеген нерсемди аламын ар дайым.
Ата бир аз ундобой калды. Чынында эле бул карыя өзүнүн айтканынчалык бар. Убагында өзү жаш бала болуп ушул устаттын колуна барганы эсинде, “сенин мүнөзүн тандаган жолуна төп келет” деп ойго келбеген нерселерди аткартчуу. Кудум ушул устаттын артынан өзү азыркы даражага жетип отурбайбы, анын анда санда айтып калган кеңештерин жашоодо колдонуп жүрүп. Анын бул жерге келгенин эч ким билбеген болсо андан да коркунучтуу, эгер төбөлдөрдон коркпой өз билемдик менен иш алып барып жатса демек көздөгөнү өзү үчүн өтө маанилүү, демек андан эч качан баш тартпайт. Үч уктаса түшүнө кирбеген экен атанын, өзү издеген кылычтары так ушул устатында болуп чыгаары. Бир гана ушунда болбосо эмне, башка каалаган адамына каршы чыга алмак, а бул адам анын кадамы жерден көтөрүлө элек кайда коюлаарын билет эмеспи.
-Ооба кылыч менде, бирок эмне себептен мен аны сизге берип жиберишим керек? Ал сизге кандай баада болсо мага да ошондой кымбат экенин ойлоп корбодунузбу? деди бир убакта.
-биздин ойлор жана кыялдар менен жашоо курулбашын билесиң да. Мен же сен ойлогондон пайда жок, жашоо өзү таразалап чечип койгон алда качан, ким ага көбүрөөк татыктуу экенин. Кийин сен өз оюндагы бийиктиктин чокусуна чыгып болдун, мындан ары жолунду кайда улаарынды да билбейсин. Озун тан алып отурбайсынбы жашоондун акырына келип калганынды. Ошондуктан ал кылыч сага эч кандай пайда алып келе албайт, эгер зыян жеткиришин каалабасан батыраак андан кутулууга аракет кыл.
-Макул дейин, мен каалоомдун туу чокусуна жеттим, а сенчи? деди ата ачуулу ары суроолуу бир нерсени билгиси келгендей кызыгуу менен. Акылы менен кеңешип жаткансып көздөрүн тумандатып өзү ушул жерде турганы менен ою арттагы жашоосун кыдырып кеткенсиди. - токтой турчу, деди кайра өзү. Сен аларга каршы чыкмакчысын, уюмду башкармакчысын? Ооба, дал ошондой. Эми түшүндүм сенин али да тирүү бул жашоо менен алышып жургонундун себебин. Сенин каалаганын кылыч эмес, бийлик! Талашсыз бийлик, эч кимге баш ийбеген, бүт дүйнөнү тизелете турган бийлик!
-кыялды чокудан башташ керек. Сен бир кичине мамлекетти гана самап жашаганын үчүн мен күнөөлүү эмесмин, болгону өзүңдү ошого гана ылайык сездин. Ооба мен бүт дүйнөнү кааладым, анткени өзүмдү ошого ылайык көрдүм, деди карыя атага жогорудан жийиркеничтүү карап.
-бирок бир нерсени унуттун, Бабур хан кылычты жасаганга чейин эле хан болчу, а ал кылычтар анын бир да уулун хандыкка көтөрө алган жок.
-Анткени анын уулдары кылычтарды бириктиришкен эмес. А мен алардан алда канча акылдуу да амалдуу жолдон баштайм.
-Сени башкача ойлоого мажбурлабайм, каалаган нерсени алып көнгөнсүн, азыр да ала бер, бирок мен сага жардам бербейм, андай кылууга ант ичкен эмесмин, деп ункурдон чыгып кетмекчи болгондо жанагы өз үйүндөгүдөй катуу соккулар эки жоон санына тийип жерге сурулуп кулап түштү.
Буттарын колдору менен тартып турууга аракет кылып көрдү эле алар кыймылга келчүүдөй эмес.
-Бул ирет буттарын акылындан эмес менин жардамымдан көз каранды. Мага жардам бербесен мен да сага жардам бербейм, деди устаты аны тегерене басып.
Ата кыска гана күлүп койду.
-мен баарына макулмун, өлүмгө да даярмын. Бирок азыр менин өмүрүм өзүмө караганда сага көбүрөөк керек. Кааласан тилимди жулуп ал, баары бир кылычты ала албайсың. Бул ирет каалаганына жетпей калдын көрүнөт.
Бул эки карышкыр бир бирине тап берип турганча үңкүрдүн ичине баш багып келе жаткан дабыш угулуп калды.
Бир саамга тынчып кулак төшөп калган карыя жымындай түштү.
-Туура айтасың сенин өлумун азыр мага пайдасыз, бирок кыйналганынды көрүү моокумумду кандырат, деди да кирип келген тешиктен сыртка баш бакты.
-дабыш кимге таандык экенин туюп жатасыңбы? Анын басыгы да өзүнө окшойт ээ? Мен да сенин ордунда болгондо бул менен сыймыктанмакмын, деп артына бир кылчайып карап коюп чыгып кетти.
Устаты ким жөнүндө сүйлөп жатканын даана билип турган ата анын артынан сүйлөөгө жетишпей жерди бир чапчып, өзүнө баш ийбей жаткан буттарын ургулай ач кыйкырып кала берди. Ал жылчыктын аркасында аба ушунчалык тыгыз болгонгобу кыйкырык эмес бомба жардырса да сыртка угулбай турган эле.
-А мен сени кутком, деди карыя үңкүргө кирип келе жаткан Мелистин алдын утурлай басып.
Анын ким экендигин тааный албаган Мелис бутун койгон ордунан жылдырбай катып туруп калды, коргонууга да кол салууга да даяр болуп.
Адаттагы кыска күлкүсү коштогон сөздөрүн жаадырып анын жанына басып келе жатты жулжуйгон карыя. Жигиттин жүзүндө эч бир өзгөрүүнү байкабаганда гана,
-ой тообо, сенин атаңды канча көп билсем ошончо таң калганым кучойт. Өзү булбулдай сайраган япон тилин уулуна уйротпогону эмнеси, деди кыргызча сүйлөй алакан жая тар үңкүрдү тегерете карап, анын өлчөмүн санап жаткансып.
Мелис эми жайлана түштү, атасы жөнүндө так маалымат сүйлөп турган адамдан чочулабай. Өзүн тааныган, болгондо да япончо сайраган атасы бар экенин билген адамдар өтө сейрек кездешет. А бул адам аны кудум илгертен тааный тургандай сүйлөп жатпайбы, болгондо да так ушул жерден жоолугаарын билгендей. "А балким менин бул жайда болуумдун себепкери ушул болсочу" деп ойлоп кетти, бирок сактыгын жоготпой көзү менен анын ар бир кыймылын күзөтө.
-Мелис. Цериндин шакирти, кунг фунун мастери, акылдын ачкычы, 30 жашынын 25 жыл өмүрүн күрөшүүгө сарптаган, келечеги кенен атасынан айырмаланып адал жолду тандаган, Тибет тоолорунун уулу Мелис, деп кучагына жая аны мактап жакындап келе жатты карыя да кадамын аярлай басып.
Мелистен болсо эч кандай жооп болгон жок.
Таштардын артында баарын угуп бирок сөзүн сыртка угуза албай дубалдын артында атасы өз демине муунуп отурган, бир тарабынан уулунун тируулугуно кубанса экинчи тарабы анын так ушул тапта кирип келгенине жаны сыздап. Аз эле дегенде ал өзүнүн ажалын издеп келди, а көбү болсо бүт өлкөнүн тагдырын түп тамырынан бери өзгөртүү үчүн. Анткени тиги жан алгыч аны пайдаланып көп нерсени жасоого мажбур кылат. Ата үчүн азыр кайсы биринен баш тартуу оорураак болот.
Жигиттин үнсүз туруп калганынан эки анжы ойдолугун билип өзүнүн оюна көбүрөөк оодуру аракетин көрө баштады карыя. Алардын атасы экөөнүн ортосунда чоң жарака, ишенбестик бар экенин билип калбадыбы тээ Бишкектеги үйдүн чачылган абалынан кийин. Эми бул карыянын кадамы ошол жараканы биротоло ажыратып экиге бөлүп салуу, таштардын артында кыймылсыз отурган өзүнүн шакиртин сындыруунун бир гана жолу ушул. Анын алдуу да алсыз да жери уулу экенин байкаган, ал кылычты ушул уулунун өмүрүнө же ишенимин кайрып алууга гана алмашат.
-менин бул жайда турганымдын себеби эмне? деди бир убакта Мелис.
Карыя көзүн антарып катар тизилген чоң таштарды карап койду, ал ойлогон атасын издеп келди анын бул жерделигинен кабары бар деп, бирок анын сөздөрүнө караганда ал ойлогондой эместей. "Анда ким?" деди оюнда. Кантсе да убакыт тарга окшойт, бул абал тууралуу башка да адамдардын кабары бар көрүнөт. Эмнеси болсо да шашылуу керек, убакытты созбой аракетке өттү.
-Атаңды таанып билүү үчүн бул жердесин. Билем сен ал жөнүндө эч нерсе билбейсин, жада калса ал сенин атаң экендигинен да кумонун бар. Сага бир мүмкүнчүлүк берем, каалаган суроонду бер, эмне тууралуу сураганын мааниге ээ эмес, мен сага толук так маалымат берем, бирок бир гана жолу.
Кыйтыр киши ушул жол менен Мелистин ички дүйнөсүн билгиси келди, аны көбүрөөк эмне кызыктырат, кандай жол менен өзүнүн тарабына өткөрүп алуу керек экенин билип алуу эле.
-Сиз кимсиз? деди ал тике карап.
"Сиз кимсиз?" деп кайталап жатты карыя ичинен. "Бул эмне анын жонокойлугубу, же ашкан акылдуулугубу? Чындап эле аны ушундай кырдаалда каршысында турган адамдын ким экендиги кобуроок кызыктырып жатабы, атасынын же Таттыгулдүн тагдыры эмес. А балким бул да атасын жазбай тарткан болбосун, өзүнүн тагдырынан башка эч нерсе кызыктырбаган. А балким менин кимдигимди билүү менен баардык суроолорунун жообун тапканы жатабы?" Карыя ушуларды ойлоп турган аз аралыкта Мелис да көп нерсени ойлоого жетишти.
" Кана так жооп берип көрчү бул суроого. Башканын ким экенин айтуу эң оңой, бирок өзүңдү эмес. Сенин жообун азыр баарын чечет, сен аткаруучуусунбу же аткартуучуусунбу" деп жаткан кезде карыя ооз ачып сүйлөй баштады.
-Мен сенин атаңдын устаты Кичиро болом. Билесинби экөөбүздүн окшош жагыбыз бар, ал менин ысымым. Кичиро деген ийгиликтүү уул дегенди билдирет, эгер сенин атаң япон тилин сенден кызганбаганда ал да сени Кичиро деп чакырса жарашмак. Белгилүү, атаңдын жашоодо жетишкен жалгыз ийгилиги сенсин, сен анын эң ийгиликтүү уулусун, деп адатынча кыска күлкүсүн коштотуп койду.
Мелистин жүзүндө болсо өзгөрүү жок эле, көз карашы муздак болуп, уккан жообуна канааттанбагандай.
-а баса мен бул жайга сенин атаңдын чакыруусу менен келдим, деди карыя андан ары сөзүн улай. Ар нерсенин баасы болуш керек эмеспи, ал да менин учурундагы көрсөткөн кызматымдын үзүрүн көрсөтүү үчүн чакырыптыр, мен келдим. Биздин мектепте ушундай тартип бар, биринин чакыруусуна экинчиси жооп берүүгө тийиш ааламдын кай чекитинде болгонуна карабай, деп жигиттин жүзүнө төмөндөн жогору карай көзүнүн кыйыгы менен карап койду. Анын али да өзгөрүлбогөн жүзүн көргөндө кийинки баскычка өттү.
-биз бул жерде турганыбыз кандай, тиги жакта атаң күтүп отурбайбы бизди, журу деп алдыга түшүп алып келген тарабына үңкүрдүн торун көздөй жөнөй берди. - Кызык эмнеге ал сени тандады деп ойлойсуң? Сен ал үчүн эң жакыны болгонун үчүнбу же тескерисинчеби? А баса үй булоо куруу, бала жытын жыттоо жөнүндө ойлонуп коргонсунбу? Ал кандай болду экен ээ? Эгер менде өз канымдан жаралган бала болсо ушул жолго баштай алмакмынбы? Балким, эгер ал тууралуу элге маалым болбосо ошентмекмин. А эгер калың журтка маалым болсо анте алмак эмесмин го. Карачы сенин жардамын менен бир суроонун жообун таба алдым, деп өзү менен өзү сүйлөшүп тешикке жетип туруп калды. - а баса мен өзүм жөнүндө айтып жатпадым беле. Мен 16 жолу жардыруучу заттын алдында калганмын, бирок анын бир да учкуну денеме так калтыра алган жок. Өзүн билген эч жыгылбачуудай, тактан түшпөочудой болгон менмин деген үч өлкөнүн башчыларынын жаны менин колум аркылуу бул дүйнөдөн кочушкон. Чоң кичине болгон мамлекеттерди башкарып жатам деп ойлогон адамдардын арасынан мага карыз болбогону аз эле. Баарын баш ийдирчуу күн да алыс эмес. Сенин атаң да ошону каалайт деп сайрап жатты.
Бул сөздөрдү көбүн эсе Мелиске эмес анын атасына карай айткан өңдүү, ал уксун деп алдыда боло турган маекке даярдап жатпайбы. Эгер ушундай дебесе уулуна кандай маалыматтар жетээри, анын чыныгы жүзүн ачып коеру тууралуу астыртан кабар берип. Ооздо бир аз турду да таш түшкөн тешиктен аттап кирип кетти. Ал кирген тешиктен баш баккан Мелис жерде тизелеп отурган атасын көрүп ага карай жакындап келе жатты. Тегерегинде тизилген буюмдарга карап да койбой атасына түз басып келе жаткан жигитке япон карыя таң калып да суктанып да жиберди. Кана эле өзүндө да ушундай бир жакыны болгондо, кочуштап алтын берсе да азгырылбай өзүн тандаган. А бирок ал суктанып кыялданып турууга азыр убактысы жок.
-Мен сага айтпадыбы биз бир мектептен чыкканбыз деп, ошол себеп биз бир бирибизге зыян өткөрүп болгондо да омурубузго кол салуу тыю салынат. Андай ыйык жай кай жерде экенин билгин келеби? А унута жаздапмын, сен ал жайды билет эмессинби, Таттыгулдү алып кетпендинби ал жайдан, деди акылындагы акыркы амалды колдонуп. Туура тапкан экен, Мелис аста басып бара жаткан жайында тык токтоп атасынын көздөрүнө тигилип туруп калды.
Бул көз карашта, "Чынбы? Чалдын айткандары чындыкпы? Жооп бер! Ал ким? Таттыгул сен үчүн ким? Сен анын өмүрүнө кол салдынбы? Сен кимсин? Мен киммин?" деген суроолордун учкундары бар эле.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4