2-бөлүм.
- Казинонун эмнесин сактайт?
- Коп акча же баалуу кагаздарды ташыганда сакчылар кайтарат экен го.
- Чын элеби? Кулкулуу, бирок суйкумдуу досунуз бар экен...
Жума куну тушко маал гаражга Тилекти калтырып, " Дордой Плазага" бардым. Чонтогумдо Сыргабек берген мин сом, андан тышкары дагы бир аз акча бар болчу. Бири- бирине улай жайгашкан дукондорду кыдырып, мендеги акча костюм тургай, галстука зорго жетээрине козум жеткен сон шылкыйып сыртка чыктым. Кууш кочого тушуп, заманам куурулуп келатсам, " Уйлонуу улпот салону" деп бадырая жазылган кенсенин витринасында аппак улпот койнокчон манекен кыздын жанында кычыраган курмочон манекен жигит турду. Аларды суктана карап турдум да, капталындагы жазууну окусам " улпот кийимдери сатылат жана ижарага берилет" деп турат. " Сатып алганга акчам жетпесе да ушуга жетээр" деп озумду чекеге муштап, адырандап ичкериге кирип бардым. Илберинки кыймылдаган орус кыз арыдан- бери менин тулку боюма кынаптала жарашкан кара костюмду таап чыкты. Анын акчасын толоп, эртен алып кетем деп суйлошуп, жолума туштум. Ушунун баары мага жагып атты дер ойлобогула, айда-жылда бир киного бармак болгондо Жанылды алдап, кечеге баратканыма кыжаалат болуп келаттым, антпеске да арга жок эле. Экообуз баш кошуп, бирге тутун булаткандан бери биринчи жолу аялым менен эмес, башка аял менен кечеге баратышым.
Ишемби куну кеч абдан жылуу болду. Жаныл кечки тамагын жасап коюп, жалгыз ырыстуу койногун утуктоп атат. Жарым жылдан бери эч жакка чыкпаганга, байкушум тим эле эселек кызча кудундап кубанып алган. Тыпыйган койногун кийип алып, аппак жузунон кызыл жугуруп, коздорун жайната караганда " мен кечеге барам киного озунор баргыла" деп айтканга оозум барбады.
- Оо, кандай татынакайсын! Ушу сулуу менин аялымбы?! - деп комплимент айтымыш болдум.
- Баары жайындабы, жаным? - деп Жаныл мени кучактап, мойнумдан опту. Мен даярмын. Сыргабек келсе эле мантыдан жеп алып, чыгалы ээ?
- Манты деген созду чын уктумбу же калп уктумбу? - деп эн жакшы костюмун кийип Сыргабек кирип келди.
Биз дасторконго отурганда саат дети болуп калган, ачка болсом да азыр Айжамал телефон чалаарын ойлогондо тамак кекиртегимден отпой жатты. Уялганымдан жерге кирип кете жаздап аран отурдум. Анымды Жаныл дароо байкады.
- Сага эмне болду?
Ошол убакта телефон чырылдай баштады. Аялым трубканы алмакка ойдо болду, " Озум алам" деп мен ордумдан ыргып тура калганда отургучум артка кулады. Сыргабек тан калганынан оозун ачып эле отуруп калды, Жаныл да чочуп кетти.
- Бактыяр, бул менмин. Сиз чалып кой дебединиз беле, - деген аялдын ичке уну угулганда буттарым чалыштап, башым айланды. Ооба бул кыздын уну эле мени ушундай абалга туш кылды.
- Макул. Сегизге барып калам.
- Баары жайындабы?
- Ооба кутунуз.
Мени элейе карап турган аялыма Айжамалдын уйундо боло турган кече жонундо, иш боюнча бир кишиге жолугаарымды азыр эле айтайын деп келип, Сыргабек мени жекире карап турганын коргондо унчукпай отуруп калдым. Эркек эмеспи менин кылмышымды билип койду окшойт.
Акыры " кардарым жолдон аварияга кабылып, машинеси бузулуптур, мен ошого барбасам болбойт" дегенде экоонун тен шаабайы сууй тушту. Жаныл болсо ошол авария болгон жерге мен да барам десе болобу. Мен уйдун кожоюну катары унумду бийик чыгарып:
- Жаныл, сен барганда эмне, мага машине ондошмок белен? Мага жолтоо болгондон башка пайдан жок, - дедим.
- Болуптур, анда Сыргабек экообуз киного бара берели.
Мен дасторконго бата тилеп, жолго камынганы ордумдан турганда Сыргабек менден козун албай шектене карап турган. Ал менин жанымды жеп калп айтканымды сопсонун эле билип турду.
Мен улпот салонуна келип, кычырай кийиндим да, чечкен кийимдеримди баштыкка салып, оруз кызга дайындап, Карпинка- Московскийге жоо келдим. Кызыл кирпичтен салынган беш кабат уйдун алдында кымбат балуу машинелер турат. Экинчи кабатка которулуп, соот эшиктин алдында буйдалып туруп калдым, анан озумду колго алып, звонокту бастым.
- О, келдинизби, Бактыяр...
Кара койнокчон Айжамал жадырай эшигин ачты. Ичкериден чыккан лампочканын жарыгы мойнундагы бермет шурусуна чагылышат. Кулагындагы узун иймеги да назик, турна мойнун ого бетер узун корсотуп, жалт- жулт этип турду. Аял деп ушуну айт! Аны каалап кумарым ашып - ташып баратты.
- Кара костюм сизге тим эле сонун жарашат тура! Бу жактагылардын ичи куйот года эми.
- А сиз, озунчо эле эстрада жылдызы болуп калыпсыз.
- Журунуз, ичкери кирели.
- А сиз айткан киши келдиби?
- Аскарбековбу? Ооба келген, Кече ортолоп, элдин баары бир топ кызып, жайдары болуп калганда экоонорду тааныштырам.
Айжамал мени жасалгалуу кунурт, тамекинин тутуну толгон болмого ээрчитип кирди.
- Таанышып алгыла... бул менин жаны досум Бактыяр Кабылов.
- Ондон-солго, деп ал баарын бирден атай баштады. - Бермет, Кайыргул, Наргиза. Кыздар, бул жигиттин журогуно чок салабыз деп ойлобогула. Бугун ал толук бойдон меники.
Мен, колтуктап алган Айжамалдын жетегине баш ийип, эркектерге бурулдум. Алардын учоо кара костюм шымчан, боз кемселчени беркилерге караганда бойлуу, кен далылуу, бука моюн курсуйгон неме экен. Кыраакы коздорун улуройто мени тиктеп калды. Отуз- отуз беш жаштарда болсо керек.
- Талант, таанышып ал, бул Бактыяр.
Аскарбеков дегени ушул тура. Ал мага адеп коргондо эле жаккан жок.
- Салам! Иштер кандай? - деп менин жаныма басып келип, колумду бекем кысты.
- Жакшы озунуз кандайсыз? Талант эриндерин бир жагына кыйшайтып, ырсайып койду.
- Эн сонун! А булар менин досторум: Жаныбек, Асхат Жана Юра...
- Талант, Бактыяр менен суйлошуп алсан. Анан мындай шарт болбой калат, - дегенде ал мага бурулду.
- Айжамал сен жонундо мага айткан. Гаражын ээн турбайбы ээ? Анда кулак сал, экообуз кандай иш кылаарыбызды тушундуруп берейин: тиги Юра Туштук Кореядан аппаратуралардын тетиктерин ташыйт, аны сенин гаражындагы складга тушуруп, ошо жерден чогултабыз. Сен четинен сорттоп, канча десек ошончону жонотуп турасын. Балдар Дордойдо сата беришет. Азырынча 150 даанадай бар, кийинчерээк дагы кобойот. Жалпы сумманын он пайызын алып турасын, бара-бара кобуроок толойбуз.
А он пайызы канча болушу мумкун? Ал козун жумду.
- Эми ар кандай болуп калат. Жумасына 5 Минден кем болбойт.
Талант жанымда отурду, мен болсо 5 мин сомду чонтогумо салып алгансып кудундайм.
- Эртен барып, гаражынды королу. Жакса чогуу иштешебиз. Азырынча убада кылбай турайын. Кана, баатыр, буга кандай дейсин?
Ачуусу чукул, огуздой кучтуу неме менен чогуу иштегенден кооптонуп турдум. Негизи эле озунон оолактаткан, мага жакпаган бир нерсеси бар эле. Бирок " кайран гана кекиртек далай жерге секиртет" дегендей беш мин сомду укканда баарына чыдамак болдум.
- Макул. Мен эмне кылышым керек?
- Аракет. Аракет кылсан эле тил табышабыз.
Калгандарга келсек карта ойноп отурушуптур. Мен дубалда илинип турган саатты карадым: он бир жарым болуптур. Жаныл уйго келгендир. Убакыттын отконун кара!
- Мен кетпесем болбойт.
- Койо тур, коноктор кетсин, бирдеме ичесинби?
- Бирок мен кала албайм.
- Айжамал, бу жигиттин гулуно бирдеме куйчу. Менин стаканым толтурулгандан кийин, Талант стаканын ойдо которо:
- Баштаган ишибиз ийгиликтуу болсун. Кел, дос, алып ийели, - деди. - Ушунун баарын Айжамал ойлоп тапты, ажарлуу гана эмес. акылдуу да айымдар учун алалы.
- Мен кетейин кеч болуп кетти.
- Койчу ай, тун эми башталып атса! Биз тунку клубга барабыз, журу биз менен.
- Кой, Таке анын аялы бар, озун уйлончу анан билесин кеч келгенде кандай хай-вай болоорун. Ошондо коробуз дардактаганынды.
- Коркпогула. Мен эле болсом катынга баш ийбей калайын.
- Жур, узатып койойун, - Айжамал экообуз кире беришке чыктык. Кетээрде Талант колумду карыштыра кармады эле соокторум карсылдап кетти.
- Болуптур, жакшы бар, эртен жолугушабыз, - деп далыга таптап койду.
- Сен Талантка жактын. Ал жаккан кишисинин гана колун кысат. Сен жонундо жакшы ойдо калды окшойт. Жакшы бар, Бактыяр, тунун бейпил болсун, - деди жер карап.
Эшик акырын жабылып калды.
Кечки Бишкектин кочолорун аралай уйго келатып, жолду катар мындан аркы ишимди ойлондум. Ойлорум туш-тушка чачырап, Айжамалдын атыр жыты, жумшак, ысык эриндери, тал чыбыктай ийилген ичке бели улам эсиме тушо калганда алаксып, оюмдун баш-аягын таппай калам. Таланттын дембе-дем сунган арагы энги-денги кыла ичимди ысытып, шердентип койду окшойт, " Эмне болот эле? Башка аялга азгырылган жалгыз эле мен бекем, кун сайын миндеген эркек кумар отуна берилип, ала жипти аттап атпайбы. Айжамалдай ай чырайлуу селки озу мойнума оролуп атса, анан аялым бар эле деп колдон чыгарып ийемби. Аны аябай каалаганым жалганбы. Жаныл эч нерсени билбейт, ага билгизбегенге аракет кылам. Козум корбосо эмнемди уй жесин дегендей, билбесе болду да. Айжамал менен бир кумарга батып, балын сором да, андан ары байланышпай койом. Озу жабышып аткан неме менен бир конул ачып, анан аялым менен тынч жашай бербей жаным жокпу? Элдин эрлери беш-алтоо менее бир журсо, бир аял менен эбин таап жыргай албай эмне болуптурмун" деп ойлонуп алдым.
Элебаевге тушуп ойдо кетип баратып, Жанылды ойлой баштадым. Мен аны жанымдан артык кором, Ал менин арзып алган жарым, болочок балдарымдын энеси. Айжамал экообуздун ортобузга чок сала албайт, аны менен арыдан-бери жата коюш керек да, баары бутту деп жолго салыш керек.
Уктоочу болмодо жарык очо элек экен. Жаныл чачын жайып керебетте отурат, коздору кызарып, ыйлагандай туру бар.
- Мына мен да келдим. Уктай элексинби жаным?
- Жо-ок, сени кутуп отурам.
- Кино жактыбы?
- Анча кызыктуу эмес экен.
Мен озумду тоону томкоруп, ойду омкоруп келгендей сездим. Кое тур, жаным, азыр сен мени алдагинтип жаман козун менен карабай каласын.
- Мен сага бирдемени айтышым керек, Жаку.
- Эртен айтчы. Чарчагандырсын.
- Мага жана кардарым чалган эмес. Мен сага калп айтып койдум. Жаныл башын ийкеп койду.
- Мен аны билем, Бактыяр.
-Билесинби?!
Мен шылкыя туштум, ага сюрприз кылайын десем болбой калбадыбы.
- Сен жаман ойлобо, Жаку, уктунбу? Мен коз тийип кетпесин деп алдын ала айтпай койо турайынчы дебедимби. Болбой калса да капа болосунбу деп...
- Эмнени айтып атасын?
- Эсиндеби, карыздардан кутулуштун бир айласын табам дечу эмес белем. Мына таптым. Телевизор жасап жаткан бир фирма бар экен. Откондо бироонун тормозун жасап берсем мага жардам берем деген. Кечээ запчасть алайын деп Кудайбергенде журуп ошого кезигип калдым. Адегенде унчукпай аткан анан ошо фирма менен суйлошуп берейин деп калды. Бугун чалган Ошо киши болчу, - арактын кучун карачы эч бир такалбай тим эле куюлуштура калп айтып аттым. - Ошо фирманын жетекчиси менен таанышып келдим, эми макул деп калса аптасына беш мин сомдон алабыз! Беш мин сом! Сен каалаган кийимди алып киесин, карыздардан кутулуп, акчаны кенен-чонон кармап калабыз.
Жаныл жаш балача суйунуп:
- Ах, Бакы, сен кечиккен сайын оюм ар кайсыга кетип, ойлобогонум калган жок. Эми баары жакшы болсо эле болду. Ушундай акылдуу куйоом бар эле дейм да! Экообуз бири-бирибизди тушунуп, дайым бирге болсок эле баары ойдогудай болот.
Келбей калды го деп умутум узулуп калганда гараждын оозунан акырын жылып келаткан жашыл " мерсти" байкадым. Эртеден бери жанымды койорго жер таппай , чыйпыйым чыгып турган. Алдастап эмне кылаарымды билбей калдым. Артка чалкалай рулду буруп-бурмаксан болуп Талант корунду. Анын жанында тамекисин тиштей Асхат отурат.
Бул экоону карап туруп, Ысык-Колго дем алганы келген туристтер эсиме тушту, кара коз айнек тагып, жондоруна рюкзак асып койсо ошолордун озу болуп калмак. Экоо удаа эшикти кенен ачып, шарт машинеден тушушту да, Асхат чыйт тукуро жан жагын каранды, Талант козун жулжуйто мага кайрылып:
- Эй, салам, дос! - деп кыйкырды, колдорун жинсы шымынын чонтокторуно салган бойдон ары-бери басып. - А биерде розеткалар барбы?
- Ооба, он чактысы бар.
- Карангы го.
- Машине ондогондо переносный лампаларды колдонобуз, бирок аябай жарык кылыш керек болсо аны деле жасаса болот.
- Мейли, биз эки жакты байкап, анан кенсеге киребиз, макулбу?
Макул дегендей башымды ийкеп кенсеме кирдим да, столго отуруп калдым. Ошол маалда Жаныл эн жакшы деген халатын кийип, озунчо эле жайдарылана баш бакты.
- Айткан кишилерин келиштиби?
- Ооба, тиги "мерс" ошолордуку. Укмуш бекен? Жаныл тиги экоону карап турду да:
- Буларын ишкер адамдарга окшобойт го? - деди.
- Ишкер эле кишилер, эмне костюм шым кийбесе эле ишкер болбой калабы?
- Кычыраган бироо келет экен десе. А тиги жанындагысы ким экен?
- Досу болсо керек. Аты Асхат, калганын билбейм.
Жаныл эшикти коомай жаап, бери басты. Тиги экоо анын ойлогонундай болбой калганы коз карашынан байкалып турат.
- Деги жон жургон немелер бекен?
- Ал эмне дегенин?
- Билбейм, кебетелери эле бир башкача экен.
- Койчу алтыным. Эркектердин ишине кийлигишпе деп канча айтам. Булар менен жон гана иштешем, достошкону атат дейсинби.
Мен аны ийинден алып, сыртка туртуп чыгардым.
- Бар уйго барчы. Жон койсо азыр буларды бандиттер дегени турасынбы.
- Бирок, Бакы, ушулар менен байланышпай эле койсончу, суранам? Дагы бир балээнин ичинен чыгып журбо...
Мен Жанылды ай-буйга келтирбей кенседен туртуп чыгып эшикти жаап алдым. Озум терезенин жанына келип, гараждын босогосунда турган тиги экооно коз салдым.
Айжамалдын уйундогу селкилер деле жон кыздар эмес го. Кочодо турган сойкулар болбосо да, ошого жакын эмелер. Айжамал андай кыздарды кайдан таап алган? Мумкун аларды Талант алып келгендир?
Эшик ачылганынан артыма бурулсам мыйыгынан кулуп, Талант кирип келатыптыр. Ал озун-озу билип, отургучка куп эте отурду да:
- От, дос, гаражын тим эле сонун жерде турбайбы, - деди.
-Сонун болбой курусун.
- Болду эми, жинденбе. Ал чонтогунон бир пачка вест алып чыгып, бир сигаретти озу тиштеп, бироону мага сунду.
- Эмне кылалы деп чечтинер?
- Отур, дос, мандай- тескей отуруп кенешели. Кенешип кескен бармак оорубайт дейт. Менин журогум дукулдой баштады. Беш мин сом! Заматта бул акчага биринчи кезекте эмне алаарымды, кайсынысы куто тураарын ойлоп жибердим.
- Мен айтпадым беле, склад кылганга ижарага ээн жай караштырып атам деп. Гаражынды склад кылып жасаш учун эн кеминде эле жарым жыл кетет окшойт, мен карап кордум, коп нерсесин озгортуш керек экен.
- Мен жарым жыл куто албайм. Акча зарыл керек. Андай болбой калды деп эсептей берели да.
- Мен болбой калды дегеним жок. Гараждын жарымын ижарага алып, жумасына эки мин толойун, ошого макулсунбу?
Мен анын айтканын анча тушуно бербей суроолуу тигилдим:
- Склад бир жылдан кийин гана даяр болсо анан бу жерди ижарага алып эмне кыласынар?
- Мындай да, дос, биздин башкы кенсебиз Алматыда. Ал жактан улам ташып туруш ынгайсыз болуп жатат. Бу жерде акырын иштеп байкап корсокпу дегем. Ушу жерден чогултуп, Дордойго алпарган мага женилирээк, менин убактым уномдолот, сен да карыздарындан аз-аздан кутула бересин. Жумасына эки мин сом жакшы эле акча го, жоктон коро жогору дегендей.
- Ооба, анын чын дечи. Силерге канча жер керек?
- Жур корсотойун. Мага терезенин тушунан жер берсен дурус болот эле.
- Онтойсуз болуп калат. Гараждын тор жагына жайгашкыла, антпесе машинелер кирип-чыккан сайын силерге жолтоо болот.
- Мага мумкун болушунча кочого жакын болгону жакшы эле да.
- Талант башын чайкады. - Телевизорду чогултуп алып, даана корсотобу, жокпу текшериш керек. Кире бериштен машинеге жуктоп кетиш да оной. Эки жуз толой турган жерине эки мин толоп атам, жакшылап ойлончу.
Анын айтканы да туура болчу. Бош турган жер учун деле салык, жарык дегендин баарына олчойгон акча толоп атпаймынбы. Чын эле эки мин болсо да жоктон коро жогору да. Ушуга шугур дейинчи.
- Чогултканга менин жардамым керекпи?
- Жок, аны билгендер жасасын. Биерде Асхат менен Юра экоо иштейт.
Мен бир кызык болуп кеттим да, Талантты шекшине карадым. Ал да ашыкча суйлоп алганын дароо тушунду окшойт, кабагын буркоп:
- Сунушум жакпаса макул болбой эле кой дос. Жумасына эки мин толойм да эмне кылам оз ишим. Бул менин бизнесим, туурабы? Макулмун же макул эмесмин деп ачыгын айт, башка гараждар деле толуп жатат.
Мен ыргылжын болуп турдум. Жума сайын эки мин алсам Сыргабектин акчасын берип, жанды койбогон карыздарга майдалап чачып, ооздорун баса турат элем. Асхат менен Юра огеле чектен чыгып баратышса, баарын токтотуп койом. Кожоюн менмин го.
Мен макул экенимди айтканда Таланттын ону озгоруп, бир башкача болуп кетти: коздору кымындап, ууру мышыкча мылжыйып алды.
- Ий дагы бир нерсе: бу жерде мага рекламанын кереги жок. Ижарага алганымды да, эмне кылып атканымды да оозундан чыгарба. Машинесин ондоткондоруна да, койгондорго да айтып кой, кийлигишпесин. Жакын жолосо озунон корсун. Башын жулуп таштайм! Электр шаймандарым менен калган майда-чуйдону кечинде алып келем.
- Электроэнергия коп керектелеби? Талант дагы мыйыгынан кулуп:
- Канча келсе да толомунду мага корсот. Озум толойм. Акчанды азыр берейинби? - деди.
- Мейли, жуманын аягында берсен деле болот.
- Мына муну чонтогуно салып кой да, кошумча салык толобой жата бер.
- Рахмат.
Мен Таланттын артынан ээрчий кире беришке келдим, Асхат аларга керектуу жерди бор менен чийип атыптыр. Экообуз жакындаганда "ушу болобу?" дегенсип Талантты суролуу карап туруп калды.
- Болот, болот. Таланттын ууртунда баягы эле мылжыйган жылмаюсу.
- Жума кункуго ушу жерди бошотуп кой. Ой, мобу Айжамалдын машинеси го. Машине эмей эле накта жырткыч.
- Ооба, жолборс, - деп кункулдодум мен. Талант ууру тишин корсото жалжайып:
- Шашпа, бир жылга жетпей сенин да ушундан кем калышпаган машинен болот, а мобу гаражына машине батпай быкылдабаса мага кел.
- Оозуна май, айтканын келсин.
- Болуптур, дос, жакшы кал!
Алар жашыл мерске шап отуруп жоноп кетишти. Мен кенсеме келип, кул тушургучту тиктеп ойлуу отурдум. Олуп кетейин бул тортоонун бир балээси бар, радиоаппаратура дегени жон эле шылтоо. Анда мунун баарынын эмне кереги бар? Таланттын "Жакын жологондордун башын жулам!" деп корулдаганы кулагыма жанырды. Мен кызыгып, кийлигишейин дедим эле, аман-соондо ары тур дегенчелик кылышты. Эх, эмне болсо ошо болсунчу, мага убагында айткан акчасын толоп турса болду, калганы менин ишим эмес.
Кечки алтылар чамасында гаражды жабайын деп атсам адатынча:
- Досум, кандайсын? - деп Сыргабек кирип келди.
- Жакшы, озун кандай? Иштер болуп атабы?
Ал кошо кармашып, мага эки кабат эшиктерди жапканга жардамдашты.
- Жумуш деле жок, ошондуктан сага баш бактым. Келерки жумада бир иш болгону турат, бирок оозундан чыкпасын!
- Жур, кенсеге кирели, акчанды кайтарып берейин.
- Аны койо тур, Баке, мен шаштырбайм деле.
- Сага бересе болуп журо бермек белем, бугун бир аз тыйын болуп калды. Болгондо берип салайын. Керек болуп калып келе десен таппай журбойун.
- Жолун болгонго го! Жакшы болгон тура, кудай берээрин унутпасын.
- Бир фирма гараждын бир болугун ижарага алмак болду, аптасына эки мин толойт. Сыргабек ышкырып жиберди:
- Чын эле колуна карга чычкан экен, досум. Мен койо турбаймынбы?
- Жок, Ал, - деп ага акчасын сундум. Ал мага энкейе:
- Аны коюп, ишемби куну эмне болдун ошону айтчы, - деди.
- Аа, кечээби? Жанылга алдын ала айтпай турайынчы дегем. Ушу фирма менен макулдашканы кеткем. Келгенде ага баарын айтып тушундурдум.
Сыргабек ишенсемби, ишенбесемби дегенсип козунун тобосу менен карады.
- Бизди таштап эле шашып кетип калдын, Жанылга эмне дээримди билбей жаман болдум. Баары ордуна келсе жакшы болуптур. Дагы жакшы ал фирман тиги бурчтагы ээн дуконду корбой калыптыр.
Ал дуконду дагы укканда кыжаалат болуп кеттим.
- Билем, Жаныл айткан. Эми кай жакты ижарага алат оз иши да. Менин жинденип атканымды байкаган неме дароо созду башкага бурду.
- Ооба, жолдуу экенсин. А ал фирма кандай аталат экен? Эмне болгон адамдар экен? Кайсы жаатта иш алып барышат?
Мен алар жонундо эч нерсе билбегенимди ошондо тушундум.
- Жетекчиси Аскарбеков деген жигит экен, Аскарбеков Талант. Жанагы Ала ТВ, Долог ТВ деген сыяктуу бирдеме кылганы атышыптыр, бирок анысы азырынча жашыруун экен, даяр боло элек окшойт.
- Фирманын атын билбейсинби? Мен эки бетим ысып, кызарып кеткенин сездим.
- Алар чакан фирма экен, жаныдан иш башташкан го, сыягы.
- Гаражга ушунча акча толой беришсе жакында банкрот болушат аларын. Эми, аны оздору билээр. Мумкун салык тологулору келбей ошентип атышкандыр.
- Мен да ошондойбу дедим.
Сыргабек кежигесин кашып, кунолуу немедей жылмайды.
- Кечээ Жаныл сага аябай кабатыр болду. Баке, аны мындан ары алдабай журчу?
Мен кайрадан кыжаалат болуп чыктым.
- Дагы баштадынбы? Жаныл экообуз баарын суйлошуп, чечишип алдык дебедимби, бизге сарсанаа болбочу.
Сыргабек Эми чындап уялып кетти:
- Эми аны озун билесин да, досум. Кой мен кеттим, дагы жолугушабыз, жакшы жат!
Гараждан чыгып баратып, ягуарды коро:
- Ого! Ушу жерде тура турган болдубу? Аял деп ушуну айт! Любой эркекти онкосунан тушурот. Мен озум деле баш тартмак эмесмин мындай сулуудан.
- Чын элеби?
- Мындай селкинин артынан коз салып журбосо болбойт. Кабатыр болбо, мен аны лично озум кайтарам.
Аны тумшукка бир согуп жибере жаздап, муштумум кычышып аран турдум, бирок озумду колго алып, сыр бербедим.
- А мага ушу гаражым менен Жакум болсо болду.
- Аскарбеков менен ушу чурок тааныштырдыбы?
- Эмнени айтып атасын? Жиним келип, жаным кашайды.
- Аны айтпасан да тушунуктуу да, Баке. Мени алдайм деп ойлобо, Жанылды го эптеп алдадын, эми жанагы шойтондогон неме сени сызга отургузуп кетпесе болду.
- Уксан, Саке! Же болгонун болгондой айт же келжиребей кетип кал.
- Кечээ бу бийкечин сага чалды, анан экоонор жолуктунар, ал сени жанагы киши менен тааныштырды. Ошондойбу? Ошондой болгону айдан ачык болуп турбайбы. Анан сен акылындан адашып, бу чурокту суйуп калдын. Бирок кеч болуп кала электе эсине кел. Жанылды ойло. Бу кочугун чайпаган неме анын чыпалагына да тен келбейт. Катыны бар сага ал кыздын эмне кереги бар? Айтсан, ашыкча баш оорунун эмне кереги бар сага?
Мен Сыргабекти тошко бир койдум. Ал да жон калган жок. Биздин батальондогу оз салмагындагылар арасында чемпион экени эсимден чыгып кетиптир. Ээкке туштап бир сокту эле козумдон от чагылыша тушту, жерге куладым. Сыргабек мага энкейе:
- Кечир, досум, бирок озун баштадын, - деп колумдан тартып тургузмак болгондо ары турттум:
- Кетчи ары!!!
- Баке, кечирип кой дедим го... Мен ойдо туруп, тенселе кенсе жакка бастым.
- Баке, токтосон...
Мен аны карабай эшикти тарс жаап алдым.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10