Предыдущая публикация
Көрүнгөн менен сайышып,
Көөдөнү көрлөр жүрүшөт.
Кесирин элге тийгизип,
Көз көрнөө сойку жүрүшөт.
Ар намыс кетти кыздардан,
Баары эмес бир өкөө байкасаң.
Уят намыс ар кетип,
Акчага кээлер алданган.
Жигиттер да жок эмес,
Жинди сууга байланган.
Сойкулар менен соодалап,
Арамга акча сарптаган.
Кан Манастын урпагы,
Кайдыгер болуп баратат.
Көчмөн кыргыз ата салт,
Көч бузулуп баратат.
Эки экиден ээрчишкен,
Эрсиз кыздар көбөйдү.
Европаны ээрчиген,
Эркектер кылды көйгөйдү.
Жетсе да башың булутка,
Жерде бутуң унутпа.
Жээрип ата салтыңды.
Улутуң салтын булгаба.
Н. Жума.
2024/ 07/09.
Аксы .
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8