13-бөлүм.
Ордунан козголо эптеп турду дагы темир түтүктүн үстүнө тартынып чыгып, денелери кыйналып ооруганына карабай кечөөгүнү барбаган жагына жөрмөлөп жөнөдү. "Чын эле ушунун алдынан чыгалбай өлүп каламбы? Шаардын алдына окшошпойт го, жок дегенде бир дабыш угулуп тирүүлүктүн белгиси билинмек да же тигил акча чыгарчу жашыруун жай шаардын ичиде эмес беле? Машиненин арткы багажына жашынып алып мен эч нерсени көргөн жокмун. Машине мени таптакыр башка жакка алып кеткенби? Деги мен кайдамын? Ушинтип жер алдында сокур чычкандай болуп жүрө беремби? Алиги келемиштер дагы каякка кетишти, жок дегенде жашоонун, тирүүлүктүн белгисин билгизип, ошолор ары-бери үн чыгарып чуркап турушса боло. Көрдөн айырмасы жок капкараңгы жер алдынан кантип үстүнө чыгып кете алам? Оо, Кудайым жардам бере көр", - өзү менен өзү сүйлөшө канча жерге чейин сойлоп барганы белгисиз бир кезде өзүнөн анча бийигирээк эмес жерден темир капкакты көрдү. Кайрадан үмүт оту жана ага дароо жетип барды да акырын түртүп көрдү. Ачылбай койду, сыягы ал дагы бек окшойт. Бардык нерседен, бул дүйнөдөгү жашоодон да үмүтү үзүлө шалдайып отуруп калды. "Эмне себептен бардыгын үстүлөрүнөн бекитип таштаган, бул жакта тим эле алтын бардан бетер" ошол мезгилде ал адамдардын бардыгын жек көрүп кетти. "Бул теңирчилик заманда эмнеге бирин- бири пайдаланышат. Эмнеге бирин-бири кордошот, өлтүрүшөт. Биздин айбандардан эмне айырмабыз бар. Тигил дүйнөдө тозок менен бейиш бар болсо, эмне эле адамдардын бардыгы тозокту көздөй умтулушат. Эмне эле бир-экт тамчы кара боёк бүтүндөй ак нерсени карартып жиберип атат. Кайда барба ак көңүлдүүлүктү карөзгөйлүк жеңип, үстөмдүк кылып кетүүдө. Же азыркы адам баласынын жашоосу ушундай болуп бүт жер жүзүн шайтан аралап кеткенби?"
Диананын эч нерсеге көңүлү келбей шайы ооп, бардык нерседен үмүтү үзүлө темир түтүктүн үстүнө жатып калды. "Күн менен түн билинбей караңгы жер алдында ушинтип өлүп каламбы. Кызык, жер үстүн бербей кыбырап жүргөн адам баласы кайда кетишкен, дегеле бир кыбыраган тирүүлүктүн белгиси жок". Чалкасынан жаткан боюнча оюна ар нерсе келип атты. Бир кезде каы катып суусап чыкты. "Мен эмне тозоктон качып чыгам деп кайра тозокко кабылдымбы? Же менин маңдайыма Кудай- Таалам азап-тозокторду жазып койгонбу? Ушинтип жөн өлбөй жер алдындагы келемиштерге жем болуп, таланып өлөмбү. Менин өмүрүмдү алып калчу адам болобу же жер үстүндөгү менден башка адамдар жок калганбы? Жо-жок мен өлбөшүм керек, али эртелик кылат" Диана ордунан туруп болгон күчү менен үстүндөгү бекилүү темир капкакты чапкылап, кыйкыра баштады.
- Ээ-э-ээй адамзат, тирүү жандык барбы?! Жардам бергиле-ее-ее! ! Анан токтой калып бирөөлөрдүн дабышы угулар бекенби дегендей кулагын көтөрө демин чыгарбай тыңшап калды. Дегеле шырп эткен дабыш угулбайт. Ачуусуна кошул-
ташыл боло "сен өлсөң бизге жем болосуң" дегендей кез-кез келемиштердин өз ара бир нерсе талашып "чыйк-чыйк" эткен үндөрү угулат.
- Ээ-ээ-эй тирүү жан барбы?! Темир капкакты тарсылдатып каккылай бери, кыйкырып атып тажаган соң темир түтүктүн үстүнө кайрадан сулк жатып калды. Оюна Токмоктон анча деле алыс эмес Кегети айылындагы апасы анан мындан беш-алты жыл мурун каза болгон атасы түштү. Апасынын пенсияга чыкканына аз эле болгон. Өмүр бою айылында акушерка болуп иштеп анан пенсияга чыккан. Атасы болсо онунчу классты окуп жатканда кан басымы жогорулап ошондон каза болгон. Айылдык клубтун башчысы болчу. Анын комузчулугун Чүй району бүт билишчү. "Кимдин кызысың? Деп сурашып "Ысмайылдын" деп жооп бергенде "Аа тиги Кегетилик комузчу Ысмайылдынбы? " дешип дароо атасынын мыкты комузчулугу тууралуу айтып киришчү. Дианадан башка бир туугандарынын баары комузчу, бардык музыкалык аспаптарда ойношкон музыкант болушчу. "Мен эмне эле атамды тартпай калдым экен жада калса ырдаганга да үнүм жок" деп ал кээде той-топурларда, ыр кеселерде ырдай албай кысына берчү.
Атасы да күтүлбөгөн жерден каза болгон. Жетинчи апрель күнү кечке маал үйүндө төрдө отуруп алып, комуз чертип отурган. Казанда эт салынып кайнап жаткан. Мештеги от күйүп жатабы деп комузун коё коюп, эңкейе бергенде аз жерден кулап кете жаздап барып дубалды таянып аялына кыйкырган.
- Каным мени карма!
Эмне болуп кеткеин түшүнүшпөй балдары үймөлөктөй калышкан. Саат кечки жети болуп калган болчу. Бетине кан тээп чыгып, чалкасынан кулаган. Баарылап көтөрүп барышып башына жаздык төшөп, төшөккө жаткырышкан.
Ошондо эле кырылдап эсин жогото баштаган, кыйкырык, ызы-чуудан эки жолу эсине келип, үчүнчүсүндө кыйкылдап-чыйкылдап адаттан башкача үн чыгарып кете берген. Бир сааттан кийин айылдык доктор аны кармалап көрүп, алысыраак туугандарынан бирөөнү бери чакырып алып айтыптыр, "Бул эми киши болбой калды баш тамыры жарылып, мээсине кан куюлуп кетиптир. Жайына даярдай берсеңер болот". Атасынын көз алдыларында кандайча каза болгону Диананын бүгүнкү күнгө чейин эсинде. "Кудай-Таалам алам десе заматта эле алып коёт экен адам баласын. Сыягы менин дагы жашоом бүтүп калды окшойт…"
Диана эч нерсени ойлогусу келбей көзүн жумду. Күтүлбөгөн жерден "шырп" эткен добушка дароо көзүн ачып тыңшап калды. Жок, эч кандай дабыш билинбейт. Сыягы келемиштер окшойт. Кайрадан ордунан туруп, капкакты дагы тарсылдатып, болгон күчү менен кыйкыра берди. Жедеп үнү бүтүп, тажага соң кайра жатып калды. "Карачы күтүлбөгөн байлык менен күтүлбөгөн ажалдын коштоп жүргөнүн. Ушул жанымдагы бир баштык акчалар менен айылга барсам кандай гана бай жашайт элем. Ай, андай күн болбойт го". Ар нерсени ойлоп жата бери, көзү илинип кетти. Аны баягы эле келемиштер ойготту. Муздак темирдин үстүнө жатканга кадимкидей денеси салмактанып ооруп калыптыр. Акырын темирден төмөн карай жылмышып түштү. Таптакыр эле алсырап, алы кетип калыптыр. "Кызык канча күн, түн же сутка өтүп кетти. Же жарыктын шооласы жок. Туюу сезимим менен иштеп сокур чычкандан айырмам жок болуп калды го. Дагы канча убакытка чейи чыдай алаар экенмин бул жер астында. Кой, өлүгүмдү бирөөлөр таап алгыча артымдагы акчалардын көзүн курутайын, мен жөнүндө жаман ойдо калышпасын" , ал акырын ордунан козголо таманындагы кумду колу менен шилей баштады. Колдорунун тырмактары сынганына карабай бир топ казды. Анан артындагы баштыкты чечип кагазга оролгон акчалардан бир-
экөөнү алып, баштыктын оозун бууду да чуңкурга салып үстүнөн көмүп, алаканы менен чапкылап тегиздеп таштады. Эки таңгак акчаны коюнуна сойлотуп, кайрадан темир түтүктүн үстүнө чыкты. Улам барган сайын алсырап, кыймылдаганга алы келбей калган болчу. Темир түтүктүн үстүнө кыймылсыз, бул жашоодон үмүтүн үзө чалкасынан жата берди. Көзүнө ар кандай нерселер көрүнүп жок болуп кетүүдө. Бири-бирин тиштегилеп чыйкылдашкан келемиштерди улам жакындап келишкен сайын колу менен жаңсап кубалап жатты. Акырындап аларды кубалаганга да дарманы келбей калды. Эриндери жарылып, көздөрү тумандап, колдорун тиштегилеп жаткан
келемиштерге да каршылык көрсөтө албай бара жаткан… Диана жер алдындагы көзгө сайса көрүнгүз караңгы жерде ажал менен аёосуз кармашып, алты сутка жаткан болчу. Ортодо ажал менен өмүр кармашып акырындап ажалга моюн сунуп бараткан. Күтүлбөгөн жерден капкактын үстүнөн кандайдыр бир дабыштар чыгып, адамдардын сүйлөшкөн сөздөрү угулуп кеткенсиди.
Диананын кулагына ар кандай каткырган, кыйкырган үндөр угулуп, көздөрүнө ар кандай сөлөкөттөр көрүнүп, бу дүйнөбү, тиги дүйнөбү айырмалай албай калган. Болгон күчүнө салып кыйкырайын деди эле үнү да чыкпай калыптыр. Эсине келип көзүн ачып тыңшаса, чын эле капкактын үстүндө бакылдашып сүйлөшкөн адамдардын үндөрү кадимкидей кулагына угула баштады. Анан болгон күчү менен "жардамга! " деп катуу кыйкырды, бирок үнү эптеп эле чыгып жатты.
- Коё турчу, капкактын алдынан бирөө кыйкырып атабы? - үстүндө жүргөндөрдүн бирөө токтоп кулагын төшөдү. Анын алдынан жай кыңылдап үн чыгарып жаткан үндү угуп, артта калганы алдыда кетип бараткандарды токтотту.
- Бул капкактын алдында бирөө бар окшойт, токтой тургулачы…
- Ой койсоңчу, кулпуну бузуп ким кирип алды дейсиң капкактын алдына. Кой кеттик, - ары жакта тургандар складдын оозун жаап кетмекчи болуп калышты. Алиги жигит айтканынан кайтпай, кулагы менен тыңшап калды. Анан бирөөнүн жардам сурап жатканын угуп, колундагы чоң темир ачкыч менен болгон күчкө сала кулпуну чаап, сындырып жиберди. Дароо капкакты ачты. Төмөн караңгы жакка көз жүгүртө өзүнө ишенбей таңгала карай туруп калды. Ары жактагылар да дароо жетип келишип бир ордуларында катып калышты. Темир түтүктүн үстүндө чачтары туш тарапка жайылган сулуу периште араң жан кыймылдай чалкасынан жатка эле. Анын үстүндө жыбырашып келемиштер чуркап жүрүшкөн.
БООРУКЕР БЕЙТААНЫШ
Диана үч күндөн кийин гана араң эсине келди. Кандайдыр бир керебетте жатыптыр. Көзүн ачып кобураган үндөр жакка башын буруп карады эле көзү эч нерсе көрбөй калыптыр. "Мен эмне сокур болуп калгамбы" ? - биринчи кезекте эле анын мээсине ушундай жаман ой кетти. Көзүн ушалаганы акырын оң колун көтөрдү эле ары жактан бир аял келип колунан кармады.
- Көп кыймылдабаңыз, сиз "капельницада" жатасыз. Үч сутка бою кыймылдабай эсиңизге келе албай өмүр менен өлүмдүн ортосунда кармаштыңыз.
Бактыңыз бар экен. Тигил жигитиңиз сизге эң кымбат баалу дары-дармектерди алып келип бери атты.
- Мен кайдамын, силер кимсиңер, эмне себептен көзүм көрбөй жатат? - адегенде эле Диананын оозунан ушул суроолор биринин
артынан бири жаады.
- Кам санабыз, сиз ооруканадасыз,
сиздин эсиңизге келгениңизге чоң кубанычтабыз. Биз болсо ушул оорукананын врачтары болобуз. Сиздин өмүрүңүздү сакташ үчүн эмнелерди гана иштебедик. Мына акыры жакшы результаты болду. Тигил жигитиңиз болбогондо ким билет эле, балким тирүү калбайт болчусуз, ал сизди аябай сүйөт окшойт. Эч акчасын аяган жок. Эмне дары айтсак дароо, ошол замат эле алып келип атты… "Ал жигитим ким болду экен, мени бул жакка кимдер алып келишти. Кандайча аман калдым, жер алдындагы тозоктон чын эле кутулдумбу? " Дианага али көп нерсе түшүнүксүз болуп жатты. Сантехниктер темир капкакты ачканда ал акыл-эсин жоготуп, жөөлүп калган болчу. Аны дароо эле жеңил машинага салышып ооруканага жеткиришкен.
"Мага акчасын чачкан ал жигит ким болду экен?" Диананын оюна бир нерсе кылт дей түштү "Баса коюнумдагы акча эмне кен ?", - сол колу менен акырын сыйпалап көрүп эч нерсе таппай койду. "Демек тигилер алып коюшкан экен да", жанында отурган алиги врачмын деген аялга
кайрылды.
- Айтыңызчы, менин көзүм ушул боюнча көрбөй калабы?
- Эртең көз боюнча врачтар келип текшеришет, көрөсүзбү, көрбөйсүзбү алар өздөрү айтышат. Биринчи биздин милдет сиздин ден-соолугуңузду оңдошубуз керек.
Алты сутка бою жер алдында тамак ичпей бир ордунда араң жан кыймылдап, келемиштер менен салгылашып жаткандыкы таптакыр эле кыймылдаганга жарабай калыптыр. Врачтар глюкоза сайып, ар кандай өсүмдүк, жашылча жемиштердин ширелеринен бери атышып, акырындап организми калыбына келе баштаган болчу. Диананы бирден-бир сары санаа кылганы көзү болуп жатты. Эгер бул жарык дүйнөнү ушул боюнча көрбөй калса өлгөн менен барабар эле. "Оо Кудайым, көзүмдү ачып, кайрадан бул жарык дүйнөңдү көрсөтө көр", Диана ичинен Кудайга жалынып жатты. Эки күндөн кийин врачтар келип көзүн чоң-чоң ачтырып, кандайдыр аппараттар менен бир топко текшерип көрүшүп, өздөрүнчө тыянак чыгарышты. Эртеден бери чочулап жаткан Дианага жооткото көңүл айтып кетишти.
- Кам санабай эле кой, сулуу кыз. Көптөн бери жарык нурун көрбөй караңгы жерде болуп, дароо жарыкка чыкканга көздөрүңүз тунарып, көрбөй калыптыр. Сизге эч кандай дары-парылардын кереги жок. Акырындап өзү калыбына келет. Аман болсоңуз, мурункудай эле көрөсүз, болду көзүңүздүн жашын аарчыңыз. Сизге ыйлаганга болбойт, -
кандайдыр чыккан эркектин үнү токтоп, бет аарчы менен Диананын көздөрүн аарчыды. Диана кубанганынан ыйлап жаткан болчу. Ал ошол боюнча кыймылдабай эки-үч күн жатты. Врачтардын ушунчалык сылыктыгына, жан алдары калбай чуркап жатышканына ичинен ыраазы болуп атты. Көп өтпөй колундагы "капельницасын" да алып салышты. Күнүнө үч маал колуна, жамбашына ийне сайылып атты. Муздак темирдин үстүндө жаткандыкы өпкөсүнө да суук өтүп кетиптир. Түшкө маал болуп калган, палатасы тыптынч уктап жаткан. Кандайдыр назик кол жаагын сылап атканда чочуп ойгонуп кетти. Алиги кол акырын тартылып кетти.
- Сиз ким болосуз? - Диана көзүн ачып жанында отурган адамдан сурады. Көзү көрбөсө да жанында столдо бирөө отурганын сезип атты. Ал адам өзүн оңтойсуз сезип, бир топко унчукпай турду да анан акырын үн катты.
- Сизге кандай деп түшүндүрсөм… Мен сизди жер алдынан алып чыккан жигитмин. Бактыңыз бар экен кетип баратып капысынан кандайдыр бир үндү кулагым чалып калды. Өз кулагыма өзүм ишенбей токтоп, дагы тыңшап көрсөм үн өзүмдөн анча алыс эмес жерде турган капкактын астынан чыккандай болду. Ача салсам сиз жатыптырсыз, анча-мынча болгондо эле кайра складды бекитип кетип калмак экенбиз. Анан сизди көтөрүп келатып кокусунан эки пачка акчаны көрүп калдым. Бир пачкасы доллар, экинчиси сумдар экен. Айла жок алып коюуга туура келди, болбосо башка бирөөлөр алып коюшмак. Анан өзүмдүн машинеме салып алып сизди бул жакка, ооруканага алып келдим. Ал акчалардын жүздөн он бөлүгүн гана дары- дармекке кетирдим, врачтарга бердим. Сиз ошол акчалардын күчү менен айыктыңыз. Акча болбогондо сиз аман калат белеңиз бир Кудайдын өзү билмек. Ошо себептен врачтар сизге жан-
алдары калбай чуркап жүрүшпөйбү.
Алардын айтуулары боюнча сиз жакшы болуп баратасыз, сураган акчаларын сиздин ден-соолугуңуз үчү аябай эле бери атам. Баса, айтмакчы менин атым Ибрагим болот. Сиздикичи?
- Диана…
- Диана… Диана… Кандай жакшы ат.
Бул жигиттин ким экенин өңүн көрбөсө да, өзү үчүн боор тартып жатканын Диана жүрөгү менен сезип турду. "Ибрагим…, бул кандай жигит болду экен, үй-бүлөлүүбү же бойдокпу. Жашы канчада, эмне себептен ал мени ухаживайт этип калды, же акчама кызыгып атабы? Эгер акчама кызыккан болсо, анда тигил акчаларымды алган боюнча дайынын таптырбай кетпейт беле. Тескерисинче ал акчаларды кайра өзүмө чыгымдап жатпайбы. Кандай жигит болду экен, өңүн көрсөм жакшы болот эле. Сүйлөгөн сөздөрүнө, мага боор тартканына караганда эки жүздүү эмес түзүк эле жигиттей көрүнөт. Ушундан жардам сурасамбы өз жергеме жетип алганга, бирок…, ай ким билет азыркы заманда адамдарга ишенич жок, азыр бирди сүйлөсө эртең анын тескерисин жасайт. Бүгүн боорукер болуп сен үчүн күйүп-бышын атса эртең эле андан өткөн таш боор жок болуп чыга келет. Бүгүн сенин таламыңды талашып атса эртең эле сага карама-каршы, душманың болуп чыга келет. Адамдарды жылкы мүнөз деп бекер айтышпайт да, колундагы байлыгына, сөөлөт-
даражасына жараша бат-бат өзгөрүп турушат. Бул жигит балким тигил Бишкектеги Исабеков Мараттын кишилеринин биридир, же тигил акча жасаган контрабанданын адамдарыбы?
Менин айыгышымды, ооруканадан чыгышымды күтүп жүргөндүр. Качып кетпесин деп кайтарып аткандыр. Акча чыгарып жаткандарга акчанын деле мааниси жок да, ошол себептен акчаны врачтарга чачып жатат да. Бир дагы жакшы адамды жолуктура элекмин, мына Бишкектен өзүмдүн эле досторум өзүмдү сатып жибериши. Ал эми түрмөдөгү эркектердин жоруктары тигил, каалаганын зордуктап, каалаганын сабап, каалагандарын өлтүрүп, өздөрүн өздөрү билип, өтүгүн төргө илишип, түрмөнүн кожоюну болуп жүрүшөт".
Ушуларды ойлоп Диана өзүнө келип жүргөн бейтааныш жигиттен чочулай, сак боло баштады. Ички сырын айтпоого колдон келсе аны менен аз сүйлөшүүгө аракет кылмай болду. Сырттан врачтар менен сүйлөшүп жаткан анын үнүн укканда дароо эле уктамыш болуп көзүн жумуп калат. Алиги жигит келет да маңдайына отуруп ойгоноор бекенби дегендей кез-кез катуу жөтөлүп да коёт. Диана бардыгын сезип-билип, угуп турса да уктамыш болуп жата берет. Тигил жигит тажаганда чачына акырын алаканын алып келип, назик сылап коёт да, дагы бир аз отурган соң акырын туруп, дабыш чыгарбай, жай чыгып кетет. Ал кеткенден кийи да обочо жерде туруп алып атайын аңдып атпасын деп көзүн жумуп жата берет. Качан гана врачтар келип ойготкондо көзүн ачат. Акырындап бул жарык дүйнөнүн шоолалары Дианага кичинеден белги бери билине баштады. "Оо Кудайым, көзүмдү кайрадан көрсөтө көр" жатса да, басса-турса да анын ойлогону ушул болуп жатты. Ибрагим эки-үч күн катары менен келип Диананы ойгото албай отуруп-отуруп кайра кетти. Бул жолу да анын маңдайында бир топко тиктеп отурду. Анан күтүлбөгөн жерден эле акырын келип эрдинен өөп жиберди. Мындай күтүлбөгөндүккө Диаа аз жерден бакырып ийе жаздап, бирок уктап жаткан киши болуп өзүн-өзү араң кармады. Ал ордунан акырын туруп, жыла басып кетип калды. Анын эрини ушунчалык таттуу экен, дагы өбүшкүсү келип кетти. Муну менен катар эле эркектин кандайдыр бир жагымдуу жытын сезди. Ошондон баштап ал келип жанына отурганда дароо эле тааныш жытты сезет. Акыркы мезгилдерде ал Диананын атайылап, арамза уктап жатканын байкап калды. Көзүн жумуп былк этпей жатса да өзүнчө сүйлөнө берчү болду. Акыры аны ойготуп сөзгө тартты. Өзү жөнүндө бир сыйра тааныштырып өттү. Жердиги Ферганалык экен. Эне-атасы менен Ташкенге көчүп келип жашап жатканына бир топ жыл болуп калыптыр. Жашы жыйырма жетиде,
үйлөнө элек бойдок экен. Ал эми Диана болсо өзү жөнүндө көп анча маалымат берген жок. Андан чочулап атты.
Уландысы бар....
14-бөлүм.
МАДЫРА БАШТАР ЖАНА БАЙ АДАМДАР
Биринин артынан бири ээрчишкен эки чет элдик машина көчөдөн улам токтой калып жер алдындагы люктарды ачышып, ичин текшерип жатышты. Суу түтүгүн жөнгө салган кишилердин кийимдерин кийинишкен эки-үчөө кол
фонарлар менен люктун ичине кирип, алдын бир сыйра текшерип чыгышкан соң кайра башка жактарга барышууда. Шаар ичиндеги болгон жер алдындагы люктардын баарын текши кыдырып, текшерип жүрүштү. Шаар ичиндегилерден аларга көңүл бөлгөн эч кимиси болгон жок. Жумушчулар өз иштерин кылып жатат болуш керек деп ойлоп коюшууда. Булар акча чыгарган жашыруун жерден кызды качырып жиберишкен кишилер болчу.
Диананы издеп-издеп табышпаган соң жападан жалгыз люк калган болчу текшериле элек. Ошо себептен жер алдындагы темир түтүк өткөн жерлердин бардыгын бир сыйра кыдырып, текшерип келатышкан. Ошол мезгилде Диананы саунадан качырып жиберишкен Бишкектеги Исабековдун адамдары да Ташкендин бардык жерлерин
шимшилеп, текшерип жүрүшкөн. Диананын көзүнүн тунарганы акырындап жоголуп, ары-бери баскан бүдөмүк сөлөкөттөрдү көрө баштады, бирок көзү али эч нерсени көрө элек болчу. Эмнегедир ал Ибрагимге жакы болуп кетти. Таң эртеден баштап эле анын келишин күтүп турчу. Анын келатканын тээ алыстан эле баскан дабышынан билип койчу. Бул жолу аябай жыпар жыттуу гүл алып келиптир. Диана гүлдөрдү жыттап, акырын сурады.
- Бул эмне болгон гүлдөр, аты эмне?
- Чынымды айтсам мен гүлдөрдүн аттарын жакшы разбиратся эте албайм. Сатып алып жатканда сурап алганда болмок экен. Эртең барганда сурай келбесем. Кудай буюрса эртең мындан да көп гүл алып келем. Бир кучак гүл.
- Жөн эле кой, убара болбой эле койчу. Бобул бир жумага жетет.
- Жок бул аздык кылат. Эртең мындан да көп алып келем.
* * *
Люктарды ачып издеп жүрүшкөндөр кокусунан көчөдөгү ойноп жүргөн балдардан жер алдындагы темир түтүктөн чала жан бир кызды алып чыгышкандары тууралуу угуп калышты. Алар ошол жердеги мадыра баштардын бардыгын чогултуп келишти дагы акча бери акырын сураштыра башташты.
- Кана кимиңер көрдүңөр аны, ал кандай кыз экен?
Топтошуп турган мадыра баштар бири-бирин карап туруп калышты, анан эң улуурагы бөлүнүп чыгып өзүнүн сунушун айтты.
- Эгер дагы акча берсеңер мен айтам…
- Адегенде айт, анан акча беребиз.
- Жок, биринчи акча бергиле, анан айтам.
Бери жактагылар да бири-бирин караша жылмайып күлүп калышты. Анан толмочунан келген мурутчаны
чөнтөгүнөн акча алып чыгып тигиге сунду.
- Болуптур ме ал, кана эми айтасыңбы?
- Аны бобул складдын ичинен көтөрүп чыгышты. Ушунун ичидеги люктан келемиштер талап жаткан жеринен таап алышыптыр…
- Кыздын кийими, чачтары кандай экен?
- Кийимдери, бети-башы топуракка оонагандай чамбыл-ала, көйнөктөрү да ар жеринен айрылып жүрөт, чачтары
уйпаланган сыягы бирөөлөр өлтүрүп туруп, ошол жакка ыргытып жиберишсе керек…
- Бул жакка милициялар келишкен жокпу, кыз тирүү бекен?
- Анысын билбейм, өлүп калган го, колдору-буттары шалактап жүрдү.
- Анан аны эмне кылышты?
- Бир мурутчан жигит машинасына көтөрүп барып салды да кайдадыр алып кетти…
- Эмне машина экен, анын түсү кандай экен?
- Кадимки эле жеңил машина, түсү кызыл…
- Ушулар машиненин маркасын билип коюптурбу, - ары жактан бирөө сөзгө кийлигише кетти. Алиги мурутчан киши чөнтөгүнөн акча сууруп чыгып мадыра баштарды кызыктыра баштады.
- Кызды көтөрүп кеткен жигитти ким тааныйт. Машина каякты көздөй кетти?
Бардыгы бир тарапты көрсөтүшө улам алдыга чыга калып жатышты.
- Болуптур, кана айткылачы, ал жигитти ким тааныйт?
Бардыгы билбейбиз дегендей бири-бирин карашты, тигинин колундагы акчадан көздөрү өтүп турушту. Алиги мурутчан киши ар бирине бирден кагаз акча таратып бери "бар ойногула" деп кетирип жиберди. Кетип бараткан мадыра баштарды токтотуп алды да, телефон саны жазылган ак кагаз таратып бери дагы бир жолу эскертип өттү.
- Эгер араңардан кимде-ким ошол жигитти же кызды, же болбосо алиги кызыл машинени көрүп калсаңар дароо бобул номурдагы телефонго чалгыла. Телефон чалганды билесиңерби?
Бардыгы "ооба" дешип тигил киши
берген кагазды жабыла бирден алышып, анан алган акчаларына кубаныша ары көздөй ойноп кетишти.
Бери жактагылар өздөрүнчө акылдаша ойлонуп туруп калышты.
- Кандай деп ойлойсуңар, ошол кызбы же башкабы?
- Менимче ошол эле кыз болуш керек.
- Болуптур ошол кыз деп коёлу, анда кара баштыктагы акчалары кайда калышы мүмкүн?
- Жер алдындагы өткөөл менен темир түтүктүн үстүндө сойлоп келатканда караңгы жерде, орто жолдо калып калышы мүмкүн…
- Жок андай болушу мүмкүн эмес, ал кыз орто жолго эч убакта акчаларды таштабайт болчу.
- Баса ал тирүү бекен же өлүп калдыбы, өлүп калган болсочу? Акчасын алиги жигит алып алды да…
- Эгер өлгөн болсо өлүгүн каякка алып кетти?
- Менимче ал али өлгөн эмес, эгер өлүп калса дароо телефон менен милиция чакыртышмак.
- Ада эмнеге "тез жардам" чакырышкан жок, эгер чала жан болсо…
- Ким билет, балким…
- Коё тургулачы талашпай, ал чын эле ошол кыз экенин силер кайдан билесиңер. Тигил мадыра баштар айткандай ал таптакыр эле башка кыздыр. Кимдир бирөөлөр аны зордуктап анан өлтүрүп, люкту ачып жер алдына ыргытып таштагандыр? Келемиштер талап жеп жаткан жеринен таап алышыптыр деп жатышпайбы.
- Анда дароо милицияга кабарлашмак да, өздөрү көтөрүп машинага салып кетишпей. Бул жерде шектүү бир нерсе бар. Баса, айтмакчы кызды каякка алып кетти болду экен, үйүнөбү, моргкобу, милициягабы же
ооруканагабы? Кандай болсо да шаардагы моргдор менен ооруканалардын баарын текшерип чыгыш керек. Эгер аны алиги жигит үйүнө же талаага алып кетпесе. Кана убакытты өткөрбөй аны качырып же дайынсыз жоготуп жибере электе издейли. Ал кызды таппасак шеф бизди соо койбойт, кичинекей эле кызды качырып жибергендигибиз үчүн бардыгыбыздын сазайыбызды берет. Кой кеттик, анда…
- Бөлүнүп алып моргдорго барып, ооруканалардын бардыгынан издейли.
Топтошуп тургандар өз ара сүйлөшүшө машиелерине отурушту да, кайдадыр жөнөп кетишти. Күтүлбөгөн жерден эле акча бери, баардыгын тойлоткон кишилерди алиги мадыра баштар таңгалыша арттарынан узата карап калышты.
ООРУКАНАДАГЫ ДҮРБӨЛӨҢ
Бир жумадан бери арбир ооруканага келип, акыркы күндөрү түшкөн жаш кыздардын тизмесин карап текшерип жүргөн алиги Дианадан баштан ары жеген далдайган киши кокусунан кызыл чет элдик машиненин келип токтогонун көрүп калды. Бир аздан кийин анын ичинен гүл көтөргөн жигит чыгып, оорукананын ичине кирип кетти. Ушул жигит шектүү болуп турду. Акырын машиненин жанына басып келди да айланта аны бир сыйра текшере карап койду. Анан оорукананын ичине кирип узун коридордун кире беришиндеги столдо бир нерсе жазып отурган ак халатчан медсестра кызга кайрылды.
- Кечирип коюңуз, мен карындашымды издеп жүрөм. Акыркы аптанын ичиде оор ахывалда силердин ооруканага түшкөн жашы жыйырма менен жыйырма бештин ортосундагы кыз келген жокбу?
Алиги медсестра кыз башын көтөрө маңдайында турган кишинин өңүнө түңүлдү.
- Акыркы аптанын ичинде көп эле келин-кыздар келип түшүштү кайсы бирин эстейм.
- Ошентсе да списогу бардыр, үч- төрт күндөн бери кайсыл ооруканага келип түшкөнүн билбейм. Издеп атып тажадым. Сиз жардам бери коюңузчу, балким силердин ооруканаңарда жаткандыр?
- Азыр, - алиги медсестра кыз ордунан турду да ары жактан журнал алып келип аны ачып, ооруканага акыркы аптанын ичинде түшкөндөрдүн тизмесин карай баштады.
- Та-ак, жыйырма экичи августта бир аял түшүптүр, аны жашы кырктан өтүп калыптыр. Жыйырма үчүндө дагы бирөөсү түшүптүр, анын жашы отуз беште экен. Ошол эле күнү кечке жуук дагы бирөөсү келиптир. Ал таптакыр эле кемпир экен, дагы бир жаш кыз түшүптүр жыйырма бештеги, балким ушул болуп жүрбөсүн. Фамилиясы Абдрахманова Мухабат. Анын
фамилиясы кандай? Ушул мезгилде алиги гүл көтөрүп кирген жигиттин кайра сыртка чыгып баратканын көрүп калды. Ал машинасына отураары менен от алдырып айдап кетти. Далдайган киши кайра медсестра кызга кайрылды:
- Кечирип коюңуз бул жигит кимге гүл алып кирди. Эмнегедир менин карындашымдын сүйлөшүп жүргөн жигитине окшоп кетти.
- Аа, албы? Ал тигил экинчи палатадагы кызга келип жүрөт. Байкуш кыздын көзү көрбөй калыптыр, бирок бара-бара оңолуп, көрүп кетет дешти биздин көз доктурлар. Татынакай, жакшы кыз экен, бооруң ооруйт байкушка. Өлүп, тиги дүйнөгө барып келип араң-араң киши болду. Жигити болбогондо ким билет эле бул кыз тирүү калат беле?
- Барып көрсөм болобу?
- Только бат, врачым көрүп калса сазайымды колума берет. Ал палатага баш бакканда эле Диананы дароо тааныды. Шарт артка бурулду да медсестра кызга кайра келди.
- Жок, ал эмес экен.
- Анда андан башка кыз жок жаңы келип түшкөн.
- Кечирип коюңуз…
- Эч нерсе эмес.
"Оо Кудай буюрса таптым ал кызды", - алиги далдайган киши өзүнчө кудуңдап сүйүнүп кетип баратты. Ошо күнү эле шаар боюнча ооруканаларды кыдырып, кызды издеп жүргөндөрдүн бардыгы кайрадан топтолушту. Мадыра баштарга акча таратып берген алиги мурутчан жигит ишенбегендей тигинден дагы бир жолу сынай сурады.
- Точно ошол кыз бекенби, чаташтырып алган жоксуңбу?
- Ал кызды кантип эле чаташтырайын, башкасын чаташтырсам да ал кызды эч убакта унутпасмын. Бактыга жараша жер алдындагы караңгыда көпкө жүрүп, дароо жарыкка чыккандыкы эки көзү көрбөй калыптыр. Бирок "врачтар акырындап отуруп кайра көрүп кетет" дешиптир…
- Эң жакшы, "темирди кызуусунда сок" дегендей анын дароо көзүн курутуш керек. Болбосо дагы жоготуп жиберишибиз мүмкүн. Баса, алиги кызыл "иномарканын" ээсин жакшы таанып калдыңбы? - толмочунан келген киши кайрадан тигиге кайрылды.
- Аны алыс жерден көрдүм, бирок элесин унуткан жокмун. Зато машинесинин номуру менен маркасын эң жакшы билем. Көзүмдү жумуп айтып бере алам кандай экенин…
- Эң сонун, андай болсо бүгүн түнү эле жортуулга чыгабыз…
- Жортуулга чыгып эмне кылабыз, кызды өлтүрөбүзбү? - ары жакта тургандар түшүнүшпөй суроолуу карашты.
- Келесоолор десе, аны өлтүрүп түрмөгө кесилип кете албай атасыңарбы. Анда эле милициялар колубузга түшөт. Акча жасаган подвалды, цехти таап алышат. Андай боло турган болсо тобубуз менен кетебиз түрмөгө. Ал жактан кызды билгизбей уурдап кетишибиз керек, анан…
- Анан эмне кылабыз?
- Көп башты оорутуп глупый суроолорду бере бербегилечи! - тигинин ачуусу келип кетти. - Анан ал кызды эмне кылат биздин шефибиз өзү билет.
- бузк барабыз, курал алып алабызбы?
- Сөзсүз да, ар бириңердин пистолетиңер жаныңарда болсун, алда кандай болуп кетиши мүмкүн. Беш же алты киши жетет, баса, айтмакчы баарыңар тең башка кийгенге чүмбөт алып алгыла. Кокустан бирөөлөр көрүп калса өңүңөрдү тааныбагандай болсун. Андан сырткары колдорун байлаганга жип, оозун таңганга чүпүрөк керек, тигил кыйкырып, ызы-чуу кылбагандай болсун. Көзү болсо итак эле көрбөйт экен.
- Ал жакка кантип киребиз, терезе аркылуубу же эшик аркылуубу?
- Азыр бир-экөөңөр барып жакшылап чалгындап план түзүп келгиле, - ары жакта турган жашыраак жигитке кайрылды, - а сен болсо бүгүн кечке ошонун айланасында күзөттө турасың. Улам-улам сотовый телефон аркылуу биз менен байланышып тур. Шек алып калышып кызды башка жакка качырып жибербегендей болсун, анда керт башың менен жооп бересиң. Жигит түшүндүм дегендей башын ийкегиледи.
- Анда давай ишке кириштик. Ал жакка эки машине менен барабыз, бирөөсүнө кызды салабыз, экинчиси болсо чалгындап алдыбызда жүрөт. Кана эмесе кеттик, - топтолушуп тургандардан бешөө тандалып, кызды уурдаганга даярдана башташты.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17