Предыдущая публикация
Саат жылбай күткөн мезгил келди деп,
Сүйгөн жарым убадасын берди деп.
Күтүү менен көп күндөрүм өткөрдүм,
Жүрөгүмдө эркем сени энчилеп.
Соолубасын сага арнаган гүлдөрүм,
Сагындырбай кел жаныма сүйгөнүм.
Жанбиргем деп атың айтпай эч кимге,
Жалал-Абад бульварынан күтөмүн.
Түркүн куштар сайрап жатат үн салып,
Түгөйүмө деп олтурамын ыр жазып.
Торгойлор да бакыт каалап жаткансыйт,
Түбөлүктүү болсунчу деп эки ашык.
Ай да батып алыс жылып баратат,
Жылдыздар да суктанышып карашат.
Саамайыңдан сылап өтсө тентек жел,
Коргоп сени агаң дале кызганат.
Н. Жума.
Жалал-Абад.
2024/07/12.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев