16-болүм.
АЛГАЧКЫ КЫРСЫК
Ооба, бул Ибрагимдин өмүрүндөгү экинчи болгон катуу соккусу эле. Айылдан келип милиция мектебине тапшырып, аны жаңы эле ийгиликтүү аяктаган жылдары болчу. Лейтенант деген наам алып, бирок өзүнүн кесиби боюнча ишке орношо элек мезгил эле. Өзүнүн районуна жолдомо бери бирок окуусун бүтө элек кызына карап Ташкентте калып калган. Кызынын аты Мэхра, ал дагы окуусун бир жылдан кийин бүтмөк. Ал бүтөөрү менен экөө үйлөнүп, анан өзүнүн районуна кетмек. Калаада ички иштер бөлүмүндө өзүнө ылайыктуу иш табылбагандыктан таптакыр эле башка жумушта иштеп жүрдү. Шаар ичиндеги жер алды менен кетчү суу түтүктөрүн оңдоочу техник болуп ишке орношту. Адегенде үйрөнчүк болуп, бара-бара анын үч айлыгын окуп "сантехник" деген күбөлүк алды. Кызы кандай окууну бүтсө дароо үйлөнүшүп ошондой өз районуна кетишмек. Жайдын саратан мезгили, Мэхра окуусун жаңы эле аяктап, группалаштар, достор болуп дипломун майлап, экөө ресторандан чыгып жаңы эле келатышкан. Мэхра Ибрагимге караганда кичине кызуураак болчу. Жатаканасына чейин дагы бир далай жол басуу керек эле. Ибрагим эки жолу такси кармаса Мэхра түшпөй койду "жөө эле басалычы, балким экөөбүз бул жерден мындай чогуу баспастырбыз" деп. Чын эле анын айтканындай эле болду. Жөө сүйлөшүп кетип баратышкан. Мэхра кызуулугу менен ага эркелеп алдыга чуркап кетип кайра токтой калып, чуркап келип Ибрагимдин мойнуна асылып, өзүнчө эле бактылуу болуп келатты. Анан эле… Бурчтан чыга калып ушунчалык ылдамдык менен келаткан машине жол четине чыга калган Мэхраны уруп кетти. Урганда да ушунчалык катуу урду. Анын кыйкырганга да качканга да чамасы келген жок, катуу урган машиненин алдыңкы айнеги быркырана, кан чачырай, кыз кадимкидей көтөрүлүп барып түштү жерге. Көз ачып-жумганча эмне болуп кеткенин түшүнбөй калган Ибрагим кандайдыр бир секундчалык убакытка дендароо болуп туруп калды. Анан эсине келе эки-үч аттам менен жерде кыймылсыз жаткан сүйгөн кызына жетип барып, тирүү бекенби дегендей башынан өйдө көтөрдү. Заматта бети-башы жарылып, кан агып өңү таанылбай кетиптир. Тирүүлүктүн эч кандай белгиси жок. "Мэхра! " деп катуу бир кыйкырып алды. Жүрөгү мыжыга аны кучактаган боюнча көздөрүнөн жаш куюла баштады. Өчөшкөндөй ошол маалда жаа да жаап кирди.
- Эмне болуптур, кыз өлүптүрбү?
- Ие ким билет, жанында бир жигит турат…
- Турчу мындай, тирүү бекенби көрөлүчү? - далдайган бирөөсү келип Ибрагимди ары түртө кыздын жүзүнө үңүлдү. Оозунан арактын жыты буруксуйт. Милиция формасын кийип жүрүптүр, кыздын колун кармап иши бүтүптүр дегендей тигилерге карап башын ийкеп койду. Ары жактагы эки-үчөөсүнүн кийимдери да милиция формасында экен. Алиги далдайганы Ибрагимге карады.
- Кыскасы мындай "бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок" уктуңбу, болбосо сен өзүң кесилип кетесиң. Баары бир изибиздин баардыгын бобул жаан жууп кетет. Кыскасы… Ибрагим андан аркы сөзүн уккусу келген жок, ордунан атып тура калып аны муунтуп, экөө кармаша кетишти. Ары жакта тургандар жардамга келишип, тигини ортого алып тепкилей башташты. Түн бир оокум боло көчө кыймылы да аз, анын үстүнө жаан да аябай катуу төгүп келген болчу. Ибрагим тигилердин төртөөбү-бешөөбү жакшы эстей албай калды. Сыягы бардыгы тең мас окшойт, болгон күчтөрү менен тепкилеп жатышты. Бир кезде бетке катуу тийген өтүктүн изинен эсин жоготуп койду. Эсине келип көзүн ачса ооруканада жатыптыр, кандайча болуп биякка келгени, кимдер алып келишкени белгисиз. Сыягы кимдир бирөөлөр телефон менен "тез жардамга" , "көчөдө эки адам өлүп жатат" деп телефон менен кабарласа керек. Ибрагимдин оң жаагынан жаракат кетип, эки-үч кабыргасы сынып, бетинен тамтык калбай жарылып, шишип кетиптир. Сол жак ийни да кыймылдатпай оорууда. "Киши болот, болбойт" деп атып араң оңолуптур. Бутунан баштап башына чейин денеси бүт ак бинт менен таңылган. Кыймылдаганга дарманы жок капельницада жатыптыр. Дароо эле оюна Мэхра кетти. Сүйлөйүн деп сүйлөй албай койду. Атүгүл кыймылдаганга дарманы жок экен. Ал туптуура бир айдан кийин чыкты, Мэхранын кыркы болуп жатканда барды. Милициялардын ким экени ошол боюнча аныкталбай калды. Окуянын кайсыл мезгилде болгонун, кайсыл жерде болгонун бир-эки милиция келип сурап, кагазга түшүрүмүш этип жүрдү, анан ошол боюнча табылбай "тым-тым" эле болуп калды. "Балким ошол келип аткандар өздөрү болуш керек?" деп ойлоп койду ичинен Ибрагим. Бир жылдан берки планынын баары күтүлбөгөн жерден бузулуп, өмүрүндө биринчи жолу оор жоготууга учурады. Анын эне- атасы да айылында тойго даярданышып күтүп жатышкан болчу. Келин алып барар күндү да айтып болжоп койгон. Ошондон кийин милицияларды да аябай жек көрүп, өзү да милицияда иштегенден түбөлүк баш тарткан болчу. Айылына да бара элегине көп болгон. Ошол боюнча сантехник болуп эле иштеп келаткан. Бир да кызды жактырып, эч ким менен сүйлөшкөн эмес. Далай эле кыздар артынан чуркады, бирок эмнегедир таптакыр Мэхраны унута албай койду.
Мына, андан бери канча мезгил арадан учка куштай зымырап өтүп кетти. Ал Диананы бир көргөндө эле Мэхрага окшоштурган. Люкту ача салып чала жан араң дем алып, үстүндө келемиштер чуркап жүрүшкөн Мэхранын жүзүн көрө коюп, өз көзүнө өзү ишенбей жалдырай карап, туруп калган. Чынында эле Мэхра менен Диананын аябагандай окшоштуктары бар болчу. Ортодон бир канча жыл өткөндөн кийин кайрадан Мэхрасына жолугуп жатпайбы. Анын ооруканага күндө келип жүргөн себеби да ушул болчу. Ал үчүн бардыгына кайыл боло эптеп эле анын өмүрүн сактап калуу, көзүн айыктыруу өзүнүн милдети деп эсептеген. Анан эле күтүлбөгөн жерден кайра жоготуп жиберип жатпайбы. Булуттан чыккан айга окшоп бир жылт этип көрүнүп, күтүлбөгөн жерден кайра жок болуп кетиши Ибрагим үчүн экинчи жолку катуу сокку болду. Биринчи жолкусунда милициялар аркылуу сокку жесе, экинчисинде таптакыр эле тааныбаган чүмбөтчөндөрдөн сокку жеди. "Оо Кудайым, эми аны өлтүртө көрбө. Аны жоготчу болсом билбейм эмне болоорумду. Аны издеп тентип кетишим мүмкүн. "Кандай болсо да аы тапканга жардам бере көр" жин даарыган немече басса-турса эле ушуну сүйлөнүп өзүнчө жалгыздап жүрдү.
ЧҮМБӨТЧӨНДӨР КАЙРАДАН ООРУКАНАДА
Акырындап убакыт өткөн сайын Диананын көзү ачыла, айланасындагы кыймылдар, караандар көрүнө баштады. Эки колун көзүнө жакындатып келип, ары-бери кыймылдатып көрдү. Кандайдыр бир сөлөкөттүн ары-бери кыймылдап жатканын байкады. "Оо Кудай, көзүм көрүп кетсе экен" - ал айланасындагы кыймылдарды көргөн сайын көңүлү көтөрүлүп кубанып жүрдү.
Бирок анын кубанычы көпкө созулган жок. Түн ортосунда терезе аркылуу киришкен чүмбөтчөн үч адам медсестра аялды кайрадан таңып салышып, ачыктан ачык эле пистолеттери менен коркутушуп, ар бир палатанын ичин кыдырып, кимдир бирөөлөрдү издеп жүрүштү. Ар бир палатага баш багышып "Эгер палатадан чыксаңар эле атып салабыз" - деп ар бирөөнө эскертип жатышты. Коридорго чыгып кеткен аял жанталаша Диана жаткан палатага жүгүрүп келди.
- Биринчи кабатта эмне болуп жатканын билесиңерби, билбесеңер угуп алгыла. Өткөн жолку чүмбөтчөндөр кайра келишиптир.
Пистолеттери менен ачыктан ачык эле коркутушуп, кимдир бирөөлөрдү издеп жүрүшөт. Бир аздан кийин үстүнкү кабатка көтөрүлүшүп бизге да келет. Кимди издеп жүрүшөт билбейм, өткөн жолу бирөөсүн уурдап кетишти эле эми дагы келишиптир, дегинкисин сак болгула. Өткөн жолку кыздардай болуп силерди да алып кетип калышпасын. Аны укканда Диана "селт" этип кетти
- Алар дагы келишиптирби?
- Ооба, өткөн жолу баары кызуу уйкуда жатышканда түн ортосунда келишти эле, бул жолкусунда да түн ортосунда келишпедиби…
Диана эмне кылар айласын таппай калды, бир жолун таппаса кармап таап алып, өлтүрүп же алып кетиши мүмкүн.
- Алар келишкенде былк этпегиле, унчукпагыла, кирип баш багып силерди бир сыйра көргө соң кайра чыгып кетишет. Андан көрө кроватыңарга жатып тургула. Эң башкысы коркпогула, чочулабагыла.
Бардыгы Диананы таңгала карап калышты. Бир аздан кийин экинчи кабатта адамдардын баскан дабыштары чыгып, тигилердин келатканы билинип турду. Диана палатанын жарыгын өчүрүп, терезеге чыгып кетти, анан терезе парданы тартып койду. Көп өтпөй эле палатанын эшиги ачылып чүмбөтчөн эки караан кирип келишти да уктамыш болуп жаткандардын өңдөрүнө үңүлүп карай башташты. Алардын кобурашкан үндөрү кадимкидей Диананын кулагынын түбүнөн эле угулуп жатты.
- Жок бекенби?
- Сыягы бул палатада да жок окшойт.
- Тигил кроват эмне бош?
- Билбейм.
- Ал кроват үч-төрт күндөн бери эле бош, бир аял жаткан, ал бошонуп чыгып кетти, - төрдөгү кроватта жаткан алиги аял "күңк" этти.
- Сенден сураган эч ким жок, жөн жат көзүңдү жумуп…, - экөө шашыла чыгып баратышып, аялга эскертип өтүштү.
- Жан керек болсо былк этпей тынч жат. Торойто атып салабыз. Коридорго чыгам деп ойлобо, -алар чыгып баратып электир жарыгын өчүрүшүп, каалганы бекем жаап салышты. Жанын оозуна тиштеп араң дем алып жаткан Диана бир аз эс ала жүрөгү ордуна келе түшкөнсүдү, бирок алар калп эле чыгымыш этип, күтүлбөгөн жерден кайра атылып кирип келишчүдөй болуп дале коркуп турду. Ал ошол боюнча таң атканча терезеден түшкөн жок. Тигилердин кеткени кетпегени белгисиз, бирок оорукананын ичи эч нерсе болбогондой тымтырс болуп турду. Сыягы бардыгы эле коридорго чыккандан коркуп жатышса керек. Таңга жуук гана милиция кызматкерлери эки-үчтөн болушуп ар бир палатаны кыдырып жүрүштү. Бул мезгилде Диана да чүмкөнүп кроватына жатып алган болчу. Арадан жарым саат өтпөй майор чини бар киши ооруканадагы оорулуулардын бардыгын чогултуп жооткотуп өттү.
- Эми коркпой эле жата бергиле, алар экинчи бул жакка келишпейт. Атайын охрана коюп, буктурма уюштуруп жатабыз. Эгер келе турган болушса өздөрү капканга түшүп беришет. Сыягы командасынан чыгып кеткен бирөөлөрдү издеп жүрүшсө керек, табышкан окшойт, экинчи келишпейт алар. Чын эле ошондон кийин алар экинчи келишпей калды. Муну дагы Диана Ибрагимден көрүп жүрдү.
- Тигилер келишкенде эмне терезенин артына өтө качтың? - бурчта жаткан аял Дианадан кызыга сурады.
- Жөн эле, өткөн жолу аябай коркуп калгам. Мени дагы Розаны көтөрүп кеткендей көтөрүп кетип калышабы деп чочуладым, - Диана ага кайдыгер жооп бери койду.
Ошондон кийин Ибрагим да ооруканага келип анын тынчын албай калды.
ЖАҢЫ АЗАП-ТОЗОКТОР
Врачтар жаңылышпаптыр, Диананын көзү акырындап көрүп отуруп бара-бара кадимкидей калыбына келди. Эми бирөөнүн жетелөөсү жок эле өзү басып жүрдү. Бир ай ичинде ден-соолугу да оңолуп, кадимкидей бардыгы калыбына келди. Ооруканадан чыгарда анын проблемасы башталды. Таптакыр көчөгө кийип чыгарга көйнөгү жок экен, өткөн жолку жер алдында жүргөндө көйнөгү таптакыр быт-чыты чыгып айрылыптыр же чөнтөгүндө бир тыйын акчасы да жок. "Кап, жок дегенде Ибрагимди алдап анча-мынча акча алып калганда болмок экен да. Кайра эле көчөдө тентип таз кейпиме түшөмбү. Каякка түнөйм да, кантип өз жергеме кетем. Алиги бир баштык акчалардын кайсыл жерге көмүлгөнүн да билбейм да. Кайсыл люктан мени алып чыкканын бир билсе Ибрагим гана билет. Ал болсо минтип мени өлтүрө албай түн ортосунда келип издеп жүрүшөт. Ие баштан көздөн садага ошончо акча, андан көрө бул каргашалуу жерден аман-эсен үйүмө жетип алсам жакшы болот эле. Үйдөгүлөр менден таптакыр эле түңүлүп калышты го, же эжем өткөн жолку телефондогу үнүмдү угуп, издөө салып жүрүшөбү. Менин али тирүү экенимди билишеби алар. Кантип, канткенде бул жактан аман-эсен чыгып кете алам? Ташкент калаасында мени издеп жүрүшкөндөр көп. Бишкектик аялдар түрмөсүнүн адамдары өзүнчө, жашыруу подпольеде акча чыгарган бандалар өзүнчө, атүгүл аларга милиция кызматкерлери да аралашып кетип жатышпайбы" . Диана ооруканадан чыгарда палатада жаткан кыздардын бирөөнө кайчы бери чачын таптакыр эле кыска кылып кырктырып салды. Кара чачын күрөң түскө боёттурду. Мунун жоругуна палатадагылардын бардыгы таңгалышты. Ага көптөн бери палаталаш болуп жаткан бир кыз өз көйнөгүн берди. Анча-мынча чоңураак болгону менен көчөдө жүрсө болчудай экен. Ага палатадагылар анча-мынча акча чогултуп беришти. Ооруканадан чыккан Диана кайда барарын, эмне кыларын билбей турду. Өткөндөгү кыйынчылыктарын эстеп денеси дүркүрөп кайрадан коркунуч каптады. Ичиркене катуу чыйрыгып алды.
ВОКЗАЛДАГЫ ОКУЯ
"Кантип кетем үйгө, жок дегенде жол киреге акчам болгондо эмне… Уялбай эле ооруканадагы кыздардан сурап алсам болмок экен, же кайра барсамбы?.. Жок, болбойт, алардын болгон кийимдеринин баарын тоноп алдым, эми дагы уялбай акча сураймбы. Андан көрө темир жол вокзалына барып Кыргызстанга бара турган поезддин проводниктерине жалдырасам да эптеп жетип алуу керек. Балким ал жакта тааныш кыргыз кыздар, кишилер чыгып калар. Же болбосо Кыргызстанга бара жаткан адамдар болсо ошолордон "тигил жактан алып берем" деп карызга акча сурабаймынбы. Ушул турган Кыргызстанга жетпей калуу деген эмне тамтык. Бул эмес тээ алыскы Ыраакы Чыгышка соода кылганы барышып, банкрот болуп бир тыйындары калбай калып, ошентсе да эптеп жолун таап келип атышпайбы. Мен ошолорчо жокмунбу. Бирок…, алар менен менин айырмам асман менен жердей, от менен суудай. Алардын үстүлөрүнөн издеген, куугунтуктаган кишилер жок, көчөдө болсун кайда болсун эркин жүрүшөт. А менчи, ар бир кадамым коркунучтуу, бассам-турсам коркунуч. Өлүм-ажал күтүп турат. Мени бир эмес эки топ, атүгүл милициялар өздөрү да издеп жүрүшөт. Кылмышкер адамдар да мендей болуп качпастыр. Ме үчүн ушул турган Кыргызстанга жетүү кандай гана тозок болуп турат.
Аман-эсен жете аламбы жете албаймынбы бир Кудайым өзү билет", - Диана эч нерсе ойлобой эле, жолдон темир жол вокзалы кайда экенин сурап алып, түптүз эле ошол жакка жөнөдү. Жер алдындагы метрого түшүп электричкага отурду. Жолдо баратып айнектин сыртынан метронун капталдарындагы темир торчолорду көрүп, жер алдындагы люктан чыга албай аз жерден өлүп кала жаздаганын эстеди. "Кудайым бар экен, тигилер болбогондо эмдигиче эбакта тигил дүйнөдө жүрмөкмүн. Өлгөн денемди туш-туштан талашып, келемиштер той түшүп жатышмак. Эми эртерээк Ибрагимге көрүнбөй Ташкенттен чыгып кетсем экен…". Темир жол вокзалына келгенин укканда электричкадан түшүп кетти, жол кире да төлөгөн жок. Вокзалда эл көп болчу, күтүү аянтчасына барганда даай албай турду. "Балким ал жакта мени издеп жүргөндөр болушу мүмкүн. Мүмкүн эмес эле сөзсүз болот, атайын точкаларга кишилерди даярдап койгон. Алар элдерди аралашып Кыргызстан тарапка болобу же башка жакка кеткен поезддер болобу узатып турушат. Мени дароо эле кармап алышат. Дегинкиси сак болбосом болбойт". Айланасына аябай кыраакы карай элдердин ар бир кыймыл-аракетине көз жүгүртүп турду. "Ташкент- Кыргызстан каттамындагы поезд качан келип калар экен? Келээри менен эле элдердин шары менен аралашып кирип кетейин вагонго. Поезд эптеп бул жерден жылып кетсе эле болду. Жолдон билет текшерүү маалында эптеп бир амалын табармын…"
- Саатыңыз канча болду сулуу кыз?- күтүлбөгөн жерден чыккан эркектин дарылдаган үнүнө чочуп кетип аз жерден бакырып жибере жаздады. Карай салса жашы элүүлөргө чукулдап калган башында өзбек топусу бар, кара торусунан келген далдайган киши туруптур. Ал дагы кыздын чочуп кеткенин сезип ырсалактап күлүп калды.
- Эмне чочуп кеттиңби, саат канча болду деп сурап жатам…
Диана ушунчалык катуу чочугандан жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Жооп бергенге да алы келбей андан оолак болууга ашыкты. Тигил ырсалактай анын артынан ээрчип алды.
- Жооп бергиң келбей атабы же менден коркуп атасыңбы, токто качпа сулуу кыз.
Диана улам-улам артын карай эл көп жакка шашылып баратканда күтүлбөгөн жерден бирөө чап эле билектен алды. Жалт карай эзелки өзүнө тааныш адамдын өңүн көрө калды. Ал Бишкектеги Исабеков Мараттын кишилери болчу.
- Акыры жүрүп кайра кылтакка илиндиңби, Кыргызстанга эбакта эле качып кетип калды экен деп атса… Мына өзүң илинип бердиң кылтакка. Бас тигил жакка үнүңдү чыгарбай, болбосо ушул жерден эле өлтүрүп кетем…
Мындай күтүлбөгөндүккө Диана эмне кылаарын билбей калды. Анан артында ээрчип келаткан далдайган кишиге жалдырай кыйкырып коё берди.
- Аке мага жардам бериңиз, бул киши мени өлтүргөнү жатат! Диана менен тигил киши экөө жулкулдаша кетишти. Ошо маалда вокзалдын микрофонунан Россия тарапка бараткан поезддин жакындап келатканын жарыя кылып ар кайсы жерде турушкан элдердин баары дүрбөп калышты.
- Ээй коё бер аны, эмне кылганы жатасың ыя?
Тигинин кызды ары-бери жулкулдатып жатканын көрүп ортого кийлигише кетти.
- Коё бер аны!
- Тур нары бизге кийлигишпегиле!- алиги киши бери бурула бергенде далдайган өзбек киши аны муунта кармады. Ал Диананы коё бери, экөө жакалашып, кармаша кетишти! Ошондой кырдаалдан пайдаланган Диана жаңы токтоп келе жаткан поездди карай агылып бара жатышкан элдин шарына аралашты. Тигил киши анын артынан ээрчийин деди эле далдайганы коё берген жок. Бир кезде катуу жулкуна Дианадан көзүн албай артынан кууп жөнөдү. Чоң-чоң сумкалары менен жаңы токтогон поездге шашыла кетип баратышкан элдер ага тоскоолдук болуп атты. Ал катуу ылдамдык менен баса Дианага жетээрине аз калды. Кудай берди болуп күтүлбөгөн жерден туурадан чыга калган чоң сумка көтөргөн жигитти уруп алды эле анын колундагы сумкасы ыргып кетти. Ачуусу келген жигит тигини көтөрүп урду.Жигитке жардамга эки-үчөө жетип келишип аны тегеректеп калышты. Ал эч нерсе кыла албай туруп берди, бир нерсе кылса эле сабап-тепкилегенге даяр турушту. Улам-улам артын кылчактай караган Диана сыгылып кирип жаткан элдерден киргенге мүмкүнчүлүк ала албай улам кийинки вагонго чуркап жүрүп отурду. Вагондорго кирип да чыгып да түртүшүп аткан элдер көп. Аларга аралашып сыгылып киргенче кармалып калчудай. Айланасына карай, тээ алыс жерде турган таксилерди көрдү. Дароо чуркап барды да ичине отуруп алды.
- Каякка айдайын?
- Универмаг, ЦУМ, - оозунан бул сөз кандайча чыгып кеткенин өзү да билбей калды.
Машине от ала ордунан козголду. Артынан кууп келаткан эч ким жокбу дегендей айнектен улам-улам арт жагын карап кетип бартты. Кууп келаткан шектүү эч нерсе жок экенин билгенде гана "өх" деп жеңилдене түштү.
- ЦУМдун кайсынысына барасыз, бул жакта эки-үчөө?
- Мейли кайсынысына болсун, - "акча сураса кантип төлөйм, эмне деп жооп берем?" деп ичинен бушайман боло кетип баратты. Такси бир көчөгө бурулуп келип токтоду.
- Келдик ЦУМга сизден элүү сум? Диана эмне деп жооп берээрин билбей, төштөрүн көрсөтө, көйнөгүн айрып, мойнун каната тытып жиберди да кыйкырып кирди.
- Мени азыр жөн коё бербесең "зордуктаганы жатат" деп элдерди, милицияларды жардамга чакырам! - анын мойну баштары канап жүргөн болчу. Жоош, сулуу кыздын күтүлбөгөн жерден ажаан, агрессивдүү болуп чыкканына таңгала жалдырай карап турган таксист эмне дээрин билбей калды.
- Оо эл-журт жардам, бул мени зордуктаганы жатат! - деп жаңы эле акырын кыйкыра баштаганда таксист машинесин шашыла от алдырды да дароо ал жерден оолак болгонго ашыкты. Өзүнүн ойлоп тапкан амалына, жосунсуз жоругуна Диана күлкүсү келип, жин даарыган немече көчөдөгү элдерди көзгө илбей каткырып күлүп жатты.
КӨЗ ИРМЕМДИК ЭЛЕС
"Аны каякка алып кетиши мүмкүн, же Кыргызстан тарапка алып кетиштиби, же ушул эле Ташкенттин ичиндеби? Эгер Кыргызстанга алып кетсе аны кантип табам? Же дарегин билбесем. Ооруканада жатканда дарегин тактап сурап алганда болмок экен. Улуту кыргыз болсо кандайча биякта жүрөт, кандайча жер алдына түшүп калды, мынча көп акчаны кайдан алды. Аны эмне себептен ооруканадан уурдап кетишти, же чын эле ал кандайдыр мафиянын ичине кирип кеткенби? Канткенде аны табам?" Диананы капысынан таап, кайра капысынан жоготуп жибергенине ичи ачышкан Ибрагим бардык ишин токтотуп, калаа ичинен Диананы издөө менен эле алек болуп калды. Жеңил машинесине отуруп алып эртеден кечке шаар ичин кыдырып, шектүү нерсе көрүнө калса эле атайылап токтоп жакшылап карап, жедеп үмүтү үзүлгөндө кайрадан издеп жөнөйт. Дээрлик бир жума бою шаарды чарк айланып чыкты, дегеле шектүү эч нерсе таба алган жок. Жердин жети кабат түбүнө кирип кеткендей эле болду. Окшош кыздарды көрсө машинесин дароо токтото артынан кууп жетип барат, караса эле башка, жанган үмүтү кайра өчүп, шаабайы сууп, машинесие кайра келет. "Аны өлтүрүп коюшу мүмкүнбү уурдап
кетишкендер? Ооба, жер алдындагы люкка ыргытып, сыртынан атайылап бекитип, өлсүн деп камап таштагандан кийин экинчи жолу өлтүрүп коюулары да мүмкүн. Же ага жолукпай, көрбөй эле койгондо эмне мынчалык переживайт этпейт болчумун. Эми аны кайдан табам?" Ибрагим машинесинде кетип баратып, дайыма өзү менен өзү сүйлөшө ушуларды ойлоп, өзүнчө сары-санаага батат. Бүгүн да адетиче өзү менен өзү сүйлөшө көчөдө кетип бара жаткан. Кокусунан Борбордук Универсалдык дүкөндүн жанынан Дианага окшош кызды көрүп калды. Аз жерден астында бара жаткан машинени сүзүп ала жаздады. Дароо жол четине токтоого мүмкүн эмес болчу. "Бул жерге токтоого болбойт" деген белги илинип турган, анын үстүнө өчөшкөндөй өзүнөн анча алыс эмес жерде МАИ кызматкерлери да турушкан болчу. Кызыл чет элдик машиненин аз жерден алдыңкы машинелерди сүзүп ала таштаганын көрүшүп, таяктарын көтөрүп токтотушту. Инспектор жигит келип машиненин ичине үңүлдү.
- Сен эмне ичип алдың беле?
- Жок.
- Анан эмне машинеңди ары-бери бултактатып атасың же айдаганды билбейсиңби? Документтериңди көрсөтчү?
Ибрагим болгон бүт документтерин көрсөттү, баары жайында болчу.
- Үйлөчү бул жакка?, - МАИ инспектору түтүктү көрсөттү эле Ибрагим үйлөп берди. Эч кандай шек жок болгондуктан акыры аны коё беришти.
Ибрагимдин эс-дартынын баары эле Борбордук Универсалдык дүкөндүн жанында турган кыз болчу. Машинесин ары жакка айдап барып токтотту да ичинен атып чыгып, алиги кыз турган жерге жүгүрүп жөнөдү. Жетип барып эле алиги кызды таппай калды. Ары чуркады, бери чуркады ошол тегеректе жүрүшкөн адамдарда сураштырды, баардыгы эле көрбөгөндөрүн айтышууда. Көп кабаттуу дүкөндү беш-алты жолу тегеренип чыкты. Жедеп издеп-издеп чарчап, үмүтү үзүлгөн соң ары жакта турган отургучка отура кетти. "Дианабы же башкабы? Точно эле Диананы көргөндөй болбодум беле же жаңылыш көрүп калдымбы, же кимдир бирөөнү ага окшоштуруп алдымбы? Өчөшкөндөй тиги гаишниктердин дагы кедерги болуп калганын карабайсыңбы. Демейде нарушение кылсаң көрбөй, байкабай калышат, бул жолкусунда карасаң как будто атайылап жасагандай" , - ал өзү менен өзү сүйлөшүп кимдир бирөөлөргө жинденип атты. Дианага окшош кыздар көрүнө калса жүрөгү "болк" эте ордунан атып тура, башка экенин көргөндө кайра ордуна шалдайып отура калат. Ал Дианага окшош кызды көргөн жерден кеткиси келбей бир топко отура берди. "Чын эле көрдүмбү аны, же көзүмө голюцинация болуп көрүнүп кеттиби? Аны көп ойлогондуку го дейм. Эми көчөдөгү кыздардын баары эле ошого окшошо бериши мүмкүн", - ал ордунан шалдырай туруп ары жакта турган машиесине жөнөдү. Шашып атып туура эмес жерге токтотуп алыптыр. Алиги МАИ инспектору да аны күтүп туруптур. Тыюу салынган жерге токтоткон үчүн айып төлөттү. Катуу шашкалактагандыкыбы машинеси да ачык таштап кетиптир. Жолу болбой жатканына нааразылана машинеси от алдырды да кайра үйүн карай айдап жөнөдү. Бул мезгилде Диана Борбордук Универсалдык дүкөндөн алыстап, троллейбуста кетип бараткан. Ибрагим көргөн кыз чын эле Диана болчу.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15