2-бөлүм.
Таттыгул туздонуп жылмайып уялымыш болуп куржунун артына алып жөнөп кетти. “Булар кимдер болушу мүмкүн, чындап эле менин артымдан тушконбу, эмне себептен? Жоок андай эмес, Мелис байкени аңдып жүрүшөт же атамдын сырттан койгон кароолдору. Эгер чындап эле мени жок кылууну көздөгөндор болсо анда мен аткарчуу тапшырмага кызыккандар көп. Анда алар да биздин эле бирибиз” деп ойлоп бара жатып жүрөгүн кандайдыр бир коркунуч ээлеп кетти бир саамга. Бул сезим ага абдан тааныш эле, ар дайым түндө тушторундо ушундай сезим менен бет келишет, алсыз коргоочусу жок адашып коркуп жүргөндөй боло берет. Анын жашоосу жалаң гана тобокелден турганы менен бул сезим башкача эле, өмүр үчүн эмес андан да кымбат нерсесин жоготуудан корккон оор сезим болчу.
Ойлонуп баратып азыр эле алдында бара жаткан Мелисти жоготуп койду. Мойнун созуп ары бери караса жок, дегеле бул жайда болбогондой дайыны билинбейт. Кантип? көп болсо беш секунд алаксып кеткен ойлорго ошол аралык ичинде жер жутуп кеттиби. Устаты айткандай бир эле саамга акылга эркиндик берем деп багытынан адашып калды көрүнөт. Жанагы сезимдер кайрадан жүрөгүн ээлеп бара жатып өзүн колго ала жайлана түштү, так азыр өмүр бою коштоп журчуу коркунуч менен күрөшү убактысы келгендей сезилип бара жаткан багытынан тайбай кете берди. Анын бараар жери Кыргызстан. Бактыга жараша ал өлкөдө эки гана шаар бар учак кончуу, жакынкы убакытта кайсы шаарга багыт бар экенин билсе болду, адашпай таап баруу үчүн көп акылдын деле кереги жок. Ушундай ойлор менен жүрүп дубалда илинип турчуу чоң экрандан жакынкы аралыкта учуучу учактардын багытын карап жатты. Кызыгы бири биринен көп айырмасы жок убакытта эки шаарга тең учак бар экен. Таттыгул коп ойлонбой барып Бишкек шаарына учуу үчүн каттоого турду, эгер бул жерден анын ысымын табышпаса анда Ошко кетуучулордун катарына кошулат. Жаңы алган көк паспортун кармап кутуучулор катарынан орун алды. Баары бир анын ысымына алдын ала чыптама алынган. Кудай жалгап ал туура багытта экен, каттоодон өткөрүп жаткан жигит аны тандана карап алып сылык сүйлөп паспортуна мөөр басып узатып койду. Топ элдин катарында учакка чыгып жайгаша турган болгондо жүргүнчүлөрду тейлөөчү кыз анын колундагы чыптаманы алып жүзү озгоруло түштү. Эмне эле баары мынтет деп бир нерседен күмөн санап бардыкка даяр болуп калган Таттыгулдү, тосуп алган кыз өзү ээрчитип барып орундугун коргозуп, жүгүн жайгаштырмакчы болуп колундагы куржунун сурады эле Таттыгул укмаксан болуп бербей койду. Анысында жарытылып деле нерсе жок, болгону ал эч качан өзүнүн буюмун башкага карматпайт.
Орундукту көргөндө түшүнүп жатпайбы эмнеге алардын таң калып жатышканын, көрсө ал атайын залдан кезексиз кирчүү адам экен да, учактын алдында жайгашкан “бизнес класс” бөлүмүндө экен жайы. Эки орундуктун бири бош болгондуктан ал адатынча терезе тарапка өтүп отуруп алды. Жанындагы орундук эмнеге бош жана Мелис кайда кетти деп ойлонуп да койгон жок. Өзүнчө бул нерселер ага тиешеси жоктой кайдыгер болуп койду, дегеле ал өзүнөн башка жөнүндө ойлонуп кыжаалат болууга үйрөнгөн эмес.
Терезеге тигилип отурганы менен айланада болуп жаткан ар бир кыймылды көз жаздымда калтырып койгон жок. Бир убакта эми эле сулуулук салонунан чыккандай чачтарды артка тарап кара көз айнек тагынып дукондон жаңы алынган костюм шымды кийип бутундагы учу шиш туфилийин жалтырата тазалаган бул учактагы эң көркөмдуу жигит келип жанындагы орундуктан орун алды. Таттыгул бурулуп карап да койгон жок. Жигит да өзү менен өзү алек болуп кызга көңүл бурбагандай түр көрсөтүп жатты. Таттыгул канча өзүн кармаса да болбой жүзүн уяча ээлеп жылмая берди. Анын мурдуна келип турган жыт дегеле бул адамга жарашпай жаткандай. Аңгыча тейлөөчу кыз суу сунуштап келип калып, Таттыгул күтүүсүздөн эле анын сунушуна макул болуп сунулган ак желим кружканы колуна олдоксон кармап алып жатып жигиттин алдына төгүп алды. Тейлоочу кыз куйполоктоп кол арчуучу ак кагаздардан анын шымына жаба бергенде Таттыгул аларды алып койду.
-эч нерсе эмес кургап калат, жөн эле кам суудан так калбайт эмеспи эгер курамына башка нерсе кошулбаган болсо, деп жылмайып койду. Андан көрө мага башка суу берип коесузбу.
Кыз Таттыгулго бир карап жигитке бир карап ал тараптан доош чыкпагандан кийин айтылган сууну сунуп басып кетти.
Суудан уурттаган болуп жанына ак салфеткланы жайып бир демелерди чиймелеп жазып жигитке карады.
-Кечиресиз, чындап эле балким муну жаап койсом батыраак кургап калаар.
Жигит макул дегендей ишаарат кылып башын ийкеп койду. Көзүнүн кыйыгы менен бутуна жабылган кагазга карап, “менин уктагым келген жок, наркоз кошулган суунун жыты алдагы сиздин жытынызды бир аз да болсо басандат” деген жазууну окуп салфетканы мыжыга кармап кызга сырдуу карап алды. Суудан уурттап отурганы менен жигиттин ар бир кыймылына сарасеп салып отурган Таттыгул өтө сак боло түштү. “Демек бул эмес, менин артымдан түшкөн адамдар бардыгы чынбы? Менден эмне каалашат?” деп жанагыдан эки эсе сак боло түштү.
"Урматтуу жүргүнчүлөр, биздин учак Бишкек шаарынын Манас аэропортунун үстүндө учууда. Бишкекте түнкү саат 2_30. Абанын температурасы 20 градус нолдон жогору. Баарыныздар өз орундуктарыныздарга жайгашып курчоонуздарды курчанып отуруунуздарды суранабыз, учак толук конуп болгонго чейин. Көңүл бурганыныздар үчүн чон рахмат."
Стюардессанын ушундай жагымдуу үнү угулган соң жигит колунда бырыштыра кармаган кагазды Таттыгулдүн колуна карматып,
-көрсөткөн комогунуз үчүн чон рахмат, деп ордунан туруп кетти. Эми эле орундуктан жылбай отурунуздар деген эскертүү ага тиешелүү эместей.
Мунун баары эмне үчүн жасалып жатканын тушунбосо да абал баштапкы пландан өзгөрүп кеткенин аңдап отурду Таттыгул. Тилекке каршыбы же бактыга карайбы ал баштапкы план тууралуу да кабары жок эле. Андыктан бул канча жылдар даярданып кыялданып келген шаары аны биринчи ирет кандай тосуп алаары табышмак. Ал азыр канча оюн жыйганга аракет кылганы менен болбой эле жүрөгү алып учуп жатты. Көз алдына тушторундо кирип журчу жашоо менен алышып жалгыз калып калуудан коркуп, ыйлап адашып жүргөн кичине кыз тартыла берди. Ах! ал кандай гана алсыз эле, көздөрүндөгү коркунуччу, жаш бала эмес чоң адам которо алгыс кайгысы бар. Үч төрт жаштагы бала тагдыр менен алышып жашоодо жалгыз калышы кандай оор. Бул элес кимге таандык экенин билбесе да Таттыгул өзүн тааныгандан бери аны ээрчип жүрөт. Кээде ал түшүндө бул көрүнүштү жолуктурбай калганда кадимкидей жоктоп калат. Кыязы белгисиз элести жашоосунун манызына айландырып алса керек.
Ушундай ойлор менен алышып отуруп жанындагы адамдар козголуп чыгууну көздөй баратканына карабай ордунан жылбай отура берди. Кайда шашымак эле, же жанакы элес менен бет келишип калыштан журоксуп жаттыбы айтоор сыртка чыгууга ашыкпайт. Жанына тейлөөчу кыз келип,
-баары жайындабы? Кечиресиз азыр биз тиги "эканом класстын" жүргүнчүлөрүн коё беребиз, ошондуктан азыр түшүп кеткениниз оң, албетте эгер алар жолтоо жаратышын каалабасаныз, деди.
Таттыгул айланасына карап өзүнөн башка эч ким калбаганына ынанганда гана кызга карап,
-албетте, деп аны ээрчий жөнөдү.
Алдыда бараткан кыз эмнегедир эшик тарапка эмес ылдый жүк салынчуу жакка түшчүү тепкич тарапка баштап кетти. Эки жагына бир сыйра көз жүгүртүп алып Таттыгул да анын артынан ылдый түшө берип кызыктай абалга туш болду. Алдыдагы кыз эч нерсе тушундурбостон кийимдерин чечип Таттыгулго кармата берип колун сунуп туруп калды. Эмне кылуу керек экенин түшүнбөгөн Таттыгул кызга суроолуу тигилип,
-эмне кылуу керек? деди оозун кыбыратып.
-кыймылда бат, сени күтүп турууга убактым жок. Маңдайындагы кызда жанагы эле сылыктык жоголуп каардана жооп кайтарды.
Таттыгул да аны туурап кийимдерин чечип анын колуна кармата берди эле тиги өтө тездик менен кийинип тепкич тарапка бурулуп баратып,
-жүргүнчүлөр түшүп болгончо ооздо турасың, деди да чыгып кетти.
Таттыгул азыр эч нерседен кабарсыз болгондуктан ким эмне десе ошону аткарууга аргасыз эле, демек азыр ал кыздын айтканын аткаруу керек. Көнгөн адатында тапшырманы так аткарууга ашыгып колунда калган кийимдерди кийип, аз өтпөй айтылган ордун ээлеп, түшүп бара жаткан жүргүнчүлөрду узатып ооздо турду.
Кудум ушул учактын ичинде калып кетчүдөй тытынып сыртка карай жулунган жүргүнчүлөрдүн ар биринин жүзүнө уурдана караганы менен эч биринен эч кандай кумондуу кыймыл көрө алган жок. Жүргүнчүлөр да түшүп болуп учактын ичин жымжырттык ээлей түштү, экипаждын гана адамдары калган көрүнөт. Таттыгул муну андаганда сыртка чыгууга шашылып калды, экипаждын адамдары менен өзүн кандай тутушун билбейт эмеспи, кийин жанагы кыз жүргүнчүлөр түшүп болгончо деп гана айтпадыбы. Эч кимге карабастан куржунун жонуна асынып алып жүргүнчүлөрүн акыры болуп трап менен түшүп баратканда артынан,
-сен кайда? деген бейтааныш кыздын үнү угулду. Жумушунду кимге таштаганы жатасың?
Таттыгул трапка бир бутун койгон боюнча ордунда катып токтоп калганда,
-токтой турчу, сен кимсин? деди жанына жетип келген өзүнүкүндөй ак көйнөк боз юбка кийип, мойнуна боз чупурок байлаган кыз.
Кырдаал жакшы эмес тарапка карап озгорулуп баратканын байкаган Таттыгул, айланадагы башкалар байкабастан туруп өтө шамдагайлык менен кыздын колунан тарта ичкери карай кирип кетти.
-Сен мени тааныйсынбы?
-жок тааныбайт, деп арыдан учкучтун кийимин кийген жигит чыгып келип тиги кыздын кулагынын арка тарабын бармагынын учу менен басып, жыгылып бара жаткан денесин эки колдоп тутуп алып ылдый көздөй түшчү тепкичтин оозуна отургузуп койду.
Бул Мелис эле, жанагы эле кийип жүргөн костюмун эми учкучтун кийимине алмаштырып алган экен.
-Кеттик.
Экөө ээрчишип экинчи кабаттан чыгып баратып ажаткана тарапка бурула бергенде полдо кулап жаткан Мелистин жана учакка кийип түшкөн кийимин кийген адамдын денесин көрүштү.
-түшүнүктүү, деди да Таттыгулдү колдон ала жүрүп чек ара кызматкерлери менен жылмая коштошуп аэропорттон чыгып кетти.
Чыга бериште аларды унаа күтүп турган экен, экөө ага отурушту да зымырап шаарды көздөй жол тартышты. Аэропорттон түз жолунан чыгып кенен таштак жолго түшүп калышканда алардын алдынан эки үч унаа катары менен келип тороп калышты.
Мелис кол саатынын фонаригин күйгүзүп унаанын ичин тинтип кирди. Аңгыча ролду сыйпалап жатып,
-шайтан алгыр! деп кыйкырганча эле башы шалактай берди.
Айдоочу чыканагы менен анын жүзүнө катуу сокку урган эле. Арканкы орунда отурган Таттыгул мойнундагы боз чупурогун чечип айдоочунун кекиртектен ороп муунтуп кирди. Эмне болгон ченде да ал үчүн азыр эң жакын адамы эле Мелис, ошондуктан кандай кырдаал болбосун анын тарабында болуусу шарт. Мелис башын оңдоп аларга бир карап алып терезени түшүрүп сырттагы адамдарга ок атып кирди.
-ролго отур, бол бачым! деп Таттыгулго буйрук бере.
Таттыгул буйрукту так аткара эшикти ачып деми кайтып калган айдоочуну түртө түшүрүп өзү алдыңкы орунга өтүп ролго отурду да унааны жулкуп артка айдап барып газды катуу басып жолду тороп турган унаанын бирин коюп алдыга өтүп кетти. Бул учурда Мелис тынбай ок жаадырып жаткан.
Алар отурган ар бир унаанын орундуктарынын алдында курал болсо керек, көп издеп кыйналбастан эле орундуктун алдын тартып курал таап чыгат экен. Жамандык болбой жакшылык жок дегендей ушундай иштердин артынан Таттыгул жок дегенде бир эреже менен таанышып алды.
Мелис алдыга карабай туруп оңго айда, солго бур деп буйрук берип келе жатты. Ал бул жолдорду өзүнүн өмүр баянынан да жакшы билсе керек. Бир кыйлага барып калышканда,
-жолдун четине алып токтот деди.
Унаа токтогондо Таттыгулго карабастан кол телефонун көтөрүп өзү түшүп кетти да, бир аздан соң кайтып келип терезени чертип туш дегендей ишаарат кылып, ал тушоору менен колдон жетелеп жүгүрүп жөнөдү.
-бизде убакыт тар. Бир сааттан кийин шаар кыймылга келет, ага чейин улгуруубуз керек.
Таттыгул ундобой жанында чуркап баратканы менен ичинен ар кандай ойлорду ойлоп баратты. "Эмне кылуубуз керек, кайда улгуруубуз кажет. Дагы эмне болуп кетиши мүмкүн". Анын абалын байкадыбы Мелис үстүртөн түшүндүрүп өттү.
-биздин бар экенибизди керектүү адамдардан сырткары эч ким билбейт жана билбеши керек. Бир эле этиятсыздыктын артынан ушундай абалга туш келдик. Москвада аэропорттогу адамдар бизди Ниигатадан бери ээрчип келишиптир, ал жакка ким жөнөткөнүн биле албадым, бирок маалым алар бул жактан биз менен бирге кетишкен. Алар мен тууралуу билишет, а сени кандай азырынча билбейм, баарын териштирип отурууга убакыт тар эле ошондуктан алышып отурбай аэропорттон аларды тазалагам. Мен ошондой ойлогон элем, бирок тилекке каршы андай эмес көрүнөт. Озун көргөндөй Манас аэропортунда бир адамыбыздан ажырадык, ал учкуч менин ордума кете берди. А экинчи адамыбыз азыр сенин ордунда барымтада, аны куткаруу керек. Бирок биринчи орунда сени жайына жеткирүүм абзел, менин негизги тапшырмам сен. Калгандары тапшырма учурунда кетирген катачылыктар.
-ким? деди кыз ал сүйлөп бүткөндөн кийин.
-биздин милдет суруштуруу, иликтөө эмес аткаруу, деп астыртан кызга карап койду Мелис.
Ошону менен экөө тең ундобой калышты. Таттыгулго тынчтык бербегени эмнеге алар жөө жүрүү керек экенин түшүнө албай бара жаткан.
-аларды ойлонбо бул убакка чейин тазалап кетишкен чыгаар, деп кол саатынын жарыгын күйгүзүп карап койду Мелис. Ал артта калып кеткен бытырандыны айтып жаткан.
-албетте, деди Таттыгул оюнун калган бөлүгүн ичинен кайталап "мындай "хаусту" башкарып жаткан күчтөр кантип эле калк алдына андай башаламандыкты чыгарып коюшмак эле".
Аны менен экоонун сөзү бүтүп калган жок, Мелис ордуна токтоп кыздын жүзүнө жакшылап тигилип туруп кайра жолун улап кетти, аста шыбырап сүйлөгөнчо.
-Азамат, сен эң жакшы мектептен өттүн, аткаруу жөндөмүн гана эмес акыл эсин да жакшы орчугон. Келечекте каршы чыкпайбыз деп умуттоном.
Таттыгул жооп ордуна жөн гана терең улутунуп койду, менин ичимде эмне жатканын кайдан билмексин дегенсип.
Алар ошол жүрүштө жарым сааттай жүрүшүп шаардын так ортосундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдына токтошту.
-жетип келдик. Мындан ары өзүн. Бул ачкычты ал, бешинчи кабатка көтөрүлүп 45-батирге кирип ашкананын терезесинен төмөн карап кой, мен 45 секунда кутом, көрүнбөсөн ичкери кирип барам. А баса лифт колдонбо, деди да үйдү тегеренип кетти, кыязы терезе көрүнгөн тарапка кетти окшойт. Таттыгул да карап турбастан жүгүрүп подьездин чоң каалгасын жулка тартып кирип, айтылган батирге кирип келип, мурдуна урулган тааныш жыттан улам босогодо бир аз ордунан жылбай туруп калды.
-убактынды кетирбе, ал ылдыйда күтүп турат беш секундан калды, деди бурчтан чыккан конур үн.
Таттыгул аяк кийимин чечип ашканага карай жүгүрүп терезеден төмөн караганда толук 45 секунд болгон эле...
Эки колун түз түшүрүп ийилип салам берип улгурбой туруп биринчи соккудан буйтаганга туура келди. Артынан эле экинчи, үчүнчү соккулар жаап, бармак манжалары денесинин бөлүктөрүн сыйпалап өтүп жатты. Таттыгул жооп кылып сокку урмак тургай денедеги негизги чекиттерин араң коргоп, ошол эле учурда карангы бөлмөнүн ичи менен таанышуу аракетинде. Бул жай ээн талаа эмес каалаганча буту колду сунуп абада каалгыгыдай, тар дубалдын ичинде ар бир кыймылы так эсептуу болушу керек. Каршылашынын устомдугу да ушундан, андан биринчи бул жайга кирип бөлмөнүн ичи менен таанышып улгургонундо. Анда азыр кызды жайгарууга бардык мүмкүнчүлүк бар. Көпкө созулбаган 2 мүнөттүк салгылашуудан кийин Таттыгул сандарына урулган согончоктун катуу соккусунан улам тизелеп полго отуруп калды.
-албетте сен бизге карыздар эмессин, ошондой эле бул адамдардын алдында да сенин карызын жок. Ошондуктан биз менен коштошпой кеткендей эле, булар менен да коштошпой кетүүгө толук акылуусун, деди тизелеп отурган кызды тегерене басып жүргөн караан, Таттыгулдү 12 жыл жашоого үйрөткөн устаты.
-ал менин атам, деди Таттыгул полду тиктеп отурган абалында.
-андай дешке далилин барбы?
Ооба аларда далилсиз сүйлөөгө тыю бар болчу, ошондой эле айткан сөзүн танып кетпоо, түшкөн жолдон артка кайтпоо. Тоонун чокусунда жүрүп ушундай катуу тартипке көнгөн, аз сүйлөп көп ойлонуп, сүйлөй турган сөзүнө далил издеп, каалоосу бекем болмоюнча бир жолго түшпөй турган болуп.
Тике туруп жүргөн устаты анын так маңдайына келгенде басыгын токтотуп эки колун түшүрүп башын бир аз ийип койду да жерге мандаш токунуп отура кетти. Бул Таттыгулдүн киргенде берген саламына алик алгандагысы болсо керек.
-сен таң калба мени бул жерде көрүп турганына, биз мектептен кеткен эч бир окуучуну кароосуз калтырбайбыз. Силер биз үчүн жөн гана окуучу эмес, андан алда канча жогорку деңгээлдесинер, айрыкча сен. Биздин максатыбыз силерди бир гана адамдар менен салгылашууда эмес жашоо менен күрөшүүдө жеңишке жетишип бүт дүйнөнүн алдында турууга үйрөтүү. Андай жолду адамдын бир өзүнүн каалоосу менен гана аткарууга мүмкүн, ошондуктан биз сен үчүн тандабайбыз, тандоо өзүндө. Эми мени тындап тыянакты өзүн чыгар. Сен келген өлкө өтө кичине, кичинелиги анын көлөмүндө эмес анын алсыздыгында, бул өлкө дүйнөдөгү орду боюнча баардык жагынан алганда арзыбаган орунду ээлейт. Калкынын саны беш миллиондон ашыгыраак, бирок анын ичинде дүйнө эли тааный ала турган инсандар жокко эсе. Бул дегени өлкө эли бүтүндөй бир максатты көздөй албаганы эле эмес ар бири жеке бир максатты да көздөй алышпайт. Кыргыз калкы караңгылыктан чыга элек, жана чыгаары да күмөн. Алар бар нерсеге караганда жалганга көбүрөөк ишенишет, жана келечекти кургандан көрө өткөн күндү даназалоо менен көп алектенишет, мындай алдыга жылууга каалоосу жок калкты бир эле сен өзгөртүп жибере албайсың, жана өздөрү сактанууну каалабаса сен баарын жамандыктан сактап улгуро албайсың. Сөзүмдүн далили тиги бөлмөдө. Ал жердеги текчеде жалаң гана кайгылуу оор турмушту сүрөттөгөн китептер тизилип турат. Демек сени башкаргысы келген инсандар да жөнөкөй калктан эч айрымаланбайт, алар окуган китептерди сага да окутмакчы. А жөнөкөй калк андай китептерди эмне үчүн окушат билесинби? Жактырып жашоого багыт алуу үчүн эмес, болгону озунукунон да оор турмуштар болоорун көрүп, өткөрүп жаткан өзүнө жакпаган жашоосунан утурумдук алаксыш үчүн, жана кыйынчылык менен күрөшүүнүн ордуна ага көнүп берүүнүн эң оңой жолун тандап алуу үчүн. Эми ойлоп көрчү элди жетелей турган жазуучулар ушундай караңгы жолду тандап алышкан болсо калктын багыты кай жакка бурулуусу мүмкүн. Кийин бул өлкө эски советтер союзунун мүчөсү болгондуктан, калган 14 өлкөдөй эле мыйзам уруусу деп аталган күчтөр болуп алардын айланасында бир топ адамдан турган топтор бар. Албетте мындай топтор бизде да бар башкача аталыштар менен "мафия" деп, бирок биздеги топтор бийликке устомдугун жүргүзө алышпайт, а бул жерде негизги күч болуп мына ошолор эсептелинет, бийлик алардан туздон түз көз каранды болгон учурлар абдан көп. Аларда байлыкка, мансапка жана озумчулдукко умтулгандан башка эч нерсе жок, керек болсо кичине кыз сенчелик да ойлонууга кудурети жетишпейт. Акылдуу жандар бул өлкөнү алда качан таштап чыгып кетишкен. Бийликтегилер калган аз жарандарын өздөрүнүн жүрөгүнөн орун албаган курулай мекенчил намыс деген ураанды танылоо менен алдап кармап келишет. Эгер мени жакшылап уккан болсоң түшүнүүн керек, мындай алсыз адамдардын жетегиндеги өлкө эч качан эркин боло албайт. Бирок али да бул өлкө эркин деген атты колдонуп келе жатканына караганда кимдир бирөөлөрдүн колуна пайдалуу. Мындай учурда пайда көрүп жаткан тарап өлкөнүн өнүгүшүнө эч кандай жол койбойт. А сендей саналуу гана адамдар андай күчкө туруштук бере албайт. Азыркы мына ушул тапта өлкөнүн түштүгүндө башталган башаламандык бул сөзүмө далил.
А сен ишенип келген адамдар сени коргоого кудурети жетээрине ишене албайм, эгер биз сенин бул жайга тирүү жетээринди гана эмес канча убакытта тируулук дайыныды билдирүүн керек болгон жашыруун маалыматты да алдын ала биле алган болсок, мындай маалыматты жашыруун деп атоого болобу. Сенин бул өлкөгө алынып келинген максатын белгилүү дечи, ага кийлигишууго биздин акыбыз жок, бирок сенин тагдырынды ара жолго коюуга да акылуу эмеспиз. Биз ушундай жашыруун иш алып барып жаткан уюмдун ар бир кадамын алдын ала билип жаткан болсок, ал уюмдун жашыруундугу эмнеде. Ооба бүгүн чыккан башаламандыкты эртең токтото алышат бирок ал эмнени өзгөртөт. Кыскасы бул жерде сен да ошолордун бири болосуң да каласын. А сен өзүңдүн ким экендигинди жакшы билесиң, сендейлердин орду башка жайда. Эгер чындап өлкөно жардам берип жана бүт дүйнөнү жаман күчтөрдон сактагын келсе анда алардан жогору турушун керек.
Ушундай узак баяндан кийин тыныгып калды устаты, сенин кезегин дегендей.
Таттыгул жүзү жер караган абалында козголуп да койгон жок, анын ичинде көп суроо бар бирок ал жаш болсо да түшүнөт бул суроолорду сыртка чыгаруу коркунучтуу экенин. Бул адам болгон ачыкталбаган сырды алдындан билип алар жетип келгенден мурда келип тосуп алып жатса, бул жерде болгон окуядан башкалар да кабар таппай койбойт, ооздон чыккан сөздү сыр деп болбосун мына дагы бир жолу өз тажрыйбасынан көрүп отурат.
-сен тез кыймылдоого гана эмес тез ойлонууга да милдеттүүсүн. Качан жооп айтаарынды күтүп тургудай мен өлбөөчү зат эмесмин, токтобогон убакыт мага кымбат.
Устаты кыздын жай кымылдаганы аз келгенсип жоопту создуктуруп жатканына ачуусу келе түштү. Ал канча убактан бери көз ирмебей, наар албай, канча аралыкты кандай ылдамдыкта жөө жүрүп өткөнүнүн баарынан кабардар болсо да аны бул себептер менен актай албайт. Эгер Таттыгул ушуну кыйынчылык деп жатса ал өзүнүн 12 жылдык бул кызга кетирген мээнетине күйүп кетмек.
Таттыгул татыктуу жооп табууга аракет кылып,
-алдуулар менсиз да алдуу, а мен алсыздар арасында болушум керек, деп жооп берип, экөө бири бирин карап катып калышты каалга артында шыбырт угулгандай болуп.
-бирок сен албетте бир күн мага керек болосуң, деп шыбыраган устаты ордунан жеңил туруп терезеден сыртка бир сыйра көз жүгүртүп алып терезеге асылып алдыңкы кабаттагы батирдин ачык турган терезесине кирип кетти. Бул учурда Таттыгул астанага барып калган эле. Ачып кирип келген ата аны көрүп,
-сактыгындан секет кетерим, бул жерде эмне кылып турасың, азыр эле чарчап келбединби эс албайт белең, деп колдорунан кармап жыттап койду.
Таттыгул ундобостон капталга жылып атасына ичкери кирүүгө жол бошотуп берди.
Бүт кийимин чечип ичкери кирип бараткан ата биринчи эле ашкана тарапка өтүп ачык турган терезеге келип айланага бир карап кайра кызга бир карап жооп күтүп калды.
Таттыгул жашыруу максатсыз экенин түшүнүп, устаты келип кеткенин баяндап берди атасына.
Анын чекесинен жыттап, алаканын кен жая зээни кейий караган ата кызынан кечирим сурап жатты.
-мекенин сени ушундай тосуп алганы үчүн аны кечир кызым, мен жолдогу болгон окуяны айтып жатам. Бирок бизде арга жок, кандай болгон ченде да бул биздин мекен, аны сүйүүгө коргоого биз милдеттүүбуз.
Өзү орундукка өтүп отуруп кызын мандайдагы орундукка чакырды.
Таттыгул азыркы устаты менен болгон сөздү сурайт экен деп ойлогон, бирок андай болгон жок.
-мен азыр абдан жаман кабар алдым, деп баштады ата сөзүн. Ош шаарында дурболон баштап жиберишиптир. Ал шаар тууралуу сага көп айтып бергенмин, ошол ыйык шаарда ыйык жайлар бар биз коргоп калууга милдеттүү болгон. Кийин бул бытырандыны тезинен токтотуунун жолу да бул. Таң атып буйрук болсо вертолёт жонойт, анын ичинде сен да болуун керек. Ал жердеги милдетин ок атуу гана, адамдарга эмес абага. Сулайман тоого жайгашасын, ал жайга эч кимди жолотпошун керек, жакындап келе жаткандар болсо абага карап ок чыгар, ага да токтобосо адамдарга карата ок атууна туура келет. Шаар ичинде ок атууну башкалар мойнуна алышат, элди тартипке келтирчүү жалгыз жол ушул, антпесек шаардын эли бүт көчөгө чыгып бытыранды көпкө созулуп кетиши мүмкүн. Калк бир орунга жыйылышына мүмкүнчүлүк бербешибиз керек, биздин милдет ошол.
-ата мен бардыкка даярмын! деди Таттыгул. Анын сөзүндө билинеээр билинбес таарыныч барга окшойт. Сезимтал киши муну дароо сезди.
-кызым мен сага ишенген үчүн эң чоң милдетти тапшырып жатам сага. Ал тоодо мамлекетке таандык баа жеткис байлык катылган. Мындан кабары бар адамдар учурдан пайдаланып аны алып чыгып кетүүгө аракет кылышат. Сен ага жол бербейсин. Эсинде болсун ал жайда сенден башка бир да жан болбойт, сенден башка! деп баса белгилеп койду.
Таттыгул баарын түшүндүм дегендей он муштумун сол алаканына такап тапшырманы кабыл алды.
-азыр бир аз эс ал. Билгин баарынан кымбаты мага сенин омурун, ден соолугун. Ач болбо, муздаткычтагы тамактар сенин табитинде, чочулабай ала бер өзүм текшерүүдөн өткөрүп киргизгем, деп ордунан туруп сыртка карай жөнөп калды. Ал бир топ жашка барып калса да абдан шамдагай киши, обдулуп даярданып отурбай дароо кыймылга келет. Таттыгул аны узатып коюп, эч нерсе болбогондой, жанагы эле шумдуктарды көрбөгөндөй же ар күнкү көнүмүш корунуштой эле кабылдап барып сууга чомулуп ашканага өтүп тамактанып болуп керебетке кулай берди. Качан гана көздөрү жумулганда гана өзүнүн ойлоруна эрк берип, бүгүнкү күндү талдап баштады.
"Демек али да менден күмөн кылат, мени сынайт. Жолдо болуп жаткан окуялар эмне үчүн, учактагы кыз чындап эле кооптуу экенин билип туруп менин ордума колго түшүп бердиби, же баары жөн эле менин көз алдымда курулган оюнбу. Устатычы? Эмне эгер ал да бул оюндун ичинде болгон болсо? " оюнун ушул жерине келгенде көкүрөгү чымырап кетти, ички туюм деген кандай жакшы. Жана ичинде катылган суроолорду устатына берип албаганы кандай жакшы болду. Атасы ал баарлашуу тууралуу сурабаган болсо демек эмне болгону тууралуу кабардар. "Анда эмнеге ачык терезени көрүп таң калган жүз коргозду? Мени сынады, ооба деди менин эмне айтаарымды кутту. Бирок эмне себептен? Эмне себептен ал менден этияттанып жатат? Мен ар бир жайда этият болушум керек, анын көзү бардык жерде мени күзөтүп тургандыгы анык, андан күмөн санап жатканымды эч бир кыймыл, көз караш менен билдирип койбошум керек." деп андан ары көз алдына көнгөн кичине кыздын ыйлап жүргөн элесин тарта мээсин эс алдырып жатты. Ушул элес гана аны жашоого жетелеп адам экенин эстетип жүргөндөй, ал болбосо өзүн буйрук аткарчуу темирден айырмасы жоктой эле сезет.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11