Төрөлгөн соң дүйнөгө,
Максатыңа жете бил.
Жакшы менен жаманды,
Ажыратып талдай бил.
Бул дүйнөдөн өткөн соң,
Жаралбайсың кайрадан.
Жакшы жашап өтөрсүң,
Өмүр баркын бааласаң.
Жанды жанга ургулап,
Түйшүк тарта бербегин.
Анда-санда ойноп күл,
Сая кетпес эмгегиң.
Байлыкка көп кызыкпа,
Арты жаман унутпа.
Дүнүйө жыйып өмүрдө,
Жете албайсың муратка.
Убактыңды үнөмдөп,
Жакшы ишке жумшагын.
Ушактарга кызыгып,
Пейилиңди бузбагын.
Убадага бек болгун,
Сыйлай билсин досторуң.
Дасторконуң жайнасың,
Ыраазы болсун коногуң.
Куда-сөөк, тууганды,
Унуткарып койбогун.
Аман болсо баарысы,
Бакыт ошол ойлогун.
Кандай жашап өтсөң да,
Жамынабыз топурак.
Күнөөң болсо эгерде,
Эсиңе кел батырак.
Эй Алланын пендеси,
Өмүрдүн бар эсеби.
Барыбызга кут кылсын,
Жараткандын бейиши.
К.А.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев