Билбесенер билип алгыла!
1. Жабагы-алты айга чейинки жылкы баласы.
2. Кулун-бир жашка чыга элек жылкы баласы.
3. Тай-бир жаш.
4. Кунан-эки жаш.
5. Бышты-уч жаш.
6. Асый-торт жаш. Бешинчи жылдан баштап бир асый, анан эки асый, уч асый деп аталып кете берет. Эки асый деген "сегиз жаш" дегенди билдирет.
7. Бээ-ургаачы жылкы.
8. Кунан байтал-эки жаштагы ургаачы жылкы. Эркеги "кунан" деп айтылат.
9. Бышты байтал-уч жаштагы ургаачы жылкы.
10. Байтал-эки жаштан отуп калган, бирок тууй элек.
11. Айгыр-тукум улай турган бычылбаган эркеги.
12. Ат- (чарба, бычылган жылкы.
13. Азоо-ээн осуп, тапталбаган ат.
14. Буудан-жылкы баласы.
15. Жорго- жүрүшү жумшак, үстү чайпалбас, басыгы майда желбес жылкы.
16. Аргымак-кулук асыл тукум жылкы.
17. Дулдул-чуркаса да чарчабаган аргымак.
Эгер кем карчы болсо толуктаңыздар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев