( Тагдыр)
1- бөлүм
Талаштан тактык жаралат дегендей, үй ичине ызы -чуу түшүп кимдир бирөөнүн тагдыры чечилип жаткандай сыяктанат. Сыртта күздүн акыркы айлары болгонго суук тартып чыйрыктырып ,мешке жагылган оттун табына жылынып күбүлдөшүп жаткандай болгону менен ортодо бөтөлкө да жок эмес анын күчү чете бөжүрөп олтурган сары келинге өтө оор болуп турду. Жашоодо турмушу болбой ажырашып тагдырдын сыноосу менен сыналып жаткан учурда ага дагы кошумча болгондой бүгүн дал ошонун үстүнөн түрдүү сөз айтылып турган учур. Кантсин ар ким өз пикирин айтып күнөөлөп жаткандары менен бул келиндин ичинен эмне өтүп жатканын кайдан гана түшүнмөк. Жок кадырын бар билбейт, ач кадырын ток билбейт деген сөз бекер айтылбаса керек.
- Сен күнөөлүүсүн да эптеп эр кыла албаган, жакшы сүйлөп, жыйынып- теринип өзүңө тың болсоң болмок - деди төрдө олтурган очор - бачар болуп өз үйү - жайы болуп калган эжеси. Кимдир бирөөсү коштоп кетти
- Туура эптеп эр кылып алса болмок үй жайы сага калмак эмне атасы менен апасы дүнүйөгө түркүк боло беле - деп жанындагысы коштоп кетти. Дагы бирөөсү кошулду
- Эми сени ким алмак, тийсең чалга тийесин - деп, бул күүлдөгөн сөздөр жүз граммдан чыгып жаткан чыгар эртеңки күнү жакшы болуп калат - деген ой менен көзүнүн жашын улам сүрүп олтурду. Бул келин кимдигин айтпаган болсом сөздү башынан баштайын. Айыл десе тоо боорунда жайгашып биринен бири алыс турган, мал менен жайнаган тоок, өрдөк каз жана арсылдап үргөн иттер көз алдыга тартылат. Кериле тарткан тоолор бири - биринен бийиктеп дал эле асманга жетчүдөй көтөрүлө берет. Аркайган аска - зоонун арасында ак кар жайы кышы дебей жашап мөңгү аталат эмеспи. Бир көрүнүштө эле төрт мезгилди таап алчудай болосун бул менен керемет жерди жердеген чыныгы ак көңүл, меймандос, улуунун урпагын улаган, эски жашоонун этегине аз да болсо жармашып салт санаа, үрп адатка байланган адамдар жашарын айтып далилдегендей. Тээ эзелки ата бабалардын баскан жолун сүрөттөп тургандай элестер бир тартылып өтөт. Бирок жаңы замандын жакасына жармашып СССР тузун жегендердин жашоо менен аралашып толук эле бир тарапка ыктап кете албаган учурда экинчи кыйроо пайда болуп эгемендик мамлекетке өтүп тегиз жашоого жетише албай элдин ээсин оодарып ач калган күндөр да көпчүлүктү бир жакалап өттү го. Жапа тырмак элет эли дыйканчылык менен жер тырмап, бийликтин талкалап бөлүп берген малы менен тырмышып тирилик кылып баштады. Ошол кездеги балалык доорго туш келгендер бул күндөрдү унутка калтырбаса керек. Тасмадай тартылган учур жаштарды эмгек менен бар жоктун кадырын түшүнгөн жана жашоодо акча, байлыкты сүйгөн, бийликке умтулган, жеңил жашоого бой таштаган адамдардын пайда болушуна себеп болду. Пара берип, пара алып деген да жерден өнүп чыккан чөптөй эле жайнап кетти. Ак эмгектин кадыры кетип, арам тамакка кол салгандар да ушул убакка чейин тойбой келет. Дегиси баарын билип туруп акмакчылыкка салган жашоодо жашап калганыбызды да туура түшүнүү менен кабыл алуу керек го. Жалгыз гана кыйынчылык көргөн мындай өткөөл учурда бир же эки адам эмес миңдеп саналат болчу. Ошолордун бир курмандыгы бул Акылай болчу. Ар бир аталган тагдырдын жетегинде жетим жүгүрүк болгон жашоосуна ал учурда тереңдеп жете албаса керек эле.
Мектепте окууган тыкылдаган тың кыз, анча мынча мугалимдерди да окутуп койчу эмес беле. Талпынып алга умтулган, билим десе чаңкап турган, акылы тунук, зирек эле го. Бирок жокчулук бир аз артка тартып турар эле. Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар. Акаев мындай жаштардын эченинин келечегин балталап салды го аттиң. Мектепте акча сурап кайырчыдай же дубаначылыктын ролун ойногон мугалимдердин пайда болушуна да ошол учур себепкер эмеспи. Китепти сатып алып окуп, ар бир майда бооруна чейин ата энелер сатып бергенге өткөн, мектепти оңдоп түзөө үчүн да балдардан акча чогултуп. Мына ушундай учурга туш келген балалык курч кызды да майтарып койгондой боло түшкөн. Ага карабай талпынып окуп, мугалимдин балдары жакшы бааларга окуса, карапайым үй бүлөнүн балдары аркада болгон эки жүздүү саткын агай эжекелерди көргөндө жийиркеничтүү карап аргасыз гана окуп калган элек го. Мына ошол каймактаган мугалимдер азыр калыңдап жийиркеничтүү болуп барат. Калыстыктын кадыры кетип, тактыктын тагдыры ыйлап калган учурду эстеп азыр да өкүнүп кетесин. Ушундай учурда бир курмандыгы болуп калган кызыбыз Акылайдын тагдыры менен таймашын улантып кетсек. Жаңы гана мектепти аяктап билим уясынан учканы жаткан учуру. Ар бир окуучу кой союп, кымыз куюп экзамендерге алып барып алкымы суук болуп бараткан мугалимдерди сыйлап бааны сатып алып чоң окуу жайларга тапшырып кетишет. Дал ушундай учурда Акылай да мектепти бүтүрүп жаткан. Бирок кайдан көп бир тууган болсо экинчиден окууга тапшырганы төлөнчү шапканы кайдан табат. Окууга тапшырганда тааныш билиш деген да балее чыккан. Анысына жок барсаң окууга кире алыш албашың күмөн эле. Кой союп бара албады жөн гана элден калбай аш басып алпарып берди ата энеси. Чоң окууга тапшырып окуу кыялында гана жашарын билген менен үзүлбөгөн үмүт менен мектепти аяктады. Өзү теңдүү курбу курдаштары кетишти окуп калганы да Мекенди таштап чет өлкөлөп жумуш издеп агылып кетти. Каалагандары турмушка чыгып үй бүлө жүгүн моюнга ала баштады. Ал эми эркек балдар көчө таптап ичкен чекенди үйрөнүп калды. Ээ ошол күндөрдө Акылайды да ала качып бир үйгө келин кылып киргизип койду татаал тагдыр сыноосу. Жакшы үй бүлө - деп, сырттан мактаган менен ичкери киргенде баары башкача болот деген ушул экен да. Айла канча чыдоо керек - деп чымырканып оор сокунун таягын жеп баштады. Үйдө эң кичинеси болгондуктан ата энесин карап ошол үйдө калчу бала. Апасынын ачуу тили, баласынын тепки сокусу менен бирге эки карындашынын жоруктары да кем калбайт эле.
- Сен жок жердин кызысын - дегени эле апасынын дал эле кулдай жумшачу. Жегениң алдыңда, жебеген артыңда итирейген сары чычкан - деп жемелегени жемелеген. Кордук деген ушундай да азап болот экен. Улам ыйлап сооронуп күндөр өтө берди. Өзүнүн арык жаны күндөн күнгө жоголуп бараткан.
(Уландысы бар)
Кыдырбекова Макбурат Кожошовна
Ош. 2023.3.01
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12
Миграц учёт-3 мес-8т
ВНЖ И РВП-ШТАМП В ПАСПОРТ
А также постоянная прописка и временная регистрация в СПб и МСК. Напрямую от хозяина
!ЗАПЛАТИТЕ по факту получения
+79675146626
РS: Сохраните мой номер. За каждого нового клиента от Вас БОНУС- 1000 руб.
Не всегда могу ответить. Лучше писать!. Обязательно просмотрю и свяжусь с Вами.