9 - БӨЛҮМ
- Айжан эже барбы? -
деди ал Элмира чыга калганда.
– Жо-ок, мамам бир жакка кетти эле,
— Элмира кийин Айжанды мама, – деп
калган эле.
- Келсе айтып коесузбу,
Жапарбектердикине барсын.
– Макул.
– Жакшы калыңыз, – деп Руслан артын
бир карап коюп короодон чыгып кетти.
- Ким экен? — деп Гүлжамал ичтен үн
катты.
- Крас-савчик жигит, - деп Элмира
күлүп үйгө кирип кетти.
· Чын эле ким экен?
– Жанагы Атыр деген эженин баласы
окшойт, мамама келиптир.
— Аа-а, — деп коюп өз ишине киришти
Гүлжамал, бир аздан кийин Айжан келип
калды.
- Мама, сизди Жапаркулдукуна чакырып
кетти, - деди Элмира.
Эмнеге чакырыптыр?
— Билбейм, айткан жок.
— Болуптур, Эрнис кайда жүрөт ыя?
- Жүргөндүр да.
– Мейли, мен барып келейин, – Айжан
кайра үйден чыкты, ал Элмирага эч
өгөйлүк кылбады, өз кызы катары багып
өстүрдү, жумшаса дагы Гулжамалды
жумшап, тилдесе дагы аны тилдеп
ага үн катчу эмес. бирок экөө катар
отурганда акыл айтып ар дайым
тазалыкты үйрөтөөр эле, катуу айтпай
акырын айтып түшүндүрөт. Элмира аны
угуп сыйлап айттырбай жасап Гүлжамал
үйдө жокто өзү эле кыла берет, ал
жокто Гүлжамал ошентет, кыскасы
Айжандын колун ишке тийгизишпейт,
ынтымактуу да болуп есушту. Такыр
билбегендер аларды бир тууган, - деп
ойлошу мүмкүн эле, Акылбектин көңүлү
тынып калган, заманга жараша ал чоң
базардан контейнер алып соода кылат.
Руслан кийинки кездери алардын
үйүн айланчыктап калды, анткени ал
мурун Гулжамалды көрүп жактырып
калган эле. Дем алыш күн болчу,
Элмира коңшусунун кызы Назгүл менен
сүйлөшүп турса өтуп бара жаткан болуп
кайрылып учурашып калды.
Салам чоң кыз, сени бая күнү Акылбек
акенин үйүнөн көрдүмбү?
– Ооба, мен кызы болом.
— Аа-а, дагы бир кыз бар го?
- экөөбүзбүз, - Элмира күлүп калды.
– Жакшы экен, мен сени коңшусу го, –
деп ойлогонмун.
- Мама дегенден неге ойлободунуз?
— Ошону байкабай эле, сулуу кыздарды
көргөндө сүрдөп баарын унутат экенсиң
да, – Руслан каткырып койду.
— Коюңузчу, мындан сулууну көргөндө
кантесиз? — Элмира сынай карады.
— Экөөңөр тең сулуу экенсиңер, эжеңби
же синдинби?
– Теңбиз.
- Аа-а эгизсиңерби?
- Ошондой.
— Эжең болсо керек ал ээ?
– Иши кылса менден бир жаш улуу.
— Ал кайда азыр?
– Жүрсө керек, жумушунда эмеспи.
– Кел таанышып алалы, менин атым
Руслан.
- Элмира.
· Таанышканыма кубанычтамын.
Жылмая карап күлүп
– Мен дагы,
койду.
- Жолугуп турсак болот чыгаар Элмира.
- Эмне себеп менен?
Мисалы жакынбыз, атамдар катышып
турушат, мен айылда өскөнмүн,
ошондуктан анча билбейм.
- Эчтеке эмес жетишесиз, — деп Элмира
күлө карады, ошол убакта Гүлжамал
чыга калды:
— Эля, сени телефонго чакырып жатат.
– Ким экен?
– Сураган жокмун, бол эрте.
— Бара жатам, – Элмира үйдү көздөй
жөнөдү, Руслан Гүлжамалды көздөй
басты.
- Салам Гулжамал.
- Салам, кайдан жүресуз?
- Сен таанышсынбы? - деп Элмира ага
шыбырай карады.
— Ооба, аны эмне кыласың, кир
телефонго жооп бер.
- Жарайт, - Элмира кирип кетти.
- Кандайсың Гүлжамал, такыр
керунбейсун го?
– Көчөгө боюмду салышым керекпи?
Мени туура эмес түшүнүп калдың
Гүлжамал.
· Эчтеке эмес, менин иштерим бар, –
деп Гүлжамал кирип кетти, Руслан аны
узата карап кала берди: “Шашпа, сен
меники гана болосуң, теңсинбегениңди
көрем", - деп ойлонуп өзүнчө кымындай
басып кетти, Гүлжамал кирип келе
жатканда Элмира чыгып келе жаткан, –
Сүйлөштүңбү?
– Ооба, зарыл иш эмес.
— Өзүң бил, — деп кирип кетти, Элмира
эшикке чыгып Русланды таппай кайра
кирди:
– Руслан менен качантан бери
таанышсыӊ?
- Көп болду, эмнеге сурадың?
- Деги да.
– Сен жокто үйгө келип калып
таанышып калганмын, иттей
мактанчаак, көтөрүлүп сүйлөгөн неме,
кыскасы анча эмес.
- Kaндaй болсо болсун, деги сурадым
да.
- Эмне деди?
- Эжеңби же синдинби? - деп сурады.
- Эмне иши бар экен, жөн жүрсүнчү.
деп коюп унчукпай ойлонуп калды, ал
деле ичинен жактырып калган, бирок
аны мойнуна алгысы келбейт, анын
өзүнөн сүйөм дегенди уккусу келет,
ошондуктан Элмирага жамандап койгон.
Элмира аны бир көрүп эле жактырып
калган, ичинен Гүлжамалдан кызганып
жатты ал: “Балким Гүлжамал дагы
сүйсөчү, анда мен кантем, менин дагы
сүйүүгө акым бар го, эжем деп ага көз
жума албайм”, – деген ойго токтоду.
Айжан көптө келди, Акылбек келип
калган:
– Кайда бардың? – деди ал дароо эле.
– Айылчыласам болбойбу, кыздарым
чоңойду атасы?
– Мейли-мейли байбиче, ичкенсиңби?
– Бир аз, келин алганы жатышыптыр, –
деп Айжан күлүп отуруп калды.
- Руслан үйлөнөт бекен?
– Ооба, — деп Айжан эки жагын карап
минтти,
- Ай Акылбек алар куда
түшсөкпү, - деп жатат, - Шыбырай
сүйлөдү.
– Гүлүгө.
— Ал эмне, — дейт болду экен?
– Жакшы кишилер, бир жагы
кудалданбыз, өтмө катар болот элек
дейт.
- Ал го туура, балдар кандай жешет,
Руслан Гулуну тааныйбы?
— Тааныйт, кээ-кээде келип кетип турат.
- Ошентсе деле сүйлөшүшпөсө болбойт
да, - деп Акылбек айтканда Элмира
босогодо келе жатып токтоп калды.
- Акыл, Гүлү жыйырма экиге чыгып
калды, чыккан жерге бербесек жүрө
бербейби, буйруса бир баштан кыздарды
күйөөгө берсек, анан Эрнисти үйлөнтсөк
көөнүбүз тынып калат.
— Эляны азыр күйөөгө бербейбиз Айжан,
андан көрө эки кызды окутпайлыбы,
бутка дагы туруп калдык, каалаганына
окушсун.
— Эля дагы окугусу келсе окусун
Акылбек, Гулу болсо актриса болом
дейт, ал мага жакпайт, андан көрө
эртерээк орун-очок алганы жакшы,
артист болуп кайдан жыргасын,
келечегинен корком.
- Сурап көрөлү, мен бугун кытайга
окууга бара турган окууга сүйлөшүп
келдим, - деди Акылбек ойлуу.
Ошончо алыспы, кой Акылбек
кыздарды анчалык алыс жөнөтпө,
жакын жерде эле окушсунчу, — Айжан
кабатырлана карады.
— Эчтеке эмес, көнүп кетишет, эл-жер
көрүп билим алышат.
– Айтып көрчү эки кызга, эмне дешээр
экен?
— Айтып эмес жөнөтүш керек.
– Болуптур эми атасы, – Айжан менин
кызым барбайт, – деп айта албады,
экөөнү бөлүп айтып Акылбектин
көңүлүнө кир калтыргысы келбеди,
экөө тең эки кызга бирдей карашат
сеники-меники жок, ошондуктан
ашыкча айта албады. Элмира бул
жаңылыктарды угуп Гүлжамалдын
бөлмөсүнө баш бакты.
- Уруксаатпы эжекеси?
– Кир.
- Менде эки жаңылык бар.
- Кандай, эртең айтсаӊ болбойт беле?
– Жо-ок, жата ала турган эмесмин.
— Угуп жатам, эртерээк айт, уйкум келди.
– Мм.. кайсынысынан баштасам, – деп
Элмира анын бөлмөсүн тегерете көз
жүгүртө карап сөөмөйүн үстүңкү эрдине
така алып ойлонуп калды, — Адегенде
сага жагымдуусунан баштайынбы?
- Магабы? - Төшөгүн түртө ТУРУП ОТУРДУ.
- Ооба, албетте сага, Элмира
мугалимден бетер ары-бери басты.
- Айтсаң айтпайсынбы Эля..
— Шашпа-шашпа, мен жезделүү
болоорума сүйүнүп баштай албай жатам.
- Эмне?!
- Чоочулаба эжекеси, - Элмира
маалката ага жакын келип эки ийинине
колун коюп бетинен чоп эттире өөп
койду, — Менин сулуу, акылдуу эжекеме
бирөөлөр куда түшүп келишет экен.
– Ким, эмне деп жатасың, айтчы
батыраак эля.
Кое тур, эми экинчи жаңылык...
- Бирин бүтүрбөйсүңбү.
- Ушунчалык уккун келип жатабы? - Күлө
карап саамга туруп калды, ызалуу жүзү
бир башкача кубарып кетти, ушул ирээт
ал Гүлжамалды бала кезиндегидей жек
көрүп кетти, Русландын ата-энеси сени
келин кы. ысы келет экен, — деди анан,
Гулжамал кандай акыбалда калат, чоочуп
кетеби, тангалабы, - деген ойдо болду,
бирок ал анткен жок, тамагына бирдеме
тыгыла калгансып какап барып:
Муну ким айтты? – деди.
– Мамам.
- Ал кайдан билиптир, дагы сөз тыңшаган
адатың кармаган экен да.
— Ооба, ал менин “родной хоббим”, – · деп
мыскылдай күлүп кайра, - Тамаша ээ, ойго
келбегендей окуя, – деди.
– Таңгалган жокмун.
- Эмнеге, билген белең?
– Жо-ок, негизи көз карашынан...
– Чын эле анын көз карашынан сездиң
беле? - Элмира ага тангала туруп калды.
— Эля, экинчи жаңылыгыңды айт да укта
барып.
– Кубалаганыңбы?
– Жо-ок, уйкум келип жатат.
- Менин экинчи жаңылыгым сени
кызыктырбаса керек, - деп ойлойм.
— Эмнеге?
— Анткени сен окугуң келбейт билем.
- Болуптур анда айтпай эле кой.
— Атам Кытайга барып окуганга
сүйлөшүптүр.
- Эмне, кимди?
— Экөөбүздү.
– Жок-жок сиңдим, чын эле мага бул
жаңылык жакпады.
Ойлогом, жакпасын билгенмин.
Сен окуй бер садагасы.
- Жарайт анда, жакшы жат, Элмира
колун көтөрүп коюп чыгып кетти: “Ооба,
менин атамдын айтканы силерге жакмак
беле, күйөөгө тийгиң келип жатса тие
бар, бирок Русланга эмес, мен аны сага
бербейм, ал меники гана болууга тийиш”,
— деп ойлонуп өз бөлмөсүнө кирип жатып
алып Русландын келбеттүү боюн, жузун
көз алдына келтирип алып ызаланып
жатты. Чынында экөө бири-бирине
билгизбегени менен тирешүү бар эле,
биринен-бири сулуу да, келбеттүү да
болууга тырышып кийимди атаандашып
кийе турган. Ошондон көп өтпөй эле
Гүлжамал жокто Русландын келээрин
ойлоп Элмира терезесинен карап туруп
көрүнөөрү менен чыга калды, эшик суук
эле, Гүлжамал Yйде жок болчу.
- Салам, — деп чыга жаркылдай күлүп
тосуп алды Элмира.
- Салам, кандайсын Эля?
- Жакшы, өзүңөр кандай?
Ойдогудай Эля, Гүлү барбы үйдө?
– Ал жок эле.
– Кайда кетти эле?
– Албы, ал күндө кетет, бизге да айтпайт.
- Кечиндеби?
- Ооба, дал ушул убакта.
– Ал клипке, роликтерге тартылганга сунуш
алдым дебеди беле?
- Айтса көруп каларбыз, бирок
тескерисинче болуп калышы мүмкүн.
- Кызык, – Руслан саатын карап койду.
- Болжошкон убактыңар бар беле?
– Жж-жо-ок, жөн эле...
– Сүйүп калгансыз го?
– Эми-и сүйсө болбойбу?
- Албетте болот, бирок сокурдун сүйүүсү
болбосун да, – Мыскылдай күлүп койду.
– Муну менен эмнени айткың келет Эля?
— Аа-а деги айтам да, – Элмира
кызандай күлүп, угушумча күйөө бала
болот окшойсуз? - деди.
— Эля, чындыкты жашырганда эмне?
— Кубаттайм.
— Рахмат.
- Чыныгы сүйүүнү көрбөгөндү сокур
сүйүү дешчү эле.
- Түшүнбөдүм.
— Жөн айтып койдум, күн сук болуп
турат, үшүгөн жоксуңбу?
— Аа-а, макул анда сен кире бер, мен
Гүлү келгенде келем, - Руслан бурулуп
кетмек болду.
– Түн жарымында келесизби?
— Ал ошондо келеби? – Таңгала карады.
- Негизи ошондой.
— Болуптур, – Руслан тез-тез басып
кетти, Элмира кытмыр жылмайып үйгө
кирди: "Көрөм эми, кандай эркек түн
катып жүргөн кызды жактыраарын,
эжекеси шашпай тур, Русланга кандай
кыз жагаарын", - деп киргенде Айжан:
- Кызым, бүгүн жумушка барбадың,
эртең барасыңбы? - деди.
– Мама, мен окууга даярданам, аз
калбадыбы, кытай тилин үйрөнүүгө
барып жатам.
- Аа-а мейли, - деп койду Айжан, ал
кызынын себин берүүгө даярданып
жаткан.
– Мама, мага дагы ушинтип бересизби?
деди анан отура калып.
– Ананчы, кыздарымдын себин
келиштирип бергенге даярданып
жатпайынбы.
- Гүлүнү качан алышат экен?
- Аз күндөн кийин сөйкө салышат, андан
соң үйлөнүшөт.
– Русланды жакшы бала, – деп
ойлойсузбу?
– Жакшы жигит, ата-энеси илик
жаатыбыз эмеспи кызым, эмнеге
сурадың?
- Билбейм, эмне, - деп айтаарымды
дагы өзүм тушунбейм...
— Айта бер кызым, – Кулак түрө жасап
жаткан ишин токтотуп аны карады.
· Мен качан көрсөм башка-башка
кыздар менен жүрөт, Гүлү көрбөсө
керек.
- Эми азыр жүрсө жүргөндүр, таанышы
же бирге окуганыдыр...
- Жо-ок мама, балмуздак алып берип,
колтукташып алып паркка барат, эки-үч
жолу аңдып көрдүм, – Элмира эмне
дээр экен, деп Айжанжы карап калды.
Уландысы бар...
КЛАСС БАСА КЕТИНИЗДЕР
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев