Мен өмүрүмдө эч качан коштошпоймун деген адамдар менен коштоштум.
Көргө чейин бирге барабыз деген адамдар азыр өмүрүмдө жок.
Махабат да, достук да кайып болду.
Адам бооруна басып калган дүнүйөлөр менен коштошкондо катуу кыйналат.
Бирок өлбөйт.
Адам баласынын табигаты ошондой - ал колунда турган нерсесин жоготкондо гана кадырын билет. Жоголгон кезде гана чын бактылуу болооруңду түшүнүп аракет кылып баштайсың.
Кадырлап, барктоого тийиш нерселерди сактап калууга тырышпаганыңа өкүнөсүң. Сагынасың, издейсиң, көз жашыңа эрк бересиң.
Ошодон кийин барып адам чыдамдуу болуп сөөгү ката баштайт.
Артка кайтарууга умтулуу - алсыздардын жана Кудайга ишенбегендердин гана айланыша турган иши.
Эч нерсе кайра кайтпайт. Анткени, карым-катнаштагы көзгө көрүнбөгөн назик ааламга сызык түшкөн, сынган, кыйраган. Ал эми мурдагы калпына келбейт.
Достукта да, махабатта да, ишенимди жоготкон кезде өмүр токтоп калбайт.
Өмүр уланат. Сен анын баарын көтөрөсүң. Эң жакыныңдын, бир бооруңдун, эң ишеничтүү адамыңдын сени өз кызыкчылыгына пайдаланганын жыл өтүп түшүнөсүң. Кабылдайсың.
Ушу аталган нерселерден ашкан маңыздуу дүнүйө жок сыяктуу болуп көрүнөт.
Бирок чындыгында булардан да маңыздуу дүнүйө бар. Ал - ден соолук.
Эгер сен ден соолугуңду жоготсоң, сен баарын жоготосуң: сулуулугуңду, эркиңди, күч-кубатыңды, бир иш баштайм деген каалооңду, бир нерседен ырахат ала алган куштарлыгыңды, керек болсо сүйүү кабилетиңди.
Эгер сен ден соолугуңду жоготсоң ал сенин эртеңки атчу таңыңды, келечегиңди жок кылат.
Ошол кезде сен өзүң проблема деп санап жүргөн нерселердин токсон тогуз пайызы түккө турбаган майда-чүйдө экенин түшүнөсүң.
Окшош күндөр, иретсиз күн тартиби, дурус тамактанбоо, дайым уйку канбай чарчап жүрүү, болбогон нерселерди убайымдап нерв болуу - ушунун баары ден соолукту четинен жейт.
Ошондуктан убайымдарыңы мээңден бошотуп үйрөн. Өзүңдү сакта.
Колуңдан келгенче адамдарга көмөктөш. Ким көрүнгөндү ички ааламыңа киргизбе.
Таза абада көп бас. Болушушча позитив, азилкеч, юморду түшүнүп, өмүрдү жеңил кабылдаган адамдар менен аралаш. Жүрөгүң каалаган нерселерди кийинкиге калтырба.
Дүйнөдөгү эң чоң казынаңыз сизди таштап кетпесин…
#БАЯН АКПАРАЛИЕВА...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12