1-бөлүм.
Бул айылдын четиндеги өзгөчөлөнө
салынган там жападан жалгыз эч ким
кирбеген бойдон тураар эле. Ошол кездеги
айылдагы үйлөрдөн башкача салынганы
көрүнүп турчу, бирок дубалдары урап
бузула баштагандан кийин да сыны
кетпеген. Айылдын балдары ал жакка
ойногону жөнөгөндө кары кишилер:
- Ал үйгө жакындоочу болбогула, ал үйдүн
ээси бар, ыйык үй, - дешчү.
- Эмне үчүн ээси бар, эмне үчүн көрүнбөйт?
- деп делдейе сураган балдарга:
- Ал көрүнбөгөн ээ, үйдү кайтарат, барган
балдарды кармап алат, - дешип жакшылап
түшүндүрө алышчу эмес. Гүлдөр бир күнү
таенесинин жанына отуруп алып:
- Таене, тигил үйдүн ээси эмне үчүн
кишиге көрүнбөйт, аны сен көрдүң беле? -
деди кызыккандай.
- Секелегим десе, анын эмнесине кызыгып
калдың, ал үйдүн ээси деле жок, болгону
ал үйдө жакшы адамдар жашаган, бала-
чакасы калбады, тукум курут болуп кемпир
жалгыз жашап өттү, ошон үчүн эле ал үйгө
эч ким барбайт.
- Балдары эмне болду эле? - Ого бетер
кызыга сурады секелеги.
- Балким анын балдарынын тукум курут
болгонуна чоң аталарынын алтынынын
зыяны тийгендир… - таенеси ойлуу
телмирди, - жакшы жашашкан экен.
- Айтып берчи таене, мен билгим келип
атат?
- Макул секелегим, сербейген чачыңдан
садагасы, дегеле кызыгып калдың, айтса
айтып берейин. Мындан отуз-кырк жылдар
мурун, согуштун алдында болгон экен…
1918-жылдар.. .
Жандардын ата-бабасынан бери бийликчи
жүрүп, эл башкарып, болуш-бий болуп
келишкен экен. Куту бий өлөөрүн алдын
ала билип оорубай этпей туруп эле эки
уулун чакыртып алып сөз баштады:
- Балдарым, менин сапарым карып баратат,
үч күндөн кийин мен биротоло араңардан
кетем, ызаат-сыйымды жасап, атамдын
жанына койгула, - деди эле эки баласы
тең ишенбей күлүп сурашты:
- Койсоңчу ата тамашаңды, кантип эле,
жакшынакай туруп жаман сөздү айтпачы, -
деди улуу уулу Койчубек.
- Азыр сиз күүлүү элесиз, андай сөз сизге
жарашпайт, андан көрө көп жашап биздин
сыйыбызды көрүп доор сүрөөр кезиңиз, -
Жандар да ишенбеди.
- Жо-ок балдарым, мага ишарат берилди,
атам да өзүнүн өлөөрүн билген, биздин
урук ушундай балам, андан көрө мени
жакшылап уккула, - дегенде эки уулу тең
бир-бирин карап кулак төшөгөндөн башка
сөз айтышпады.
- Мен өлгөндөн кийин байлык талашып
элге уят болбогула! Малды тең экиге
бөлгүлө, Жандар менин ордумду ээлейт, -
деди ойлуу, башын эңкейте эки уулун өзүнө
жакындата шыбырады, - катылган
казынаны өзүм бөлүп берем, алтындын
арты өкүнүч, өлүм менен бүтөт. Эч ким
билбеши керек, балдарыңарга да кийин
айткыла, - деди да: - Бара бергиле,
арманым жок, айтчуумду айттым, эми
апаңар менен коштошуп алайын, - деп
отурган жерине кыңкайды.
Айткандай эле үчүнчү күнү таң эрте Куту
бийдин үйүнөн өкүрүк чыкты. Ызаат-сый
жасап атасынын жанына койгондон кийин
дүйнө-мүлкүн экиге бөлүп, Жандар бий
болду. Ал өтө залим адам эле. Жинине
тийгенди өлтүрө жаздап сабачу. Жылдар
өтүп эки аялынан балалуу болбой, үчүнчү
аял алса да балалуу болбоду. Койчубектин
улуу уулу атасына: "абамдын баласы
болбогондон кийин, анын ордуна мен бий
болушум керек, ал карып калды", - деп
тынчы кете баштады. Аны Жандар инисинин
көз-карашынан эле сезчү: "бул бала өткүр
чыгат, бий, болуш болууга жарайт, өз
уругум эмеспи, балам болбогондон кийин
ордумду берип карыганда жаман көрүнбөй
тынч жүрсөмбү" , - деп ойлонуп кайра дагы
бир жолу үйлөнгүсү келди: "Төрт аял
алып, бирине дагы балалуу боло алган
жок. уруксуз деп кепке каламбы, чындап
какбаш атка кономбу, ээ жараткан, айыбым
кайсы, жок дегенде бир эле туяк берип
койсоң ошону кубат кылып өлсөм да ток
пейил болуп өлбөйт белем, алтымыштан
ашканда мага ким, кайсы кыз тийет,
тийген күндө да төрөп береби?" - деп
ойлоду да, жүрөксүгөнү менен өзүн бир
сынап көргүсү келди. Ошол карыган кезде
тагдыр аны кандай калчаарын билбеди,
тек жашоодон көптү үмүт эткен адам, көп
пенде катары үмүттүн жарык шооласы аны
алга карай жетелеп үйдөн аттанып чыкты.
Жигиттери менен эч кимге айтпай коңшу
айылдагы өзүнө теңтуш кадыр-барктуу
бийдин үйүнө түштү. Ошол жерден
Жусуптун эшигинде жүрчү малын баккан
койчусунун жаңыдан бой жетип келаткан
кызын көрүп ичинен кым деп алды:
"буйруса ушул кыз мага уул төрөп берчү аял
болуп берет экен", - деген ойдо Жусупка
ойундагысын айтпай конок болуп жөн-жай
келген болуп кете берди. Үйүнө келгенден
кийин Жусупту чакыртып алып коноктоду
да, кетээринде ойундагысын айтты эле ал
чочуп кетти:
- Ой Жандар, бул эмне дегениң, кара
жаман кедейдин кызын алам деп, кадыр-
баркыңа доо кетирип албайсыңбы?
- Жусуп, мен баарын ойлоп бүттүм,
артымда тукум калбай калабы деп ойлосом
түндү уктабай атырчу болдум. Эмне десе
ошол десин, мага ал кыз төрөп берсе
болду, анын үстүнө кыз абдан сулуу, сөөгү
таза көрүнөт. Мен ушул кыздан сөзсүз
балалуу болушума көзүм жетип турат.
- Өзүң бил досум, сенин көңүлүнө жакса
ал кыз биздин колдо, кам санаба, аны мен
сага алып берем! - Жусуп ордунан туруп
камчысын ала сыртка чыгып аттанып
кетти.
Ошол жылы Жандар Ажарга үйлөндү. Ата-
энеси кызынын каршы болгонуна карабай
аны:
- Кызым, Жандардай кадыр-барктуу,
колунда бар киши биздин эшигибизге жөн
келген жок, кудай жиберген бак, мындай
адамдын назарын сындырганыбыз туура
эмес, биздин ойубузга койбой күч менен да
алып кетет, андан көрө макул болгонубуз
оң.
- Макул ата, таалайыма ушул киши
буйруган болсо айла канча, ансыз да
теңтуш күтүп, тойлордо ойноп күлө
албадым, кедейдин кызы кайда болсо кем
экен, силерди жер каратпайын, - Ажар
көзүн жашылданта жер карады.
- Бизге нааразы болбо кызым, колдо
жоктун кордугу күч экен, мына бул иниңди
чоңойсо кантип үйлөнтөбүз, көзүбүз
өткөнчө бечаралыктан баш көтөрө албай
өтөбүз го?
Кейип-кепчиген ата-эне байлыгы ашып-
ташкан Жандардын кызына үйлөнгөнүнө
эшигине кут түшкөндөй эле кубанды.
Канчалык каада күтүп манчыркаган менен
Жандар Ажардын ата-энесине кадимкидей
калың берип: "нааразы кылбайын,
солкулдаган сулуу кызын алып отуруп
теңиме албай койсом болбос, Ажарым мага
төрөп берсе болду", - деп төрт-түлүк
малдан тогуздан айдатты. Ажар акылы
терең аял затынан эле. Жыл айланбай кыз
төрөдү, анын артынан уул төрөдү. Тукумсуз
өтөмбү деп санааркап жүргөн Жандардын
көңүлү тынып калды. Кайрадан
бейбечараларды уруп-согуп өз өкүмүн
жүргүзө баштады. Айымгүл абдан сулуу кыз
болуп бой жетип баратты. Жандар
кыялында кызын өзүндөй колунда бар,
кадыр-барктуу жерге берип, жакшы жерден
куда күткүсү келип жүрдү. Өзүнүн
жанында эртели кеч малын багып ички-
тышкы жумушун жасап, ата-бабасынан бери
Куту бийдин эшигинде жүргөн кулу
Кудайкулдун баласы ага арылбас арман,
кайгыны алып келээрин билбеди.
Кудайкулдун Айымгүлдөн эки-үч жаш улуу
баласы Атабек эч нерседен жалтанбаган эр
жүрөк жигит болуп чоңойду. Айымгүл
менен эртели кеч бирге ойноп жүрүп
экөөнүн ортосунда сүйүү пайда болуп
баратканын өздөрү да сезишпеди.
Жандардын үйүнө күнүнө эки-үч жуучу
келип кыздын колун сурай баштаганда
гана жеңесинен уккан Айымгүл так
секирип алды. Ошондо гана Атабекти
сүйөөрүн сезди. Эрке, өз билгенин койо
бербеген кыз апасы аркылуу атасына
Атабектен башка күйөөгө чыкпасын
айттырды эле, Жандардын ачуусу келип
Кудайкулду үйбүлөсү менен алыс жакка
көчүрүп салды. Ээн талаада ичээрге суусу
жок, кылаарга жумушу жок алсыраган
үйбүлө аргасы кетип турганда Атабек
алардын көңүлүн көтөрүп кокту колотко
чыгып капкан менен койон кармап келип,
өрдөк атып күнүмдүк өлбөс оокаттарын
өткөрүп жатып Айымгүлдү сагынып көргүсү
келсе да бара албады. Эгер кетип капса
эле ата-энеси ачкадан өлүп калаары
бышык. Акыры Атабек түндөсү ордунан
туруп Жандардын жайлоодогу жылкысынан
бирди уурдап келмей болду. Жылкычысы
уктаган маалда бир бээни минди да түн
ката жолуна түштү. Аны тааныган иттер
баш көтөрүп үрбөдү. "Кызын менден
ажыраткысы келген Жандарга бирди
көрсөтөйүн" , - деп ойлоп жылкыны
талаага сойуп, баш-терисин көмдү да өзү
жер казып кирди. Үч күн тердеп-кургап
жер казып ичине бир киши сыйгыдай кылды
да, арчаны бутактуусунан кыйып келип
ичине койуп этти илип үңкүрдүн оозун жик
билгизбей бекитип ата-энесине ченеп эт
алып бага баштады. Жандардын
жылкычысы бир жылкысын жоготуп келтек
жеп үйүндө аргасы кетип жатты.
Кудайкулдун тууган уругу да жок эле, ата-
энеси илгертен Куту бийдин атасынын
эшигинде кызмат кылып, алар өлгөндөн
кийин ал да ошол жерде жүрүп жетим
кызга үйлөнгөн. Кайда бараарды билбей
акыры Атабек Өзгөн тарапка кетүүнү
айтканда:
- Уулум, бизге баары бир эмеспи, тууган-
уругубуз болбогондон кийин эптеп жашасак
болду да, - Кудайкул башын жерге сала
күңк этти.
- Сени ойлоп эле кейибесек, атаң
экөөбүздүн жашыбыз өйдөлөп калды, өмүр
бойу жокчулуктун азабынан тажап да
бүткөндөй болдук. Ушу сен бактылуу
болсоң болот эле… - апасы Зире көзүн
жаштап алды.
- Кам санабагыла апа, мен Айымгүлдү
сөзсүз алып качам, силерди карыганда
жакшы багам.
- Тилегиңден кагылайын ай, Жандар анда
эле бизге жашоо бербейттир, ошо кызды өз
жайына эле койсоңчу, балам!
- Жок апа, ал мени күтүп жатат! - деп
Атабек муштум түйө жини келе сүйлөп
жатканда сырттан атчандардын дабышы
чыгып бирөөнүн өктөм үнү чыкты:
- Ээй, ким бар, чык эшикке?!
- Ким керек? - Атабек эптеп тигилген
алачыктан башбага Жандардын эки жигити
менен жылкычысы турганын көрдү.
- Жылкы жоголду, кысыр калган семиз бээ,
бий сенден шекшип бизди жиберди, үйүңдү
тинткени келдик.
- Жандардын менде ала элек өчү дале бар
болсо кир, кирип тинте бергиле! - Атабек
колун үйүн көздөй жаңсады, - бийиңе айта
бар, менин жүрөгүмдү жаралап, канчалык
басынткан менен Айымгүлгө деген менин
сүйүүмдү өчүрө албайт, ал баары бир
меники!
- Ха-ха-ха, колуңда котур мышыгың жок,
жалаарга кашык талканың жок, үстүңдө
үйрүп салаар кийимиң жок туруп анан
Айымгүлдү алып келип ачкадан өлтүрмөк
белең, аны үч күндөн кийин күйөөгө
узатат, андан көрө тойдо кардыңды бир
тойгузуп алсаңчы! - деген Жандардын бир
жигити жылкычысы экөө алачыктын
самсаалап жабылып турган эски-уску
чүпүрөктөрүн ыргытып буйумдарын чачып эч
нерсе таба алышпады. Кетээринде бирөөсү:
- Айымгүлдү алам дегениңди кой, бөөдө
бийдин каарына калып, кыз эмес өз
алапайыңды таппай каласың, андан көрө
өлтүрбөй аман койгонуна ыраазы болгонуң
жакшы, - деп кетти.
- Ошону айтсаң, сени аяды окшойт, болбосо
кырк кулач ороого салып коймок! - деди
дагы бири.
- Көрөбүз, бийиңди жер сыйпалатам! -
Атабек ого бетер күчөдү, жини келгенинен
тигилер менен алыша кетмек болгондо
ата-энеси тыйып койду.
- Мен Айымгүлдү алам, бий мени
теңсинбесе кызын өмүр бойу көрө албайт! -
деп кетип жаткандардын артынан
кыйкырып калды, - демек үч күндөн кийин
той экен да, мен камынышым керек экен…
- деп ойлуу күбүрөнгөндө Кудайкул:
- Балам, бийдин каарына калдык, ал сени
эми жазаласа биздин көрөөр күнүбүз
кайсы? - деди айласы кете.
- Айтканыңдан кайт балам, сага кызын
кармата койбос, андан көрө өз күнүбүздү
өлбөстөй оокатыбызды өткөрүп
маңдайыбызга сени кармап, бул дүйнөдөн
кайгы касиретинен алыс болсок боло? -
Зире уулун кучактай маңдайынан сылап
өөп койду.
- Кабатыр боло бербегиле, эртең Өзгөнгө
түшүп кетебиз.
- Кантип жол алыс, минээрге атыбыз
болбосо, жөө бир айда жетчү жолдо ачтан
өлөбүз го?
- Эч кандай өлбөйбүз ата, мен азыкты
белендеп койгом, ал жакка жете албасак
бул эле Шамшы өрөөнүнө барабыз.
Ошентип ары-бери тартышып отуруп Нарын
тарапка өтүп кетүүнү туура көрүштү: "Үч
күн" Атабектин ойунда ушул үч күн туруп
алды, үч күндүн ичинде анын тагдыры
чечилмек. Кочкордон Нарынга жетип эптеп
бир жерге алачыгын тигип жылкынын
бышкан этинен жеп, Зире бир аз калама
жасап тойунгандан кийин Атабек ата-
энесине айтпай кайрадан Кочкорго жөнөдү.
Жайдак минген аты аны бат эле жеткирди.
Айымгүл күндөп-түндөп ыйлап, энесинин
үйрүлүп атып берген тамагын ичпей
ойлонуп терезеде турган. Жандар
жигиттери айтып келгенден кийин аны
эшикке чыгарбай кайтартып койгон эле.
Ажар өзү кедейдин кызы болгондуктан
Айымгүлдүн Атабекке тийем дегенине
каршы эмес эле. Ал алдын ала ага
жашыруун түрдө кам көрүп: "кокус чындап
Атабек келип алып кете турган болсо
кийинки жашооңо кереги тийет, шашып
калбай ала кет", - деп дилде берген. Ага
кошуп өзүнүн келин болгондо бий алып
келип таккан сырга менен шакектерин,
алтын билеригин берди.
Атабек түндөп жетип минип келген атын
алыс коктуга тушап койуп, Айымгүл жатчу
бөлмөнүн терезесине келди. Дал ошол
тушта кыз терезеге карай койуп
сүйүктүүсүн көрүп кубангандан алаканын
шакылдата чапкылап жиберди эле Атабек
сөөмөйүн оозуна тийгизе "унчукпа" ,
дегендей ишарат кылганда гана эсине
келди. Колун булгай артын карады. Түн
жарымынан ооп калган, кайтаруучулар эбак
эле уйкуда болчу. Ал эми ажылдаган иттер
Атабекти таанып бир-эки арсылдап барып
куйруктарын шыйпаңдата унчукпай
калышты. Өзүн үмүттүү тиктеп уктабай
олтурган кызга ичи элжиреген жигитжан
колу менен жаңдай кокту тарапты көрсөтүп
ошол жактан күтөөрүн билдирди да
караңгыга сиңип кетти. Кыз алдын ала
дайындап койгон буйумдарын алып үйдөн
жыла чыгып баратты. Анын караанын
акмалап турган Атабек үстүндөгү күрмөсүн
кыздын алдына төшөй салып, кызды өңөрдү
да жөнөп кетти. Күн шашкеден өткөндө
Нарынга жетип келди да ата-энесин
таппай калды. Көрсө аларды ошол жердин
ээси Ашым деген бай үйүнө алдырып алган
экен.
- Эмнеге бирөөнүн жерине келип сураксыз
алачык тигип от жагып алдыңар, ал менин
ата-бабаман калган жер. Кайдан келдиңер
эле? - деди жүзүн үйрүй.
- Кечирип койуңуз, бай, биз бир эптеп күн
көргөн бечарабыз, туруктуу жашаган
жерибиз деле жок, - деди Кудайкул.
- Бизге окшогон бечараны кечириңиз,
жаман жумуш болсо иштеп күн көрмөк
элек, - Зире дагы байды жалдырай
карады.
- Эмне жумуш кыласыңар? - бай кызыга
сурады.
- Кандай жумуш болсо да колубуздан
келет, аялым үй жумушунда уздардын
жасаганын билет, - Кудайкул шашып
калды, - эптеп баш калкалар жай табылса
биз сизге ыраазыбыз.
- Мм де, андай болсо жакшы, - деген Ашым
бий аларга курсак тойгузгудай бирдеме
берди да эски кичинекей кепеге киргизип
койду. Кудайкул менен Зиренин кубанганын
айтпа: "Кудай деген кул элек, дароо жай
табылып калганы жакшы болду, эми
уулубуз Айымгүлдү алып келип чуулган
кылса эмне кылаар экенбиз", - дешип
ичтеринен сарсанаа болуп турушту. Зире
ошол эле күнү Ашымдын күйөөгө узатаар
кызынын себин жасаганга киришти.
Анткени Ашым ошондой кылып бермек.
Атайы алдырган ишмер аял акысына
кымбат алмак. "Өзү келгенден кийин
курсагы тойуп, үстүнө жашаганга үй болсо
болду да", - деп ойлогон Ашым аялына
жеткирди. Зиренин иш билгилиги, жасаган
буйуму, кызга деп кундуздан тиккен
шөкүлөлөрү абдан жагып, маталарды
алдына жайды байдын аялы Шекер.
Кудайкул мал караганга кетти.
Бул кезде Атабек менен Айымгүл артынан
куугун келсе таппай калсын деген ойдо
тоону аралап кетишти. Адам буту жетпеген
арчалуу тоонун чокусуна чыгып отту чоң
жагып ушул азыркы бактыларына ыраазы
болуп отурушту.
- Айым, сен мага капа болгон жоксуңбу? -
Атабек кызды аста карап сурады.
- Жок Атабек, мен сени ошол бойдон
кайрылып келбей калабы деп коркком,
андан көрө атамдын силерге кылганы үчүн
сен мага капа болбойсуңбу?
- Ой койчу Айым, сен мени сүйөөрүң,
колунда жок кедейдин баласы деп чанбай
көнүп бергениң эле кандай бакыт, сага
өмүр бойу ыраазымын! - Атабек кызды
коомай кучактап жүзүнөн сүйүп койду.
Ушул көз ирмемчилик мүнөттөрдө эки жаш
кандай гана бактылуу эле, кыз Атабектин
көкүрөгүнө башын жөлөп алып көзүн
жумат.
- Атабек, биз бактылуу болобуз ээ?
- Ооба жаным, Айымым менин, мен дагы,
сен дагы жалгызсың, ошондуктан биз көп
балалуу болобуз, кыздарыбыз сага окшогон
сулуу болушат, балдарыбыз мага окшош
болот.
- Эки кыз, эки бала болот.
- Жок-жок, беш бала беш кыз!
- Ай-иий, он баланы кантип багабыз?
- Экөөбүз багабыз, атамдар жардам
беришет.
- Макул, сен айткандай эле болсун, сенин
жаныңда олтурганыма бактылуумун! - кыз
жылмая Атабектин жүзүнө карады.
- Мына үч күн болду, бизди издеп атышат,
кокус экөөбүздү таап алышса сөзсүз
өлтүрүшөт, атам абдан каары келип
апамды жемелеп жаткандыр… - ойлуу
көзүнө жаш кылгыра түштү.
- Коркпо жаным, менин ата-энем дагы
сарсанаага батып жатышкандыр, алар мени
өлтүрүп койду деп ойлоду го эмдигиче,
жүрү кетели, бир жерден жашаганга жай
таап алып анан атамдарды таап келем,
чогуу бактылуу жашайбыз.
- Кеттик анда, мен сени өмүр бойу угууга
даярмын, атам акыры түшүнөөр… - Экөө
корголоп отурган жеринен туруп
жетелешип алыстан көрүнгөн айылды
көздөй жөнөштү.
Жандардын каары катуу келип үч күн
тынбай издетип көзүнө көрүнгөндү жеп
жиберчүдөй абалда болуп атты. Издеп
кеткен жигиттери эч жерден таппай
келишкенде аялын сабап жигиттеринин
баарын камчынын алдына алды. Ошол түнү
ал уктабай таң атырды: "Жандар, балалуу
боломбу же туяксыз өтөмбү деп какшап
жүргөн кезиңде, картайганда көргөн
кызыңдын артынан куугун жөнөтүп,
зарланган күндөрүңдү унуттуңбу?" - дейт
бир ойу. "Эгер колума тийсе каратаман
кулдун баласын асып өлтүрөм" деп ойлойт
кайра. Түнү менен ойлонуп отуруп акыры:
"Мен көр пенделик кылып жатам го, как
баш аталаарда ушул аялдан бала көрүп
көөнүм жайланып, бөксөргөн аягым толуп
отурбайбы, Ажардын жүрөгүн ооруттум,
кызымды качкын кылдым, неге анын ойу
менен болбодум, кой, эл эмне десе ошо
десин, кулдун баласы болсо да кызым
каалагандан кийин сыйлашым керек!" -
деген чечимге келди. Эртеси жигиттерин
чогултуп алып:
- Айымды таап менин айтканымды
айткыла, мен ойумдан кайттым, келишсин,
экөөнү өргөө тигип берип, үйлөнтүп, жер,
мал бөлүп берем, каршылык кылбайт
дегиле!
- Лаппай болуш, айтканыңдай болот! -
жигиттери колун бооруна ала жүгүнө чыгып
кетти. Бейкасам чепкенин желбегей
жамынган Жандар көптөн бери барбай
кекетип жүргөн Ажардын өргөөсүн көздөй
басты. Ал келгенде үстүнө чүмкөй төшөк
жамынып төрдө жаткан Ажар тетири
караган бойдон жата берди.
- Ажар, мен каарымдан кайттым, кыз-
күйөөнү кечиргенимди укчу, ырас мен сени
да капа кылдым.
- Болуш, бул кылганың менен өз
кадырыңды түшүрүп албайсыңбы, кедейдин
кызынан туулган кыз дагы кедейди
жактырганы сенин кыжырыңды келтирип
атканын билем, ошондо ойлосоң болмок, -
Ажар ары карап жаткан бойдон үн катты.
Анын камчыдан көгөргөн денелери
ооруксунуп турган.
- Кемпир, мен жаңылдым, мен сага өз
көңүлүм менен үйлөнгөм, көңүл арзуусу
менен жүрөк арзуусун ушу кезге чейин
сезбепмин, өз кызымдын эч нерсеси жок
жылаңач, итке минген кедейди ээрчип
кеткенине канчалык ачууланганым менен
кудайдан тилеп жүрүп зорго көргөн
перзентиме кыянатчылык кылуу колумдан
келбеди. Кечирдим, эгер менин
кечиримимди угуп келишсе дүңгүрөтүп той
берип, бар байлыгымды чачып үйлөнтүп,
бөлүп койом!
- Ыраазымын атасы, эки дүйнөдө
ыраазымын, сени ушуга барбайт деп
ойлодум эле, эрке секелегиңе
түшүнгөнүңө ыраазымын! - Ажар онтой
ордунан козголду эле, анын жүзүн көрүп
чочуп кетти болуш:
- Ээ байбиче, ушунча болуп кеттиби, ачуум
менен катуу уруп койгон окшойм, эми мына
жаман уулубуз да чоңойуп баратат, ушунун
өмүрүн тилейли, кой мен сени баглан козу
сойуп айыктырбасам болбойт го, анча-
мынча айбымды мойунума алдым, байбиче,
- деген Жандар сыртка чыгып, кой сойгонго
бир баланы жумшады. Өзү кайра Ажардын
жанына кирип, калың кылып төшөк
салдырды да төргө чыканактай отурду.
Санаасы санга бөлүнүп турду: "Ботом, атам
деле өтө мээримдүү адам эле, мен неге
мындай жаралдым, боорукерлик кылчу жер
да, залимдик кылчу учур да болот эмеспи,
жалгыз чырагымды үйдөн качырып мени
кудай урсачы, кайда, эмне кылып жүрүшөт
болду экен", деп ойлоп: "деги бул сүйүү
дегенине түшүнө албадым, биринчи
аялымды аттуу-баштуу жердин кызы деп
атам алып берди, экинчи аялымды болсо
өзүм көпкөнүмдөн алдым, үчүнчүсүн эки
аялым төрөбөгөнүнөн алгамын, мен сүйүп
көрбөпмүн, арзып көрбөпмүн, эмнеси болсо
да аман-эсен келишсе бээ сойуп түлөө
өткөрөйүн" , деп ойлуу куш жаздыкта көзүн
жумуп жата берди. Түш оой козунун этти
бышып үч аялын кошо чакырып Ажардын
өргөөсүндө отурушту. Чалынын көңүлү
чөгүп турганын билип турган аялдар
Ажардын денсоолугун сураган болуп тамак
желгенден кийин өз үйлөрүнө кетишти.
Негизи үчүнчү аялы Жамал ичинен таба
кылып, көзүн жаштап жини келип жүргөн:
"балалуу болуп жыргаганыңды көрөм,
кулдун кызынан жыргап кете тургансып" , -
деп кекенип алып чойоктой чыгып баратып
кайра кайрылып каш серпе сурап койду:
- Болуш, Айымдан кабар барбы?
- Жок, таарынычы тараганда келет да,
кайда бармак эле, күйөө бала экөөнү тең
алып келүүгө буйрудум.
- Ээ кокуй болуш, эмне деп турасыз, теги
жаман жерге баланын айынан кабылдыңыз
эле, эми минтип тексиз аялдан туулган кыз
биротоло кадыр-баркыңды түшүрө турган
болгон го, ушу эшигиңдин алдында иттер
менен аш талашкан кулуңуз менен куда
болгону калдыңызбы?
- Бас жаагыңды, менин кадыр-баркымды
сен сактабай эле кой, сен тектүү жердин
кызы болуп тууп берсең кой дебедимби, бар
жолуңа түш, жиниме тийсең төркүнүңө
жеткирип берип шерменде кылам!
- Көрөөр көзүңүздүн жанынан чыкпайсыз,
башка аялдарыңыздын адам экенин унутуп
койдуңуз, ушундан көрө бизге талак
бергениңиз оң го? - Кашкая туруп
айтканына болуштун жини келип кетти:
- Эмне деп турасың катын, силер кеңешип
алгансыңарбы, андай кеткиңер келсе кара
башыңарды кетирем, тууган балдарыңар
болбогондон кийин эч нерсеге ээ
болбойсуңар!
- Мен эч ким менен кеңешкеним жок,
жалгыз башыма азаттык сурап жатам, мага
эчтекенин кереги жок, уктуңузбу, мен
деген жашмын, байдын аялы болуп
аталгыча кулдун эркин аялы болгум
келет!
- Бас жаагыңды, кутуруп кетсең азыр да
жолуң ачык, сени эркек эшекке жайдак
мингизип туруп кетирбесем элеби?!
- Каалаганыңдай кыл, башымды азат
кылсаң болду! - кебелбей басып кеткен
аялынын артынан жинге ачууланып кала
берди.
- Болуш, анчалык ачууңузду келтирбеңиз,
андан көрө бүгүн анын үйүнө барыңыз, эрке
токол болуп жүрүп мен келгенден бери
анча көңүл бурбаганыңызга ошентип атса
керек, көңүлүн көтөрүп жарпын жазып
койсоңуз кайда бармак эле? - Ажар токтоо
үн катты.
- Ошонун атасын оозун урайын, жиним
келсе эртең үчөөнө тең талак берем,
калган өмүрүмдү тынч гана өткөрөйүн,
кызым келсе көңүлүм тынып баарын кайра
баштайм! - Жандар отурган жеринде
үңкүйүп күң этти. "Эл башкарып, бийлик
талашып көп адамга катаал мамиле
кылдым, далайын уруп соктум, үч аялдан
балалуу болбой төртүнчү аял алдым,
уулум чоңойгуча эптеп чыдайын", деген
ойду ойлоп көк ала сакалын сылай отура
берди.
Ошону менен сөз уланбады, сойулган
козунун эти алдыга келип Ажарга ак серке
шорпо ичирип, эттен жедирип тердетип
карап атышты. Жандар айтканындай эле үч
аялына азаттык берип, энчи бөлүп
төркүнүнө узатмак болгондо улуу эки аялы:
"карыганда төркүнгө барып уят болбойлу,
өлүгүбүз ушул үйдөн чыксын, жаш эмеспи,
Жамал кетсе кетсин", деп болбой койушту.
Эки кемпирине ыраазы болгон болуш
Жамалдын инисин чакыртып, энчи берип
узатып койду. Ал эми Айымгүлдөн кабар
болбоду, житип кеткендей издегендер
таппай кайра келип атышты. Ажар этинин
көк аласы кетсе да жүрөк жарасы күчөп,
төшөк тартып жатып калды.
Атабек менен Айымгүл келип токтогон
айылдан бирөөнүн үйүнө түнөп, эртеси
жумуш издеп чыкты. Алар түнөгөн үйдүн
ээси жалгыз бой аял, баласы жок, өз
оокатын өткөргөн жан эле. Атабек менен
Айымгүлдүн келгени ага жага бербей
калды. Алардын качып келгенин угуп ого
бетер сүйүндү:
- Эч кайда убара болбогула, бир жанга
көрүнбөгүлө, мен силерди өз баламдай
көрөйүн, караан болгула, айланайындар.
- Болуптур апа, биз сиздикинде жүрө
туралы, мен иштеп экөөңөрдү багып алам,
- Атабек кубанганынан ордунан тура
калды. - Эртең иш издейм, бирөөнүн койун
баксам да силерди ачка калтырбайм.
- Айланайын, өлөөр чагымда жалгыз
болбой караан болгонуңар мага жакшы
болбодубу, өлбөгүдөй оокат, мал-кел бар,
аны мен көрүмө алып кетмек белем, беш-
он күн үйдөн чыкпай эле кой.
- Коркпоңуз апа, качкан да кууган да кудай
дейт эмеспи, башка салганын көрөөрбүз.
Айым, сен эч кимге көрүнбө, апам менен
эрмектешип отура бер! - Атабек башына
төрт бүктөп жоолук байлап алып сакал-
муруту өскөн бойдон сыртка чыкты. Анын
кең далылуу алп мүчөсүн суктана караган
Айым узата карап туруп: "ушул менин
түгөйүм ээ, кандай сулуу күйөөм бар", деп
ойлонуп жылмайып алды. Атабек жумуш
издейм дегени менен ойунда ата-энесинен
кабатыр болуп: "алар эмне болушту экен,
мени ойлоп азап чеккени аз келгенсип
талаада ач болуп курушту го", деп
кыжаалаттанып аткан.
Башына жоолук байланган, сакал-мурут
койуп алып шайдоот баскан кара каш, кара
көз сулуу кең далылуу, олбурлуу жигитти
көргөндөр бул айылдык эмес экенин дароо
эле байкашты. Ошол учурда айыл-айылда
байлар менен күрөшүү үчүн уйумдар
түзүлүп жаткан эле. Жаштардын комсомол
уйумуна дал ушу Атабектей эр азамат
жигиттер керекке жарай турган.
Абдыжапар аны жолдон көрүп эле
конторуна ээрчитип келди.
- Кел иним, кайдан, кайда кетип жатасың,
адегенде эле таанышып алалы, - деди
Абдыжапар колун суна.
- Мен Асылканов Абдыжапар, комсомол
уйумунун секретарымын! - деди.
- Атабек, - Атабек анын айткандарына
анча түшүнө бербей колун берди.
- Жолдош Атабек, сен эч нерсе түшүнгөн
жоксуңбу?
- Жок байке, мен… мен… - Атабек уяла
түшүп башын жерге салды.
- Анда мындай иним, Владимир Ильич
Ленин түзүп берген Револйуция байларды
жойуп, бейбечара, кара тамандарга жыргал
заманды алып келди, айылдарда комсомол
уйумдары уйушулуп жалаң жаштар менен эр
жүрөк адамдардан турган уйумга сага
окшогондор кирип, байлар менен күрөшүбүз
керек. Кедейлердин заманы келди, баш
көтөрүп өз жыргалчылыгыбыз үчүн жалпы
аракет кылбасак тебелеп бүтүштү баш
көтөртпөй.
Урматтуу окурмандар сиздер учун бир кызыктуу чыгарманы чыгаралы деп атабыз, чыгарманы окудунуздар беле? комментарий калтырыныздар ошого карап уланталы...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 43
Уландысын чыгара бергиле.