5 - БӨЛҮМ
– Эмнеге, ажыраша турган оюм жок.
– Анда бөлүнүп жашагыла да, — деди
Алмаз.
- Туура, бөлүнүп кеткиле.
— Чын эле, ушул оюма келбептир, –
Чынгыз кубанып кетти, ал дароо эле
батир издеп таап анан Гулсунайга
барды, - Гүлсун, жүру кеттик.
– Кайда, эмнеге кетебиз?
– Мен батир таптым, өзүбүзчө
жашайбыз.
– Атаңдар макул болобу, кыйналбай эле
койсон болмок.
- Сен үчүн баарына кайылмын Гулсун.
– Мен бара албайм, тынч эле ажырашып
алалычы.
- Мени сүйбөйсунбу Гулсун?
– Сүйүү бакыт алып келсе жакшы,
мындан көрө сүйүүсүз эле бактылуу
болгон жакшы го, сүйүү экөөбүзгө эч
нерсе бере алган жок Чынгыз.
– Жо-ок Гүлсүн, сен жаңыласың, көрөсүң
го биз бактылуу болобуз.
– Заардуу сөздөргө ууланып бүттүм.,
жок жарды болсок дагы мээримден
куруу өскөн эмесмин, байлыгы төгүлүп
турса да заар чачып турса ичкениң аш
болобу Чынгыз, мен эми кайрылып
барбаймын, өзүбүзгө окшогон бирөө
табылаар, болбосо бул өмүрдөн эрсиз
өтөм, - деп Гүлсүнай болбой койду.
Чынгыз канчалык айтса дагы болбоду,
ал аргасыз үйүнө башын жерге салып
ыргылжың келди.
— Эмне болду Чынгыз, кел тамак иче гой,
- деп Сайра жаркылдай каршы алды.
— Ичпейм, — Өз бөлмөсүнө өтүп кетти.
– Баягы өлүксүз бирдеме деген го
балам, ага кайгырбай эле кой, сага
со-онун кыз таптым, эртең эле алып
беремин, кыз ак үйдө иштейт экен, тим
эле сулуусун айт.
– Кереги жок, Илгизге алып бер! – деп
бурк этти Чынгыз.
Ошол болчу беле, Илгиз азыр үйлөнө
турган боло элек, мына көрсөң кыздын
сүрөтүн, – деп Сайра жагалдана сүрөттү
алып келип көргөздү, – Татынакай кыз
экен, атасы сот болуп иштейт экен.
— Болсо боло берсин, мага кызыгы жок,
– Чынгыз эшигин жаап алды, ошол
бойдон эки үч күн эшикке чыкпай, эч
ким менен сүйлөшпөй, эчтеке ичпей
жатып алды, аргасы кеткен Сайра менен
Канатбек урушуп жатты:
— Баланы өз оюна койсоң болот эле го,
келинге барып алып келүү керек.
Сен жинди болдуңбу, кеткенине мен
кубанып отурам билсең, Чынгыз акыры
унутат, андан кам санаба, ошол азезили
келбесин эми үйгө.
— Акылың жок байбиче, балага убал
болду, мен Алмаз менен Артизди
чакырайынчы, - деп Канатбек телефонго
барды, - Алоо, мен эле Нуртаз, Артизди
биздин үйгө жиберип койчу, Алмаз экөө
тең келсин, макул-макул, – деп трубканы
койду.
– Ушул акылың туура,
алар келсе алаксып кетет, деп Сайра
кубанып алды, Алмаз менен Артиз бат
эле келип калышты. Чынгыз суу ичкиси
келип карды ачып турса дагы чыдап
балдар менен сүйлөшүп отурду.
— Эми эмне кылайын дейсиң Чынгыз? -
деп сурады Алмаз.
– Гүлсүнайды бактылуу кыла
албадынбы досум? - деди Артиз.
- Ооба, бактылуу кыла албадым, эгерде
силерге туш келсе кандай болот эле? -
Чынгыз эки досун карады, – Балким аяш
энемдер асылбайт беле?
— Билбейм, биз деле балким ошентет
элек ким билет?
– Ооба, үчөөбүз сүйгөн кыз, досторум
мага сыйлап жол берген, эми мен
сүйүүмө тура албадым, сүйген кызымды
бактылуу кыла албадым.
- Өкүнбө досум, балким тагдырынар
ушундайдыр.
— Билбейм, эмне кылаарымды билбейм.
— Балким биз барып көрсөк кантет? –
деди Алмаз.
- Чын эле, ортого түшүп көрбөйлүбү, –
Алмаз макулдугун билдирди.
– Силер барып көргүлө, мага болбой
койду, көрүнбөй турайын, — деп Чынгыз
өйдө болду, үчөө үйдөн чыкканда Сайра:
— Ой отуруп тамак ичкиле, - деди
аларга.
— Аяш эне, ишибиз бар, капа болбоңуз,
дешип болбой чыгып кетишти.
- Капырай Чынгыз ачка эле, бирдеме
ичип алса болот эле...
деди
- Шашылышпыз аяш эне,
Артиз, ал ушул кезде аны жек көрүп
турган эле, анын Гүлсүнайга асылып
вч болгонун угуп жинденип жүрген
болчу. Алар ээрчише унаага отуруп
Гүлсүнай жашаган дачага жөнөштү,
Чынгыз алысыраакта кала берди. Алмаз
менен Артиз түз эле барып эшигин
такылдатышты, күз болгондуктан суук
болгонго эшиги жабык эле:
- Ким? - деп иниси Жанат чыга калды.
– Гүлсүнайды айтып коесуңбу?
— Ал тура албайт, ооруп жатат.
- Эмнеси ооруп жатат? - деп жиберди
Артиз.
— Билбейм көп болду.
- Кирсек болобу? - деп Алмаз айтканда
Тынар чыга калды.
– Келгиле балдар.
Саламатсызбы?
- Саламат, кир-кире койгула.
– Гүлсүнайга келдик эле.
- Кирип жолуккула, - Аларды Тынар
ичкери киргизди, Гүлсүнай төшөктө
жаткан, тура калды:
– Келгиле...
– Келдик, акыбалдар кандай?
- Жакшы, өзүңөр кандай, Айпери менен
Марина төрөй элекпи?
– Жо-ок, аз калды дейт го? – Алмаз күлө
Артизди карады.
– Ооба, жакында төрөйт да, эмнең ооруп
жатат Гулсунай?
– Сууктап калсам керек.
– Тез сакайып кет, – Алмаз бирдеме
дебейсиңби дегендей Артизди карады.
- Гүлсунай, Чынгыздын абалы оор, уч
күндөн бери эч ким менен
Сүйлөшпөй дагы, эчтеке
ичпей дагы жатат, ушундай кантип
болсун?
- Тагдырыбыз ушундай экен, биздин
колубузду жоктугу кедерги болду, эми
Чынгыз тагдырга тан берип өз жашоосун
өткөрсүн, – Гүлсүнай жашка мууна
тушту, - Мен болсо баламды жоготтум....
- Эмне?
– Чын элеби?
- Ооба, боюмдан тушуп калды.
- Жаман болуптур, Чынгыз билчу беле?
– Жок, өзүм деле билген эмесмин.
- Капаланба Гулсунай, дагы деле
балалуу болосуңар, - деди Алмаз.
— Биз кайталы, Чынгызга эмне дейли?
– Өзүнө карасын, менден үмүтүн үзсүн,
жашоо алдыда...
- Эми дагы ойлонгула Гулсунай,
биз силердин ажырашууңарга жол
бербейбиз, — деди да туруп коштошуп
чыгышты. Чынгыз машинада отуруп
тажап кетип эми гана сыртка чыкканда
алар келип калышты.
- Эмне болду, сүйлөшө алдыңарбы?
— Ооба, иш чатак досум, анын боюнан
тушуптур.
- Эмне, боюнда бар бекен?
- Ооба, езу да билбей калдым дейт.
— Эми эмне кылам, кайра өзүм
барсамбы?
— Болбойт, төшөктө экен, кайра
капаланат.
Макул, кандай кылабыз, боло
турганбы?
– Карайып алыптыр, бизди угаар түрү
жок.
деди
· Ал сени аяп жатат, эми болбойт го?
· Мен андан ажырасам өлөм,
Чынгыз терс бурула, — Ошол учурда
Алмаздын кол телефону чырылдады,
Ал телефонуңду, балким Гүлсүнай болуп
жүрбөсүн, – деди Чынгыз шашкан түрдө.
- Алоо угуп жатам, качан кетти, азыр
барып калам, - Алмаз телефонун
чөнтөгүнө салды, — Айпери толготуп
төрөтканага кетиптир.
· Анда кеттик, — деди Артиз, үчөө унаага
отуруп жөнөштү, алар келгенче Айпери
уул төрөп коюптур, үч дос бири-бирин
кучактап кубанып гүл көтөрүп алышып
төрөтканага келип Айперини куттуктап
андан соң үчөө кафеге киришти.
- Досум кайгырба эми, сен дагы балалуу
болосуң, эмесе биздин уулду жууйлу, –
деди Алмаз кубанычтуу, – Мына, биз
бирөөгө бала элек, эми минтип ата да
болдук.
- Ананчы, карасан убакыт билинбей
өтүп кеткенин, — Артиз коштоду.
- KyTTykTaйм досум, уулуңардын
боосу бекем болсун, ылайым бактылуу
балалык доорун сүрсүн, – деп Чынгыз
Алмазга кайрылды, — Атын ким коеюн
дейсиңер?
— Атам коет го, алардан өтүнө албайм.
– Туура, ата-энени сыйлаш керек.
– Сен дагы ошентесиңби?
- Ооба, азыртан эле атам ат камдап
жүрөт, — Артиз күлүп калды.
- Сен эмне күйөө абалсың, кайнатан
сразу машина мингизди, балаңдын атын
өзү коебу дейм да, - деп
)тамашалай күлдү Чынгыз.
Кимиси койсо дагы туула берсин, -
деп Артиз дагы күлүп үчөө пиводон ичип
көпкө отурушуп анан Чынгызды үйүнө
жеткирип койду. Сырттан киргенде эле
анын кызуу экенин байкады Канатбек.
- Эмне болду балам, ичип алгансынбы?
– Ичтим, досторум балалуу болуп
жатат, мен болсо жоготтум баарын, -
Бөлмөсүнө өтүп кетти, – Мени бактысыз
кылдынар!
- Ой бала, билсең сени бактылуу болсун
деп жатам, — Сайра чыга калды.
– Мениби апа, – Чынгыз ыржая
мыскылдуу күлдү, – Бүттү баары, балам
да жок, Гүлсүн дагы келбейт, эми
менден үмүт кылбагыла!
— Балам, антпе кагылайын, балам жок
дегениң эмнең, али жашсың садага, эми
эле үйлөнсөң балалуу боосуң.
- Эмиби? Үйлөнүппү? - Каткырды,
- Досторум кандай бактылуу, а мен
бактысыз, сүйүүмдөн айрылдым
апа, билесинби Гулсунайдын боюнан
тушуптур!
-Эмне, боюнда бар беле?
– Ооба, эми жок, баргыла жатам, деп
эшигин жаап алды. Ошондон он чакты
күн өткөндө Артиздин аялы Марина
уул төрөдү, Чынгыз өзүн жаман сезип
турса дагы досторунун кубанычына
ортоктошуп бирге жүрүп кечке маал өзүн
билбей жыгылып бара жатканда Алмаз
кармап калды:
– Чынгыз сага эмне болду?
- Чынгыз эмне болду? - Артиз менен
Алмаз машинага салып ооруканага
жеткиришти, врачтар көрүп укол-дары
бергенден кийин көзүн ачты:
– Мен кайдамын? – деди ал көзүн ачып
эле Алмаз менен Артизди көрүп.
- Сен эсиңди жоготуп койдуң,
тынчыраак жат.
– Жок, мен өзүмдү жакшы эле сезип
турам, үйгө кетүүм керек.
– Врачтар анализ алабыз дешти, бүгүнчө
жатып тур, – Алмаз менен Артиз аны
тургуза койбоду.
– Жакшы элемин...
— Уулум, сага эмне болду? - Сайра менен
Канатбек келип калды.
- Балам, эмне болуп кетти, бир жериң
оорудубу?
— Жок апа, мен бир аз башым айланып
эле...
- KyдaЙ Caктай гөр, врачтар көрдубу
анан?
— Ооба, анализ алабыз дешти, — Артиз
жооп берди.
– Кереги жок, үйгө кетем.
— Кой уулум, анализ алса алсын, деди
Канатбек.
- Койгулачы болбогонду айтпай, мен
сопсоо элемин, Чынгыз туруп кийине
баштады, Алмаз врачты чакырып келди:
– Жигит, бүгүн кетпейсиң, башың мурда
ООРУЧУ беле?
– Жок, эч жерим ооруган эмес.
- Эмне болду иним, бирдеме
билдиңерби? - Сайра врачка кайрылды.
- Башын көрүү керек, оору башталган...
- Эмне дейт кокуй? - Сайра үрпөйө
карап калды.
- Оорубай элемин,
- Чынгыз уккусу келбей
кетмек болду.
· Ден-соолук оңой эмес жигит, деди
врач, Канатбек врачты жалт карады.
- Ошончолук кооптубу иним?
— Албетте, башында шишик бардай,
тезинен текшерилсе дарылоого эрте
-
киришкенге болот, деди врач олутту
карап.
- Уулум, бир-эки күн жатып текшерилип
алганың оң, – Сайра чыйпылыктап ийди.
– Чынгыз, ден-соолугуңду жакшылап
каратып ал, деди Алмаз менен
Артиз дагы жарыша карап, Чынгыз
ойлонуп калды, баарылап көндүрүп
калтырышты, ал ойлонуп: “Анда менин
башымда шишик болсо кыйын экен да,
а балким опухел болуп калгандырмын,
анда жаман экен, өлүп калышым
мүмкүн тура, эчтеке билбей жатып
калганымды кара”, деп ойлоп
ата-энеси менен достору кеткенден
кийин жатып калды, Алмаз үйүнө келген
соң Гүлсүнайга телефон чалды, ал көптө
барып анан алды:
— Алоо, угуп жатам, деди ал акырын.
- Гулсунай, ден-соолугуң кандай?
- Жакшы, өзүңөр кандайсынар, уулунар
чоңоюп жатабы?
- Баары жайында, Гулсунай Чынгыз
ооруканада жатат, башында шишик бар
дейт врач...
— Эмнеге, кандайча шишик?
— Опухел болушу мүмкүн экен.
– Кайсы ооруканада.
- Республикалык ооруканада.
- Жарайт, эртең барам.
· Ошент Гүлсүнай, кыйын кезде
жанында болушуң керек, рахмат мени
угуп макул болгонуна, эртең ооруканада
жолугабыз, – Алмаз терең дем алып
алды, — Оой эст, демек Гүлсүнай келе
турган болду.
— Алмаз, — деди баятан бери жанында
отурган Айпери.
– Оов жаным, эмне болду?
- Гүлсунайдын келээрин угуп аябай
кубандың го?
– Чынгыз ошол үчүн ооруп калды
менимче, катуу ойлонуп ийди окшойт.
Туура, ал дагы абдан кек болсо керек?
— Аныкы деле туура да бир жагы,
керээлден кечке эле жок-жардысын
айтып байкушту кемсинте берсе ага
кыйын да, бирок ал дагы Чынгызды
ойлоп кыйналып жатса керек, келмек
болду.
– Табышып калышабы?
- Көрөбүз го, Артиз экөөбүз аракет
кылабыз, биздин достугубуз
бири-бирибизге колдоо көрсөтүү да,
бирок билгизбей туруп жасайбыз, -
Алмаз келинчегин өөп кучактады,
Сен билбейсиң Айпери, кичинебизден
бирге естук, урушкан эмеспиз, бирибизге
балдар тийишсе үчөөлөп тура калчубуз,
Артиз бешинчи класста окуп жүргөндө
ооруп жатып калса Чынгыз экөөбүз
анын жанынан чыкпай ыйлаганыбыз
эсимде, ата-энелерибиз дагы таңгалып
күлүп калышчу.
Уландысы бар...
КЛАСС БАСА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2