(повесть)
4-бөлүм
Чыйыр түшкөн
жолдор.Белгисиз жолдор.Кайда алып барып түгөнөт?Кимдер баскан? Кандай издер? Бул жашоого баалап берген өмүрдүн издери кайда алып барып ,кайсы
толкунуна чайкайт? Өмүр түгөйлөр бел байлап тобокелге салган өмүр күнү
бакыт нуруна бөлөнөбү же биротоло жоголобу?Ойлордун тизмегин жүрөгүнүн түпкүрүнөн эр зайып экөөбү тең өткөзүп тунжурап келе жатышты.
Булардын тынчтыгын алдынан чыккан жолоочу бузду.
-Жол болсун,мусулманым-деп араң эле үн чыгарып,арып ачып жөө -жалаң
келе жаткан адам үн катты.
-Айтканыңыз келсин карыям,кай тарапка жол алдыңыз?-депКарабай аттан
түшүп, көзү алайган аксакалга сылык -сыпаа учурашты.
Кыязы көкүрөгү көпкө күйүп бүткөн карыя белгисиз тарапты колу менен
жаңсап көрсөтүп койду.Айым аттан түшүп бир жоолукка тамак аштан түйүп
абышкага илбериңки узатты.
-Тилеген тилегинерге жеткиле балдарым, өмүрүңөр узун болсун-деп карыя,калтыраган үнменен титиреген колдору түйүнчөктү араң кармап
өзүнүн жолуна түштү.
Туура аккан сууу качан кездешээр экен деп Карабай ичинен бушайман.
Үйлөрүнөн чыккандан бери жолдо бир журтка түнөшүп, бүгүн экинчи күнү жолдо келе жатышат.
Бешим оой жубайлар чий баскан талааларды кечип,анда-санда бирин -экин конгон үйлөрдү,чий арасында жайылып жүргөн майда жандыктарды көрүштү.
Аңгыча күр-шар эткен суунун үнү угулду.
Жубайлардын экөөсү тең селт дей түшүшүп бири- бирин карашты анан суунун үнү чыккан жакты көздөй бастырышып жөнөштү.
Жүрөктөрү жаш кездериндей тарсылдап,опкоолжуп чыкты.
-Келчү жерибизге келген окшойбуз го айым-деп Карабай кулүлүмсүрөп сүйүнгөнүн жашыра албай зайыбына карады.
-Ошондой го мына суу агып жатат деди ал.
Эр зайып аттарынан түшүшүп суу жээктей басышты.
-Кандай гана шар аккан суу-деп Бегимбүбү алаканы менен сууну шилеп анан жүзүн бир чайкап алды.
Жаны жер. Бейтааныш.
Бөтөн эл , бөтөн жер.Алар бир топко эс алып айлананы карап бир чети кооптонгондой батына албай олтурушту."Кандай болоор,экен
эр зайыпты кандай кабыл алаар экен бул тааныбаган журт.Койнун ачаар бекен же тентиген селсаяк деп кодулаар бекен?Ушул ойлор түгөйлөрдүн
көкүрөгүндө түпөйүл болуп турду.
Күн болсо чай күмүш ачык, күмүш чокулуу аппак
тоолор алыстан занкаят.
Күркүрөп аккан суу, берметтерин чачыратып күн нуруна чагылышып алда кайда чуркап учу кыйыры белгисиз зыпылдайт. Абанын тазалыгын карачы,кере жутсаң демине дем кошот ак мөңгүлүү тоолордон келген тооонун керимсел жыты келген эр зайыпты сергитип жиберди.Шаркырап аккан сууну
жээктеп ат жетелеп келе беришти.Суунун гана күрпүлдөп акканы болбосо
айлана тыптынч тунжурап.Ача кеткен айрылыш жолдон оңго бурулуп бир аз
бастырганда алыстан конгон боз үйлөрдү көрүштү.
Аттын башын тартып жай-
лап калышты.Эл жашаган журтка жакындай бергенде,иттердин үргөн ызы-чуусу башталды.
Көп узабай эле четки үйдөн бир жигит чыгып алдыларынан
утурлай басты.
-Ассаламу алейкум-деп Карабай үн берип саламын айтты.
-Ва аллейкуму ассалам-деп жигит дагы алигин алып аларга карады.
Кийген кийимдери минген аттары таза көркөмдүү.
Өздөрү да келбеттүү, ирең
бешенелери жаркырап турган адамдар экен, жөн келди эле адамдар эмес-деди ичинен Жакшыгул.
-Келгиле,жол болсун.Кудай коногум болгула-деп жигит тигилердин аттарын
алып мамыга байлады.Эр зайып үйгө кирип жай алышты. Үйдүн ээлери деле
өздөрүнө тең тайлаш эле адамдар окшойт деп ичтерине ойлоп олтурушту.
Келген адамдарга үйдөгү зайып дасторкон жайып мейманчылады.
Бей тааныш адамдарга дасторкон жыйналган да гана үйдүн ээси жай сурашканга өттү.
Карабай жубайы экөөсүнүн баштарынан өткөн оор окуяларды ай-
тып бул жерге тагдыр жолу менен келип олтурганын айтты.
Үйдүн ээси
Жакшыгул,зайыбы үч эркек баласы бар экенин көрүп олтурушат.Мотурай-
ган балдар чүкө ойноп олтурушат.
-Силер издеп келген суу "Күркүрөө"деп аталат биздин уруу ушул суунун төмөн жагында жайгашканбыз-деди ал.
Эртеси күнү ал уруунун аксакалдары менен тааныштырып учураштырды.
Карабай зайыбы экөөбү Жакшыгулдун үй бүлөсү жакшы адамдардан экенин келген күндөн эле билишти.Бир үй-бүлөдөй болуп эле бир топко жашап турушту. Келген журту "Олжо "деген уруу экен.Олжо уруусу бул аймакта чоң
уруулардын бири.Журтунун көптүгү да башкалардан айырмаланып турат.
Уруунун жакшылары өздөрүнчө кеңешип алыстан бир туяктын изин издеп келген жубайларга өздөрүнчө үй көтөрүп болуп коюшту.
Саанына уй берип керектүү буюм тайымын ырастап беришти.Ошентип жаңы туугандардын арасында
жаны журтка көнө башташты.Балалуу болмоюнча туугандарына, тууган журтуна барбайын деп ырым кылышты.
-Тагдырдын буйругу,туз насип ушул жерге буйруптур айым, мындан аркысын дагы көрөрбүз -деди байы өзүнүн тууган журтун туугандарын сагынганынан кеп кылып калды.
-Маңдайга жазганды көрөрбүз байым,-деди зайыбы тагдырга моюн сунгандай.
Жаңы журт . Жаңы жашоо.Баардыгы жаңыча,жада калса өздөрүнүн мами-
лелери да башкача жаңыланып калгандай.
Жаңы туугандардын ыклас мамилелери азырынча жакшы,айрыкча Жакшыгул менен зайыбы Дилдекүлдүн
мамилелери тигилерден да башкача ысык.
Карабай зайыбы экөөбү Жакшыгул
дун үй бүлөсүнүн адамгерчилигинен бир тууган тапкандай болушту.Тамак аш
тары ортодо.Бир күн бул үйдөн ,бир күн тигил үйдөн ичип жешип , өтө ынактболуп кетишти.
Журт которуп келген жубайлардын ,"Бир ылаажы болор бекен деген оюлору көкүрөктөрүндө дайыма кадалып турду.
-Сыртка чыгып жер чалдырып көрүп келейин -деди Карабай бир күнү.
Күн көтөрүлүп көгөргөн асманда буладай ак булуттар көчүп жел согуп турду.
Карабай атына минип жөнөп кетти.Аттын басыгы менен бозоргон чий талааны
аралап,бир мезгилде тоо тарапты карап койду.
Күз келип аба салкын болуп ка
калган экен. Ала-Тоонун күмүш чокулары күнгө чагылышып алыстан ала-тилек
болуп көрүнүп турду.Айрыкча Манас чокусу типтик болуп көк мөңгүсү менен
занкаят.Аттын басыгынан чоочулашкан таранчылар чий түбүнөн бырп этип
учуп кайдадыр башка чий түбүнө кирип кетип жатты.Алыстан "Көк -Мечит"
көрүндү.
Бул ыйык мечитти Досой уулу Молтон ажы курдурган .
Көк -Мечитте
беш маал азан чакырылып,жаамы журт намаз окуй турган жер болуп калганына бир топ болду.Уруу-уруу болуп турган заманда хан ордосуна төлөнчү салык да ушул жерден чечилип кеңешчү жер болуп калган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9