Сага айта албай, ырга салып олтурам.
Серенада болсун жаным ушул ыр,
Созуп обон, терезеңден кол сунам.
Сен кызыл гүл, көзүн арткан баарысы,
Сен музыка, жанга жаккан дабышы.
Сен деп жатып, сен деп турам уйкудан,
Сен деп туйлап, сен дейт жүрөк кагышы.
Сага бердим жан дүйнөмдү бүтүндөй,
Сагынычым, санаам өзүң үчүндөй.
Саргайыңкы сары күздө тапсам да,
Сага сүйүүм жазгы жаңы бүчүрдөй.
Сенин атың көкүрөктө тумардай,
Сактап алдым көөдөнүмө, чыгарбай.
Саатка жетпей, мүнөт санап өзүңсүз,
Санаа тартам сенкунд чыдап тура албай,
Сенсиң бактым, сенсиң өмүр жыргалым,
Сенсиң музам, симфониям, ыргагым.
Сенсиң эргүү, чабыттары кыялдын,
Сенсиң арзуу, сенсиң сүйүү ырларым.
16.06.23 ТТ. КОЙ СУЫ ( Овечий овраг)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8