Үңкүрдү түп кыдыра карап чыккан келин үңкүрдүн ичкери жагында дагы бир бөлмөсү бар экенин көрүп баш багуудан бир чети коркуп турса да кызыгуусу жеңип кеттиби көзү караңгылыкка үйрөнүп калганга ал бөлмөнү да кылдаттык менен "изилдөөгө" өттү. Бир бурчунда кичине отун коюлуп үстүндө ар түрдүү рулону менен материалдар (баркыт, боз, ж.б) турганын көрүп таң калса жанында сандыкта күмүш билериктер, чачпактар, шуру мончоктор, алтын дилделер, тагынчактардын түрү бар экен жылтылдап көз уялтат.... кантсе да аял заты да аюуга туткун болуп жаны кыл учунда турганы эстен чыгып сандыктагы тагынчактардан жакканын алып өзүнө тагып көңүлү көтөрүлө түштү. Ийне жип чоң ийне (жубалдыс) баары бар экени эле бул үңкүрдө бай манаптар мурун жашап кеткенинен далил.......Кымбат шурулар мончоктор менен кооздолуп тигилген кемзелдер, кош этек көйнөктөр, түркүн түстүү шайы жоолуктар жылтырап дагы бир сандыкты ээлептир, күмүш табактар кашыктар, көөкөрлөр, ашатылган ар түрдүү жаныбардын терилери, деги койчу мындай нерселерди бул жерден көрөм деп ойлобогон келиндин таң калуусу ашты....
Күмүш кашык табактарды карап туруп оюна бир деме кылт этип келгенге келин өзүнчө бир жылмайып алды да чоңураак калың кашыктан экини табактан бирди алып кайра үңкүрдүн оозгу жагына чуркап жөнөдү. Эми үңкүрдүн бир четинен өзү бата тургандай кылып оюп казып качып чыгып жолдошу Мырзага ата - энесине тезирээк жетүүгө ашыккан келин үңкүрдүн бир четин ылайыктуу деп таап болгон күчү менен тытмалап каза баштады, ыйлай берип күчү кетип алсырап шайы оогуча казды бирок кечээтен бери ысык тамак ичпегенге уктабаганга бир эки саат өтпөй эле колдору ооруп чыдатпай эси ооп олтуруп калды. Эки ак таш таап тутантып баягы отундардан алып келип материалдардан кошуп от жакты, от күйүп тутанганда кечинде аюу ыргыткан коёндун терисин сыйрып таштап этин эптеп ары бери кактамыш этип бышырып жеди. Чаначтагы сүзмөдөн жеп өзүно келе түштү бирок ысык тамак нандын орду бөлөк эмеспи ашказаны оңулдап бирдеме жетишпегендей болот..."ээ ушунусуна да шүгүр дагы канча күндүк өмүрүм калды балким аюу мени бүгүн өлтүрүп жээр" - деген күдүк ой мээсин жеп корко баштады.
Күн өтүп кеч кириши кыйын убакыт өтпөйт, колунан келишинче казган жерин тереңдетип оюп аюу келээр маалга жакындап кеч киргенде майда таштар менен казылган жерди билдирбей жымсалдап койду да кийиздин үстүндөгү төшөккө кыңкайып жаткан боюнча көзү илинип уктап кетиптир аюунун кирип келгенин да байкабаптыр, качан гана аюу келинди кучактап алып тили менен жалай баштаганда чочуп кыйкырып ойгонуп кетти. Ошентип аюунун өткүр тырмактары денесине өтүп сасык жыты каңылжаарын жарып кыйынчылык жаратса да аюу өзүн өлтүрбөшүнө жебешине көзү жеткендей болуп тынчып жоошуп калды.....ошентип дагы бир күн өттү.
Таң атып аюу үңкүрдөн чыгып кеткенден көп өтпөй келин туруп от жагып тамактанганы чучукту отко кактап чаначтагы сүзмөнү бери сүйрөп келип убараланып жаткан кезде үңкүрдүн оозунан капысынан күрүлдөгөн үн чыгып чоң ташты бирөө тытмалап жылдырганы аракет кылып жатканын байкап чыдабай таштын жанына чуркап барып тешигинен сыртты шыкалаап карап көргөн көзүнө ишенбей чочуп каттуу кыйкырып артка кетенчиктей баштады...себеби ооздогу ташты жылдырганы аракеттенген аюу эмес чаар жолборс экен..... кантсе да ушунча күндөн бери аюу аны өлтүрбөй кайра коён тутуп келип жапайы карагат терип келип багып кам көрүп жатканга аюуну жакын санап калган экен сырттагы күрүлдөгөн жолборсту көрүп өзүн үңкүргө камаган чоң күрөң аюунун тезирээк эле жанына келишин каалап коркуп ыйлап кирди, от жаккандагы толук күйүп бүтө элек отундан бирди алып келип таштын кичинекей кычыгынан жолборсту туштай ыргытты, терисине от тийип жаны ачыган жолборс ан сайын күркүрөп ташты жылдырганы күчү жетпей тырмактары менен таштын түбүн казып жаалданып кетти. Учу күйгөн отунду алып келип таштын кичинекей ачык жеринен жолборсту ташка жакындатпай сайгылайт, болгон күчү менен "жардам чакырып" кыйкырат майда таштар менен аткылап ургулайт, ан сайын жолборс күрүлдөп үңкүргө карай умтулат, бир маалда таш кичине ордунан козголду эле жан ширин экен...келин ыйлап жиберди. "Өлөт деген ушу тура аюуга туткун болуп бирок жолборс жара тартып жеп кетип өмүрүм түгөнөт турбайбы" - деп ойлонгуча келиндин аюусу келип калды, аркырап күркүрөп экөө алыша кетти, кайдан экени белгисиз ар жактан майпаңдап дагы бир аюу келип жолборско асыла кетти, эки аюу менен алышып жеңбесине көзү жеткен жолборс кармашпай эле бурулуп качып жөнөдү, аюунун шериги башын бир чулгуп жер чапчып алып а да ары карай кетти, үңкүрдү ээлеп алган "кожоюну" күрөң аюу ташты жылдырып ичкери кирип келиндин чекеде бүрүшүп отурганын көрүп көңүлү жайлана түштүбү талпайып жерге оонай кетти...
Бир кезде келиндин көзү өзүн тиктеп турган аюунун көздөрүнө чагылыша түштү, негедир бир сырды жашыргандай болгон муңайым көздөр... айбан болсо да мээримдүүлүккө толгон башкача көздөр....тили гана жок, тили болсо келинге көп нерсе айткысы келгендей болуп күркүрөп үн чыгарып майпаңдап басып келип келиндин алдына эркелеп жата калды...балким өз тилинде "сени жолборско алдырып жибергенде мен эмне кылмакмын, 10 күндөн бери сага байланып жакын санап калганымды айталсам кана.... адамдар жашаган үңкүрдү ээлеп калгандан бери адам жытына үйрөнүп адамдарга болгон урматым ашып калганын билдире алсам гана.... , сени жоготкум келбейт, менден жамандык күтпө кантип эле сенден айрылгым келсин, сени башкалардан акыркы алым калгыча коргоп алам, мага ишен" - деп жаткандай...... Келин: жырткыч болсо да башкача мээрим төгүп өзүн жалдырап караган аюунун оюн окугандай өзүнө жамандык жасабасын туюп сезгендей илбиреген назик колу менен башынан сылап койду, аюу да келиндин ыраазычылыгын түшүнүп жаткансып башына тийген келиндин колуна магдырай эркелей кетти ..... Жолборстон куткарып жашоосунун мындан ары уланышына себеп болгон аюуну жакын тутуп эркелегенсип жылмайып койду, үңкүрдө туткунда жаткандан бери келиндин бул биринчи жолу көңүлү жайланышып жылмаюу эле...
"Мындай жашоо коркунучтуу, балким аюу жебеген күндө деле бүгүнкүдөй жолборс келип ташты жылдырып алса эмне болмок же таштын ачык кичине жеринен чөө, карышкыр же сүлөөсүн кирип келсечи"..... эми келин аюуну кадимкидей жакын санап кеч келсе кадимкидей күтө турган болду, сырттан үн угулса эле таштын кычыгынан шыкаалап карайт.
Таң атып кеч кирип күн өтө берет экен керелден кечке бош отурбай, акыры зериккенде оролуп турган материалдардан алып кыркып көйнөк кемзир тикти, мончокторду тигип кооздоп чыкты. Жашоо үчүн күрөш жүрүп күндө от тутантмай курсак тойгузмай үңкүрдүн четин казмай менен алектенип күн өтөт кеч кирет, казган жери барган сайын кеңейип сырттагы шоола көрүнүп баштаган сайын сүйүнүп келиндин жүзүнө кызыл жүгүрөт.
Казган жерине өзү сойлоп чыкса бата тургандай болгондо эшикте күндүн көзү кечтеп батканы калыптыр, "бүгүн качканы кеч түндөп кайла барам... аюудан качып жолборско же чөөлөргө жем болбойун эртең эрте менен качайын" - деген келин казган жерин текшерип секиин сойлоп сыртка чыгып таза абадан кере - кере дем алып батып бараткан күндү көзү тойбой карап турду да кайра сойлоп үңкүргө кирди, антпесе капысынан аюу көрүп калса 15 күндөн бери жасаган мээнети текке кетип сүйүктүүсүнө ата - энесине тезирээк жетүү кыялы ишке ашпай кала тургандай......Тешикке табакты коюп үстүнөн майда таштар менен жаап бекитип койду да аюунун келишин күтө баштады.....жүрөктөрү дүкүлдөп эртерээк таң атышын көксөп атып уктап кетти, майпаңдаган аюу качан келип жанына жатканын да сезген жок.....
Мына таң атып аюу адатынча үңкүрдүн оозун таш менен бекитип коюп кетти, эми келиндин кезеги келди...ордунан туруп эле курсагын тойгузганы аракетин баштады антпесе ачка кантип качат жолдо чуркаганы дарман керек эмеспи.. Жолго деп атайын тиккен сумкасына ырастаган күл азыгын салып аял заты жалтыр жултурду көргөндө көп нерсени унутабыз да.... "оордук кылып булар менен кантип чуркайм жолума кыйынчылык жаратпайбы"- дебей мойнуна шуру мончоктун кооздорунан колуна күмүш билериктен кабаттап такты кичине алтын дилде алды да баягы тешикке келди майда таштарды ары бери шилеп казган чуңкурунун оозун ачып сойлоп чыкты, жакын ортодо эч нерсе кыбыр эткен жан байкалбайт тынчтык, алаңдап эки жагын каранып туруп жолду чамалап туруп чуркап жөнөдү....
УЛАНДЫСЫ БАР....
САРА КАМАЛОВА.
Комментарии 17