Кун эчак которулгон. Уктайсын эле уктайсын , боюнда бар аялдардай — деп кейип, кепчиген Темирхан чон атасы кирип келди.....
——Азыр ата ! Кичине уктайынчы , башым каттуу ооруп жатат—деди ныксырап башын жаздыктан которбогон Нузуп..
—— Оо тур ! Тур деймин туну менен тентийсин ! Уйкун алмаштыго сенин. Чай ичелиби ?
Жарык ты да очуруп ташташты, атандын кору. !
Чайга кык калап келдим. Азыр эле кайнап чыгат.. —деп колун артына алып, небересин кутуп карап туруп калды...
Нузуп ордунан туруп, жаткан тошогун жыйып сыртка чыкты.. Кун чыгып чазырап турган кез. Колоко издеген Алапар тилин саландатып, чымындап, эшик алдындагы оруктун астында жатат... Уйунун астында кичине арыкта агып жаткан сууга жузун жууп, дасторкон салып, чайга олтуруп калды.. Эшик алдындагы сооруго. Тегерегинде кургап калган чоптордон чырылдаган чегиртке уну кулак жарат.... Темирхан небереси менен чай ичкенди аябай жакшы корот. Озу жалгыз эч текеге табити тартпай , небересин кутуп олтура берген адаты бар..... Кемпири олгондон кийин, эрмек кылып, жанына жалдоо кылган небереси Нузуп эле.
Темирхан озу жебей бекиткен эт, кант курстарын Нузуптун алдына койду..
———Кел уулум, ал , алагой..
——Ата мен кечинде досторумду ээрчитип, талаадагы отундарды кыйып, жыйып келдим. Кечинде трактор тапсам алып келип , жыйып берем....—деди ыссык чайын шурулдата ууртап...
——Аа жакшы уулум, жакшы. Эртен окуун ачылып окууна кетсен мага ким жыйып бермек. ?!.....Билесин белим ооруп калды. Пенсия чыкса мазь сатып келип бер. —деди
——Макул ата . Ошондой кыламын....
Темир ата жетимиштен ашып калган. Карылыка моюн сурап, ак сакалын сылап , темтендей басып , калган кези.... Небереси Нузуп менен жашап келет.Кемпири . Оруунун айынан эрте эле каза болгон... Эки кызы , уч уулу бар. Баары уйлонуп , оз окаттары менен алек.. Чон уулу Амандын биринчи турмушундагы уулу Нузуп. Келини алты айлыгында алып келип таштап кеткен. Аман андан тышкары уч аялга уйлонду , жолу болбой ичкиликтин айынан азыр Бишкекте журот. «Уйлонду »—деп угуп калышкан ,бирок дайыны жок... Ар аялынан балдары бар. Темирхандын балдары аябай эле озумчул, кор окатын ойлогон, адамдар болуп чыга келишти...
Бир баласы баш багып келгенде жарабайт. «Ата ай эмне болдун , тамагын барбы ачка калбадынбы ?» —дегенге жарашпайт...... Экинчи уулу Акыл ал аялынан ашыкча коркот. Бир нан которуп келе албай, тилинен чыкпай атасын душман коруп жашап келишет.. Эн окунучтуусу « Ата эмнен бар? Апамдан калган нерселерин берчи алып кетейин, уйумо буюум кылып алайын »—деп жузун тамдай кылып талашып келишет... Кыздары жолдошунун тилинен чыга албай, келгенде келип, ыйлап коюп кетишет.. Акелеринин мынчалык алсыз экендигине, колунан эч теке келбей, бири —бирин жамандап, каташышпай, же карындаштарын сыйлай албаганына ичтери ачышып арман кылышат.. Нузупту да батырбай , коргон жеринде кагып, урушуп кетишет. Бирок чон атасынын канатында калкаланып жургону учун эч киминен коркпой , кабагын буркоп баарын оз жайына койот... Жашынд апалашып, менин атам деп талашып, кутуп, кечиксе ыйлашып , алдын уктабай утурлаган балдары , жашы отуп улгайганда « Сенин атан »— деп бири —бирине туртуп, кароосуз калтырып жатышты. Темирхан ичинен баарын билип турса да озунун бек кармап, бироосуно бир кор болбой боюн жерден тик алып, жашап келет... Ишенгени эле Нузуп....
Нузуп кичинесинен чон атасын ээрчип журуп, копту уйронду. Аябай тыкан, корогоч бала болуп осту. Сабактан да жакшы окуп, чон окуу жайга оз кучу менен отуп окуп келет... Бирок окундургон ичиндеги эч кимге айтылбаган сыры бар. Атасын ээрчип, жургон озу курактуу балдарды коргондо журогу ооруп, козу жашка толчу.. Кезинде апасынын , атасынын комогуно зар болду. Жакшы создун кулу болду. Толук кандуу уй булодо эркелеп осконду чын журогунон калоочу.. Мына жашынан оксуп, аксатып келген сыры...
Тогузду жаны буткон. Нузуптун коптон бери конулсуз жургонун сезген чон атасы биринчи апасынын уйуно жиберди.... Алыскы Аксы жергесинен тоолу аймагынан эле. Нузуп артынан бир жолу келбеген апасыны коксоп, сагынып бара жатты.. Бала да , эне жытын искеп, мээримине болонуп, эркелеп жытагысы келди. Жакындаган сайын журогу каттуулап согот... Кундун ысыгынан тердеп тепчип та кеткен.. Ичинен « апакем кандай жан болду экен. ? Мени кандай аял тороду экен , мээримдуу болсо керек. Мени коруп ыйлайт , кечирим сурайт »—деп телевизордон коргон киносуна элестетип алып барды... ... Аксынын Кербен жеринен уулун тосуп алган Жаркынай кутуп калды...
Уна токтоп, Темирхан чон атасы биринчи тушту. Ак жолук салынып, колунда баштык кармаган орто курактуу аялдын жанына барды..
Нузуп унадан тушпой экоону карап турат..
Темирхан унааны колу менен коргозуп, бир демкелерди айтып, экоо эрчише басып келишти..
Нузуп та чыдамы кетип унадан тушту. Жанына келген ботон аял , Нузупту башынан ылдый сыдыра карап, эле туруп калды.. Нузуп та оозуна соз келбей , чон атасыны бир тиктеп, ботон аялды бир тиктеген бойдон катты. Алыстык бардай, боор тартып , апа деп бооруна атырылайын деген менен кандайдыр бир куч ортону тосуп турду... Журок сезип ,туюуп турду. « Ушул сенин апан »—деп ар сокондо айтып жатты..
——— Уулум, ушул сени торогон аял, сенин апан болот.... Жаркынай менин келиним. Мына уулунду эрезеге жеткирдим. Колуна тапшырайын. « Апа» —деп ак эткенден так эттип, сени сурап, сагынып журот. Боор бер уулуна. Бала кылып ал. —деди Темрхан чон ата.
Жаркынай козунун сызылган жашын агызып, Нузуптун башын кучактады... Ушуну эле кутуп турган Нузуп та окусуп, токобой апасынын борунда ыйлады.. Апасынын жытын бала болуп эрезеге жеткенден кийин биринчи жолу искеши эле.. Апа кучагы ...
Ыйлаган эне баланы коруп, Темирханда козуно жаш алды. Сыр бербей Нузупту жоондан таптады. — Койчу эми уулум. Сен деген азыр жигитсин ! Эр азаматсын! Ыйлаган болбойт.
Жургуло эми тамактаналы. —деп чогу журушту, жол жегиндеги чакан аш канага кирип, тамактанышты. ...
Тамактанып чыккандан кийин ,Темирхан Нузупту карап, — Уулум сен учун эшигим ачык. Сагындарбай барып тургун.
——Макул чон ата ! Барамын деди башын жерден которбой. Небересинин бир замата озгоргон коз карашын, жузундогу суйунучун байкады.
Жаркынайды аары жетелеп; — Кызым, Нузупту жакшы кара. Бойго жеткен бала тилинди укпаса урушпай кайра артка жибер.
——Макул кыжалат болбонуз. —деп Темирхан чон атаны жолго салды...
Темирхан уулун келини Жаркынайга карматып коюп озу артын карабай алдыга басты. Ыссык жашы , сакалына агып баратты. ——Ээ атандын гору ! Каарыганда жашык болуп калат дегени туура окшойт! Уулдарымды армияга , кыздарымды куйого узатканда да минтип ыйлаган жан эмес элем. .Агып жаткан жашты кара .— деп кубуроп алды.. Базардын четинде ;
«—Бир адам Ош ! Ош ! Бир адам »—деп бакытрып турган таксистин жанына келип;
—— Кетик уулум , мына мен ошол бир адам...
——Ассаляму алейкум аксакал , алдыга олтурунуз кетик деп, шашкалактаган таксис унасына олтуруп, айдап жоноду...
Жол журо ойго батып тумчугуп бараткан Темирханды таксис бала созго тарты.
——Аксакал мына жайыт жерди кордунузбу, ушул жерлерди жерлике берет экен окмот. Там салганы да берет деп уктум.
——Аа жакшы жер, суусу кенири, тегиз бет жер. Алган адамдар жыргайт экен.
——Аксакал аябай ойлуу бараткансыз, бир азга болсо да алаксытайын дедим. Оор ушкуросуз теги тынчылыкпы ?
——Ээ Улум, оруктон данеги ширин деген соз туура окшойт. Неберемди келинимин колуна таштап кетип жатамын. Уулум менен келинимдин турмушу болбой, алты айлык наристе кезинде кемпирим экобузго таштап баса берген келин. Ал кезде уй да жок, корунгондон, сут сурап, айылды бир кыдырып чыкчу элем. Кийинчерек эчки сатып алдын небереме атап, сутун берип , чонойтук. Кемпирим эрте коз жумду, неберем экобуз эрмек элек бири—бирибизге. Балада барибир торогон апасын издейт экен. Мейли эркек бала оз энесинен да кабар алсын..
Ошол менен жымжыртык ээледи.
Нузуп апасын ээрчип унага олтурган кезде озун токтото албай чон атасына боору ооруп ыйлады. Унада олтурган адамдар таныркай Жаркынайга карап туруп калышты.
Уялгансып кулуп, Нузуптун женинен ылдый тарты. Кулак тубуно жакын келип.; — Эмне ыйлайсын ? Озун келбединби , мени уят кылба эми чон эле баласынго .
Ушул созду уканда бир азга болсо да озун тыйды...
Унада жанаша олурган аял Жаркынайга суроо узатты.
——Жаркынай кандайсын , базарга келген белен ? Жон жайбы ?
——Жон жай эже , амансызбы , неберелериниз чоноюп жатышабы. ?
——Аа чоноюп жатышат —деп кутконун укпай калгандай тур корсотуп, козунун кыйыгы менен карап койду.. — бул бала ким? Ининби ?
——Жок , уулум. Биринчи турмушумдагы балам.
——Айии жакшынакай уулун бар турбайбы , кашы козу кара , сулуу экен. Кимге окшош ?
—— Чон атасына окшош. Куйуп койгондой.
——Аа жакшы, жакшы —деп кайра —кайра карап жатты. Уна ичиндеги адамдарга да аябай кызык корунду окшойт баары коз кыйыгында карап , кетип жатышты.
Бир заматта апасы турган айылга жетип барышты. Короого жакын келгенде «Апакелеп» жугуруп чыккан эки кызды учуратты. Жаркынайга асылып, кучактап алышты. — Апа мага эмне алып келдиниз ?
——Ай эч теке алган жокмун. Жургуло уйго аганар келди...
——Апа — аа короскант дебедим беле кана эми сатып келбейт белениз —дер эркелеп чойрондоп туруп калышты.. Нузуп колундагы баштыгын ачып, момпосуй алып чыгып экооно карматты.— Ме алгыла ,жей койгула . Жанатан бери чойрондоп жаткан экоо колуна тийген олжоосуна машырканып, жанында турган узуун бойлу бей ташын адамды коруп, ага бир аз конул болуп туруп калышты...
—Апа бул бала ким ?
— Аган болот кызым. Бир тууган аган болот! Тураттан чон аган.. КанаТурат ?
——Тигине уй суугарып келип, сарайда журот.
—— Жур Нузуп, кир кирегой балам. Уялба , тартынбай кадам ташта..
Эшик тору жакшы , кен экен. Багы да бар экен. Жангагы аябай жетилип, эшик алдына колоко берип турат экен. Анан астында соору турат. Уйго кирип баратканда Турат сарайдан чуркап чыкты. ——Апа ! Апа , Нузуп байкем келдиби ?
——Ооба каралдым. Келди байкен. Тигине турат. Кел келегой таанышып ал..
Нузуп бул сенин бир тууган инин. Сени уккан кезден баштап, сен менен бир столдо тамак жеп, бир жаздыкта уктасам, ойносом деп кялданып кутуп журот. Бешинчи класста окуйт. Аты Турат. Ал эми бул шайтандар карындаштарын. Бири беш жашта Сайкал, ал эми мына кичинекей уч жашта аты Курманжан..
——Жакшы —деп жылмайып, Туратты кучактады..
Турат акылдуу бала. Ыкчам анан да аябагандай боору кер. Нузуптун мойнуна асылып , бооруна кысты.. Уйго кирип, Жаркынай салган дасторконду тегеректешип отуруп калышты. Баар Нузупту жабыла тиктеп отурушат. « ОЙДОН АЛЫНБАГАН ТАГДЫР »
Акылай эки чакасындагы толо сууну которуп келе жатты. Жолдо бири эки тамеки тарткан боз уландар болбосо башка эч ким корунбойт. Анда санда откон машиналар. Алыстан тамы корунбойт. Занкайган эки кабат тамдар тосуп калган... Заманына жараша да.
Ооба , Акылай жашаган кочодо жакшы , курсагы ток уйлуу жайлуу адамдар жашашат. Бирине бири атандашып, ар турдуу фомадагы занкайган, заманбап, эки кабаттуу , балкону менен, уйлорду тургузуп жатышат. Бир гана кочонун коркун бузуп, ортодо жапыз, сырты акталбаган , терезелери да жапыз болгон, эскилиги жетип урай баштаган, эшик алдында торт уйго чакталып куюлган цементтен башка эч теке жок , Акылайдын уйу... Короосуда жок. Уруп чыгар ити да жок. Кошуна колон кеде топтолгондо кеп кылып калышат.
—— «Ыраматылык Жузумгул эже барында кандай гана соннун уй эле. Эшигинин алдынан кеткин келбечу , бажырайган гулдор эрте жаздан, кар тушкучо буркурап гулдоп турчу. Тазалыгын айт, гилеминен колун менен сыйпап, кыл , чан тапчу эмесин. Кабагы ачык жаркылдап кулуп турчу. Азыр Жузумгул эже болгондо баары соннун болмок. Акылайдын уч карыш тили эле бар. «Ача салса айым бар, уйдон эмне гамым бар» —деп. Эптеп ушул чалды эр кылып олтуратта. Бул чалы да карып калганы эле болбосо эчак эле кочугун жара тээп чыгарып салчу »— дээшип.
Уйуно жакындап калган кезде ункуюуп эшик алдында постунун оронуп олтурган чалын корду.
Жолго шагал тошолгон, кычырап баскан сайын оорлошот. Уйуно жетип бурулган кезде буту ылайга чапталды. Ачуусу келип, ылай болгон бутун силкип койот. Эшигинин алды былчылдап ылайы чыгып, бут койорго жер жок...
——Олугунду короюн , отурушун кара колунан эч теке келбей ункуюп , же жер жутпады муну эртерек.... ! Оозуна тооктун богундай кылып насыны салып алып кечке тукурунот сасып— деди..... —Жок дегенде эл уктаганда тундосу чыгып , бир эки кол араба кочонун шагалынан уурдап болсо да эшик алдына тошоп коюшун билбейт—деп ачуусу келди.
Уйго жакындаганда абышкасы Жусуп ордунан туруп, Акылайды кайра басты.
——Келдинби кемпир .. ? Сени кутуп отурамын чай ичели курсак ачты.. Копко жоголдунго—деди жалдырай. Ооба адам баласы карып алдан тая баштаган сайын жакын адамына коз каранды боло баштайт дегени туура экен. Жусуп та Акылайга абдан конгон. Уйдо жок болсо озоруп калса да бир пияла чай ичпей , эки козу жолдон отуп, ажаандай болгон аялын жалдырап, кутуп, отура бермей адат таап алган...
—— Тиги кочодогу Тамара менен кичине суйлошуп турдум. Чайынызды иче бербейт белениз !
—— кайда—аа , чай да отпойт беле !
——Эмне горунуздо да чай ичпей.мени кутуп олтурасызбы озоруп!
—Хе хе хе , ооба да , эртерек барасын, абышкам ачка кутуп калды деп.
——Ооба ажалымды да эртеретип горго тыгат окшойсунар...! —деп ызырынды..... Ал ызырынган сайын абышкасы каткырып, кулот. Жашы бир топко таяп калган, жетимиштен ашкан. Ункуюп , корс—корс жотолуп, кулгон сайын, жузундогу тырышы кобоюп, козу корунбой калат. Акылай элууго жакындап калган , бирок турмуштун , жокчулуктун айынан жузун тырыш басып, тиши да калбай жаактары чоюлуп, албырап, ылдый коздоп калган. Устундогу эски койногу да онуно топ келбейт.
Суусун битонго куюп , уйго кирди. Уйдун жарыгын тамызып, печкага отун салып, отура кетти. Башын кармап , ойлуу бир жерди теше тиктейт. Кирип келген абышкасын да сезбей калды.
-Акылай, бугун пенсия келиптир. Жолдо келе жатып, бир килограмм ак кант, эки нан, эки самса ала келдим. Кок чай сага кара чай.
——Жакшы кылыпсыз. !
——Ме калганына бир койнок алып, анан инимин уйуно барам дедин элен жол кире кылып ал.
——Аа макул . Анда иштетпей эле келбепсиз.
—Кой кемпир , бир айдан ашты чайыбыз жок. Ичип туралы.
Акылай нааразы боло акчасын алып, олтуруп калды..
Эртелеп туруп, Жусуп берген акчаны алып базарга кетти. Базарда эл коп. Аары бери бут койорго жер талашып, сузушуп, туртушуп та бара жатышат... Алып жаткандар да ошончо , сатып жаткан адамдар да ошончо. Акчасынын ичинен санап, эмнеге жете турганын эсептеп алып, ар дайым бара турган жайма базарга жоноду. Ал жер де бир кыйла арзан. Издеген баасына табат. Эки жолду ээлеп тизилип , товарларын жерге жайып алган элди кыдырып, койнок издеп журду. Жакан койнокторуно акчасы жетпей. Бир кыйла ойлонту. Акыры бир койнок саткан эженин жанына олтуруп, откон кеткенди суйлоп жатып, арзандатып бир койнок сатып алды. Базарда коп жургону учун, курсагы ачып ушуп кетти. Базардын арка тарабанда , бир чай кана бар. Ал жерде эски таанышы идиш жууп иштейт. Ошол жакка жоноду. Курсагына бир демке жалмап албаса болгудай эмес.
Ошол жерде иштеген жаш тейлочу кыздан келип сурады.
——Ээ кызым, Гаухар ушул жердеби ? Жумуштабы?
——Ооба эже , жумушта. Чакырып берейинби ия ?
——Иий жакшы болмок . Гаухарга айтчы Акылай деген ккрбунуз келди деп..
——Макул , куто турунуз.
Бир саамга туруп калды.
Женин бийике туруп, шымаланган Гаухар чыга келди. ——Ойии кайда журосун, курбум ай амансынбы ?
——Аманчылык ! Журом айылда эле.
—— Ай жур кир, олтур. Жумушумду аран бутподумбу ? Алкаштар кирип алып, чыкпай какшатышты. Адам да коп болду аябай теги ачка калганго деп калдым.
——Менин да курсагым ачып келдим. Жур анда чай ичели. Сырдашалы. Сагындым аябай, буулугуп та турамын..
Экоо жанаша басып, ээрчише ичкериге кирип, алдынкы катардан торт орунду жайды ээлеп олтуруп калышты. Бир кеседен тамак , бир нан ыссык чай буюртма кылышты. Тамагын алып келгиче ыссык чайдан ууртап, созго киришти...
—— Акылай азыр деле тиги чалын менен жашап жатасынбы ?
——Ооба да , анан эмне кыламын жашабай.
——Аябай каарып кетипсин курбум. Сага карылыгы жуканго. Тигиндин олоюн деген туру барбы теги.?
——Эмнесин айтасын, акча жок. Иштейн десем жумуш жок. Кечке тиктешип , чалдын пенсиясын кутуп жашап журобуз.
——Эй кетип калбайсынбы ? Ал чалды калтыратып олтурбай сага керекпи? Эй биз тиги Алмакан менен бир батирде жашап журобуз. Акчалуу жигиттерди таап алганбыз. Кун алыс келип турушат. Айии алар улакчы туну менен улак ойноп чыгабыз хахахааа— аа —деп санын чаап каткырды...
Бул созду укканда Акылайдын козу жайнай чыкты. Оюн кулку кимди гана азгырбайт .
Кайра улутунуп, —— Кайдагыны айтасында, эгер андан чыксам уулум , кызым апа деп айтуудан баш тартабыз деген...... Иним олтуромун деди. Эптеп жашап турсам , анан олсо уй мага калат. Жаштыгым калбады. Бул омурго да ишенич жок экен. Бир кун ажал келип, « кылт » этип , кокус алып кетсе да , олугум чыга турган ,баш калкалоочу тамым болуп калат....—деди оор ушкуруно. Балдарым кимисине жалдырайт эле. Баары оз уй булоосу менен алек....
——Ээ курбум , билем бизди баары жаман корот. ,« Кошунам жузумо эле шуркуя, Жалап, »—деп айтып , мен баскан жерге тукуруп кетти.
— Эээ олукананды короюн сенин! Сенин эринди тартып алдымбы ? Же жатып алдымбы дедим! Шуркуялык кылсам озумдун денем менен жатып берип жатам, сенин эч текен кеткен жок. Кызгансан эринди бекем карма оозун ачылбай дедим. Жанына барсам колонсо жытанып коонун айныйт, анан эрин карайт беле ,?!
Мен коргон кунду корсунчу биринчи анан корот элем кантип жашаганын.
——Айтпа ! Айтып калат. Озубуз каалагандай жашобуз керек.
——Эй Акылай жуздон албайлыбы ?
—Жок дебейм, сырта ачка журуп ушуп калдым. Жылуу тамак ичсемда ичим жылыбады..
Экоо тамактанып буткон сон, бир ботолко арак алып, эски кундорун эстешип, тен жарымдан болуп , калоо айтып жатып ичип алышты.
Акылайдын жузу албырып, кызарып, коздору жайнай чыкты. Каткырып кулгон сайын озуну жашаргандай сезет. Экоо башынан откоргон кундорун эстеп , боору эзилгенче кулушту. Жанында олтурган жашы деле, карысы деле карап коюшат. Ке бир жаман корсо , ке бир эркектердин шилекейи агып, жандарына келип тийишип, белинен кармап та отуп жатышты...
——Айии Гаухар дагы деле болсо журогун жапжаш. ! Адамдын маанайын которосун. Кыйла озумо келдим. Сыгылып буткон элем...
——Ээ курбум. Журу уйго бир жашарып келесин, бугун Кун кара жайлоосунун четинде чон улак болот экен. Ошодон кайтканда туноп кетебиз —деген жигитим достору да болот. Биросу менен таныштырып койом.. Зерикенде жолугушуп турасынар. Журчу ай. Сасык чалындын алдында ушуп титиреп жаткычакты , жылуу , кучтуу эркектин койнунда бир кутуруп кел. Жур— деп козун кысты.
Акылай ойлоно олтуруп калды. Конулу тартып баргысы келип турса да уйдо ачка олтурган чалын кыя албады.
——— Гаухар курбум уйго барайын башка куну чалга айтып деп кайра келем. Аз омуру калды. Менин сайрандап жургонумду укса уйду башка бироого тапшырып койот.
——Макул курбум бар. Барагой. Бирок кел, бир кунду белгилесен , анан чалып кабарлап кой. Биз да сага чоон белек даярдап турабыз. Билесинго бизди. Ээ бул заманда эч текеге жетпей отуп кете турган болдук.Жок дегенде озубузду ойлоп сайрандайлы. Эртен эле карып эч ким карабай калат. Сыныбыз барында би—ир сындыралы далайлай пулдууларды.
——Ой макул жаным , макул. Мен да чыдабай калдым. Сагындым баарын. Эхх! Чиркин омур , отуп эле баратат.
Эко копко олтуруп, кечинде уйуно таркашты. Акылай темпендеп, ыргалып басып уйуно келди. От жагып, кемпирин чыдамсыздык менен кутуп жаткан Жусуп, эки бети албырап кирип келген Акылайды коруп суйунуп кетти.
Акылай чалынын шыйпандап , орустун кучугундой эки жагына отуп, эркелеп жатканын коруп ичинен тынды...
——Ой тообо ! Чын турбайбы каарыган сайын жаш балдардай болуп калат дегени. Карачы апасын кутуп алган жаш баладай суйунуп жатканын —деп ойлоп кетти...
Эртеси эртелеп Акылай алган койногун кийип, эски тонун устуно жаап алып уйдон чыгып кетти.. Базарга барып инисинин балдарына момпосуй сатып алды. Келини жактырбасын билип турса да ата —энесинин уйуно барып, апасына куран окуп келейин деп ойлонуп бараткан чагы. Жаштыгында ата —энеси тируу малында , коктугуно таянып келинин каттуу ыйлатып, инисине урдуруп, ата —энесине жамандап жаман коргозуп кооп онорлорду коргозгон. Мына эми каарыган сайын кылган кылыгынын узурун коруп жаткан чагы.. Иниси бар болсо ооз учунда «келин»— деп айтып тосуп албаса келини , иниси жок болсо болмосуно кирип, оронуп жатып алат. Акылай ыйлап—ыйлап эшигинин астында отуруп кайра кетет. Нан ооз тийгизип койгон мында турсун , уйго кирин деген жандын озу болбойт... Мындай кундор кооп кайталанды. Журогу тартпай бара жатты. Унага чыкпай жоо басты. Жол журо ата —энесинин кабырына кирип кетууну туура корду. Кун чыгып, жолдогу карлап ээрип, жол чети былчылдаган ылайга айланган. Бутун суйроп, жашоодон умуту очкон адамдай ойлуу басып баратты. Бир кезде алдына токтогон кара уна оюн онго, санаасын санга болду.
Ичинен : « Чыксамбы же кете бер деп айтсамбы ? Атайын мени деп токтотту кой чыгып ала берейинчи эмне болсо болсун»—деп унанын арты эшигин ачып олтурду...
Ичинде арткы орундукта ак жолукчан суйкайган жаш бир курактуу аял олтурган.
—Ой саламатсыздарбы ?
—— Саламатчылык , чыгыныз отуруп алыныз.!
Отуруп алдындагы адамдарга коз чаптырды. Рулда олтурган бала оз баласы экенин тааныды. Жанында олтурган Капар Акылайга карап:
——Амансынбы Акылай ! —деди.. Коз айнегин тууралап....
———Аманчылык —деген соз оозуна араан келди... Журогу каттуу согуп кысылып чыкты..
Жер жарылып кетсе , Акылай ошол кара жерге сунгуп жок болуп кетсе да ыраазы эле... Алдын карап, бара жаткан уулуна козу тушту.
——— Канжар апан менен учураш балам....!
——Менин саламыма зар эмес. Эмне учун алдыныз. ? Карабай отуп кетсек деле болот элего. ! Же созсуз менин ооруган жарама канжар уруп, коз жашымды корушунор керек беле ?
——Эй бала эмне деп жатасын. Сени торогон апан болот. !
——Тороп туруп таштап кеткенби ? Торогондуку эмес баккандыкы!
——Мен чон энемдин баласымын. Бул аял мага такыр эле жат. ! Эже ушул создорду укканы чыктыныз беле ?
Акылай жанына баткан ачуу создордон озун жоготуп акыры чыдабай жаагын ачты.
———Токтот унаны. Рахмат мен тушуп калайын.
« Гыййк»—эткен ачуу унанын унунон сон уна токтоп, эшигин ачып Акылай ыйлаган бойдон тушту.. Эшигин жабардан алдын уулуна карап
—— Сени тороп кыйналбай эле ошол кезде алдырып жок кылып салсам жакшы болмок экен эле. Уул тородум, кыз тородум бирок жыргап бир жашоо корбодум — деп басып кетти....
Унанын ичиндегилер бул созду уканда баары жакасын кармады. Канжар болсо атасы менен женесин ичинен жек коруп унаадан кучун чыгарып каттуу айдап бара жатты.
Канжардын ичин кара кайгы басты. Сыгылган журогун , канча жылдан бери ушундай токношуудан коркуп келет болчу мына коркуп жургону бугун алдынан чыкты..
Бир кыйла жерге барганда :
——Ал эне же апа деген атка арзыбайт! Кукук ал тууп балдарын кароосуз калтырган —деди.
Жанатан бери ачуулу келе жаткан Капар титиреген колдору менен коз айнагин ондоп, козун ачып жумуп ;
———Эй бала сен адам бол! Кукуктун баласы эмне буркут болчу беле ? Же Ак—куу болуп кетинби ? Адам бол! Адам бойдон кал! Колунда жумушун бар. Акчан бар тиги апана жардам бер! Тузо жашоосун. ! Инин карындашын бар экен. Аларды да жакшы жашоого тарт. Бир туугансынар...!
———Менин бир тууганым Самаган ! Октом ! Болот мага ушулар!
Жанатан бери арта олтуруп келе жаткан Капардын жубайы ачуулу суйлоду.
——Абышка мени да козго илбей эмне болуп баратасыз? Баланы тынч коюнуз ! Ар демкени айтып мээсин какпай. Ал оз жашоосун тандап кеткен. Эми артка кеч. Биздин жашообузга сиништирбен! Эгер боорунуз ооруса барып чогу жашай бериниз —деди...
Ушул создон кийин баары жымжырт болушту..
Акылай ыйлап бара жатты.. Уккан создору журогуно барып кадалып калганын сезди. Эски батып бараткан жарасы кайра жаныланып жатты. Эски дарты ырбады. Ушуп , муздап турган журогун ансайын карарып жалгыздык ээледи.
Баарына кол шилтеп кеткиси келди. Бирок жаштыгында кылган катасын кайра кайталап алуудан коркту.....
Коз жашын аарчып, озун колго алды. Алдынан чыкан жердеш , айылдаштарынан уялып. Баары билет Акылайдын кандай адам экенин.
Ошентсе да жылуу учурашып , отуп кеткенден сон жаман создорун айтып, жаштыгында кылган иштерин чукуп чыгышат. Эки аялдын башы бириксе болду. Азыркы кейпи баарында таба. Бул айылда канча аял, жаш келиндердин уй булосун бузуп, уруш жанжалды коргозгон. Канчасынын коз жашына, каарына калган.
Мурзого барып, ата энесине куран окуп, инисинин уйуно бет алды.
Жолдон кызын ээрчитип келе жаткан алыскы тууганы Женгулду корду.
——Айии Акылай кандайсын ия ? Уй сенби тегеле корунбой кетин да ...
——Кандайсыз эже. Жездем жакшы журобу бала бакыра дегендей.
——Ооба айланайын ! Баары тынч. Жакшы журушот. Кызым келген экен. Кичине ооруп. Кайненеси « бар апандын уйуно барып, дарыланып кел »—деп жонотуп жибериптир. Олукананды короюн. Ден соолугу жакшы маалда иттей иштетип, ооруганда мага жиберет.. Ошо коргозуп келе жаткан чагым...
Анан оозун кандай? Абышкан жакшыбы уул кызын !
——Баары жакшы. Алар Россия да уулумдан дайын жок. Кеткен бойдон кабар бербеди...
Ошол , мейли мен барайын эртерек кайра кетишим керек, кун баткыча...
——Айи Акылай тиги , биринчи жолдошундан бир уулун бар эмес беле ? Капар беле жолдошундун аты. Ошол мына биздин айылдагы Токондун кызына куда болуп келишиптир. Той болот экен жакында. Сага айтышпадыбы,?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 18
_____________________________
Бул керемет китепке жетпей суусап жүргөн окурмандардга сүйүнчү, өзүңүздөрдүн китеп текчеңиздерди мыкты бир роман менен толуктап алыңыз.
Байланышуу учун 0220012116