3–бөлүм...
Эртеси биз күткөн окуучулар да келишти. Мектептин Спорт залына он , он биринчи класстын окуучулары толгон. Арткы партада курбу кызым экөөбүз олтурганбыз кобурашып, өткөн кеткенден сөз ачып... Келген окуучулар төрүдө. Ак көйнөктөрдү кийип, бир башкача ! Тим эле банк кызматчыларындай ... Бирден туруп, келгендер өз ысымдарын айтышып тааныша башташты.
–Бул топтун лидери Темурлан Сагынбаев !
Кел, Темурлан сөз сенде !
Ак көйнөк , кара галстук, тагынган , ак жүздүү , ымааны ыссык бир жигит трибунага чыкты. Көзүмө абдан жылуу учурады.
–– Жаз, мен мына баланы бир жерден көргөндөймүн. Бирок такыр эстей албай жатамын.....
––Балким , жакшынакай бала экен....
– Мен азыр эстейм !
Тамагын кыра жөтөлүп;
––Саламатсыңарбы эжей агайлар, достор! Классташтарым , жана ини карындаштарым! Бүгүн биз мында келип олтурабыз. « Жаштар бул биздин келечегибиз »–атуу ураан менен... Азыркы кезде Кыргыз жергебизге Европпа өлкөлөрүнөн ар түрдүү жугуштуу оорулар таркалып келип, жаштарыбыздын дегеле бардык элдерибизди коркунучтуу абалга кезиктирип жатат... Аябай тез, күндөн–күнгө өсүп таркалууда , бул өтө коопту. Мына ошондой илдетин бири бул Спид..
Бүгүн биз бул оору менен кеңири сиздерди тааныштырабыз, кантип сактануунун жолун үйрөтөбүз ! Сиздер да угуп эле калбастан, тааныш ага ,эжелериңерге жеткирип барасыңар деген үмүтөбүз..Ар бир жараан бул оору менен күрөшүүбүз керек ! Күч бирдикте !
Аябай көөп сүйлөдү, мен сөзүн деле укпай, аны эстегени аракет кылып жаттым...
Көпкө тиктеп олтурдум! Жанындагы кызга бурулуп сүйлөгөндө , оң жак мойнундагы калынан тааныдым..
Ооба , дал өзү ! Ошол жай кыймыл аракет , ошол турпат, ошол караан. Ошол күндөн баштап Күн алыс , түшүмө кирчү болгон. Бирде досум болуп, бирде жигитим болуп, жада калса жолдошум да болуп кирип алчу... Түшкө эмнелер кирбейт деп дайым өзүмү өзүм алаксытчу элем... Же абдан ыраазы болгондуктан, көп эстегендиктенби айтор эч эле түшүнбөдүм... ! Менин айтылбаган, сурдуу көлдөгү окуянын күбөсү ! Ал күнү мени куткарып, биринчи жардам колун сунган , мага таза жылуу кийимин берген бала, бүгүн маңдаймда турат.. !
Бир ордумда тура албай калдым ! Анын ар бир кыймылын алыстан күзөтүп жаттым. Жагымдуу жылмаюсу , сылык сыпаалыгы тегеле бардык кыймыл аракети мени таң калтырып турду... Билбейм, мен аны көптөн бери тааныгандаймын. Көөдөнүмдө уйгу туйгу болуп жаткан бир сезим , атырылып кетчүүдөй... Мен аны каттуу сагынгансып, өзмү кучагына аткым келди.... Мен мындай учур , же жолугушуу кинолордо гана болот деп билчүмүн , кино деле күнүмдүк турмушта кайталанып, турушун ким кайдан билсин...
Келгендер ар түрдүү ойюн, күлкү да уйюштуруп беришти... Ар бири өзү менен алып келген кагаздарын илип алып, кеңири баян салышты...
Сөздүн акырында Темурлан сөз кошо кетти. Бүгүнкү биз жеткирген маалыматтан өзүңөргө жакшы тыянак алдыңар деп үмүт кыламын. Суроолоруңуздарды берисеңиздер болот. Түшүнбөй калган жерлериңерди.. Мен толуктап, дагы бир ирет айта кетемин...
––Калоочулар бизге кошулушуңуздар мүмкүн! Биз Мектеп окуучуларына ыңшайлуу шарттарды уюуштуруп, жардамга муктаж балдарга да көмөк көргөзүп, ар бир мектепке барып, ал мектеп программасы менен таанышып, эгер пайдалуу кеңеш болсо башка мектепке да жеткирип иштейбиз. Мектептер арасындагы, «Күч сынаш, » «Терең билим,» «Эң мыкты окуучу» « Таланттуу окуучу», «Мырза Жигит,» «Эң сулуу айым– атуу мелдештерди да өткөрүп жатабыз.. Калоочулар барбы ?
Эч ким үн катпады. Тартынып жаткандай..
Арт жактан менин класс жетекчим чыгып,
––Эмне унчупайсыңар ? Силердей эле окуучулар.
Кана Медер ?
Медер биздин мектептин активист баласы. Ыр бий уйюшуруу иштерине абдан шыктуу...
…
––Макул эжеке ! Мен катышамын!
––Дагы ким ? Барбы бирөө жарым !
––Тамчы , сен кайдасың ! Сен да катыш , сөзгө бай, мектептин да президентисиң !
––Эң жакшы болот , эжеке ырахмат ! Анда Медер, Тамчы сиздер кетпей туруңуздар , кеңири сүйлөшүп алалы...
Келген мейман окуучуларды мектеп жамааты сыйлашып, мектептин жанындагы чакан кафеде киргизип, дастаркон түзүшүптүр. Ал жакка. Медер экөөбүзда кирдик... Бизди эле күтүп тургандай Темурлан да жылмайып колун сунуп, жаныбызга жете келди.
––Асаляму алейкум, атым Темурлан!
––Ва алейкум досум , Медер атым!
Мага көңүл буруп карады.. Биз экөөбүз биритке тиктеше кеттик . Ал да мени тааныды ! Сунган колуна колумду экинчи ирет бердим.. Дагы деле ошол кездегидей жылуу!.
Танымаксанга алып, көздөрүн балбылдатып, ачып жумуп башын ийкеп койду..
––Медер, Тамчы жүргүлө бул.жакка биз менен олтургула .
––Биз мындай эле олтуруп турабыз. Тамактанып алгыла досум.
––Андай эмес та, силерди олтургузуп коюп кантип тамак өтсүн. Жүргүлө!
––Дагы бир ирет таанышып алгыла .
––Бул эки кыз Айсалкын жана Жаркынай , жанымдагы досум Расул.
––Аа булар биздин жаңңы мүчөөлөрүбүз. Аты Медер жана Тамчы !
––Биз абдан кубанычтабыз ! Жакшы иштешип кетебиз деген үмүтөбүз –деп Айсалкын колун созду....
––Рахмат, биз да кубанычтабыз....
Биз да аларга кошулуп, тамакканып сүйлөшүп олтурдук. Медер менен Темурлан бат эле тил табыша кетти.... Экөө өткөн кеткен ден сөз ачышып, бири бирин коштоп ,сүйлөшүп олтурушту... Бул келген окуучу кыздарда абдан шайыр, татынакай кыздар экен. Ар бир айылдан чогулган мыкты окуучулар ...
––Достор тамаккта жеп бүттүк, Жаман курсак та тойду. Эми биздин экинчи план. Ата –мекендик согуштун баатыры деген наам алган биздин бир чоң атабыз бар. Ал кишинин балдары бар экен, бирок кароосуз таштап кетиптир. Жашы токсонго таяп калган абшканын бир бутту баспайт туура. Биз ал ардагерге көмөк көрсөтүүбүз керек. Мен ройон акими менен сүйлөштүм, көмүр алып бере турган болду.. Биз ишенби күнү эртелеп барып, кыздар үйлөрүн жыйнап, көрпө төшөктөрүн күнгө жайып, ал эми биз отун суусун камдап берип келели... Эгер мүмкүнчүлүк болсо эт та алалы ыссык тамак жасап берели .
––Кимде кандай суроолор, кошумчалар бар ?
––Түшүндүк !
–– Саат онго чогулабыз ... Медер жана Тамчы силер мына мен берген китептерди окуп, жакшы түшүнүңүздөр. Экинчи ирет жолукканда дагы да көбүрөөк толуктап тушундуруп беремин...
––Макул , –деп экөөбүзтен баш ийкедик....
Кафеден чыгып коштоштук... Ал да көзүн алып качып ,менда көзүмү алып качып бир кызыктай абалда коштоштук....
Капилеттен жолугуп калдык. Бирок ошол күндөп баштап, сени көргүм келди.. !
Тез эле биз жолукчу күн келди..... .. Чогулуп алып, согуш ардегеринин үйүнө бет алдык... Айылдын акырында , экен... Эски ээси кеткен там, эшигинин асты чөп басып ,куурап калыптыр.. Бирок абдан кээң, бак дарактуу экен.. Карысы бардын ырысы бар дегени туура экен. Бул үйдүн ымааны ыссык, берекелүү көрүнөт.. Темурлан эшигин какылап үйгө кирип барды... Артынан биз да кирдик.. Бир четте төшөктө оронуп, шыпты тиктеп жаткан экен..
–Кыздар силер сыртка чыгып тургула биз кийинтирип сыртка алып чыгалы..
––Макул ,жүргүлө чыгалы..
Бир аздан кийин Темурлан менен Мырза ардагер атабызды көтөрүп алып чыкты.. Эшик алдында күндүү жерге жай даярладык... Үйүнө кирип, абдан эски буйумдарга күбө болдук.. Биз үйдөгү буймдарды кагып, силкип күнгө жайдык.. Үйдүн ичин желе басып, бурчтары көгөрүп кетиптир.. Үч төрт жылдан бери кол тийген эмес.. Килемдерин кагып отун суусун даярдап беришти..
Алып келген эттен шорпо салып койдук..
Күн кечтеп калган кезде биз да жумушубузду бүтүрдүк.. Мен канчалык жумушка киришип кеткеним менен оюм Темурланда.. Анын жанына жакындагым келет... Колун кармагым келет.. Же ар бир мен кылган жумушту мыкты деп айтыргым келет.. Билбейм , мен ошол бала үчүн гана жашап калгандай болуп жаттым...
Менин сүйүүм көмүскөдө айтылбай калды.. Артынан аңдып, өзүмү түзөп, жакшы окуп канчалык аракет кылбайын мага көңүл бурбады....
Кышкы эс алуу эле. Мен күткөн күн келди..
––Тамчы ! Тамчы ! Турдуңбу кызым.
––Азыр !
–Тур эми кызым, кеттик шаарга барып туулган күнүңө кийим алып берейин деди атам.
–Уктап жаткан жеримен көзүм умачтай ачылып, ыргып туруп атамы кучактап , бийледим..
––Ой болду , туулган күнүң менен ардагым. Бактылуу кыз бол .
––Ырахмат ата –аа сиз дүйнөдөгү эң мыкты атасыз ! Сизди жакшы көрөм.. Урее ! Жашасын менин атам жана апам!
––Бол эми батырак жүзүңдү жууп, тамак же.
––Апа сиздер тамактана бергиле мен жасанып алайынчы.
––– Ай ыссыгыраак чай ичип ал . Үшүп каласың .
––Апа базарга барганда атам шашылык алып беретта мага...
––Иий макул кызым, макул..
Кечинде классташ кыздар балдарым, келишти. Туулган күн шаңдуу өтүп жатты... Белек бекчек алып, бийлеп ырдап олтурдук. Бир кезде апам кирип келди. Артынан Темурлан да колуна букет гүл алып, жылмайым босогодо турат... Аны көрүп, сүйүнгөнүмү айтып бүткүс болду...
Мага күтүлбөгөн белек болуп кирип келди.. Кече аяктап калган калгандыктан бир аз олтурушуп кетүүгө камынынышты. Күзөтүп мен да сыртка чыктым.
Артта калган Темурлан
–– Тамчы туулган күн жакшы өттүбү , капалык жокпу ?
––Жоок , баары жайында. Жакшы өттү, курбу курдаштарым келип, абдан кубандым...
–Мен кеч угуп калыпмын, жана Мырза айткан шашып жетишип калайын деп басса бердим...
––Аа дессе , чындыгында мага күтүлбөгөн белек болдуң . Мен абдан кубанычтамын...
–– Тамчы жакынырак келчи , сен де сөзүм бар, бүгүн айтпасам убакыт болбой калат ко.
–– Угуп жатамын. Айта бер...
––Үшүбөдүңбү , жука чыгып алыпсың.
––Жоок ,
––Тамчы көптөн бери сага айта албай жүрөмүн. Жигитиң жок болсо кел сүйлөшүп алалы..
Мен, мен сени жактырып жүрөмүн көөптөн бери ..
Уялып жерде жаткан карты бутту менен тээп
«уф» – деп кысылып уяңсырайт...
Билбейм көөптөн бери айталбай кыйналып жүргөн окшойт. Негедир сөзүн бүтөөрү менен жеңил тарткансыды..
––Мен ойлонуп, анан бир жообумду айтамын.
––Макул күтөмүн...
##########
––Тамчы бол батырак , качтык.!
––Азыр күтө турчу !
––Бол ай ! Автобус жүрүп баратат. Жетпей калабыз..
Темурлан колуман жетелей жугуруп , журуп бараткан автобусту токтотуп, экөөбүз чыгып кеттик.. Эң акыркы айылга кетүүчү унаага жетиштик. Студентик күндөр өтүп жатты. Аптанын акырында Темурлан экөөбүз ээрчише айылга кетебиз.. Биздин сүйүүбүз мектепте башталды...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 36