5– бөлүм.....
Атам менен Темурландын сөздөрүн дарбазадан тыңшап турдум.. Темурландын акыркы кеби , мени жүрөк оору кылды, от жакса да жылыбас мүрдөгө айландым .. Тагдырдын сыноолору күтүлбөгөн мезгилде түш сыяктуу келип, ар тараптан куурчап, акылыңды, күчүңдү жада калса айлаңды да алты кетирет туура.. Үшүп турган жаным, ал сөздөргө денеми калтырак басып таштай каттым..
–– Эми баары бүттү, бул жерден көрсөм каттуу капа кыламын. ! Кызым мен айткан балага турмушка чыгат. Баталашып койгонбуз, батааны бузса болбойт анан мен дагы эч качан жол койбоймун..
––Макул, бирок мен Тамчыны аябай жакшы көрөм! Аттиң ! Аттиң ! Ата энемдин колунда жогу мени бул иретта жерге урду, шагымды сындырды... Эгер ошол адамдар элдердей акыреттин ойлоп, менин тагдырыма башкача көз караш менен караганда мындай болбосо керек болчу.. Заман ,тагдыр –деп кечке какшапмын , көрсө сөздүн баары ата –энемде болгон турбайбы...
––Ал инсандарды күнөөлөбө уулум , бутка тур. Күчтүү бол ! Тагдырыңар бөлөк экен канчалык аракет кылганыңар менен эч пайдасы болбоду. Менин да оюм түз болчу. Каршы тараптар көп экен..
––Түшүнүктүү , баары түшүнүктүү кечиресиз мен кеттим. Саламатта калыңыз !
––Мейли , жакшы бар !
Атам артынан карап көпкө ойлуу турду... Каттуу үшкүрүнөт. Темурлан бурулганда жарыкка көз жашы жылтырап мага көрүнгөн болчу.. Мен ордумда жаным ачышып, дабышымды күч менен басаңдатып ,ылайп жаткам... Аңгычакты атам келди..
–Эмне турасың ?! Көз жашыңа арзыбайт ! Кир үйгө !
––Мен Темурлан менен бактылуу болот элем !
Ата ! Колунда жоктугу анын күнөөсү эмес !
––Эй акылсыз ! Акмак ! Үйрөтпөгүн мага уктуңбу ? Он беш жылдан баштап оргонда иштеп, кимдин ким экенин айткан сөзүнөн , карап турган эки көзүнөн билем ! Кайсы арына беремин сени , бир сенин көзүңдү карап, чоңойттум артымда уулум жок! Эртең көзүм өтсө сага күйөөр бир тууганың жок ! Жакшы тарбиялуу тектүү, жерге берсем , өнүп өсүп жашап кетсең нур үстүнө мен кыйналбай ойлонбой кетемин. Атасы арак ичип, апасы тентип көчөдө жүрсө , эртең сен эмне болосуң ? Кандай күндү көрөсүң ? Нанды «нана»– деп өстүң ! Жокчулукка чыдайсыңбы ? Ар эки күндө качып келип, мени да апаңды да жерге эрте күндө тыкың барго .. Мурдуңдун учун карабай тээ алысты кара ! Сени бакканым аз келгенсип эртең анын үй бүлөөсүн багайынбы !? Анысыда өлүп кетсин ! Кудайым ырыскыны берт !
Мен бербейм дебедим , берем дедим ! Мени мыскылдагандай эч темкеси жок, атасы мас болуп, апасы жасанып экөө ээрчишип келип алыптыр . Эки колун мурдуна тыгып... Шерменде ! Атасында намыс болбой жатса , аны көрүп өскөн уулундагы кайсы тарбия ! Аа !
Жогол көзүмө көрүнбөй ! Тезирек кирип кет ! Дагы бир ирет ушул темада сөз козголсо кызым эмессиң, чыгып кете бер.. ! Эшик аччык !
Апам жаткан жеринен чачтары жазылып чыга келди.. Ыйлап турган мени бооруна катып, жал ооруй !
––Ай абышка ! Коюңузчу эми бала байкушту жемелеп, керең кылып бүттүңүзго , жаштыкта ким жаңылып сүйбөптүр.. Канча ирет айтып урушканыңыз менен түшүнбөйт .« Кийин ырахмат ата, туура кылган экенсиздер »– деп калат..
––Киргиле үйгө тезинен эл укпасын, кошуна колоңдор көрбөсүн ! Кыз бакпай эле , ит бакпаптырмын ! Кыздын акылсызы ата энесин сыздатат дегени туура экен. Эч түшүндүрө албадым ай ! Эч албадым !
––Кирегой кызым , атаң менен сүйлөшүп алайын. Коюңуз эми кан басымыңыз ашып, дагы ооруп калбаңыз ... Абышка кириңиз үйгө .
Апам байкуш арачалап жүрөт...
22–декабрь –Мен үйдөн качып чыктым . Түн бир оокум, уктай албай тынчым кетип ,аары бери оонактап көпкө жаттым. Улам кыйналып, жүрөгүм бир демкени сезип жатты. Сол көзүм тартткан күндүзү. Эсимде кичинекей кезимде чоң энеме айтсам «Жакшылыкка болот балам »– деп жооручу... Аны эстегенде коркуп кетемин. Себеби менин сол көзүм тартканда капа болуп ыйлачу элем..... Мындай убакта таңда өчөшкөндөй атпай калат.. Бир кезде чертилген айнектин дабышынан , азгырып бараткан уйкумдан чочуй көзүмдү ачтым.Терезеге барсам, өчпөгөн үмүттү көздөрү менен Темурлан карап турган экен.. Байкушумдун кейпине ыйлагың келет... Көпкө ойлонбой жылуу, мээримдүү кучагына өзүмдү аткым келди. Бирок,
эң биринчи атам эсиме келди... Нымдалышкан көзүмдү аарчып, терезе пардасын жаба салдым да , жашырынып алдым. Бул күндөрү кыйналсам да тагдырыма баш ийип, ынап калган болчумун.. Үзүлгөн үмүтүмө оттун тутандырып, келечеги жок сүйүүнүн артынан сая түшүп келип , эми мынтип бүгүн турганы жүрөктү эзди.. Тырмагымды тиштеп, амал издей баштадым, катуу солкулдап соккон жүрөгүмдү баса албай койдум.. Атам билип, чыгып калса Темурланды бир демке кылып койот деп чочулаймын... Терезем экинчи ирет кайталанып чертилди.. Көпкө ойлонбой , апамдар угуп калбасын деп аярлай чыгып бардым...
––Темурлан ! Эмнеге келдиң ?
––Бул эмнеси ? Саламың да жок ! Келгениме кубанбадыңбы ? Ичкеним ирим болдуго менин.
––Мен .....ммен сени ойлоп жатпаймынбы ? Атым чыгып калса сени да мени да соо койбойт.
––Коркпойм ! Чыксын ! Сени алып кетмейинче бир кадам да артка жылбайм ! Макул азыр акчам жоктур ,бирок мен иштеп бутка турамын. Сени эң бактылуу инсандардын катарына кошомун !
––Мен батаны буза албаймын . Кечир мени !
–– Бузасың ! Мен буздурамын.
––Убалдан корком ! Эртең экөөбүз бактылуу боло албай калабыз... Атамды нааразы кылып ,сени тандап кете албайм туура түшүн..
––Ишенбейм ! Сенин сүйүүңө такыр ишенбей калдым. .... Сүйөм деген сөздөрүңдүн баары жалган турбайбы ? Сен да ата энеңе окшоп акчанын кулу болуп калыпсың !
––Темурлан ! Ойлонуп сүйлөмөң боло ! Кел ата энелерибизге асылбайбыз ! Аларды такыр кошпой сүйлөйбүз !
––Кечирип койчу жаным ! Кечирип койчу акылдан аздым ....... Жинди болдум.... Мени таштап кетпе ! Сенсиз мага жашоо жок ! Эгер азыр жок десең эртең жаназама барасың ! Өзүмдү өзүм асып же жок кыламын ! Мындай азапты көтөрө албайт экенмин !
Бир аптадан бери уйкум жок, тирик, өлүккө айландым ..... Ичкиликке да абдан берилип кеттим. Куткарчы мени !
Жалдырап ый аралаш сөзүнө жооп таба албадым... Биздин аруу тунук сүйүүбүзгө бир гана ызгаардуу кыш жана каардүү түн күбө болуп турду... Ышкырып, бороон болуп, кар учкундап жаап көз ачырбайт...... Тишибиз тишибизге тийбей, калтырап Темурлан экөөбүз коштошо албай , же тагдырдын бизге билдирбей белгилеген белегинен кутула албай , ич ичибизден бири бирибизди аяп, бар күчүбүздү көз жаштан чыгарып жаттык ....... Темурланды Казыбек атуу досу унасы менен жеткирип келгендиктен арттан жете келди......
––Тимо !? ..... Ээ жаштар , мындай кылганыңар болбойт ! Бири бириңди жактыргандан кийин эмнеден коркуп турасыңар !? Ээй ! Жашай турган силерсиңерго ! Эмне атаңар же апаңар жашамак беле !? Тимо эмне үчүн келгениңди унуттуңбу ?
––Дос , мен ойлогондой эмес экен.. Ушул убакытка чейин , ишенип сүйүп жүрчү элем , аа көрсө жөн эле өзүмдү өзүм алдап жүргөн экенмин... Эркек болуп, биринчи жолу башымды ийип ,кыз үчүн ыйладым ! Мен үчүн каттуу « Намыс » ! Энеңди урайын ! Бала болуп, башыма түк чыккандан бери биринчи жолу , жана акыркы жолу болот . Сен күбөсүң досум ! Мм......де мейли , аяшың ынабады , сүйүүсү үчүн күрөшүүдөн баш тартты.....
––Ээ аяш андай эместа . Ушу кантип болсун ! Эр жигиттин шагыны сындырбаң да а так....... менин досумдун артынан жүгүргөн кыз ошончо көп .... Сизди тандап, сизди сүйүп жатса бой көтөрүп алган да болбойт.. Кийин өкүнүп жүрбөгүлө да ...
––Мен бой көтөргөн жерим жок . Баары кеч. Менин тоюм болуп жатат эки күндөн соң.
–– Дагы эки күн бар экенго. Билесиңерби менин эжем тоюна эки саат калганда жигити менен качып кеткен. Азыр алардан өткөн бактылуу жандар жок ..... Кантип силер өз сүйүңөр үчүн күрөшө албайсыңар !? Ээ мен жардам беремин.. Кеттик азыр кетебиз !
––– Чын эле Тамчы жүр кеттик. ? Атам апамдар барибир бизди кечиришет....
Алар да туура түшүнүшөт. Көрөсүң ! Биринчи каттуу капа болушат. Акыры бакыт каалап эле калышат. Ошол инсандардын адашканын далилдеп биз эң бактылуу үй бүлөө болобуз !
Эмне унчукпайсың ?
––Эй аяш , коюңузчу эми суранып калайын !? Батырак ойлонуп жооп бериңиз да ..
––Темурлан мен коркуп жатамын... Атам ,апам эмне болот... Эл ,журт эмне дейт ? Ким деген кыз болом? Атамдын тилини кысык кылып, эл караган жүзүнү жер каратып койомго . Мени да туура түшүнчүү–үү үүүүү !
––Ыйлабачы эми ? Айтымго мен сени бактылуу кыламын деп.!
Сөз берем жаным !
Ыйлап турган мени кучагына бек кысты.... Эч бир тыянакка келе албадым. Акылым каршы . Ал эми жүрөгүм эч нерсеге баш бербей уйгу–туйгу ... Акыры бир чечимге келдим...
––Темурлан , мен азыр кол сумкамды алып алайын. Апамдарга кат таштап анан чыгамын. Сен унага чыгып тур. Суука үшүп калдың...
––Макул жаным күтөмүн.....
Шашып кол сумкамды алып, сыртка чыктым.. Артымы карабай , шашып, унаанын артына олтурдум... Жарыгын тамызып, унаа үйүмүн астына чейин жүрүп барып , кайра артка бурулуп каттуу жүрүп кетти.....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 116