..
Терезе жактан орун алып, жанымда жөлөгүм болгон Темурланыма жөлөнө уктап бара жатам... Ата энемден кийинки эң жакын адамыма айланды да калды. .. Жакын келип , кулагыма шыбырай
––Тамчы карачы биринчи карды.!
––Кар ? Кана кар ?'
––Кара учкундап жаап жатат. Биринчи карың менен ! Автобустун чаң баскан терезесинен сыртка карадык. Ооба учкундап , бирин серин кар учуп жаап жаткан экен..
––Рахмат , бирге болсун ардактуум !
––Тамчы ?
–– угуп жатамын...
––Сени канчалык сүйөөрүмдү билесиңби ? Ушул аппапак кардай менин сүйүүм туптунук..
Сен үчүн баарына даярмын... Сенсиз жашоонун такыр кызыгы жок!
––Мен да сени сүйөмүн ! Менин сүйүүм кудум кино тасмасындай !
––Кино тасмасындай дечи ?
Деп адаттагыдай жылмайып алды... Биз көксөгөн айылыбызга келип түштүк..
––Темурлан мен кеттим , !
––Макул жакшы жетип ал. Эртең кечинде келемин.
Макул күтөмүн.. Экөөбүз бири бирибизди кыя албай көөпкө турдук...
Коштошуп үйүмө бет алдым...
Дарбазамдын жанынан куйругун шыйпандатып Алапарым турат. Мени тааный , мага карап чуркап, шыйпандап, аары жагыман бери жагыман өтүп шаштымды алды....
––Кет Алапар ! Барчы аары, сагындыңбы мени ?
Үйдө ким бар ? Апа–аа мен келдим !
––Ээ садамагам карааныңдан сенин , кечко кызым. Келип калдыңбы ?
––Ооба да жакшы отурасыздарбы апа ?
Атам кандай ? Акыркы автобуска арааң жетиштим...
––Ии садагаң кетейин , жакшы түзүк. Атаң досу Абдыкерим менен кеткен болчу..
––Айии алар келиштиби ?
––Ооба келишти..
––Апа мен азыр сыртка чыгып келейинчи!?
––Макул кызым, устуңдөгү курткаңы чечип, могу кемселими таштап ал кызым, бүгүн сени келет деп кун мурунтадан даярданып атаң экөөбүз күткөнбүз.. Мейли колуңду жууп келе гой ,ыссык тамагымды сүзөйюн...
Эки күн айылда ата энем менен эс алууга эч темке жетпейт. Мамырап уктап , соннун эс алам. Бугун да түшкү ченде көзүм уйкудан ачылды.. Үйдө аяш атамдын уну чыгып, атам экөө күлүп олтурушканы даана угулду.. Ордуман туруп, сыртка чыктым.. Кечинде ,түнү менен кар жаап, эшик алды аппак ак кебезге бөлөнүп калыптыр....
Көзүм камашып, ача албай агарган теребелден көзүм уялып, ырахаттана кере кере дем алып , айылдын аңкыган таза абасынан , бет колумду жууп, үйгө кирдим.. Төрүдө диванда чалкалап жаткан аяш атам менен атам өздөрүнчө калың каткырык менен олтурушканын көрдүм..
––Келиңиз аяш ата !
––Оо келдим ! Келдим кызым, супсулуу кыз болуп чоңоюп калыпсыңго ...
––Амансыздарбы аяш апамдар олтурушабы ?
––Аа ырахмат кызым. Жакшы олтурушат.
––Келишпедиби Кыргызстан га .. ?
––Артур жумушунан отпуска алып анан чогу келишет..
––Аа жакшы...
Артур аяш атамдын жалгыз уулу. Көз карачыгы жашынан Москва шаарында өсүп, ошол жактан окуп орус кыйял бала болуп өскөн... Кичинебизден бизди баш коштурабыз, деп атам жана аяш атам айта беришчү.... « Мага келин болосуңбу я – деп чарчатчу...
Аяш атамдын келгени биздин жашообуздун туп тамыры менен өзгөрүү алып келди... Москва шаарында иштеп ошол жактын жарааны болуп көп жылдан бери эмгектенишчү...Үй жай алып, кеңири жайланышкан... Келгенинин себеби мен болгон экен..
Кечинде апам мен жаткан бөлмөгө баш бакты..
––Уктай элексиңби кызым ?
––Жоок апа , уйкум качты негедир..
––Мм жакшы сен менен сүйлөшчү сөздөрүм бар болчу..
–Айта бериңиз апа , угуп жатамын...
–Атаң экөөбүз көпкө ойлондук , аары ойлоп бери ойлоп бир тыянакка келдик.
–– Эмнени мынча ойлодуңуздар ? –деп жылмая карап күлдүм..
–Кызым , кыз баланын бараар жери күйө. Элдердикидей экиден үчтөн балдарыбыз жок. Көз карачыктап, тумар тутканыбыз жалгыз сен.. Аяш атаң кудаа түшүп келиптир. Жашоосуну, түбү ата тегини билебиз тааныйбыз , жалгыз уул. Баар жогу бар. Окутат экен , Москвада улантсын кааласа дейт. Болбосо бул жактан Артурга жеке иш ачып берем дейт.
––Апа , эмне деп эле жатасыз? Тообо , менин жигитим бар экенин билесизби ?
––Билем , сүйүү бул өткүнчө эле.. Баары өтүп кетет.. Аяш атаңдын үй бүлөөсү жакшы.. Ошондой жерге түшсөң , кабатыр албайт элем...
––Апа мен тийбейм . Темурландан бөлөк адамга тийбейм. Жактырбаган адам менен кантип жашап кетемин? Менин мүнөөзүмдү билесиз , жакпаган буйюмду да тамакты да ачка калсам да жылаңач калсамда кийбейм да ичпейм дагы.. Жада калса ал Артурду канча жылдан бери көрө элекмин.
–Жаңылышып калба сүйүү, сүйүү эмне кылып берет. Жыргап жаша андан көрө. Астында машина, үстүңдө тамың , ойлон айланайын.
Темурланга атаң бербейт. Атасы аракеч, апасы бузулган аял экен. Чоң атасы да ууру болуп абакта көз жумган деген кеп бар экен...
––Эмне болуптур , атасынын, апасынын күнөөсү үчүн байкуш Темурлан күнөөлүбү ? Караңызчы кандай аракет кылып жатат. «Атаңдын акчасы жок, мен тийбейм , апамдар бай бир жигитти тааптыр »– деп айтайынбы ?
––Ээй кызым, илгерки аталар таамай айткан, куш уясындагыны учканда жасайт дейт, барып барып атасыны тартат , себеби канын да бар. Макул ичпесин бирок , баарибир кандайдыр бир сапаты тартып калат...
Өкүнүп калба кеч болуп калат...
––Мен ынай албайм апа ! Кечириңиздер ! Мен Темурланды таштай албайм.. Ал мени сүйөт, абдан сыйлайт, көзүмө карап кана турат....
Мага андан артыгынын кереги жок. Акчаны иштеп өзүбүз таап алабыз..
––Мейли анда жата бер. Мен атаң менен сүйлөшүп көрөйюн.. Эмне деп айтат болду экен абдан башым катты...
Апам чыгып кетти.. Түн бир окум, тереземе «Тарс» эткен үндөн чочуй ойгонуп кеттим..
Парданы ачып карасам Темурланым турган экен... Сагынып , кечке ойлонуп жаткан болчумун.. Жылуу кийимдерими кийип, бут кийимимди колума көтөрө сыртка бутумдун учунда басып чыгып кеттим....
Кар тоңуп , баскан сайын кыртылдап дабыш чыгат.. Жүгүрө мойнуна асылдым..
–Сагындым!
–Мен да сагындым!
––Кечке сени ойлоп жүрдүм, аа баса ме сага момпосуй . Апам берип жиберди...
––Ырахмат , тоңуп үшүп калыпсыңго..
––Сени көргөнү кайсыл жерден келдим билесиңби ?
Ооба, Темурлан бир айыл өйдө тарапта шаарга жакын турчу... Боорум ооруй түштү. Кучагына бек кысып, эркелете маңдайымдан өптү..
––Тирегим ! Сени бир күн көрбөсөм тура албаймын. Дүйнөнүн бир тарабынан болсо да жетип келетирмин..
Кар , жамгыр жада калса таш жаабайбы ..
–Темурлан биз эгер турмуш курбай калсакчы ?
Анда эмне кыласың ?
––Билбейм, сенин ушундай да ойлоруң барбы ? Чындыгында мындай жаман ойлор келбептир менин акылыма... Сенсиз бир күнүм дозок болуп өтөт. Анда мен бул дүйнөдөн кете берсем да болот. Арманга күйүп, дозок отуна жарык жашоодо күйүп жүргөндөн көрө...
––Жок, эми да айтымда. Жашоодо баары болот , баарына даяр туруубуз керек ко..
––Ал сенден жана менден эгер бири бирибизге каттуу ишенип, сүйүүбүз үчүн күрөшсөк эч ким бизди жеңе албайт..
––Ооба , ишенүү керек..
––Тамчы сен мага ишенесиңби ?
––Ооба ,ишенемин ...
––Мен сени эч качан таштап кетпейм , кете да албайм .. Мага сенсиз жашоонун өзү кызыксыз. Мендей сени ата энеңда сүйбөсө керек.. Аа сендей мени ата энем да билбесе керек..
Бул сөздөр мени андан өтүп , жүрөгүмө терең ишенич байлады.. Эки ара болуп жаткан жаным, катуу ишендим. Өз сүйүүм үчүн күрөшүүгө бел байладым...
Арадан күндөр өттү, атам менин сөзүмдү укпай Артурга мени берем деп кудаа түшүп келген аяш атама жообун берип койду... Эки көзүм тоодой болуп шишип мен жатамын... 25~декабрь үйлөнүү тоюбуз деп белгилешти..
Апамдар каттуу даярданып жатышат.. Элдин баарына чакыруу кагазы таркатылып, апамын атамын буту күндө базарда. Эл кылбаган кымбат баалуу буюмдардын баарын алышты. Кошуна колоңдор күндө келишип, көрпө капташып кетишет... Шырдамал, колго согулган килемдер да бар... Алыскы Баткен шаарынан алдырып келишти...
Мен үчүн баары керексиз жана кызыксыз болуп жатты.. Ата энемди көрөргө көзүм жок.. Алар мага душманымдай болуп калышты. Артур да айылга келген , үч күндөн бери мени көрүүгө ашык.. Менин «жок » деген сөзүмөн улам батынып келе албай жүрөт..
Бугун Темурлан келиши керек болчу. Уктабай сырттан тырс эткен үнгө да жүгүрүп, терезеге жабышып, аңдып эки жакты элеңдеп карап, анын жоктугунан улам, маанайым сууп олтуруп каламын.... Бир кезде тереземден бир караан аары өттү.. Кайра артка жылып, айяр черткиледи.. Диванымдын астына камдап койгон кийимдерими кийип , аста чыгып кеттим.. Маанайы сууз, капалуу көз карашы менен жүрөк оорутуп, менин эң ардактуум турат. Бир жуманын ичинде жүдөй да түшкөн.. Аны көрөөр замат эки көзүмөн жашым акты.. Темурлан менен качып кетким келди.. Жанына барып, үнсүз ыйлап турган мени жылуу кучагына тартты..
––Ыйлабачы эми ? Ыйлай берип, көздөрүң да шишип кетиптир..
––Аа сен эмнеге ыйлап жатасың ?
––Сени жоготуудан корктум. Бугүн мен өзүмдү өзүм тааныбай жүрдүм.. Тамчы жүр качып кетебиз...
––Темурлан ата энем эмне деген адамдар болот.. ? Мени кечиришпейт..
––Мени сүйбөйт экенсиңда..
––Ата энеңди дагы бир ирет жөнөтүп койсоң болмок..
–Алар келиштиго , кайра айталбадым. Ата энең тоготпогон окшойт. Мейли тоготпосо деле , сыйлабаса деле бирок менин ата энем. Мени бул жарык дүйнөөгө алып келген инсандар.. Мен алардан кечип кете албайм.. Көрөсүң иштеп акча таап аларды да элге , журтка кошомун..
––Темурлан кечирип кой ! Башка айлабыз жок окшойт.
––Мейли өзүң бил. Өз тандооң. Бирок эч качан сенден кечпейм... Кайрылсаң кучак жайып тосуп аламын...
Кучакташып, ыйлап турган кезде арт жактан атам чыгып келди...
––Тамчы кир үйгө ! Жашабагыр кыз болбой калгыр !
Атамды көрөр замат, Темурландын кучагынан бошоп үйгө карай качтым...
––Асаляму алейкум !
–– Ва алейкум салам..!
––Мени кара уулум, экинчи карааныңы бул жерден көрбөйюн.. Акыркысы болсун! Мен кызымы узатып жатамын.. Сага мүмкүнчүлүк берип көрдүм, эптей албалың ,эми өзүңдөн көр.
Сенде эмес күнөө ата энеңде, кызга калың менен келүүсү керек болуучу . Мейли той кыла албасын ачуу басар дегени бар. Кызымды жыйырма жылдан бери бекер үмүт менен чоңойткон жерим жок. Элдеркидей учтөн төртөн кызым болгондо , көз жумакмын баарына . Менин да жакшы жерге өз баламды узаткым келет, максат тилектерим бар. Өз баласы үчүн күйбөгөн ата энеге кантип мен баламды бүлөө кылып тапшырамын..
Уулум жер карабагын, башыңды бийик көтөр...
––Баары түшүнүктүү .
––Азамат, жакшы сүйлөшүп алдык окшойт!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 46