Биринчи курста окуп жургон кезим. Окууга эжемдин уйунон каттап окуйм. Жолум тетири болсо да жатаканада жашагым келбеди. Билинбей куз айлары отуп, айлананы акка бологон кереметтуу кыш келди. Уйдон шашылып чыктым. Кар жаап жаткандыгына байланыштуу шаарга каттаган машиналар да аз экен. Он мунот отту эч ким жок. Бугун кечигемго азыр шаарга жетип алсам, андан ары да такси кутуш керек. Озумчо бир нерселерди кубуроп турам. Ангыча машиналар да кобойо баштады. Алгач эле жарыгы корунгон машинага кол котордум. Ал да очошкондой токтобой отуп кетти. Эхх эми кечигемго кантсем экен? Жакын болсо да бир жон, жоо басып турмактын. Шаардын чети анын устуно карангы. .. Оз ойлорума чомулуп турсам жанагы токтобой отуп кеткен машина артка кайрылып "Чон кыз шааргабы?"-деп айдоочусу суроо узатты. Ооба байке, жок дегенде биринчи светофорго таштап коюнчу дедим шашыла. Улам саатты караганымдан кечигип жатканымды тушунду окшойт. "Кайсыл жерде окуйсуз?"-деп калды. Ичимдегини окуп койгондой окуу жайга жеткирип койду. Сабак башталышына 5 мунот калган. Ыраазычылык билдирип чуркаган бойдон кирип кеттим. Адаттагыдай сабактан чыгып, китепканага кирдим. Ал жерден эки саатсыз чыкчу эмесмин. Кечки саат 5 ке чукулдап калганда уйго камындым. Кыялдана кеткен экем "Чон кыз уйго шашылбай элесизби?"-деген ундон селт дей туштум. Мандайымда турган жигитти тааныбай турдум. Эми эстедим.... бугун мени жеткирип койгон жигитко. Кызык бул жерде эмне жумушу бар экен? -Сиз бул жерде эмне кылып журосуз дедим тандана. -Сизди сабактан кечигип калбадыбы деп сарсанаа болгом, озунуздон сурап билейин дедим. Атыныз ким болот? Ошентип таанышып да калдык. Убакыт откон сайын мамилебиз жакшылай баштады. Бирок мен ага карата сый-урматтан башка эч нерсе сезе албадым. Аны умуткор кылгым келбеди. Жашоодо бирге болбошубузду жакшы билет элем. Мага уйронуп калганда аруу сезимин тебелеп, оз суйгонум менен кетуу экообузго тен оор болоор эле. Ушунун баарын ойлоп анын жашоосунан изсиз чыгып кетууну кааладым. Азирет экообуз билинбеген турдо бири-бирибизден алыстай бердик...Куз келип кайра шаарга келдим. Курбу кыздарым менен сейил бакта олтурганбыз. Жетелешкен жаш жубайлар досторунун коштоосунда келип жатышат. Мен Азиретти алыстан тааныдым. Ал мени жакын келгенде байкады окшойт, тиктеп тура берди. Жылмайып бактылуу бол дегендей баш ийкедим. Ошол кезде аны суйо алган эмесмин. Анын да сезимин ойногум келген эмес. Убакыт отуп баары оз ордуна тушо башаган. "Бироого бакыт алып келе албасан, анын бактылуу болушуна тоскоол болбо"-дешет эмеспи... Мен аны бактылуу кыла ала турган адамга жол бошотуп бергем. Кун келип мени тушунушуно ишенем.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев