Квартирада жалан гана айылдаштарыбыз жашачу. Алар менен бир туугандай мамиледе болуп калдым. Жашым кичине болгонунабы айтор баары конулумо карашчу. Жумуш уй, уй жумуш болуп олтуруп бир жылга чукул убакыт отуп кетти. Уйго чалдым дегиче кел деп айтышат. Мен корккон нерсе мени бул жерде да тынч койбоду. Айтпадым беле жалан айылдаштарым менен жашайм деп, менден бир топ жашка улуу бир байке бар анын женеси кундордун биринде "Коз алдыбызда чонойдун Атабеке эле турмушка чыкпайсынбы" деди. Мен мындай созго даяр эмес элем. Жылмайдым да жене мен Москвада турмушка чыкпайм деген жоопту айттым да сыртка чыгып кеттим. Ал жигитке болсо баштагыдай сый-урмат менен мамиле кылып журо бердим. Келгениме эки жылдын жузу болду уйго ушунчалык кетким келип жатат. Атам менен апамды сагынганымды айтпа. 2012-жылдын февраль айы болчу. Жумушка эрте барып апама чалдым. "Кызым келе берчи эми, эки жыл журдун. Кетип жатканында сени ушул бойдон эки жыл корбойм деп ойлободум эле..........." Апамдын ушул создору мени ойлонтуп койду. Баарына кол шилтеп уйго кетууну туура кордум. Март айынын башына билет алам, ошону менен Москвага кайра келбейм деп ойлогом. Эжем мени кеткирбей койду.
(уландысы бар)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев