Жалгызым менен суйлошуп телефонумду болмодо калтырып кетипмин. Кайра кирсем Аман чукулап олтурат. Кичинемен кызганчактык адатым бар. Кимден сурадын?- деп колунан жулуп алдым. Коз карашыман баарын тушунду окшойт, унчукпай туруп калды. Кабагымды карыш салып оз жумуштарымды аткарып журо бердим. Ал куну суйлоого батына албады. Эртеси куну менден баарын сурай баштады.
-Аман сенден сураныч менин жашоомо аралашпа, ал жигит менен суйлошушумду баары билет.
-Атан да билеби?
-Ооба атам да билет... Дагы суроон барбы?!
Ал ойлонуп туруп калды. Ачууланганда ичимдегинин баарын айтып алмай адатым бар. Уйго башкача киргенимди байкаган атам суроолуу карады. Атоо тиги Аманды уйуно кетирип жиберинчи дедим. Кызым ал болгону коноко келгенда, анчалык ичи тар болбо... Ун катпай олтура бердим. Улам телефондогу жалгызымдын суротун карайм, оз оюмда ичимдегини ага айтып жаткандаймын. Козумдон ылдый кулаган жашты да байкабай калыпмын.
-Эгер мени деп ыйлап жатсан кечирип кой...
-Сен качантан бери бул жерде турасын?
-Беш минутадан ашты бирок сен баштагыдай мага маани берген жоксун. Эмнеге биздин уйубуздо журот десен керек. Сен аябай озгоруп кетипсин. Назик, боорукер кыз кантип мынчалык таш боор болуп кетти????
Амандын создоруно такыр тушунбой жаттым.
(уландысы бар)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев