Адамдын тушуно эмнелер гана кирбейт. Кээде коргон тушумду эстей албай убара тарткан учурум коп болот. Бугунку тушумду болсо мен так эстеп калдым, анткени анда менин бактым, суйуум баары камтылган эле...
**************************************************************
Мектепке эрте баргам, классташтарымдын ичинен эн кичинеси мен болчумун. Башта анча билинбейт эле бирок мектепти аяктагандан кийин бир аз окундум десем да болот. 11-классты аяктаганда 16га жаны толгон учурум. Тан калыштуусу менин жашыма да карабай уйго жуучулар келе баштады. Атам менин эмнени ойлоп жургонумду билет да.... ашыкча кеп-созсуз окууга тапшыртып койду. Озум суйгон журналисттик кесибине эмес, атам тандаган экономика жаатына. Мага жакпаса дагы турмушка чыкпаш учун окууга макул болдум. Кулкулуусу группалаштарымдын ичинен да эн кичинеси мен болуп калдым. Алар менен оной тил табышып кеттим, Рима экообуз азыр да бири-бирибизге эже синдидей сый-урмат менен мамиле кылабыз. Мектепте жакшы окуганыма байланыштуу сабактардан коп деле кыйынчылык болбоду. Жашоо оз нугунда уланып, мен болсо турмушка чыкпаганыма кубанып журо бердим. Уйго ар жумада келем. Копчулук "ой сен айылда журосунго деги окуп жатасынбы?"-деп сурай берчу. Бугун да окуудан чыгып туура уйго жол алдым. Эмнегедир кетким келе берди. Апамдарды коруп эртен эрте менен сабакка келип калам деп ойлогом. Бирок уйдо мен корккон нерсеге туш болдум.
(уландысы бар)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев