Эки жакшы биригишпейт деп коет,
Жакшылары жамандарга тээк болот.
Мен жаманмын,жакшы адам жанымда,
Мактап турсам бир озунду эп болот.
Кыялым бар чарт-чурт эткен чагылган,
Эч себепсиз мезгил менен таарынган.
Кокус менин кармап калса концертим,
Бут тируулук мага гана багынган.
Жоругум бар жолго таштаар ойлонбой,
Жоолугум бар апан камдап койгондой.
Жылдызыбыз келишпеген адамга,
Жолобоймун жамандыктан корккондой.
Башына тамак жасап,чай кайнаткан,
Балыкты кууруп анан нанды жапкан.
Балекет тугойундон болсом деле,
Бар болоюн “суйомун” деп жагалданган.
Созунду эки кылган жар болоюн,
Суйролгон,жудоо,уян,тар болоюн.
Сен гана камкор,алтын куйоо атал,
Солокот,каракчыдай жар болоюн...
Сен жакшы бол,а мен болсо ашыгып,
Жамандардын атаманы болоюн!!!
Сайкал Сталбекова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев