Уландысы:
Жашыкмын
Калжандап турса карганын билбей
Тели-тентушту козуно илбей.
Ордун билбеген,ообу жандар
Жудоткон элди капкара кирдей.
Кыргыз тилимди чанганда жашыйм
Кымызын сатып танганда жашыйм.
Шылкыйтып башын олумуштонуп
Чонтокко акча салганда жашыйм.
Ата-эне баркын билбесе жашыйм
Айыпсыз жерден тилдесе жашыйм.
Атам жок менин,сагындым дешип
Аз омурундо кулбосо жашыйм.
Карылар уйун укканда ыйлайм
Калкымды андай азапка кыйбайм.
Керт башы учун чечим чыгарган
Келесоо болгон уулуна ыйлайм.
Балалуу болбой кайгырса ыйлайм,
Бактылуу жандар айрылса ыйлайм.
Кек сактап тууган бири-бирине
Кечирбей журуп айрылса ыйлайм.
Уурулук,митаам муноздон корком,
Андай адамдар жашоомдо болгон.
Жалганчы,ушак жайылтып жургон
Душмандан корком,туугандан корком
Душмандай арам туугандан корком...
уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев