Ээ,асылдар,айланайын асылдар,
Ата-энеден кийинки эле жакындар.
Карангыны жарык кылып туйшолгон,
Колдорунда куралы жок баатырлар.
Ээ,улуктар,кайгы-мунду унуткар,
Окуучундун создоруно кулак сал.
Жеке ойду,жек корууну кошпочу,
Журогуно жылуу мээрим,суйуу сал.
Желпиген жел,ышкырынган шамал да,
Нурлуу коздор,козго суйкум жамал да.
Бир силерге кызмат кылып тургандай,
Буйрук кутуп,корсом дешип катарда.
Такшалткан билимимди,
Тар кылбай ийинимди.
Мугалим асыл затка,
Эп кором ийилууну.
Жазып-окуп кетууну тим коеюн,
Тамгалардан адашып ит болгомун.
Алты жашаар кезимде оюн куруп,
Эркеликтин доорунан бошободум.
Апам менин алгач ирээт козум ачты,
Куттуу уя корсотуп,ары басты.
Ошондо мен он бут менен кирген экем,
Мен да ага ,ал да мага абдан жакты.
Жакшы окудум,нечен узак жол тарттым,
Торт мектептен билим издеп,коп бастым.
Билим берген,урон сепкен эжейлерге,
Таазим этип,колум берип,ыр жаздым.
Алтындарым бар болгула оорубай,
Башым ием,сынап-карап олтурбай.
Сыйлайм,сезем,эмгегинер баалаймын,
Ойлономун,ким болмокмун окубай???
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4