Апамдын торкундору,туугандары,
Айылдын ак сакалы,турган баары.
Балапандай кезимден остурушту,
Бак тилешти баарылап тургундары.
Суусун ичтим Оро-Башы ыйык жердин,
Билим алдым таланттар чыккан элдин.
Эмгекчилим эсимде кетпейсин сен,
Сен урагыс фундаментим куруп бердин.
Таятама,таэнеме таазим кылам,
Ат которгус эмгегин кантип унутам?
Эмгектерин эч качан актай албайм,
Айтып журом,ырларымда жазып турам.
Солтон-Сары жайлоосунда кымыз ичип,
Ункур-Таштын сыйкырына сунгуп кирип.
Кок-Торпокту аралай басканымды,
Унутпасмын силерди ойлоп журуп.
Беш-Баланын тарыхын жакшы билем,
Мазарына дагы бир баргым келген.
Тапа-Тошто чаан тээп ойногон кез,
Журогумдо очпос от,жалын белен?
Эмгекчилим бар бол деп айта кетем.
Элжиреген журокко уроон сепкен.
Акындык онорумдун аркасынан,
Тай жагыма таазим этем...таазим этем...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1