Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
“Азаттык” демократиялык партиясы Лейлек районунда болду.
“Азаттык” демократиялык партиясы Лейлек районунда болду
“Азаттык” демократиялык партиясынын төрагасы баш болгон Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкерлери Медеткан Шеримкулов, Ахматбек Келдибеков, Ибрагим Жунусов, Бактыбек Калмаматов, Мыктыбек Арстанбек жана партиянын Лейлек району боюнча штаб жетекчиси катышты. Андан соң Лейлек районундук маданият үйүндө жергиликтүү шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү.
Аталган аймак Баткен облусунун батыш бөлүгүндө жайгашып, түндүк-батышынан жана түштүгүнөн Тажикстан менен чектешет. Жегиликтүү тургундар негизинен айыл чарба жана чек ара көйгөйлөрүн көтөрүштү. Бул багытта партия лидери генерал Исмаил Исаков өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, куралдуу күч түзүмдөрүнүн, чек ара калкынын маселелерине кенен токтолду.
“Азаттык” демократиялык партиясынан талапкер Бактыбек Калмаматов болсо, айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө суроолорго жооп берип, партиянын программасындагы экологиялык азыктар жөнүндөгү пунктун элге түшүндүрүп берди.
Ал айыл чарба тармагын жаңыдан реформалоо керектигин жана жаңыча иш алып баруу заман талабы экендигин кошумчалады.
Андан сырткары алар жолугушууда транспорт, таза сууу жана көптөгөн маселелердин чечүү жолдору партиянын программасында бар экенин баса белгилешип, талапкерлер элдин ал-акыбалын сурап, талабын талашканга даярдыгын билдиришти.
Бул жолугушууга келген тургундар “Азаттык” партиясына жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрүн айтып, ак батасын беришти.
Партиянын кийинки үгүт кербени Баткен облусунун башка аймактарында уланмакчы.
Показать еще
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше интересных видео и найти новых друзей.