“Азаттык” демократиялык партиясынын үгүт кербени Ысык-Көл облусунда уланды. Партия мүчөлөрү Медеткан Шеримкулов, Бактыбек Калмаматов, Ибрагим Жунусов, Ахматбек Келдибеков, Эльмира Ибраимова Жети-Өгүз жана Тоң районунун эли менен жолугушту.
Партиянын тизмесинин сап башында турган Исмаил Исаков коррупционерлерди мамлекетти башкаруудан алып, аларды алмаштырганы баратканын, алар менен катарлаш эле жемкорлордун да шайлоого келе жатышканын белгилеп өттү.
Эл найза болуп берсе, “Азаттык” партиясы анын учу болууга даяр экендигин баса белгилеген дагы бир талапкер Бактыбек Калмаматов бул жолу элге жаңы мүмкүнчүлүк берилип жатканын кошумчалады.
“Урматтуу элим! Силер найза болсоңор, “Азаттык” партиясы анын учу болууга даяр. Сайган жериңерге сайылабыз, биз майтарылбайбыз!”
Жолугушуу учурунда партиянын төрагасы жана талапкерлери шайлоочулардын көптөгөн суроолоруна жооп беришти. Суроолор көбүнчө партиянын программасы, аны ишке ашыруу жөнүндө болду.
Иш чаранын соңунда шайлоочулар партиянын лидери Исмаил Исаковго жана талапкерине ак жол каалап, ак сакалдар “Азаттык” демократиялык партиясынын жеңип чыгуусун каалап, ак батасын беришти.
____________________________________
☑️№10 "Азаттык" партиясы
☑️№7 Бактыбек Калмаматов
#Бактыбек_Калмаматов
#АзаттыкҮчүн