"Азаттык" демократиялык партиясынын кезектеги үгүт кербени Ош шаарында өтүп, талапкерлер аталган шаардын борбордук аянтында эл менен жолугушту. Ар улуттан өкүлдөрүнөн, жергиликтүү тургундардан чогулган элдин саны көп болду. Жолугушуунун башталышында Максат Кулуевдин «Азаттык» аттуу гимни ырдалып, уккан элдин демине дем берип, патриоттук сезимдерин ойготту.
Партия лидери Исмаил Исаков, "Азаттык" партиясынан талапкерлер Медеткан Шеримкулов, Бактыбек Калмаматов, Бөдөш Мамырова, Ибрагим Жунусов, Жылдызкан Жолдошева, Дыйканбаев, Заирбек Эргешов, Мыктыбек Арстанбек жана башка партиянын мүчөлөрү эл менен жолугушууга келишти.
Ош шаарынын эли “Азаттык” партиясын жылуу маанайда кабыл алып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле Оштун элинин атынан Бактыбек Калмаматовдун жакындары, шайлоочулары үстүнө чепкен жаап, астына ат мингизип, ак батасын беришти.
____________________________________
☑️№10 "Азаттык" партиясы
☑️№7 Бактыбек Калмаматов
#Бактыбек_Калмаматов
#АзаттыкҮчүн