Буркуратып атыр себинүү.
Көпчүлүк аялдар бул нерсенин шариятта арам экенин билишпейт. Билгендери да көңүл бурушпайт. А, чындыгында бул нерсе
абийирлерин ачып жүргөндөй эркектердин делебесин козгото турган нерсе. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз: «Кайсы бир аял атыр куюнуп,
эркектердин арасынан өтсө, ал – зынаа кылуучу», «кайсыл аял жыттуу
нерселерден куюнуп мечитке барып намаз окуса, анын намазы кайра кусул кылмайынча кабыл болбойт» деп хадис сүйлөгөн. (Абу Дауд,
Нисаий риваяты)
Көчөгө көп чыгуу.
Эч бир себепсиз эле көчөгө, базарга, тияк-биякка көп чыгып,
тааныштар менен эзилишип, ушак айтышып, бирөөлөрдү шылдыңдап,
ырсакташып күлүп олтуруу аял кишилердин абийирин жогото турган
жоруктардан.
Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам: «Аялдардын баржогу
абийир (аврат) көчөгө чыкса эле, шайтан сагаалап турат.» деген.