22. Иш чечилип, (тозокулар – тозокко, бейишилер – бейишке ажырап) калганда шайтан айтат: «Аллаh силерге чын убада берген болчу. Мен дагы силерге убада берип... аткарбай койдум. Силерге (көргөзгүдөй) менин эч бир далилим жок эле. Болгону, мен чакырдым, силер чуркап келдиңер. Эми, мени эмес, өзүңөрдү айыптагыла. (Бүгүн башка түшкөн азаптан) мен силерди куткара албаймын. Силер да мени куткара албайсыңар. Бирок, мурун (дүйнө жашоосунда) мени (Аллаhка) шерик кылганыңарды мен да моюнума албаймын (мен кудай эмесмин, Кудайдын шериги да эмесмин) Чынында, (бул жерде мен жана силерге окшогон) заалымдарга кыйноочу азап бар» «Ибрахим» сүрөсү
Аллаh “Менин жолума жүрбөгөндөрдү Тозокко түшүрөм” деп убада берген.
Шайтан күнөө иштерди кооз көргөзүп: “Жасай бергиле, эч нерсе болбойт” - деп убада берет.
(Ыйык Кураан) которгон: устаз Шамсуддин Абдыкалык уулу