Аллах ырахматына алсын Чубак устаздын бир сабагында бирөө: "Устаз, сизди үй-бүлөбүз менен жамандадык эле, кечирип коюңуз" деп айтканда, устаз: «мен кечирдим, акымды адал кылдым!" деди эле. Бул сөздөр суроо берүүчү менен устаздын ортосунда кечиришип, адалдашуу болгон жакшы иштерден болуп калды. Ушул сөздүн маанисине терең ой жүгүрткөн адамга ичинде канчалык улуу сырдын, бактылуулуктун ачкычы катылганы билинет. Биз пенделер бул күнөөнүн оор экенин, кабырда да, акыретте да азабы катуу экенин билсек да кайдыгерлик кылып, адатыбызга салып: «ал өзү ушундай болсо, болгонун айттым да" деп жеңил кабыл алып, ушактай беребиз, гыйбат кыла беребиз. Эгерде ушактаган адамдарыбыздын атын жаза берсек том-том китепке айланмак. Өкүнүчтүүсү ушул адамдар акысын бул дүйнөдө адал кылып кечирбесе, акыретте араң окуган намазыңыз, Кураныңыз, ойлор ар жакта чаржайыт болуп шашмалап тарткан зикириңиз, кысынып өзүмө жетпей жатса деп жатып бир аз кылган садака жакшылык иштериңизди ошол адамдар алып тынат. Ошондуктан бул көйгөйдөн кутулуу үчүн биринчиден тилибизди, кулагыбызды ушактан сактайлы. Экинчиден, Жараткандын кечирим, жакшылыгын үмүт кылып ар күнү уктаар алдында ар бирибиз:
"Оо, Аллахым! Мени ким болбосун таанысамда, тааныбасам да сүйлөп, ушактап, акыма кирген болсо, мен аны кечирдим, акымды адал кылдым! Мен да бирөөнү билип-билбей акысына кирген болсом, бул дүйнөдө акысынан кутулууну насип кылгын! " деп таза ниет, чын жүрөк менен айталы. Бул жазганымды окуган ар бир адам ушундай кыла берсе баарыбыз кечирилишип, акыретте жарык жүз менен өз амалдарыбызды колго кармап, бейишке чогу кирип кетсек ажеп эмес.
☺️🤝"Мен сени кечирдим! Акымды адал кылдым! Бир тууганым! Сен да акыңды адал кылып, кечирип кой!»Биз кечиримге муктажбыз!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев