б сулуулук үчүн пластическая операция кылдыруу - АРАМ, чоң күнөө.
Келбетти өзгөртүүнүн өкүмүнө кирет. Булардан даарат, гусул өтпөйт, такыр кылдырбаңыздар. Арамдан сактаныңыздар! Бул эскертүү Бейишке кирүүнү каалаган мусулман аялдарга гана тиешелүү! Калганына тиешеси жок! Билгенин кылсын.
Чыныгы мусулман эскертүүнү кабыл алат.
Каш терүү арам, чоң күнөө. Эгер каш терип жүргөн болсоңуз, тообо кылыңыз (Аллах күнөөлөрдү кечирүүчү зат), мындан кийин тербеңиз. Кашын терген аялга жана аялдардын кашын терип берүүчү аялга Аллахтын каргышы болот.
Каш терүүнүн арам экендигине далалат кылган хадистер өтө көп.
Имам Бухари жана Имам муслимдер (р.х) риваят кылган хадисте мындайча келет: Алкама (р.х) айтат: Абдулло бин Масъуд (р.а): Денеге (ийне менен) сүрөт тартуучу жана тарттыруучу аялга, каш терүүчү жана кашын тердирүүчү аялга, кооздук үчүн тиштеринин арасын ачтыруучу аялга, Алла жараткан келбетти өзгөртүүчүлөргө Алланын лаънаты (каргышы) болсун! - деп айтты.
Имам Куртуби өз тафсиринде айткан: Алланын жаратканын өзгөртүү болуп саналган жана дайыма кала турган нерселер тыйылган.Ал эми дайыма калбай турган нерсе мисалы сурма (боёк), аны менен кооздонуу, аалымдар буга уруксат беришкен.
Жыйынтык:Кооздук үчүн денедеги ар бир көбөйтүү жана кемитүү эгер денеде дайыма калса жана жаралууда ушундай жаралган деген нерсе пайда болсо, мына ушул нерсе өзгөртүү болуп саналат жана шариат аны тыйат. Ал эми аял өзүнүн күйөөсү үчүн кооздонсо, мисалы колуна кына койуу, бетин жана башка жерин кооздосо, негизги жаралышы өзгөрбөсө анда бул нерсе жалпы аалымдардын айтуусунда тыйылган өкүмгө кирбейт. Ал эми ашыкча алтынчы манжаны кестирсе бул жаралышты өзгөртүүгө кирбейт.Ал айыпты кетирүү болуп эсептелет.
📚Момун аялдарга тийешелүү өкүмдөр.
#мениздегенилим
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев