Ислам окумуштуулары ыйманды сөз, жүрөктөгү ынаным жана аракет тастыктайт дешет. Сөз албетте зор мааниге ээ, бирок анын чындыгын албетте жүрөк гана эмес, а балким ыклас менен жасалган аракет да тастыктайт. Бирок аракеттин ыклас менен жасалганын Аллах гана билет. А айлана аракеттин умтулуусунан гана баа бере алат. Ошондон улам адамдын ыйманын анын жасаган иштеринен, сарптоосунан жана умтулуусунан улам баамдап көнүшкөн.
Демек адам ишенимине жараша умтулат, тагыраагы адам ишенбегенине эч аракет кылбайт. Мындан чыкты адам сөзү менен эмнени айтпасын, намаз окубаса - демек анын милдеттүүлүгүнө, андан баш тартканы үчүн жаза алаарына ишенбейт. Же бирөө көп ыктыярдуу намаз окуса - анын жоопкерлигине жана сообуна ишенет. Ушундан улам, эптеп намаз окуганды - ыйманы алсыраган дейт окшойт. Анткени, анын ишеними алсыз болгону үчүн амалдары да солгундады. Тескерисинче, бирөө көп намаз окуй баштады, анткени, анын ишеними күч алды.
#мениздегенилим
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1