Предыдущая публикация
Баш вазирдин кечее уктум бир кебин,
Мугалимдин текшерем дейт билимин.
Эптеп окуп мугалимдер окуусун,
Түшүрдү дейт билим берүү деӊгээлин.
Ооба. Туура. Караш керек деӊгээлин,
Келечекке кантип билим берерин.
Керек болсо катуу чара көргүлө,
Талап кылып мугалимдин кетишин.
Менин да бар мугалимдик билимим,
Ошон үчүн билдирсем дейм пикирим.
Чечилеби текшерүүдөн маселе?
Жаралабы агартууда секирим?
Эӊ оболу такташ керек себебин,
Билим берүү кантип түшүп кеткенин.
Кимдер? Кантип? Жана эмне түбүнө,
Агартуунун ушул күндө жеткенин?
Кел туугандар айтчуӊарды айткыла,
Эл ортого оюӊарды салгыла.
Ким күнөөлү аныктайлы жалпылап,
Күнөөлүүнүн айыптарын ачкыла.
Ж. Шакиров
2023 – жыл 20 июль.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев