Кыз келиндер сыйлап берчү жармасын,
мелт калт кылып, малып ага бармагын.
Бир аяктан иччү анан бүт айыл,
чаңкагандар чындап берип батасын.
Корулбаган короо, ачык эшиктер,
сый көрүшкөн ким болсо да киргендер.
Чай жаңыртып көңүл бөлүп конокко,
меймандардын түбүн иччү келиндер.
Тамак түбүн жеткин дешип жашыма,
кары адам берчү экен жашына.
Түбүн жыйнап кадыр барктуу инсандын,
ырым кылып берчү апа балага.
Эсте анан эне чайнап бергени,
наристенин соруп аны жегени.
Тойгузбаса өз энеси курсагын,
ымыркайдын башка эмчек эмгени.
Аш тойлордо устуканды жыйнабай,
буюрганын үйдү көздөй ташыбай.
Ак сакалдар ырыскысын балдарга,
берер эле ач көздүккө алдырбай.
Улуусунун кийчү кичүү кийимин,
сыймыктануу менен алып бергенин.
Беш бармакты кантип айтпай койомун,
этти туурап колу менен жегенин.
Көрсө кыргыз таза тура башынан,
жан дүйнөсү аруулуктан жаралган.
Азыр болсо ал нерседен дайын жок,
түрдүү илдет күчөп күндө куруткан.
Ж. Шакиров
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев