Предыдущая публикация
Эки чырак жарык кылды бир үйдү,
бирок экөө эки башка күйүштү.
Бири шаӊдуу, экинчиси сабырдуу,
жарык менен жылуулукту төгүштү.
Биринчиси шаӊ тартуулап шат күйдү,
айланага чымын чиркей бат үйдү.
Мына сага жашоо деген ушу деп,
шарактаган жандыктардан дос күттү.
Мезгил болсо билинбестен тез өттү,
шаӊдуу чырак бир жалт этип жалп өчтү.
Майда барат жандыктардын баарысы,
сабырдууну мактап даӊктап бүт көчтү.
Унутулду эсте калбай шаӊ чырак,
күйсө дагы кезегинде балбылдап.
Экинчиси сабырлуу да салмактуу,
көпкө күйдү өз кызматын тартуулап.
Ж. Шакиров
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев