Предыдущая публикация
Эски там.
Ичин желе баскан.
Жетимсирейт.
Ээсин күтөт.
Эшигине мык урулган,
кулпуланган.
Оту өчпөй коломтодо,
чайы кайнап.
Дасторкондо баары
жайнап.
Үй ичи шаңга
толуп,
олтурушчу баары
жыргап.
Азыр эч ким жок.
Ээсин күтөт,
жалгыз очок.
Күн да кирбейт.
Кирүүдөн баары
коркот.
Күзгү турат.
Илинген.
Сөлөкөт көрүнбөйт.
Кирдеген.
Бүт баарысы ойгончудай,
күн кирсе эшиктен.
Бурчта бешик.
Көп жылдар
термелбеген.
Чүкөлөр жерде жайнап,
эч ким жок
эрмектеген.
Кажыган эшик.
Ээсин күтүп.
Кайрадан коломтодо,
от күйүп.
Бешик термелер
деген үмүт.
(Жазы шоокуму)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 5