Предыдущая публикация
Кыз жактырат жаш уландын өпкөнүн,
Гүлдөр сүйөт жаандын жаап өткөнүн.
Бүт дүйнөнү даамы менен тамшандырган,
Күрүчүн сүйөм кут төгүлгөн Өзгөндүн.
Ар ким сүйөт өз жеринин көктөмүн,
Ырга кошот өз жеринин көркөмүн.
Жайы, кышы кооз болуп турса да,
Жазын сүйөм кызыр даарыган Өзгөндүн.
Ак куу сүйөт өз көлүндө сүзгөнүн,
Ар ким мактайт өз жеринде өскөнүн.
А мен сүйөм көп нерсени камтыган,
Көк тиреген мунарасын Өзгөндүн.
(Жазы шоокуму)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев