Баратам жарыгы бар көчө менен,
сүтак сайрайт бак ичинде сүт издеген.
Теректер арзуу айтып термелишет,
кыз жигиттей шактары жетелешкен.
Акырын угулат коргон жактан,
жигиттин кыз чакырган ышкырыгы.
Кечки тамак, өткөндү эске салып,
угулат коңшулардын каткырыгы.
Берки үйдөн ыңаалаган бөбөк ыйлап,
бир үйдө конок күтүп, баары ырдап.
Жомоктун кызыгына баткан тентек,
уктабай чоң энесин жатат кыйнап.
Түнкү шамал ой- кыялды жетелеп,
алып барат бакыттарга, алыстарга.
Уйкуга азгырылып айыл ичи,
улам өчүп азаюуда чырактар да.
Жылдыздар жерден түнөк табышкандай,
сезилет айылымдын чырактары.
Түн менен айсыз түнгө кошо сиңип,
жабылууда өмүрүмдүн барактары.
Көңүл сергип, ойлорумдан жеңилденип,
мен дагы кайткан кезим жылуу уяга.
Эрте менен күн менен көрүшүүгө,
амандыкты тилеп келем кыялымда.
(Жазы шоокуму)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев