2- БӨЛҮМ
Бул учурда Азат өзүнүн жеке батиринде сүйүктүүсү Айкеранын кучагында жаткан.
Кече күнү атасынын айтканына каршы чыгып каяша айтканы менен анын дегенин аткарбашка аргасы жок экенин түшүнүп, ал аргасыздыкты арак менен басып мас абалда үйүнө бара албай ушул жайда түнөп калган. Бул батирин өзүнөн башка эч ким билбейт деп ойлоп жүрөт албетте сүйүктүүсүнон тышкары, бул ою менен өз атасын али да тааныбай турганын далилдеп. Душманынын жүрөгү мүнөтүно канча ирет согоорун билген Тагдыр өз уулунун дем алган абасынын даамын билбей калмак беле.
Көзүн ачып жүзүнө ачык тийип турган күндүн нурунан уяла кайра көздөрүн жуумп алды. Кыймылдайын десе денеси оор тартып үстүнөн бульдозер өтүп кеткенсип талыкшып калыптыр. Аста секин акылын ойготуп эмне болуп кеткенин эстоого тырышты. Ооба мурду канап полдо жатканын билет, азыр атасы колунан тартып тургузат деп күтүп жатканда анысы үстүнөн аттап бөлмөдөн чыгып кетти. Демек ал өзү ойлогондон да жаман иш жасап алган, Тагдыр анын канжалаган жүзүнө үйрүлүп карап койбогонуна караганда. Өзү атасы эч качан жумшак сүйлөп эркелетип остурбогон, бирок анын көздөрү кечегидей каардуу карабаган эле аны. Атасынын катуу шилтенген кадамынын доошу алыстап, угулбай калганда гана ордунан көтөрүлүп жуунчу бөлмөгө өттү, өзүн иретке келтирүү үчүн. Жүзүн бир сыйра сууга чайып алып күзгүдөн каранып өңү өз атасына окшоштугун көрүп чочуп кетти. "Жок, мен сендей болбойм, мен таш боор эмесмин. Башкалардын оюн да баалап, өз балдарымдын каалоосу менен да эсептеше турган ата болом" деп сүйлөнүп алды өзүнчө. Жаш да, жашоо менен каалоонун айырмасы болоорун түшүнбөйт, Тагдыр эле азыркы абалына самап жүрүп жеткенсип. Балким атасынын өмүр таржымалынан кабары болгондо азыр мындай демек эмес. Өзү эле эң оор турмушта жашап өскөндөй сезилсе керек апасыз, анын атасы да атасынын атасы да ушундай эле жашоону баштарынан өткөргөнүн кайдан билсин. Ал жерден чыгып эч бир кызыгып басып көрбөгөн, Тагдыр менен ашпозчу аялдан башка адам басып кирбеген бөлмөгө бет алды. Ал бөлмөгө кирүү үчүн сыртка чыгып чоң үйдү айланып өтүп арка тараптагы эшиктен кирүү керек, мына Азат зерикпей ал бөлмөгө келди мындан башка жумушу жоктой. Каалгасы кулпулануу болсо керек деп ойлогон, жок ачык экен, оор темир каалаганы тартканда эле ачылып кетти а бирок анын ичинде да темирден болгон торчо бар экен кудум абактагы кааналардыкындай. Бөлмөнүн ичинде жерде төшөлгөн калың килем жана тошончу жууркан төшөктөн башка эч нерсе жок. Анын дубалдары ак кара болгон шахматтын доскасындай боелуп жасалгаланыптыр, шыпка караса ошондой эле стилде болгону түстөру башка ак күрөңго боёлгон экен. Жада калса жерде төшөлгөн килемде да ушундай сүрөт, негедир ортодо шахмат фигураларынан кара түстөгү хан жана ак пешка тушурулуптур башка фигуралар жок. Бөлмөнүн ичине бир сыйра көз жугурткучо эле башы айланып кетти Азаттын. А анын ичиндеги чачы таздай кырылган арыктап сөөгү эле калса да жүзү качандыр ааламда жок сулуу болгонунан кабар берип турат, колдору ак кийимдин ичинде катылуу аял килемдеги ар клеткага бирден секирип, сырттан ким келгени менен иши жок өзү менен өзү сүйлөнүп басып жүрөт. Бул аялды тааныйт Азат, ал мындан 15-16 жыл алдын атасынын арзып тапкан махабаты болгон. Атасы ээрчитип кирген аялды карап мындай сулуу жумушчуну кайдан таап алган деп ойлоп койгон, ал кезде 12 жашта болсо керек. Анан эле кеч атасы экөө гана отуруп тамактанчуу столго бирге отуруп алганына түшүнбөй карап калган, алдын эч качан үй кызматкерлери бирге столго отурбай турган. Тамагын аста кырып сөз баштаган Тагдыр бүгүндөн баштап Жаңыл анын мыйзамдуу жубайы экенин, ага татыктуу сый мамиле жасоосу керектигин айтып оозун ачырган. Абалга анча түшүнө бербеген жаш бала, бул мыйзамдуу аялын ушуга чейин кайда катып жүрдү болду экен деп ойлоп койгон, атасынын жаңы үйлөнгөнүн кайдан билсин. Жаңыл 5-6 жылдай алар менен бирге жашап жүрүп, кийин Азат Кошмо штатка окууга кетип келсе эле көрүнбөй калыптыр Кийин анын катуу ооруга чалдыкканын ушул бөлмөдө тураарын уккан, аны да көптөн бери ушул үйдө кызмат кылган ашпозчу аялдан. "Ал жакка барбай эле кой" деп да эскерткен, ансыз да Азаттын барайын деген ою жок болчу, ооруса ооруп жатыптыр да деген кош көңүл ой менен. Бирге жашаган учурда деле экөө анчалык жакын эмес болчу. Кийин жашоого алаксып бул бөлмөнү эсинен чыгарып койгону менен сулуу аял эмне оору менен ооруй турганы ойлондуруп калчуу кээде. Мына эми аны өз көзү менен көрүп отурат. Качандыр өзү тааныган сулуу аял бул абалга кантип түшүп калган? Ушул бөлмөгө камап коюп ушундай кылдыбы же бул абалга түшкөндөн кийин бул бөлмөгө жайгаштырдыбы? деген ойлор менен темир торду бекем кармап андан көзүн албай көпкө турду. Ошондо да тиги аял ал жакты бир карап көңүл буруп койгон жок. Кайрадан оор темир каалганы жаап ал жерден алыстаганга шашты Азат, өзүнүн атасы ушундай жасаганына ишене албай жүрөгү титиреп баратты.
Азыр жумшак керебетте жылуу бөлмөдө жатып да аны эстегенде ушуп титиреп кетти. Айтканын эки кылбай аткарып жаным деп журчуу инсанды ушул абалга алып келген болсо Айкера ал үчүн эмне болуп калыптыр, көзүн ирмебей туруп жок кылып койбойбу деп ойлонгондо талыкшып турган денесине жан кирип ордунан атып эле турду. Караса жанында ал жок, жүрөгү оозуна каптала түшүп кайра айланага кулак төшөсө ашкана тараптан жагымдуу жаз музыкасы менен бирге туркага кайнатылган кофенин жыпар жыты чыгып турат. Деми басандап эс ала түштү, демек ага эч нерсе кылбаган. Аста басып ашканага баш бакса сүйүктүүсү бийик барда коюлчуу столго отуруп алып терезе тарапты карап кофеден татып коюп отурган экен. Кандай керемет жан эле, үстүнө Азаттын ак койногун кийип алган экен бир эле жакшына жарашып калыптыр, кудум ал көйнөк ушул күн үчүн тигилгендей. Кыска кыркылган чачы суу болуп азыр эле суунун алдынан чыкканы билинип турат, ага карап суктанып туруп болуп өткөн көйгөйдүн баарын унутуп кучагына кысып жыпар жытына тоймокко бутунун учу менен жанына басып келди. Айкера артында көзү бардай ал жеткиче ордунан туруп жылмая күлүп жылып кетти.
-туура кыласың, арак жыттанган адамдын жанында туруу сага жарашпайт.
Анын бул сөзүн укпагандай түр менен жылмая карап,
-кофе демдейин, таңды татыктуу тосуп алалы, деди.
Азаттын башы шылкыя чыгып кетип, суунун алдында туруп айтуучу сөзүн камдап алып кирип келип отурду. Айкера аны таарынып калды дедиби куурулган жумуртканы алдына коюп, жыпар жыттуу кофесин бир колу менен суна экинчи колу менен суу болгон чачынан уйпалап койду.
-кандай болгонундан айырмасы жок, жанымда болсоң болду.
Бул сөздөрдөн кийин Азаттын олбогон эле төрт шыйрагы калбадыбы. Кантип мындай акылдуу жанды кыя алат, атасы айткан башка артистерчилеп ичимдик ичип же катуу күлүп журчуу ойнок кыздардан эмес. Бир эле жолу көрүп таанышууга макул болгондо сөзсүз жактырмак. Айкера алардын чөйрөсүнө ылайык тартиптеги кыз эле. Ушул керемет жандан баш тарт деп жатпайбы. Андай кылбай да коё албайт, атасы байлыгын таштабаса өрттөп жиберсин эле болгону ал бул кызды тынч жашатат деп ишене албайт. Кыз жигиттин мунайым көздөрүн эми байкап жүзүнөн сылай,
-Азат эмне болду, мен биле турган маселе болгон болсо баарын ачык айт, антпесе мунайба, деди. Кантсе да акылдуу жан эмеспи, жигитинин башка маселе үчүн өзүнүн алдында мынчалык суз тартпашын билет.
-мен сени суйоорумду билесиң деп алыстан сөз баштаган Азат эмне деп айтышын билбей буйдалып турганда Айкера жардам берип,
-болгонун болгондой сүйлө деди.
-атам мени уйлондурмокчу, башкасына.
Кыз анын жүзүн аста сылап боор ооруган көз караш менен карап коюп аста ордунан туруп учурдагы боло турган сынакка даярданып жаткан нота баракчаларын жыйыштырып, кийимин алмаштырып, болгон буюмун алып батирден чыгып кетти. Жанатан бери каккан казыктай бир орундан жылбай отурган Азат ал чыкканда артынан чуркап чыкты.
-Айкера!
Кыз бурулуп артын карап мунайым тарткан көздөрүн жуумп он секундадай турду да кайра алдыга карай басып кетти.
Мына бүттү баары! Болгондо да кандай. Мындай тынч үнсүз кетип бычаксыз муздагандан көрө ызы чуу салып башкаларчылап кыйкырып Азатты күнөөлөп каргап кетсе жеңилирээк болмок. Эми анын артынан басып бара да албайт, буттары жипсиз тушалды да калды. Бирок бул Акбаровдорго татыган кызга андай кылык жарашмак эмес, булардын чөйрөсүнө кирүүгө так мына ушундай гана айкол аял укуктуу.
Азат батирдин каалгасына жолонгон боюнча шыпырылып ылдый түшүп жерге отуруп калды, ыйлайын десе көз жашы да жок өзүнө окшоп катып калганбы, чыкпайт. Денеси болсо ачышып ооруп чыкты кудум бир үзүм этти алып ыргытып жибергендей. Эми мага жашоонун кызыгы жок деп кайталап отуруп баарын баштан эстегенге өттү. Көзүн жумуп алып экөөнүн биринчи таанышкан күнүнөн баштап эстей баштады. Кошмо штаттан жаңы келип атасынын жанында жүрүп, теледен көп көрүнүп гезит бетинен түшпөй элге өлкөдөгү эң бай адамдын мураскери катары тааныла баштаган учур. Көчөдө тике басалбай, кыздар артынан аңдып бура бастырышпайт. Өзү жаштайынан эле корунуп жашаган жашоого көнгөн, алар кече эле бай болуп калышкан жок да, ал өзүн тааныгандан эле ушундай жашоо болчу, болгону жаш куракта кыздардын мындай аңдып жалдырай тиктегендери жок эле. Бирок чет элде ээн эркин жүрүп калган бала бул жакка кайра келгени дагы жанагындай корунма жашоодон, жалгыз жүрө албай дайым кайтарууда жүрүүдөн тажап кээде эркин болуп жападан жалгыз калууну эңсөөчү. Андай күндөрдө жанындагыларга жалгыз калтыруусун буюруп айдоочуну да түшүрүп жиберип өзү ролду башкарып жөнөп кала турган. Ал күнү да ошол адаты кармап шаардан сыртты көздөй чыгып кетүүгө ашыгып алдындагы кара мерседес бенз w205 үлгүсүндогу унаасын жулкуп айдап бараткан, Жантошов көчөсүнөн бара жатып Бубусара Бейшеналиева атындагы искусство окуу жайынынан өтө берип жолдон өтүп бараткан бир караанды сүзүп алууга аз калып токтоду. Ансыз да жаны кашайып турган неме унаадан түшүп барып адамдын жүзүнө да карабай туруп катуу кыйкырып уруша баштады, өзүнүн ким экенин да эстен чыгара.
-көзүн барбы, бул жерде эмне жөө адам өтүүчү белги турабы. Сенин айындан катуу балээге кабылаарыма аз калды. Өзүңдүн өмүрүн ойлондурбаса башкага тоскоол болбой журбойсунбу!
Жерде чачылган ак кагаздарды жыйнап жаткан кыз анын эмне деп сүйлөп жатканын, дегеле эмне болуп жатканын да капарына албай, колундагы кагаздарды улам бирин карап үйлөп ылай болгон жерлерин тазалап, өзүнчө бир демелерди кобурап жатканын көрүп андан бетер ачуулана чыканактан катуу тарта коюп таң кала карап туруп калган. Кыздын айдай тунук жүзү сууланып, мончоктой көздөрүндө молтур жашы мына-мына кулаганга даяр турган экен. Ал Азатка ызаалуу карап,
-мен сынак тапшырууга кечигип жаткам, бул ноталарым да булганып калды, эми эжей кабыл албай койсо эмне кылам, деген ыйламсырап.
Азатты таң калтырганы ал кыз өзүнө башкаларчылап жабышпады, анын унаасына суктанып эмес жөн да карап койгон жок.
-кой ыйлаба, сенин атың ким? Каалайсынбы мен сени менен бирге кирип эжейине тушундуром.
-ага сенин түшүндүргөнүн керек беле, сынак тапшырчуу мен болсом.
Анын бул жообу андан бетер өзүнө тартты.
-сен мени тааныбайсынбы?
Кыз анын жүзүнө тигиле карап туруп,
-Брэд Питтке ойшобойсун, деди.
Кыздын бул жообуна Азат күлүп жиберди, кыз да бырс эте ууртундагы уячасын коргозуп күлүп койгондо анын жылмаюсу көз жашынан алда канча жагымдуу көрүнгөн. Азат андан ары сөзүн уламакчы болгондо кыз кол саатына карап чуркап кетип калган. Кийин ал алмончоктой кызды эсинен чыгара албай жүрүп акыры тапты, көрсө ал жаш болсо да өлкөгө атагы чыгып эле калган ырчы кыз экен. Анын табышмактуу аруу дүйнөсү Азатты биротоло өзүнө байлап алды. Анан эмне, атактуу ырчы болуп туруп сынакка ушундай көңүл бөлүп андан өтпөй калам деп корккон адамдын дүйнөсүн аруу дебей эмне демек эле. Ал чындап эле Азат тууралуу эч укпаганын, байлардын жаашоосуна кызыкмак тургай андан коркоорун айтканда жигит биротоло андык болуп берген эле. Өзү да ушундай аруу сүйүү жонундо кыялданчуу, ал сүйүүсү менен эки жыл бактылуу күндөрдү өткөрүптур. Айкеранын ар бир койгон кадамы жагымдуу, сүйлөгөн ар бир сөзү таттуу эле, эми андан куру жалак калды.
Ушуларды ойлоп отуруп кандай көзүнөн жаштар таамп кеткенин баамдабай калган экен. Сууланган жүзүн артып көзүн ачса бет маңдайында тепкичтин кармагычына жөлөнүп Акжигит турган экен. Кызык бул канча убактан бери бул жерде турду болду экен, а баса бул жайды кайдан таап келген, атам менен бирге келдиби, ал кайда? Айкераны чыгып баратканда тутуп алдыбы деген ойлордон селт этип денесин муздак аралап кетти....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1