ӨЛҮМГӨ ОРТОМЧУ БОЛГОН ТИЛЕК
5 - БӨЛҮМ
Эгерде Актилек менен Эсендин көз алдымда минтип жашоо үчүн күрөшкөнүн көрбөсөм, Актилектин жылуу сөздөрүн укпасам, эбак эле өзүмдү таштап коймокмун. Энемди кыйнаганча өлүп калсам деле жакшы болмок.
Билбеймин, бул эки жан болбосо жашоо менен күрөшө албайт болчумун. Бул кудайдын сыноосубу? Өткөндөгү уккан үндөр эмнелер? Мен тообо кылдымбы? Тобоо кылуу деген эмне өзү? Ал үчүн эмне кылам? Намаз окушум керекпи? - деген ойлор менен таңды атырдым.
Күнүмдүк иштер кайра кайталанып, дарылоо иштери башталды. Эсен чыгып кеткен эле, жарым сааттан кийин кайра келип:
— Мына чыкты деген кагазы,- деп ал мени сүйүнүч менен карап, кагазды көрсөттү.
— Абдан жакшы, мен сен үчүн кубанычтамын, – дедим чындап эле кубанычтан.
Ал буюмдарын жыйнаштырып, баштыгына салды.
— Апаң келгенче күтөсүң го, – дедим аны кыя албай.
— Ооба, күтөм. Мен келип турсам каршы эмесизби? дегенди айтканда кубанып кетип
— Албетте, кел! Мен сени кубанып күтүп алам дедим бат баттан сүйлөп.
— Андай болсо күн сайын бир маал келип турам, – деп көзүн кысып койду.
Мен айтып жеткис бакытка бөлөнүп кеттим.
— Күндө келесиңби?
— Ооба, күндө келгенге аракет кылам.
— Рахмат, сага балам!» деген сөздү кандай айтып жибергенимди байкабай калдым.
Эсен колумдун учунан акырын кармап:
— Оору менен күрөшөм деп убада бериңиз, — деди ал ойлуу көздөрү менен буйрук кыла сүйлөп.
Мен тез эле ага:
— Убада берем, бир кашык каным калганча күрөшөм! – деп жиберсем, Эсен күлүп ийди.
Айткан сөзүмдөн уялып мен да күлүп жибердим. Эшиктен Актилек менен апам кирип келишти, көздөрү жайнап экөөнүн тең маанайлары жакшы экен.
— Кандайсың, балам?», – деп апам бетимден өөп, чачымдан жыттады. Актилек арт жагынан жылмая карады. Ал менин түнү бою уктабаганымды сезгендей, «кандай уктадыңыз?» деди.
— Жакшы, – деп жибердим.
Бир аз сүйлөшүп отурган соң:
— Эми жылалы, бул жерде көпкө отуруп алганыбыз дарыгерлерге уят болуп калбасын. Актилек "биз келип турабыз",- деп айтып алып жер карап уялып кетти.
Ошондо аябай сүйүнүп өзүмдү бактылуу сезип кеттим, “чын эле келип турам дедиңби?” деп уккан кулагыма ишене да албай кеттим. Ошентип апам да коштошуп, үчөө бирге чыгып кетишти.
Айтканындай эле Эсен түшкө чейин Актилек кечке маал үзбөй келип жатты. Апам күн алыс кечкисин Актилек менен чогу келип турду.
Апаңыз жумасына бир-эки жолу келсе капа болбоңуз, сиздин минтип жатканыңызды күндө көрүп жүрөгүнө оор тийип жатат,- деди Актилек.
— Ал киши келбей койсо деле капа болбойм, сен апама жакшылап түшүндүрүп койчу» - дедим.
— Андай болсо апаңызга айтайын. "Сизге дарыгер кирүүгө уруксат бербей жатат", деп бир азга үйдө кармап турайын - деди.
— Ооба, доктур менен эле коркутпасаң, ал киши моюн бербейт баары бир, – дедим күлүп.
Көп сүйлөбөсө дагы Актилектин келип кеткенине эле сүйүнөм. Эсен ашканага кирип иштеп жатканын айткан болчу. "Эмне кылып жатасың?"-деп сурай алган жокмун. Актилек көпкө отурбайт эле, күндөгүсүндөй тез эле кетип калды.
Эсен өзүнүн ар кандай жаңылыктары менен бөлүшүп, көргөн тасмалары тууралуу айтып көпкө божурап сүйлөп берип отурат.
Жаныма буту колу сынган аксакал киши келип түшкөн. Албетте, анын мүнөзү оор, сөзгө да жок эле, менимче анын операциядан кийинки оор абалы болушу керек деп ойлойм? Жанында карап жардам берип жүргөн жигит менен коркутуп жаткандай туюлчу. «Маани бербе, ар түрдүү адамдар бар, ар кандай мүнөздөрү менен" - деп койчумун өзүмө.
Эсен аларга көңүл деле бурбайт, ачык сүйлөшүп отуруп алып кетет. Ошентип экинчи айга да жеттим. Арадан 40 күн өтүп, гиписттерди четинен чечип башташты. Кол-бутумдун кычышуусунан араң чыдап жатчу элем, гиписттерди алгандан кийин кычышкандын акесин тааныттым. Колум жеткен жерди тырмап жыргап алам, бирок башка да жерлер жанымды жейт. Эсен келгенде ал жерлердин моокумун кандыра тырмап берет.
Бирок отурууга уруксат берише элек, бутумду бүктөп кайра түзөп жатып калдым, бир жамбашым жакшы болбой жатат.
— Сизди акырындык менен отургузуп, жаткызабыз, сөөктөрүңүз жакшы бүттү, бир гана жамбашыңыз туура эмес болуп жатат, аны бир жылдан кийин операция жасайбыз. Эң башкысы колу-бутуңуз сезип жатат, бул абдан жакшы, - деди дарыгер.
Ошентип дагы жарым айдай отургузуп, жаткырып, бир аз тургузуп жатышып өзүмө келип оңоло баштадым. Бирок баса албайм, бутум жерди сезет, жамбашым жакшы кыймылдабайт, отуруп калганыма сүйүнөм. Жаныма эки ирет адамдар жатып дарыланып чыгып кетишти. Алар мени, мен аларды өзүнө жакын тарта алган жокпуз. Алар менен чечилип сүйлөшкөн деле жокмун десем болот. Апамды ээрчип Актилек келди. Отуруп калганымды көрүп апам ыйлап жиберип, эсимди чыгарды.
— Апа мынтип ыйласаңыз келбеңиз, кайра ооруп каласыз,- дедим тынчсыздана.
— Бул кубанычтын көз жашы, балам!» дейт апам жашын сүртүп.
Үчүнчү айда коляскага отургузуп, эшике чыгарып башташты.
Эсен болсо жалпы комплекстүү текшерүүдөн өттү:
— Менде баары жакшы экен, бирок үчүнчү топтогу майыпмын. «Бир жыл бою үзбөй дарымды ичсем, куландан соо болуп толук айыгып кетет экем - деди ал сүйүнө.
— Жарайсың! Эсен сен абдан күчтүү жансың, дедим.
— Сиз да күчтүүсүз!
— Эгер жанымда силер болбосоңор эбак сынып жок болот болчумун - дедим агыман жарылып, оюмду кармай албай.
— Андай дебеңиз байке,сиз эркексиз го!
— Эркек экенмин, эркекмин албетте балам, бирок силерден үлгү алдым, тарбия алдым, көп нерсени үйрөндүм, – дедим.
«Балам» деп көп айтчу болгонумду өзүм байкап жаттым «Балам» деген сөз өзүнөн өзү айтылып кетип жатты. Менимче, жакын адам катары кабыл алгандыктан го дейм. Бирок Эсен ал сөзгө бир да жолу таарынып же болбосо ондогон да эмес, «маани берип укпай калса керек» деп ойлойм.
— Сиз качан чыгасыз?
— Буюрса эки күндөн кийин.
— Эртең биз дагы айылга кайтабыз го» дегенде.
— Эмне үчүн?" деп ийдим.
— Байке, эми бизди шаарда да эч нерсе деле кармап турган жок.
— Менчи?
— Сиз жакшы болуп айыгып калдыңыз го.
— Мен айыгып калсам эле силердин мага керегиңер жок деп ким айтты?
— Байке, суук болуп атат, айылга барып отун суу камдаш керек, апам да өз жумушуна барсын, ашканада тикесинен тик туруп иштеп жүрөт. Апам мугалим, мектепте өз орду бар, бир жылдык эмгек өргүүсүн алып, мени менен ушуга чейин алышып келди.
Эми өзү сүйгөн кесиби боюнча окуучуларын тарбияласын, - деди.
Жүрөгүм жанчылып ооруп кетти. Мага Актилектен айрылуу азап экенин сездим, Эсенге да жакын болуп байланып калгам, алар мага өтө керектүү адамардай эле, эми кандай кылам, менин абалым болсо бул, Актилекке керегим деле жок болсо керек, бирок анын сулуу көздөрү мени башкача караган сыяктуу болчу...
Мен алардан калуусун өтүнүп, бир нерсе деп айткым келди, бирок эч нерсе дей албадым. "Анткени өзүм кайда барам? Андан ары эмне болот эле? Билбедим. Аялым эмне кылып жүрөт болду экен? Үйүмө кире аламбы? Менде акча бар беле? Аны да билбеймин" "Мен үй-бүлөлүү адаммын да негизги , Актилекти кантип токтотуп алып кала алам, ага берээрге убадам да жок, өз башымдын кайгы азабын тартып жүргөн бир жан болсом.
Уландысы бар...
Комментарии 30