Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
"Эки кызым менен жалгыз батирде калдым. Ал кезде улуу кызым жети жашта, кичүү кызым беш жашта болчу. Кеткен адамдын артынан кетпейт, өлгөн адамдын артынан өлбөйт дегендей, эки кызым үчүн тырмалаңдап өз оокатымды өзүм көрүүгө бел байладым. Үч жумушта иштеп, эртең менен бир мекеменин полун жууп кетем, түштө көчөдө суусундук, семичке, тамекини дааналап сатып нанга акча табам, кечинде түндүн бир убагына чейин бир дүкөндө сатуучу болуп иштеп (эки кызды жаныма алып жүрөм), азып-тозуп бир жылдай жүрдүм. Бир күнү көчөдө семичке сатып турсам, милициялар келип кууп, алардан качып жүргөн элем. Ошол маалда алдымды карасам, атам так маңдайымда турат. Чочуп да, уялып да кеттим.
Биз мектепти бүтүргөн жылы кыйын кезең мезгилдер башталып жаткан. Ата-энем карапайым кызматкерлер болсо да, мени "окууга киргизебиз" деп жан талашып жүрүштү. Ошондо бир алыскы тууганыбыз келип, — "Менин универде жакшы таанышым бар, тыйын берсеңер, оңой эле окууга өткөрүп бере алам", -- деп ата-энемдин башын тез эле айландырып, малын саттырып, сураган акчасын алып кеткен. Кийин мен окууга тапшыргандан кийин өз күчүм менен окууга өткөнүмдү угуп алып, аябай кейидим. Тууганыбыздын бизге мындай кыянаттык кылаары үч уктасам да түшүмө кирген эмес эле. Бирок баары бир деле бир жылдан кийин окуудан чыгуума туура келди." Мен көп балалуу, жөнөкөй үй-бүлөдөн чыкка
Ушул айларда ооруканада жатып эсиме келсем, МАИ кызматкерлери кырсыкка чейин утуп алган чоң акчамдын жарымын алып келишти. Жарымы кайда кетти деп сурагандан уялдым. Ошол күнү мени таап алган бир адам бар болчу, тез жардам бөлүмүндө дарыгерлер, МАИ кызматкерлери, жана бир нече иликтөөгө келишкен милиция кызматкерлери да бар болгон эле. Алардан кантип сурайт элем? Ошол бергендерине ыраазы болушум керек го, бербей койсо эмне кыла алат элем, кимден кантип сурайт элем. Ошол кездеги адамдар өз убагында жардамын көрсөткөн үчүн мынтип аман калып отурамын го.
Башында дарыланып жатканымды ошол акчадан төлөп жаткам. Кийинчерээк гана экинчи операция болгонумда А
Эгерде Актилек менен Эсендин көз алдымда минтип жашоо үчүн күрөшкөнүн көрбөсөм, Актилектин жылуу сөздөрүн укпасам, эбак эле өзүмдү таштап коймокмун. Энемди кыйнаганча өлүп калсам деле жакшы болмок.
Билбеймин, бул эки жан болбосо жашоо менен күрөшө албайт болчумун. Бул кудайдын сыноосубу? Өткөндөгү уккан үндөр эмнелер? Мен тообо кылдымбы? Тобоо кылуу деген эмне өзү? Ал үчүн эмне кылам? Намаз окушум керекпи? - деген ойлор менен таңды атырдым.
Күнүмдүк иштер кайра кайталанып, дарылоо иштери башталды. Эсен чыгып кеткен эле, жарым сааттан кийин кайра келип:
— Мына чыкты деген кагазы,- деп ал мени сүйүнүч менен карап, кагазды көрсөттү.
— Абдан жакшы, мен
Актилектин ар бир сөзүнө зар болуп турдум, жакшы сөздөрдөн дагы айтса экен деп жалтаңдап, кайра- кайра карап коём аны.
— Капаланып санаага алдырбаңыз, апаңыз сиздин кыйналганыңызды көрүп жүрөгү чыдай албады, азыр доктурлар жардам беришет, жакшы болуп кетет буюрса.
— Ооба, апам жакшы болот буюрса.
— Албетте, ал киши сиз үчүн сөзсүз жакшы болуп кетет, апаңыз үчүн күрөшүңүз, – деди башымдан сылап.
Дарыгерлер кирип келип, мени текшерип, ишин баштады.
— Мен апаңызды билип келейин, кабатыр болбой туруңуз, – деп Актилек чыгып жөнөдү.
Мен жакшы кабар менен келсе экен деген үмүт менен калдым.
Алар мага тынчтандыруучу дары менен бирге уйкунун дарысын чогу