Үйгө келгенден кийин Жанара онтомуш болуп, экиленип алдыбыздан тозуп чыгып, мени бекем кучактап алды.
– Жаным, кызым, апаңды эмнеге мынча коркуттун!? Бат эле өңдөн азып кетипсиң го, жүрө гой үйгө деп мени жетелей үйгө киргизди. Бирок анын биринчи жолу айткан жылуу сөздөрү менин жан дүйнөмдү козгой алган жок. Анткени ошол түнү мен он жашка чоңоюп кеткендей элем. Анын жасалма көз жашы менен эркелеткени, үйгө жетип келген атамдын бир туугандарынын көзүнө гана болуп жатканын жакшы билет элем...
Баардыгы менин көзүмдү карап асты-үстүмө түшүп жатышат, бирок менин эч кимисине жүрөгүм жылыбай, бүтүндөй дүйнөнүн баарын жек көрүп турдум ошол маалда. Өзүм тирүү болгонум менен, назик жүрөгүм кечээ кечинде эле өлүп калгандай. Көзүмөн жаш такыр чыкпай, жан дүйнөм музга айланып калгандай. Мага эми баары бир болуп, урушса да, урса да эч жерим оорубаган сыяктуу сезилип турду. Ошондон кийин деле агам адатынча сабаганын токтоткон жок. Мектепке баргым келбесе да, анын токмогунан качыш үчүн гана барчумун. Бирок, ошол түндөн кийин мен таптакыр башка адам болуп өзгөрдүм. Классташтарымды башкача ой менен карап, аларды жек көрүп кеттим. Баары жыргап, ойноп, жүрүшөт. Кийимдери да таптаза, бантиктери аппакай болуп барпырайт...
А мен эмне үчүн дайыма эле бирөөнүн эски кийимин кийе берем? Эмнеге мен ушул балдардай күлө албайм дагы ойной албайм!? Эмнеге алар менин көзүмчө ата-энеси менен сыймыктанышат, мактанышат!?
Мурда байкабаган нерселерди байкап, жашоого жек көрүү менен гана карай баштадым. Ошол эле ыр жазуу, спортко болгон кызыгуу, ырдоо баары артта калды. Мени мындан ары эч нерсе кызыктырбай калгандай! Ал тургай мугалим эжейлеримди да жек көрүп баштагам.
Ошондон кийин эле эртеси атамдын бир туугандары да кетишти. Жанара алардын алдында кулдай жорголойт эле. Жаным, күнүм деп мени эркелетет алардын көзүнчө. Муну баары жасалма экенин билсем да унчукпайм. Чоң аталарым жака деген жек көрүүм да пайда болгон.
Кийинчерээк мен атамдан калган китептерди көп окуй баштадым. Болгон досум, сырдашым да, китептер болуп калган. Китеп окусам ошол адамдарга болгон жек көрүүчүлүктү унуткандай болоор элем. Ушинтип ар кимден кылчактап алыс болуп жүрүп, жеке дүйнөмдө гана жашап калдым, жүрөгүм таштай катып, чоңоюп, бой жеттим...
Негизинен Жанара төрөбөгөн аял болчу. Бир жагынан анын энелик мээрими ойгонбогондуктан балага болгон мээрими ошол себептүү болбогон чыгар деп ойлоп коём. Бир чети ал дагы жок жерде чоңоюп өскөн экен. Атамдын ашы өткөндөн кийин ал көчөгө көп чыгып, көп басып калган. Мен ал кезде кичине элем да маани деле берчү эмесмин, азыр ойлосом ал ар ким менен көп эле жүргөн экен. Анткени үйгө түнүчүндө эркек кишилер көп келишчү. Айыл болгондуктан баарын тааныйсың да. Алар кошуна байкелер анан дене тарбия сабагынан берген бир агай болчу, көбүнчө ошол киши көп келчү. Бир жолу төркү бөлмөгө кире калсам, Жанара анын алдында отурган экен. Ал ордунан ыргып туруп,
– сага эмне керек эле, чык эшикке, жогол көзүмө көрүнбөй - деп бакырып айдап чыккан болчу. Көрсө анын эмнеге келгенин эми гана эс тартканда түшүнүп жатам.
Ошентип мен келечегимди ойлонуп үйдөн кетүүнү көздөдүм. Мектептин акыркы жылында болгон күчүмдү окууга жумшап, кыялымдагы медициналык окуу жайга тапшырууга аракет кылдым. Адабияттан берген эжейим Жанарага келип:
– Бул кызды ушул убакка чейин көп эле ыйлаттың жетээр эми! Канчалык актанып, жашырсаң деле, баары жалган экенин билип эле турабыз, көзүбүз менен көрүп кармап албасак деле. Эми сенден өтүнөөрүбүз бул кызды өзү каалаган окуусуна жиберишиң керек. Болочогуна балта чаппа! Бул кызды колдосоң далай нерселерге жетип, далай нерселерди багындыра ала турган кыз өзү! – деп башымдан сылап койду да,
– Жанара, сен үстү башыңды алтынга чырмап, болгондун баарын өзүң кийип, жасалма сүйлөп элди алдасаң да мени алдай албайсың эми! Бул кызды неге мынтип кийиндирип коёсуң!? Баарын өзүңө чаптагандан көрө, муну дагы бираз ойлоп нормалдуу кийинтип койсоң деле болот эле го?! Же эмне атасынан калган мүлк-дүйнөсү жетпей жатабы? Бул жоругуң аябай эле туура эмес деп Жанаранын бетине эле айтып салды. Ошондогу жалган айтып калп ыйлаган Жанаранын сөзү азыр деле эсимде.
– Бул алтындын баары буюрса Назгүлдүкү, ошого чогултуп, чоң үй салганга, окуусуна акча топтоп жатам. Назгүлдү медицина тармагына окутсам деймин. Ушунун баары эле акча эмеспи! Анан эмнеге эле мени түшүнбөйсүңөр!? деп ыйлап жатып мугалимди көндүргөн эле. Ошол күндөн баштап кыялдарым бираз да болсо ишенимдүү болуп, мугалимдер көзөмөлгө алып жаткандан кийин жардам берет болуш керек деген ой-максаттар менен үмүттөр пайда болуп окууга болгон кызыгуум да арта баштады.
Мектепти бүтүрүү убактысы да келди. А мени бир гана нерсе тынчсыздандырып жатты. Ал "аттестаттан үч деген баа алып калсам эмне кылам" деген эле ой-санаа. Экзамендер аяктап бүтүрүү кечеси дагы жакындап калды. Даярдык кызуу. Классташтарым даярданганы ата-энеси менен бирге шаарга көп барышат. Баарынын сүйлөшкөнү эле ошол кечте кандай кийим кийүү. А мен болсо алардан четтеп оолактайм, эч кандай сөздөрүнө да аралашпайм. Анткени менде эч кандай мүмкүнчүлүк жок экенин жакшы билем. Жанарага болсо кийим алып бер деп айткандан оозум барбайт.
Ошентип көптөн күткөн кечебиз шаңдуу башталды. Мага Жанара конокко барганда кие турган кийимдеринин бирөөсүн чоңураак болсо дагы кийгизип койгон. Чачымды болсо күндөгүдөй эле байлап алгам.
Залда кооз жасалгаланган түркүн түстүү светтер, жагымдуу ырлар жаңырып турду. Үстүмөн уялсам дагы, ушуга да тобоо деп классташтарымды аралай кирип бардым. Бир укмуш эми, баарынын чач жасалгалары, кийген кийимдерине чейин көздүн жоосун алат. Мен аларды суктанып карап турдум. Эмнегедир аларды көрүп ичим тарып ыйлагым келип кетти. Бирок өзүмдү колго алып, алардын жанында калп жылмайымыш болуп турдум. Кыздар болсо бул абалымды сезишкенсип,
– Назгүл, сен абдан сулуу болуп калыпсың! Көйнөгүң да өзүңө жакшы жарашыптыр! - деп бирооздон айтып жамырап калышты. Бирок мен алардын көңүлүмө гана карап айтып жатышканын сезип турдум.
Күбөлүк тапшыруу башталды, жүрөгүм дүкүлдөп араң турдум. Аты-жөнүм айтылганда бутумду шилтей албай калтырып калдым.
– Оо, Кудай, аттестаттын жакшы баалары көп болсо экен! Окуум аяктаары менен үйдөн тезирээк кетсем экен! - деп директорго жеткенче ичимден тиленип жибердим... Аттестатымды колума алаарым менен Мугалимдердин баары мени колуман кысып, жакшы тилектерин айтып жатышты. Бетим чымырап кулагым бүтөлүп калгандай эч нерсе угулбайт. Бар оюм эле эртерээк аттестатымдын ичин ачып көрүү.
Ордума бара калып эле дароо ичин ачтым... Төрт-бешке толгон баалар бажырайат.
– Ура!!! деп сүйүнгөнүмөн жанымдагы кыздарды кучактап ордуман секирип жибердим. Аракеттим текке кетпептир да! Кубанып жаттым. Бирок, чындап эле бул үйдөн кетип, шаарга кетемби? Ал жерден мени эч ким урбайбы ошондо? деп үч-төрт мүнөттүн ичинде эле мээме жүздөгөн суроолор келип, ар нерсени ойлонуп жибергенге да үлгүрдүм. Эми эмне болсо ошол болсун дедим да жонумдагы бирөөнүн кийими менен башкалардын прческасы үчүн кайгырып не кылам деп эми гана темир тордон жаңы чыккандай кубанганымдан секирип бийлеп, кыздар менен көңүл ачып жыргап жүрө бердим. Атам өтүп кеткени биринчи жолу жан дүйнөм жыргап алгандай болду. Таң атканча бийледик, Жанара менен агамдын таягын деле унутуп койдум. Анткени, эртең эле үйдөн чыгып кетчүдөй болуп сүйүнүп жаттым.
Уландысы бар...
Комментарии 28