Автор; Димедра.
1- БӨЛҮМ
-Жыйыштыр кайдагы болбогон сөздөрдү. Бүгүн кечинде Супарага өтөсун, сөз бүттү.
-ата менин жумуштарым чынында эле маанилүү, кийин менин көңүлүм кимде экенин айттым. Мен келечегимди ал менен гана көрө алам.
-кайдагы келечек, артис менен да келечек болчу беле. Алар куурчак кимдин колунда экени айырмасы жок, ойно десең ойной беришет, жубай болчу жандар эмес. Эгер кааласан үйлөнүп алып да ойной бер тиги курчагынды, ал эч кайда качпайт.
-Ата мени өзүн менен салыштырба, бирөөнүн кызын алып зым тордо сактап. Ким билет менин апам да андай азапка чыдабай өз жанын кыйгандыр. Мен тиги сен айткан досундун чиренген кызына үйлөнөт деп ойлобо, сенин эле жашоомдо бар экенин жетишет дагы бир көзөмөлчү керек эмес. Андан көрө көчөдөгү селсаякты алып алганым жакшы.
Азат атасына кантип каяша айтып алганын өзү байкабай калды. Бул өмүрүндө биринчи жолу үнүн катуу чыгаруусу болсо керек атасына.
Тагдыр калчылдап кетти, бар күчү менен баласын жаактан ары чаап жиберди эле тиги камгактай учуп барып полго кулап, мурдунан аккан кан килемге жайыла берди.
-Акмак! Сен эмнени билмек элең. Селсаяк болсо селсаяк, деди да уулун аттап чыгып кетти.
Ал күнү чакырылган конокторго уулу жок жалгыз келди Тагдыр. Анын жанында уулун көрө албаган досу жубайы экөө кызыктай абалда отурушту. Кечээ бир нерсенин башын кылыйткандай "үй булоонду бүт алып кел, жакшылыктын башталышына баарыбыз күбө бололу" дебеди беле, андан улам жакында Лондондон окуусун бүтүп келген бойго жеткен кызын да бирге алып келишкен. А Тагдыр болсо жалгыз тосуп алып жатат, уулу тоготпой койгонбу же бир күн ичинде өзүнүн ою озгорулуп кеткенби түшүнүксүз эле тигилерге.
Чыныгы кыргызча стилде жасалган бул ресторанда эс алууга ар кимдин эле күчү жете бербейт, болгондо да эч кандай себепсиз эле конок чакырып. Бул жерге чоңдорду же алыстан келген уятту конокторду сыйлоо үчүн келишет, же Тагдырга окшогон байлыгынын эсебин билбеген адамдар гана туштонууго, болбосо түнкү тамакка эч себепсиз эле конок тосуп турчу жай. Анын азыркы чакырылган коноктору мындай сыйына ыраазы болуп ундобой кете бере турган инсандар эмес, Тагдырдай эсепсиз байлыкка ээ болбосо да бүт өмүрүнө жетээрлик жыйып койгон ашы бар, мындай жайга чакыруусуз эле өзүнчө келүүгө күчү жетчүү адамдар. Эч бир себепсиз чакырылып, бир ооз маанилүү сөз чыгарбай узатып койгонуна жандары кашайып баратышты.
-Бул эмне садака бергениби? Же үстүбүздөн кулгонубу? Бизди толук чакырып алып жалгыз келгени аз келгенсип, бир ооз маанилүү сөзү жок. Эмне анын уулу бизди тоготпой койгудай абалга түштүк беле. Кудайга шүгүр мойнунда башы бар, караган көздү суктандырган, анын текебер эссиз уулун эмес мен-мен деген падышаларды акылдан адаштырчуу акылы бар кызымдын, деп сүйлөнүп унаага отуруп жаткан жубайын тыйган болду күйөөсү.
-эмне эле болуп жатасың? Эмне ал сени сойко салдыга чакырды беле. Жөн жай келип кеткиле деген, уулунун жумушу чыгып калгандыр. Тоготпой койгудай эмне, келбедиби өзү.
-Ооба, бизге боор ачып келгендиги үчүн рахматымды айтып бутун опконду унутуп коюпмун. Сенин абалын андан төмөн экени эсимден чыккан турбайбы, деп чукчундап отуруп калды аялы.
-ай ушу сени, анын бизден башка да көйгөйу бар, үйүндө маанилүү жумуштары бардыр.
-анда ошол үйүнө эле чакырса өлөбү. Деги мунун эч кимди тенсинбейт, бир да адамды үйүнө киргизбейт үйү жок сыңары, же эмне казынасын уурдап кетет деп коркобу. Ошон үчүн аял тутпойт да мунуна, бири өлүп тынды, экинчиси качып жоголду. А балким жакшы эле кызыбыз ал үйгө барбай калгандыр, кандай күндү көрмөк Кудай билет.
Аялынын кыялын жакшы билгенге айтышып айдоочунун алдында уят болбоюн дедиби же анын айткандарын туура көрдүбу айтоор бул саам жооп кайтарган жок. Чындап эле экинчи алган аялы кайда болду экен. Тагдыр эле болсо аны качырып тим койбой калсын, жердин жети түбүнөн болсо да таап келмек да. Кийин ушунча байлыкты таштап да катын качабы. Эмне эгер олтуруп жигин билдирбей тазалап койгон болсо. Ал жубайынын деле сурап алаары бар эле го, алар эмне ундобой отурушат анда, колдорунан эч нерсе келбей турган инсандар эмес эле, акча берип алардын оозун да жаап койгонбу. Деги мен ким жөнүндө ойлоп жатам, ким эле Тагдырга тең келе алсын, тынч отур дегенде тынч отуруп калышты да кайнаталары да. Ал жагын ойлонбой эле кызымды карматып жиберүүгө даяр келген экенмин, эгер менин кызымды бир нерсе кылса мен эмне кыла алмак элем, Тагдыр ким да мен ким. Ырас эле баары биз ойлогондой болбой калды деп тообосуна жанып баратты.
Тагдыр чакырылган меймандарды узатып коюп, өзү кетпестен ал жайда бирөөнү күтүп отуруп калган. Аңгыча ал отурган столго жашы кырктарга барып калган сулуучумак келген шынга бойлуу ишеним арттырчуу жүздүн ээси болгон жигит келип, он колун сол көкүрөгүнө коюп ийиле салам берип туруп калды. Качан гана Тагдыр кол жансап маңдайындагы отургучту коргозгондо тиги андан орун алып отурду.
-Акжигит бала чака тынчпы?
-Шугур Тагдыр Акбарович, деп ашыкча сөз сүйлөбөй отурган жигитке купулу толо карап коюп сөзүн баштады.
Бул жигиттин жашоого болгон жөндөмдүүлүгүн жогору баалайт Тагдыр, ал эч качан эмнеге? Кантип? Деп сурабайт, өзү жактоочу болгону менен Тагдырдын башка, мыйзам менен байланышы жок да жумуштарын эч бир кынтыксыз бүтүрүп жүрөт. Бул үчүн татыктуу акысын алат албетте, ошентсе да анын колунан келбей турган нерсе жок. Кийин Тагдыр ушул инсанга толугу менен ишенип өзүнүн жеке жашоосу менен да болушо алат, анын оозу башкага ачылбасына көз жетип. Ошондуктан Акжигит бул эч кимдин тиши отпос, падыша болбосо да бийликтегилерди коендой жүгүртө алчуу инсандын жашоосунда болуп жаткан көп нерседен кабардар.
-Акжигит, мага селсаяк, бараар көрөрү жок көчөдө түнөөчү кыздардан таап кел. Буту колу кыйшык эмес, өтө семиз да өтө арык да болбосун, терисин сыйрып жаңы тери чаптаса өңүно чыкчуудай болгону жакшы. Кана сенин табитинди да билип көрөлү, деп сынагандай алдындан карап күлгөн болду. Ал канча жылмайса да ичиндеги кекээрдуу үн жаңырып турган эле.
Акжигит көнгөн адатында суроо сопкутсуз дароо башын ийкеп тапшырманы алганы менен, азыр абдан эле кызыгы артып себебин сурагысы келип турду. Демейде адамдын башы үзүлүп жерде тоголонуп жатса да кенеп, алды артынан кыйынчылык тооруп саткынчылар көбөйгөн учурда да камырап койбогон өзү тааныган Тагдыр Акбаровичтин оюна түшүнө албай жатты. Мынчалык тишинин арасынан кыжырынганына караганда өтө маанилүү иш болгонго окшойт. Бирок канча аракет кылып оозун таптаса да батынып сурай албады.
Алдындагы тамакка карап отурган Тагдыр да жеңил дем алып алды. Ал Акжигиттин туйшолуп отурганын байкап, азыр суроо салып өзүн иренжитип коюшунан чоочулап отурган. Бул жигит ал үчүн айтылган ишти так аткарыш үчүн гана керек, сурак салып акыл айтыш үчүн эмес. Кудай жалгап бул ирет да Акжигит дайынкыдай өзүнүн зынкыйган калыбын бузган жок.
Эртеси таң эртелеп эки унаага толтуруп он чакты кызды жүктөп Тагдырдын жашыруун иштери бутчуу жайга келип түшүрүп ичкери киргизип жатып өзүн бирөө көзөмөлдөн өткөрүп карап турганын сезди. "Болушу мүмкүн эмес, бул эмне уктабайбы же менин устумдон да андуу койгонбу алдымдан тосуп чыкканына караганда" деп ойлоно башын жогору көтөрүп терезеге карай берип, чындап эле темир жалюзини эки манжасы менен түртүп жылчыктан өзүн карап турган Тагдырды көрдү. Башын ийкеп он колун сол көкүрөгүнө алып салам берген болуп, кыздар тарапка жүзүн буруп карачы канчоону таап келдим тандоого койгудай дегенсип кайра башын которсо терезедеги жалюзи эчаак жабылып болгон экен. Күтүп отруунун кажети жок, ал киши түшүп келбесин билет, өзү анын бөлмөсүнө чыгып баруусу керек көп куттурбой, болбосо иш чатагына айланып кетиш ыктымалы бар. Акжигит короодогу жигиттерге кыздарды кайтартып коюп өзү шаша Тагдырдын бөлмөсүн көздөй бет алды. Албетте акчаны кочуштап алып жаткандан кийин ага татыктуу кызмат көрсөтүүсү абзел, керек болсо ит болуп уруп жерге жатып оона десе да жарашат анча акча берип жаткан адам.
Акжигит менен Тагдырды тагдыр өзү жолуктурган. Мындан туура 20 жыл мурун кичинекей Азат гилтейген унаадан түшүп апама барам деп жол менен бир болуп чанырып эч кимге ээ жаа бербей баратканда алдынан жаш жигит чыгып кармап калган. Тагдыр жакында жерге берилген жубайы тууралуу өткөн сот отурумунан чыгып баратып кокустук болуп журналисттердин курчоосуна түшүп калып бошоно албай турган учурда анын кароолдору кичине баланы кантип эпке келтирээрин билбей эстери эки болуп жатышкан. Ал кезде жаңы жыйырмага кирген кырчындай куракта кычыраган Акжигит ал ортодо жүргөн эле, ушул Свердловск райондук сотунда практика өтөп жаткан. Туштонууго чыкса керек, кайра кайтып келе жатып жанагы окуяга туш болуп калып жатпайбы. Кичине баланын артынан жүгүргөн эки гилтейген адам эки тарабында аны кооруп баратышат бирок жолун тосо алышпайт, Азат болсо чуркап келип ушул Акжигиттин бутун кучактап токтоп калган куткар дегендей. Аны жерден так көтөрүп ала коём деп, бир саамда колдору артка алынып өзү жерге комкорусунон жатып калганын байкабай калды. Ызы чуудан улам бардык журналисттер менен бирге жетип келген Тагдыр окуянын чоо жайын угуп жерде жаткан жигитти коё бергиле деп жигиттерине буйрук берип бошоткон. Ал журналисттердин жабалактап берген суроолорунун бирисине да жооп бербей, кадимки өзү курактуу балдардай болуп актанып да отурбай басып кеткен. Ошол бир саамдагы кыймылы менен Тагдырдын купулуна толгон экен азырга чейин коё бербей жүрөт. Туура Акжигиттин эмне жетишкендиги болсо анын артында Тагдыр турат, ал үчүн күчүн да акчасын да аябады, анын жаш тажрыйбасы жок экенине карабай окуусун бүтөрү менен өзүнө жактоочу кылып алып өлкөдөгү саналуу атактуу юристтердин катарына кошту. Бирок ал да карыздар калып кеткен жок, кандай маселе болбосун жок дебей аткарып келе жатат.
Азыр тепкичтен жогору көтөрүлүп бара жатып ушуларды акылынан өткөрүп, Тагдыр капа болгудай же шек санагыдай нерсе жасабагындыгын, коркууга эч себеп жок экенин ойлоп денесин бош таштап анын алдына кирип келди.
-Кыздарды таап келдим Тагдыр Акбарович, өзүңүз көзөмөлдөн өткөроорсуз, акыркы тандоо сизде эмеспи. Жанатан бери кыйналып жатып араң ушул сөздөрдү таап айткан, Тагдыр аны кулагынын сыртынан кетирди.
-тиги кучук жок, кечинде келбеди. Кечээ бир аз мени капа кылып койгон, ошого менин жүзүмдү карай албай үйгө келе албай журсо керек, таап адам кылып алып келчи, бул нерсе сенин гана колундан келет, деди чарчанкы.
Акжигит адаттагыдай үн сөзсүз башын ийкеп кезектеги тапшырманы аткарууга жөнөп кетти...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 136
С уважением S.S.K