Бир молдого бир киши келип кургакчылыкты айтып даттанат. Анда ал: “Аллахтан кечирим сура!”-деди. Башка бирөөсү жакырчылыкты айтып даттанды, ага ал : “Аллахтан кечирим сура!”-деп жооп кылды. Дагы бирөө: «Балалуу боло албай жатамын» - деди. Ага да “Аллахтан кечирим сура!”-дейт. Дагы бирөө бактарынын куурап калгандыгын айтып даттанды. Ага дагы:
“Аллахтан кечирим сура!”-деп айтты. Биз андан «Ар бири ар кандай суроо менен
келди, а сиз бир эле жооп менен кайтардыныз? » -деп сурадык. Ал адам: «Мен жеке
өзүмдөн эч нерсе айтпадым. Аллах “Нух”( 10-14) сүрөөсүндө: “Жараткандан кечирим
сурагыла, анткени ал – Баарын Кечирүүчү. Ал силерге асмандан мол жамгырды
жаадырат, силердин мүлкүңөрдү жана балдарыңарды коргойт, силер үчүн бактарды
өстүрөт жана силер үчүн дарыяларды жаратат”, -деген деп жооп берди.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5