Согуш мезгилде бир кишинин үч уулу,жалгыз бир тууганы согушка кетет.Улуу уулу согушта курман болуп,чабаганчы кабар айтып келет.Ал киши кабарды угуп ичинен улутунуп тим болот.Андан кийин катарынан 2 уулу каза болот.Анда да көп кайгырбайт. Бир тууганы өлдү деп кабар келгенде,катуу кайгырып,буркурап, боздоп ыйлайт.Кабар алып келген кабарчы таң калып:"аксакал, мен сизге түшүнбөдүм, неге арстандай үч уулуңуздан айрылганда кайгырбадыңыз эле,эмне үчүн иниңизден айрылганда катуу кайгырдыңыз" -деп сурайт.Анда карыя: --Ээ балам,кемпирим экөөбүздүн ден соолугубуз болсо андай уулдарды тапсак болот,ата-энем тирилип келип мага кайра бир тууган таап бермек беле,ал менин ата-энемен калган белек болчу да"-деп кайра буркурап -боздоп ыйлаган экен.Ошондуктан ар бирибиз бир— туугандарыбызды ата-энебизден калган белек деп кыска өмүрдө сыйлай жүрөлү.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4